Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев чыгармачылыкка билек түрө киришкен өңдүү. Буга чейин 3 ырды катарынан чыгарып, ырчылык өнөрү менен коомчулукту таң калтырган президент "Нелепые слова" аттуу кезектеги төртүнчү ырын чыгарды. Белгилей кетсек, мамлекет башчынын чыгармаларын продюсер Эрнест Уметалиев жаздырууда. Эрнест мырза социалдык баракчасына ажобуздун студияда ыр жаздырып жаткан сүрөттөрүн жүктөп: "Жакында президенттин алгачкы чыгармалар жыйнагы жарык көргөнү турат. Анын чыгармачылыгына биздин да тиешебиз болгону чоң сыймык",- деген билдирүү калтырды.