Гүлнур Сатылганова: "АЙЧҮРӨК РАДИОЛОРДОН ЫРЫН АЛБАСА СОТТОШОМ"

Ыр ышкыбоздору Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиеванын аткаруусундагы "Сахна" аталышындагы жаңы ырды радиолордон тыңдай баштаганда эле ыр талашка түштү. Дегеним, ага удаа эле Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлнур Сатылганова бул ырды өзүнүн аткаруусунда элге алып чыкты. Айчүрөк айым социалдык тармактагы баракчасына "элимдин жакшылыгында "Сахна" деген чыгармам менен" деп ырдан үзүндү киргизди. Ага удаа эле Гүлнур айым дагы пост жазып, окурмандарына жагдайды түшүндүрүп кирди. "Албетте, Айчүрөк Иманалиева менден мурун ырдап чыгат да, ал ырдын иштелип бүтө элек "черновой" вариантына эле үнүн жаздырып алса. Негизи ал илгертеден эле ар кимден ыр талашып, дайыма чырдашып жүргөнүн баары эле билет. Мен сүйлөшөлү, чечишели деп телефон чалганымда жаш кыздай болуп трубканы ыргытпай сүйлөшпөйт беле?! Кайра-кайра чалдым, качып албай койду. Жолугуп да сүйлөшкөнгө аракет кылдым, ажылдап сөз укпай койду" деп жазды Гүлнур айым.

Айчүрөк Иманалиева ыр талашты төмөндөгүчө түшүндүрдү: "Ырды чыгарманын автору Рамис Алиевден алгам. Ал мага башка ыр жазып бермек. Акчасы да алдын ала берилген. Бирок жазылган чыгарма мага жакпай калып, 2 айдан кийин ушул "Сахна" деген ырды жазып берген. Буга жарым жыл болуп калды. Гүлнур "ал ыр мага жазылган, мен буйрутма бергем" деп калп айтып жатат. Тескерисинче, музыкасын мен бүтүрүп, Рамис менден акчасын алып койгону үчүн мага берген. Албетте, автор азыр "мен Гүлнурга жазгам" деп айтат. Бул жерде сыр деле жок. Азыр акча сүйлөп калбадыбы. Болгону Гүлнур даяр оокатты акчасы менен келип жулуп кетти. Ал мага караганда көбүрөөк акча сунуштап, 400 доллар төлөдү".
Ырчылар ачуу үстүндө бири-бирине карата катуураак сүйлөп алыштыбы, эми элдешип бир чечимге келишсе керек деп ойлодук. Ыр талаштын аягы эмне менен бүттү деп ырчыларга кайрылганыбызда Гүлнур Сатылганова: "Авторлордун менин аткаруумда чыксын деген келишими колумда турат. Айчүрөк радиолордон ырын алдырышы керек. Алдырбаса соттошом" дейт. Ал эми Айчүрөк Иманалиева: "Ар бир ырчынын өзүнүн күйөрмандары бар. Алар кайсы жерден болбосун издеген ырын таап, уга алышат. Радиолорго менин ырымды кетиргиле деп да, кетирбегиле деп да айтпайм" дейт.
Ал эми ыр талаштын чыгышына себепчи болгон Рамис Алиев өз чындыгын мындайча айтып берди: "Айчүрөк Иманалиевага бир ыр жазып бергем, анын акчасынын жарымын төлөгөн болчу. Анан ошол ыр менен фестивалга барып келип, кийин "мага бул ыр жакпай калды, башка ыр жазып бер" деп жатпайбы. Мен ага Гүлнур эжеге ушундай ыр жазып жатам, ушу сыяктуу болобу деп угузуп, тексти да бар деп койгом. Айчүрөк айым "WhatsApp`тан жиберип койчу, угуп көрөйүн" деген. Ошол, ошону менен бул ыр Иманалиеванын аткаруусунда чыгып кетти".

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (120)
aismiris
2016-10-06 03:24:54
Мен бир жерге кийим заказ кылсам акчасын берип башка клиент келип (ал да заказ кылган экен) озу заказ кылган кийим жакпай калган экен , сатуучу мындай кийим болбойт беле деп менин заказ кылган кийимимди сатып жибериптир мен да ошол Адам менен соттошсом окшойт а !!! Эгер ошол Адам окуп жатсан тез кийимди алып келип бер сатуучуга болбосо сотко кайрылам!!!
+3
balzak
2016-10-10 17:28:09
aismiris,))))))))
0
Nuranna
2016-10-06 18:10:33
Акыркы жылдары Гулнур эжебиздин ырынан да чыры кобойуп кетти...Самара Каримова мн айтышып откон жылы хит болду эле,кезекте Айчурок эже мн,а кийинки жылы ким болот экен?
+3
munduz2016
2016-10-06 20:24:40
Атын чыкпаса жер ортто..Экоон тен угарманы аз.Очуп бараткан жылдыздар.Ушул ыр менен дагы киичине жаркырай тушушту))
-3
Sultanim
2016-10-06 23:47:06
Мен деле Гулнур эжеге кошулам.ал акысын толосо,аркы ырдап кетсе, тел чалса такыр албаса,суйлошсо чырылдап укпай койсо (эгер ушул айтылгандар туура б.о) кайрылмакмын сотко.Гулнурдун уну буулуп чыкса да,бул ырынын ыры,аранжировкасы да жакшы чыккан.Айчуроктуку жонокой эле болуп калыптыр...
+2
wolk85
2016-10-07 03:29:53
Чынында мен Гулнур эжеге кошулам ырлары аябай жакшы мага жагат Айчурок эже ырын неге урдады экен не талашат ал ырды Гулнур эже ырдаш керек эле.
+1
USSR
2016-10-07 07:49:27
400 доллар дейби???? Мага төрт жүз эле сом берсе гана,мындай ырдан төрттү жазып бермекмин))))
-2
ular.90
2016-10-09 09:41:53
USSR, ортонку колумду коргозмокмун сага
+1
Guli91
2016-10-07 09:17:33
Атын чыкпаса жер ортто )))
-4
Meerinsa
2016-10-07 15:12:04
Айчурок геркейген Адам тоготпогон инсан экенин дагы бир жолу далилдептир.
-3
annas
2016-10-07 20:40:34
Гульнур Сатылганованын ырдаганына соз жок абдан жакшы ырдайт,кашыктап чогулткан абройун чомучтоп чачбай эле койсо болмок Эл артисти болгондон кийин
-5
tolik
2016-10-08 05:18:15
Менин билгеним Гулнур ар бир ырына көңүл бөлөт. Баардык эле ырды ырдай бербейт. Концертине да өтө көңүл бурат. Бирөөнүн ырын уурдабайт. Андыктан талашууга укуктуу.
+1
Samat1992SM
2016-10-08 12:14:32
Гульнур эжени колдойм и ырлары да маанилуу сапаттуу ырлары аткарат.Гульнур эжеде кудай берген ун бар,оркестрдин коштосунда жандуу ун менен концерт ким эле бере алат азыркы артисттерден.Чыныгы таланттуларды коро албагандар кооп.Чын чыркырайт,калп камарабайт дегендей бул да анык далил болуп жатпайбы Гульнур эжеге жазылып аткан ырды Айчурок айымдын талашып алууга укугу жок!Мындай кылуусу тоготпогондук и сыйлабагандык катарында баалайм.
+3
rianna
2016-10-08 20:11:09
Экоонор тен эле ырдай бергиле да башка ырчылар эле журушот го бири биринин ырын ырдап чынын айтсам хит боло турган ыр эмес экен талашпай эле койгула
+1
Sirduusezim
2016-10-09 00:17:09
Мага келишпейби мен 4жуз$ эмес 4мин сомголе созу, обону мн сонун кылып чъгарып бермекмин, эжелеер!!!
0
adyl891402
2016-10-09 15:23:39
Menin oiloim bul eki adam oz ara chechiship alsa bolmok dep ankeni bul adamdar madaniyat kuzgusu da myndai talkuuga kabylgandary uyat goo
0
kyirattyn
2016-10-10 08:01:41
adyl891402,телефон чалса албаса, жолугуп суйлошолу десе жолукпаса эмне кылсын. Сен деле алдындагы тамакты бербейсинда туурабы.
0
Shair87
2016-10-19 22:47:59
Ырдап тамак табышат булар,бир эки ырдап корушот хит болбой эстен чыгып баратса башкасына сатат ырларын
0
№ 726, 30-сентябрь-04-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан