Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Айтурган Сатиева, диктор: "ТАГДЫР ЭКЕН, УУЛУМ АТАСЫНДА КАЛДЫ"

№713 1-июль-7-июль, 2016-ж


Баарыбыздын эле убактыбыз тар. Кыйма-чийме жыш жайгашкан пландарды ишке ашырабыз деп күн кандай өтүп кеткенин билбей калабыз. Каарманым менен маектешем деген планым боюнча мен дагы диктор Айтурган Сатиеванын графигинен орун алдым. Аз убакыттын ичинде жеңил баарлашып, жылуу маанайда пикир алыштык. Назарыңыздарда жымыңдаган жылдызы менен теленин жүзү болуп келе жаткан Айтурган Сатиева жаңылыктары менен бөлүшөт.

Каарман тууралуу

Туулган жери
– Ош облусу, Өзгөн району, Кызыл-Сеңир айылы
Туулган жылы, күнү – 1987-жыл, 24-апрель
Билими – И.Арабаев атындагы КМУнун журналистика факультети
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Учурда – ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясында диктор

– Саламатсызбы, Айтурган? Акыркы кезде чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар болду? Сиздин ыр жазып, китеп чыгарып калганыңыз бар...
– Саламатчылык! Мен жумушумдан тышкары поэзия, прозага кызыгам. Бул багытта да изимди калтыргым келет. Ошондой максатта аңгеме, новеллалардан турган китебимди даярдап жатам. Азырынча жарыкка чыга элек.

– Бала чагыңыздан эле чыгармачылыкка жакын болгонсузбу же таланттын ачылышына бара-бара турмуш үйрөттүбү?
– Достоевский айткан экен, "бала 4 жашында кандай болсо, чоңойгондо деле ошондой киши болот" деп. Анын сыңары, мен да кичинекей кезимде эле чыгармачылыкка жакын болуп, манас айтчумун. Түрдүү монологдорду жаттап айтып, белгилүү инсандарды туурап, айтор, билинбей чыгармачылык шыкты жаратып жүргөн экенмин.

– Тележылдыз болуш үчүн сулуу жүз гана керек дегендерге оюңуз...
– Экранга чыгуу үчүн бир гана сулуу жүз болушу жетишсиз. Айымдарга бардык эле иште бир гана сулуу болуп, жарашыктуу кийинүү аздык кылат. Айрыкча азыркы заманда билимдүү, сабырдуу жана мобилдүү болуу мезгил талабы.

– Телевидение тармагында эмгектенип келе жатканыңызга көп болдубу? Дегеле сиз үчүн теле – бул эмне?
– Теледе иштегениме 6 жылдын жүзү болду. Телевидение мен үчүн сүйүктүү жумуш ордум. Учурда ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясында иштеп жатам. Буга чейин Коомдук биринчи каналга да чакыруу менен барып, 2 ай диктор болуп иштедим. "Эгер жумушуң өзүңө жакса, чарчабайсың" дешет эмеспи. Анын сыңары, мен көңүлүмө туура келген жерде гана иштейм. Учурдагы кызмат ордум мага ыңгайлуу болду.

– О! уюлдук компаниясында маалымат берүүчү оператор катары үнүңүз жаңырып жүрөт. Бул кошумча кирешеби?
– Ооба, ал компания менен келишим түзүп, иштешип жатканыма 8 жыл болду. Анда "XXI кылым" радиосунда иштечүмүн. Кастинг жарыяланыптыр деп угуп, үнүмдү жаздырып жөнөтүп ийгем. Жактырышыптыр, иштешип калдым. Учурда түшкөн сунуштардын баарына эле графигиме карап иштей берем. Ар тармакта, жарнама, макала жазуу, үн жаздырып коштоо жана башка. Айтор, ушундай көр тирилик...

– Социалдык тармактарда сизди Таттыбүбү Турсунбаевага окшоштуруп көп пикир калтырышат. Киного тартылууга сунуштар түштү беле?
– Таттыбүбү Турсунбаевага окшошсуң дегендери татынакай экенсиз дегени эле болсо керек. Бирок өзүмдү сулуумун деп эсептебейм. Ооба, киного тартылуу тууралуу сунуштар түшүп калат. Айрымдарынын сценарийи көңүлүмө төп келбесе, кээ бирине убакыт, шарт туура келбей, тартылган жокмун.

– Үйдө, ашканада кандай айымсыз? Сиздин тамагыңызды сүйүп жеген ким?
– Айылда төрөлүп, чоңойгон үчүнбү, ашкана, үй-тиричилиги кадимки эле көрүнүш. Ашканада эксперимент жасоодон тажабайм. Ар түрдүү элдин ашканасына кызыгып жасап көрө берем.

– Өткөн жашооңузга кайтып барып бир кадамды өзгөртүп келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлсө, кайсы жагдайды өзгөртөт элеңиз?
– Андай мүмкүнчүлүк түзүлсө, атакемдин узагыраак жашашына шарт түзөт элем. Ушул кезде ал адамдын кубаныч-кайгыма ортоктош болуп турушун самайм. Мага ал инсан азыр жетишсиз.

– Жашоодо бардык эле адам жаңылат, туяк мүдүрүлөт эмеспи. Жолдошуңуз менен ажырашып кетишиңизге эмне себеп болгон?
– Кадимки эле турмуштук оош-кыйыштар себеп деп ойлойм. Бул да болсо тагдыр, Кудайдын буйругу. Ага эч ким каршы чыга албайт тура.

– Ортоңуздарда уулуңуздар бар экенин билебиз. Ага жолугуп турасызбы?
– Ооба, ортобузда уулубуз бар. Ал атасында. Бул да болсо тагдырдын жазганыдыр деп моюн сунуп калдым. Жолукпайм, соңку убакта ата-баланы жайына койдум.

– Бойдокчулуктун доору деле акыры бүтүш керек экен. Качан чекит койсом деген ойдосуз?
– Ар бир нерсенин өз убагы болот экен. Биз бул күнү болот деп белгилегенибиз менен, баары биздин колубуздан келбейт. Бойдокчулук менен да буюрган күнү коштошормун.

– Билишибизче, жүрөгүңүздүн ээси бар. Ал киши тууралуу эки ооз сөз айта кетпейсизби?
– Ооба, бар. Ал адам тууралуу көп нерсе айтсам болот, бирок азыр эмес. Болгону ал адам чыгармачыл чөйрөдөн эмес. Учурда экөөбүз бактылуу күндөрдү башыбыздан өткөрүп жатабыз, талашканыбыз болсо сый. Албетте, келечекке койгон аруу тилектерибиз көп. "Бакыт тынчтыкты сүйөт" демекчи, аларды учуру келгенде же ишке ашканда бөлүшөйүн.

"Телевидение мен үчүн сүйүктүү жумуш ордум".


Гүлжан Асанкожоева
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(66)
06.07.2016. 09:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
317
Катталган:
26-08-2011
Соӊку аракети:
13-11-2018 23:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-4
Озгондун кыздары орт келет ,балдары .... деп айтып калышат эле озулору озгондуктор тамаша ирээтинде.
06.07.2016. 14:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
11-01-2014
Соӊку аракети:
23-10-2018 08:42
Жынысы:
Белгисиз
-3
Билип билбей эле ар нерсени айта бересинерби балким мунун бир себеби бардыр
07.07.2016. 01:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
17-05-2016
Соӊку аракети:
14-11-2018 18:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
токмок
-1
баласы балким эстартып атасын тандагандыр ким билет ар бирибиздин жашообуз ар башка балким куноо озундодур ошол учун жайына койгондур
07.07.2016. 10:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
27-05-2016
Соӊку аракети:
09-07-2016 18:47
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жогорудагы пикирлерге кошулам.менин да ата энем мен 5 толгондо ажырашып кетишкен.мен ошондо атамды оло жакшы корсом керек да атам талашып журуп озуно алган экен.бирок апама болгон мээримим же суйуум таптакыр жок болуп соолуган булактай жок болгон.апалар тууралуу кандай гана мактоолор болбосун мен учун мааниси жоктой сезиле берет.жаныбарлар да балдарын таштабайт корголойт ал эми эжекебиз аман эле болсун.баласын эстеп менин талкаланган балалык кезим эске тушуп кетти......
07.07.2016. 10:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
31-03-2015
Соӊку аракети:
25-09-2017 02:25
Жынысы:
Белгисиз
+3
ХХХ ХХХ ушинтип да бейкапар айтабы, тагдыр дээээ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-07-07 11:29:42
07.07.2016. 11:30 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5987
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
14-11-2018 19:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
-1
esentur8893,кимдир-бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз. Эскертүү!
07.07.2016. 11:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
257
Катталган:
16-05-2016
Соӊку аракети:
25-02-2017 01:29
Жынысы:
Белгисиз
+1
О кудай ай учурда бойдок дегенге күйөсүң да просто дагы жүрөгүмдүн ээси баар деп тимеле ал кишинин да жок дегенде 2 баласы болсо керек. ХХХ ХХХ. бирөөнүн назарында калып не кылат ал кишинин аялы да тирүү болсо керек ХХХ ХХХ ХХХ Ынсап беер э Аллах
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-07-07 12:40:58
07.07.2016. 12:42 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5987
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
14-11-2018 19:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
-1
Keremet008, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга тыюу салынган. 2 күнгө БАН!
07.07.2016. 12:39 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5987
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
14-11-2018 19:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
Uzakova.Z.A,cайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
07.07.2016. 16:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
25-01-2016
Соӊку аракети:
02-03-2018 16:31
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таттыбубу каякта жатат, бу каякта жатат. Озу бул кыз ким билбейт экемин. Таттыбубуго жетиш учун экообуз быякта эле туралы. ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-07-07 18:02:06
07.07.2016. 18:03 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5987
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
14-11-2018 19:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
-2
nazira..., кимдир-бирөөнү кемсинтип, анын кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. 5 күнгө БАН!
07.07.2016. 17:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
05-07-2013
Соӊку аракети:
25-08-2018 02:22
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эл оозунда элек жок деп бекер айтпаптыр да. Ушул комментарий жазгандар бироонор ойлоп кордунорбу эмне учун уулун куйоосуно калтырды экен деп? Байкасам, барынарда "уулун атасына калтыргандын бары таш боор, мээримсиз" деген тушунук бар экен. Адамдын ички туюмун, эч кимге айтылбаган сырларын бир кана Аллах билет. А сиздердин ал адам жонундо эч билбей туруп ушундай тыянак чыгарып жатканынар бул ото туура эмес.
Себеби, бул адам ким экенин мен жакшы билем. А билбеген адамга асылбайм.
Specsgruppa_NSS түзөттү 2016-07-07 17:52:02
11.07.2016. 00:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
28-01-2016
Соӊку аракети:
21-05-2018 23:49
Жынысы:
Белгисиз
+1
Specsgruppa_NSS,мындай турмуш менин башыман да откон билбей туруп чон суйлобогуло менда ооруп эки жылдап больницада жаткан да куйоом мени таштап кеткенде айласыз кызым кайнемде болгон.
07.07.2016. 18:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
05-07-2013
Соӊку аракети:
25-08-2018 02:22
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне учун азыркы адамдар дайыма негативдуу ойду биринчи орунга койосунар?
Бироонор ойлоп кордунорбу, балким куйоосу бербей койгон окшойт деп. Жок!!! Антип эч бирин ойлогон жоксун. А сот дейсинер. Биздин азыркы сотторду билесинерго ким курсагын тойгузса ошонун созун суйлошот. Адамдык сапаттан тайбаныздар. Бироону билбей жамандап, божомол кылганда алыс бололу.
08.07.2016. 17:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
106
Катталган:
11-10-2015
Соӊку аракети:
17-03-2017 18:12
Жынысы:
Белгисиз
-1
Specsgruppa_NSS,мен айттым баласынын же куйоосунун чечими болсо керек деп
07.07.2016. 20:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
17-04-2013
Соӊку аракети:
22-10-2018 20:23
Жынысы:
Белгисиз
-1
Таттыбубуго окшош деп койсо ХХХ, баласын таштаган аял, кийинкисинде деле таштайт, боору кантип чыдады. ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-07-08 09:40:26
08.07.2016. 09:40 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5987
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
14-11-2018 19:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
NES1380,кимдир-бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуӊуз. Оозеки эскертүү!
08.07.2016. 01:56 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
30-07-2014
Соӊку аракети:
13-07-2016 06:21
Жынысы:
Белгисиз
-1
Супер инфо, Замананын Танкы беруусундогу алып баруучу Нуркыз деген журналист кыздан да интервью алгылачы
08.07.2016. 09:41 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5987
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
14-11-2018 19:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
rima88.kg, саламатсызбы? Сунушуӊуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
08.07.2016. 10:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
129
Катталган:
28-01-2016
Соӊку аракети:
13-11-2018 14:43
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тим эле боорукер боло каласынарда эркек киши баласынан кабар албай койсо эч ким конул бурбайтго.
08.07.2016. 16:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
06-02-2015
Соӊку аракети:
16-10-2018 00:26
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу суперчилер, адамды сыноодон мурда ошол адамдын терисинде болуп коруу керек го дейм. Мен бул кызды тааныбайм, эфирден да корбогом, Кыргызстанда эмесмин себеби. Бирок, бул кызды жакындан тааныган ,коллегасы, сотторуна чейин чогуу барып жургон адамды тааныйм. Ал да эки аймончоктой уулу менен улуту башка учун жолдошу дегим келбей турат, эр соройу алгачкы суйуусун таап уч баласы менен алып алган. Ошол таанышымдын айтуусунда, бул кыздын уулун какшатып куйоосу бербей койду. Алы жетпептир.
08.07.2016. 16:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
06-02-2015
Соӊку аракети:
16-10-2018 00:26
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары эл козундогу адамдар, булардыкы оркоюп корунуп кала берет. Андыктан абайлап сындайлы. Орду менен. Ачылып чачылып Айжамал сулуудай кайра кайра детально айта берсе да ызылдап чыкмаксынар. Создун ичинде соз жата турган кылып бериптир интервьюну. Культурно, без эмоции. Элге айта турган соз бар ,айтпай турганы да бар. Туура тушунгонго аракет кылгыла.
08.07.2016. 17:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
25-03-2016
Соӊку аракети:
11-12-2016 19:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Бул энего акыры тообо ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-07-08 17:58:30
08.07.2016. 17:59 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5987
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
14-11-2018 19:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
Aidowi,кимдир-бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуӊуз. Оозеки эскертүү!
09.07.2016. 15:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
08-06-2014
Соӊку аракети:
22-06-2018 11:53
Жынысы:
Белгисиз
0
Озгондун кыздары орт чыгат деп коет,чынында кыздары чыйрак кыйын болушат...
10.07.2016. 11:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
107
Катталган:
21-05-2016
Соӊку аракети:
04-03-2017 13:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне эркек балага тарбия бере албайт бекен
10.07.2016. 19:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
174
Катталган:
24-10-2015
Соӊку аракети:
17-12-2017 16:45
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо Шейх Чубак ажы Жалиловтон да интервью алгылачы.
11.07.2016. 09:49 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5987
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
14-11-2018 19:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
Uzakova.Z.A, саламатсызбы? Сунушуӊуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
11.07.2016. 02:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
28-01-2016
Соӊку аракети:
21-05-2018 23:49
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын кыска нуска маек берипсин Бала энесин табат ошондо баарын тушонот сындагандар эртен озунордун башынарга келгенде тушуносунор тобоо кылгыла
25.07.2016. 13:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
25-07-2016
Соӊку аракети:
25-07-2016 13:31
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тан калдым коментарийлерди окуп алып. Тааныбай туруп кантип ой билдиресинер ошол адам тууралуу? Жок дегенде маани берип окуп чыксанар боло! Мен Айтурган Сатиеваны жакшы тааныйм. Биз уюштурган коп иш чаралардын алып баруучусу болду. Мен ушул убака чейин мындай маданияттуу,сылык кыз коро элек болчумун.Бир жолу Ысык-Колдо Рух Ордодо иш чара откордук.8мамлекеттен келген жогорку даражалуу конокторубуз бар эле. Орусча кыргызча таптак, жагымдуу суйлоп Айтурган ачылышынын да жабылышын да эн жогорку
25.07.2016. 13:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
25-07-2016
Соӊку аракети:
25-07-2016 13:31
Жынысы:
Белгисиз
+1
денгээлде алпарган. Коноктор да абдан ыраазы болуп, "Голос очень приятный", "Голос Азии", "Лебедь жемчужины" деп кетишкен. Анын сылыктыгы, соз тапкычтыгы, жылмайганы анан да жонокойлугу ото кучтуу. Саламат Садыкова дагы коптогон ырчылар бар эле. Саламат эже бул кызды "аралдан аткан тандайсын кызым, бактылуу бол"- дегенин озум уккам. 3кун болдук ошол жерде. Айтургандын жонокойлугу ушундай, уюштуруучу топ организвать эткен туштонуулордо официанттар жетишпей
25.07.2016. 13:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
25-07-2016
Соӊку аракети:
25-07-2016 13:31
Жынысы:
Белгисиз
+1
жардам берип журот. Элге окшоп бир жасалмаланып,же бир мурдун чуйруп кабагын буркогонун коргон жокмун. Тескерисинче оз ишин бутуп коюп акырын кетип калат экен, суротко да коп тушпой тескерисинче качат экен. Качан корсон эле жээктин бир четинде эч кимге жолтоо болбогондой жерде китеп окуп отурган болот. Озунун журуш турушу менен ото интеллигентный адам экенин корсотту. Менкызымдын Айтурган Сатиевадай токтоо,ыймандуу,акылдуу болушун каалайт элем мисалы! А сулуулугу боюнча соз жок! Чынында сулуу!
25.07.2016. 13:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
25-07-2016
Соӊку аракети:
25-07-2016 13:31
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айтургандан эмнеге видео интервью алган эмессинер? Суйлогонун, унун уксанар мумкун оюнар озгорот беле. Алгач корсонор бул кызды, козунор эле эмес конулунор тоет. Суйлогону,басканы, кыймылдагандары королева озунчо эле! Чыныгы кыргыздын жузу, визитная карточкасы десек болот. Мындай кыздарыбыз менен сыймыктанышыбыз керек! Мен азыр мекенден алысмын, бирок эгер азыр ушу мен жургон жерде кыргыздын кыздары кандай боолт десе Айтурганды корсотот элем уялбай. Оор басырыктуу бул кыздын жеке жашоосу туурал
01.08.2016. 17:48 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
25-07-2016
Соӊку аракети:
01-08-2016 17:44
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulbede,мен да ушул сиз суроттогондой муноздуу кыз болсо керек деп ойлочу элем. Азаматсыз, жакшы суроттоп бериптирсиз, дагы да сыйлап калдым.
25.07.2016. 13:24 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
25-07-2016
Соӊку аракети:
25-07-2016 13:31
Жынысы:
Белгисиз
+1
тууралуу билбечи элем. Кийин угуп, ошону билдирбей зынкыйып иштеп жургнуно тан калдым. Ызылдап ыйлактап жар салып чыкпай, негизи эле ар созду ойлонуп суйлогон кыз экени интервьюсунан эле корунуп турбайбы. Жалгыз болбой журогунун ээсин тапканынын окуп абадн кубандым. Азаматсын Айтурган! Бактылуу болгула! Сенин баркына жеткен адам болсун! Сеникиндей туз характер менен озуно достойный адам чыгышы кыйын болмок, Кудайдын суйгон пендеси экенсин, жолуктуруптурсун! Ылайым бактылуу болгула!
25.07.2016. 13:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
25-07-2016
Соӊку аракети:
25-07-2016 13:31
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырчы-бийчилерди коруп эле атабыз го, дос-тааныштарына суранып цыган болуп кетишет соц тармактарда ушундай жерлерде коментарий жазып койчу мени мактап деп. Бул жерди окусам Айтурган суранмак турсун озу окубаган да сыяктууго.
01.08.2016. 17:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
25-07-2016
Соӊку аракети:
01-08-2016 17:22
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтурган эжени мен биринчи жолу китеби аркылуу тааныгам. Нурзат Токтосунованын мектебинде окуп жургондо бир агайыбыз Айтурган эже тууралуу айтып берип, ото кызык личность катары суроттоп, бизге улгу катары корсотту эле. Китебин да ошондо коруп, бир эки чыгармасын окуганбыз сабакта. Анда агай, журналисттин, аял затынын жан дуйносун кандай кооз ачыпберген дегени эсимде. Баласы тууралуу да ырлары бар болчу,чынында оз апам айтып аткандай берилип элестетип окугам. Баласын таштап салды дегенге кошулб
01.08.2016. 17:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
25-07-2016
Соӊку аракети:
01-08-2016 17:22
Жынысы:
Белгисиз
0
кошулбайм жогорудагы коменттегилерге. Кийин бир тв программадан эженин озу м енен таанышып калдым. абдан ийкемдуу, акылдуу, токтоо анан абдан сулуу эже экен. Телевизордон чынында сулуулугу корунбойт. Суйлогону, жылмайганы, кыймылдагандарына баарыбыз суктанып, агайыбыздын "улгу алгыла" дегенин ошондо тушундук. Чыкканда таанышып, суйлошконубуздо да сылык суйлоп, абдан жонокой мамиле кылган. Ошондон кийин мен Айтурган Сатиева эжени абдан сыйлайм.
01.08.2016. 17:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
25-07-2016
Соӊку аракети:
01-08-2016 17:44
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээээ ичинер куйсо туз жалагыла!!! Акылдуу кыз экен,кыйын кыз экен, таланттуу кыз экен, сулуу кыз экен, аракетчил,мээнеткеч кыз экен! Балли! Азаматсын карындашым! Кыйын болбосо ушинтип ар бир созун коргошундай салмактуу суйлойт беле?! Соз кадырын билген, ойлонуп суйлоп, ойлонуп иш кылган ургаачы болсон да анча-мыча эркектен ойдо кыз экенсин карындашым! Мен твдан коргондо эле бир калыптан жазбаган суру,конур уну, калжын-кулжуну жок ишенимдуу отурушуна суктанып, ап балли, ургаачынын султаны экенси
01.08.2016. 17:32 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
25-07-2016
Соӊку аракети:
01-08-2016 17:44
Жынысы:
Белгисиз
0
го!!!-деп койчу элем. Эл суйлой берет! Ит уро берет,кербен журо берет-дегендей. Алар сени тушунуш учун,сен жашап откон жол менен сенин кундорунду жашап отуштору керек! Ошондо коросун, алар кандай чечим чыгарышаар эле, ошондо билинет алар кантип сынышаар эле же кандай абалда болушаар эле! Бироону сындаардан алдын, анын эмнени коруп,кандай жашаганына кызыгыш керек, ошончолук эле сынагычынар иштеп кетип атса. Чыгармачылыктын жолу оор, аял кишиге озгочо. Мен аны оз жон терим менен билем!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: