Быйылкы күз дагы бир жылдызыбызды бойдокчулук менен коштоштурду. Тактап айтканда, 25-сентябрда ырчы Дайыр Исмадияровдун үйлөнүү тою Ош шаарындагы ресторандардын биринде болуп өттү. Эки жашты куттуктап келген коноктордун саны 600дөн ашуун болуп, тамадалык милдетти Аман Ибраев менен Нурзат Токтосунова аркалады.
Дайыр шоу-бизнеске жаңы аттанганда «тоюмда «Жар-жарды» Динара Акулова айтат» деп ниет кылган экен. Ошол тилеги ишке ашып, эки жашты Динара айым «Жар-жар» ырынын коштоосунда залга алып кирди.
Эки жаштын өкүл ата-өкүл апасы болуп «7-каналдын» директору Алтынбек Жумаев менен жубайы Алтынай айым экөө шайланып, жаштарга жашооңор алтынга ширелип турсун деп алтын шакек тагышты.
Гүлшайыр Садыбакасова, Нурлан Насип, Самара Каримова, Расул Маматкулов, Кенже Дүйшеева, «Кеңеш» тобу, Юлия Руцкая, Данияр Эрматов, Айгерим Расул кызы, Аваз Акимов, айтор, ырчы аттуунун көпчүлүгү Дайырдын тоюнда болушту. Ошондуктан тойдо жалаң кыргыз ырларына бийлешип, башка элдин музыкасы коюлган жок.
Дайырдын шеринелеш, сахналаш достору атайын досуна арнап той ырын ырдап кечени ачып беришти.
Колдоруна алтын шакек тагынышкан түгөйлөр минтип бири-бирин «менчиктегенине» бактылуу.
Эки жаш күндүз Жалал-Абад шаарында досторунун, жакындарынын курчоосунда никесин каттоодон өткөрүп, үй-бүлөлүүлөрдүн катарын толукташты. Ооба, кыздын төркүнүндө никесин катташты. Муну Дайыр «аялы күчтүү дебегиле, ушул чечимди ыңгайлуу деп кабыл алдым» деп түшүндүрдү.
Эки жашты тапкан ата-энелер бүгүн өзгөчө кубанычта. Дайырдай күйөө балалуу болуп жаткан Жанаранын ата-энеси Чынтемир мырза менен Гүлнара айым күйөө баласынын жанында, келин алып колу узарып жаткан Роза айым жана Дайырдын улуу агасы келини тарапта.
Ырчынын апасы эң кичүү келинине арнаган ак жоолугун коноктордун кол чабуусу менен салды.
Тойго арналып жасалган өзгөчө тортту аукционго коюп, 7 миң сомго ырчынын айылдагы классташтары сатып алышты. Таттууну эки жаш бири-бирине ооз тийгизген соң ата-энелерине, чыгармачыл инсандарга да тартуулашты.
– Дайыр, Жанара, куш бооңор бек болсун! Алгач кантип таанышып калганыңар тууралуу кеп кылсаңар.
Дайыр: – Рахмат! Жалал-Абадда Юлия Руцкая экөөбүз бир кечени алып бармакпыз. Ошого жасануу үчүн Жанара иштеген сулуулук салонго барып калдык. Кезек күтүп отурсам ал жактагы кыздар мага тийишип, өздөрүнчө «татынакай экен» деп сүйлөшүп калышты. Анда арасынан бирөө «койгулачы, капкара экен го» дейт. Аны угуп жиним келип, жаман көзүм менен карасам жакшынакай көздөр мени карап туруптур. Анан чачымды жасап берди. Байкасам өз ишине тың, ашыкча сүйлөбөгөн мен каалагандай кыз экен. Кийин ата-тегин сүрүштүрүп, телефон номерин алып сүйлөшүп баштадым.
– Жанара, айтсаң, Дайыр романтик бекен, деги эле сага кайсы сапаты менен жакты?
Жанара: – Дайыр романтик деле эмес. Бир жолу Бишкектен гүлдесте берип ийиптир, болгон романтикасы ошол (күлүп). Азыр кыздын колун суунун астынан сураган өзгөчө романтиктер көбөйдү го, Дайыр болсо «андай жоруктар биздин менталитетке туура келбейт» деп кутулат. Негизинен бардык сапаты жагат. Дайырды капкара деп
кесир сүйлөгөн экенмин, минтип жолдошум болуп калды.
– Мынча адамдын башын бириктирип той берүү оңойго турбаса керек?
Д.: – Мен 2 айдан бери той менен убарамын (күлүп). Сөйкө салмай, кыз узатуу, бата той, айтор, кыргыздын салтынан айланса болот. Эми тойдо баарынын көңүлүн табыш кыйын экен. Колубуздан келишинче аракет кылдык. Той мен ойлогондон да жакшы деңгээлде өттү. «Той – тополоң» деп коёт эмеспи, конокторго орун жетпей тополоңдор да болду. Анткени чакырылган коноктордун санынан куттуктап келген коноктордун саны көп болду. Кесиптештериме ыраазычылык билдирем, Жанара экөөбүздүн тоюбузду көркүнө чыгарып, кошумчаларын кошуп кетишти (күлүп).
Ж.: – Даярданып жатканда Дайыр экөөбүздүн табитибиз келишпей бир аз таарыныша кетип жаттык. Анан тойдо убакыт тар болуп, сүйүү баяны тартылган видеобуз коюлбай калды. Атайын тарттык эле деп кичине ичим ачышып турат.
Д.: – Көрсө, мен Жанаранын оюн укпай эле көнгөн адат боюнча өзүмдүн билгенимди жасап жатыптырмын.
– Дайыр, Жанара үй-бүлөңөрдө канчанчы келин болду, келиндик кызматын кандай өтөп жатат?
Д.: – Жанара үйдө кичүү келин, кайнеже, кайнагаларга бай дегендей. Ошто бир ай кызмат кылып, анан Бишкекке өз үйүбүзгө кетебиз. Жанараны тааныштыра кетсем, кесиби экономист болгонуна карабай визажист болуп иштейт. Буюрса, бардык ырчыларды сулуулай турган салон ачып берем деп пландап жатам.
– Алдыга койгон максаттарыңар ишке ашып, бактылуу болгула!
Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg