– Апа, мени эмне үчүн сүйбөгөн адамга турмушка бердиңиз эле?- апам үн каткан жок. Күнөөлүү адамдай көзүмө карай албай жүзүн жашырды. Суроо берип алып өзүм ыңгайсыз боло түштүм. Көзүнөн сызылып аккан жашты көрүп, сыртка чыгып кеттим. Апамды минтип ыйлатайын деген оюм жок болчу. Дайыма кубанткым келчү. Бирок андай изги тилегим ишке ашкан жок.
Университетти аяктагандан кийин ата-энем куда түшүп келген коңшу айылдык бир жигитке турмушка узатып коюшту. Бөлөк үй, бөлөк адамдар. Жолдошум дагы чоочун. Ал үй-бүлөгө аралашып кетишим кыйын болду. Той бүткөн күнү эле кайненем "атаң таза киши, үйдү тыкан карма" деди. Эшикке чыгып эркектин, үйгө кирип аялдын ишин кылып баштадым. Кайын журтумдун оту менен кирип, күлү менен чыксам дагы жакпай койдум. Тамак жасасам "майлуу болуптур, этин көп кошуптурсуң!" деп уруш чыгарышат. Аны көргөн жолдошум "тамакты эмнеге жаман жасайсың?!" деп кол көтөрөт. Апам менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө айтайын дейм. Жүрөгү оорубасын деп "баары жакшы" деп коём.
Ошентип жүрүп боюмда болуп калды. Кош бойлуу болгондон кийин жолдошумдун мамилеси бир аз өзгөрүп, жегим келген азыктарды алып келип, кагып-силкпей оңоло түштү. Бирок ал бактылуу көз ирмем узакка созулган жок. Бир күнү ичип келип "аялыңа биз жебеген нерсени сатып келесиң" деп апамдан уруш уктум" деп көк ала кылып сабады. Адам бардык нерсеге көнөт тура. Токмок жебеген күнүм чанда эле болбосо, күн алыс урат. Жолдошум сабап жатканын көрсө деле үйдөгүлөр унчугушчу эмес.
Адамдын жаны иттин жанынан бекем деген чын экен. Таяк жеп, уруш уксам дагы баарын ичиме сактап жүрүп ай-күнүм жетип эркек төрөдүм. Неберелүү болушса мени жакшы көрүп калышар деген үмүт менен ооруканадан чыгып бардым. Кайдан, баягы эле көрүнүш кайталанып баштады. Күндүз кечке жумуш кылам, андан сөзсүз кемчилик табылат. Ал аз келгенсип кечинде балам ыйлайт. Төркүнүмө кетип калайын дейм, бирок апамдын турмушка узатып жатканда "жакшы бүлө бол, бизге сөз тийгизбе. Турмуш деген оор болот, чыда. Ажырашып келип төрүмдө отурчу болбо" дегени эске түшөт. Ойлоном да, эптеп жашай берейинчи деп жашоомду уланта бердим.
Бир күнү кайненем "тамакты көп жасап коюптурсуң" деди ачууланып. "Апа, эмне себептен кылганымды жактырбайсыздар?" деп койгом. Жолдошума барып "аялың каяша айтып жатат" деген экен, апасынын сөзүнө ыза болсо керек, адаттагыдан катуу сабады. Башымды дубалга сүздүрүп эстен танганча токмоктоду. Мени чыркыратып уруп жатканын угуп жатышса да эч ким ажыраткан жок. Эсиме келсем, соо жерим калбаптыр. Өңүмдү күзгүдөн көрүп ыйладым, ызаландым. Башка жолду тандай албагандан кийин кайра эле көнүмүш турмуш кечире баштадым.
Уулубуз 4 айлык болгондо жолдошум Орусияга кетти. Токмоктон кутулганым менен, телефондон чучукка жеткен сөздөрдү күн алыс уга баштадым. "Апам минтип айтты, карындашым тигинтип айтты" деп эзиле берет. Ойлонуп, кыйнала берип башым чыдатпай ооручу болду. Кайненеме айтсам "жашабай жатып ооруй берет экенсиң" деп урушуп койду. Ооруга чыдап жүрө бердим. Эс-учуман танып жыгылганда гана ооруканага алып келишти. Дарыгерлер "нерви чарчап калыптыр, башына катуу токмок жептир, томографияга тарттыргыла" десе, кайненем унчукпай кетип калыптыр. Жолдошума айтсам "нервиң чарчагандай эмне болду?!" деп оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, телефонун өчүрүп салды. Уудай сөздөрүнө ууланып ооруканадан алыс баскам. Нес болуп таң атканча бадалдын түбүндө отура бериптирмин. Эсиме келип, палатага кирсем, дарыгерлер түнү бою мени издешкенин айтышты. Аларга эмне болгонун түшүндүрөйүн деп жатсам, кайын сиңдим келип "каякта, ким менен болдуң?" деп бетимди апчып, алтын сөйкөмдү, чынжырчамды, уюлдук телефонумду тартып алды. "Балаңды бербейбиз, кийин ага "апаңды алтынга чулгап койсок дагы сени таштап кетип калган" деп айтабыз" деп кетип калды.
Азыр мени жаманатты кылыш үчүн айылдагы балдарга номеримден СМС жазып жатыптыр. Милицияга арыз жазганыбызга 15 күн болсо дагы ишти карай элек. Уулумду аябай сагындым. Эмне арга кыларымды билбей бушайманмын.
Зарина