ЧУБАК ЖАЛИЛОВ: «СИЛЕР АЯЛДАРЫҢАРГА МАЛ АШКАНДАЙ АШПАГЫЛА»

Чубак Жалиловдун төшөк маселеси тууралуу оңтойсуз суроолорго берген жооптору эч кимди кайдигер калтырбаса керек. Төмөндө төшөк, сүйүү темалары тууралуу дин аалымы эмне деп айтканына көз жүгүртөлү.

– «Эркек аялынын уруксаты менен уруктугун аялдын жыныстык мүчөсүнүн ичине эмес, сыртка түшүрсө болот» деп айткансыз. Себебин түшүндүрүп бересизби?
– Ал туура. Аял толук ырахат алыш үчүн эркек бардык аракетин көрүүгө милдеттүү. Өзүнүкүн бүтүрүп ары карап жатып алса, тиги чала өлгөн жыландай калып калса, кыяматта моюнуңа асылат. Сен ойлойсуң, сайгылап койсо эле бүтүп калат деп. Аны менен бүтпөйт. Пайгамбарыбыз айткан: «Силер аялдарыңарга мал ашкандай ашпагыла»,- деп. Мал чуркап келип аша берет. Аялыңарды даярдагыла, өбүшкүлө, жакшы сөз айткыла, ушундай болсун «марага» бир жете тургандай болгула дейт. Аялдардын оорусунун 99 пайызы эркектерге – «ходячий аптекага» тиешелүү.

– Менин иним 4 күн мурун үйлөнгөн. Келинибиз кыз чыкпай калды. Анан жеңелери аны бузган жигитке алып барып беришти. Ал эми иним талак бербейм деп жатат, эмне кылуу керек?
– Акмакчылык-акмакчылык жана шермендечилик. Ошол жеңелеринин аңдыганы бул «позор», ал нерсе жубайлардын ортосунда гана болуусу шарт. Дагы шейшебин «реклама» кылып жууп жайып койгондугу андан бетер шермендечилик. Аны бузган балага алып барып бериш үчүн сөзсүз иниңе текшертип алыш керек беле? Алдыңбы, ошону менен жашап кал. Сен деле «святой» эмессиң, менимче.

– Үйлөнөйүн десем акча жок. Туугандарымдан сурасам алар беришпейт. Бутка туруп алып, анан үйлөнсөм болобу?
– Бутка тургандай «инвалидсиңерби?» Бутуңа тургуча «башка жагың» турбай калат.

– Менин сүйлөшкөн кызым бар. Намаз окуйт. Мага өңү бир аз жакпайт. Ал үйлөнөлү дейт, мен да каалап турам. Кийин өкүнүп калбаймынбы?
– Өңү жакпаса, жага турганын изде. Анын өңү менен эсептешип жаткан болсоң, демек, аны сүйө элексиң го. Сүйгөн болсоң маймыл болсо деле көзүңө жакшы көрүнүп тура бермек.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (106)
ariet.kaary90
2016-12-12 16:21:54
Аллаh Таала бекем ден.соолук узунберсин, Чубак ажыбызга
+3
kambarALI2612
2017-01-03 23:42:18
Чубак байке рахмат ачык жооп бергениңиз үчүн рахмат!
+4
kanat_myrza
2017-01-13 11:28:39
Чубак ажыга узун омур, денсоолук берсин Аллахым. чыныгы мыкты инсан, соонун жоопторду берет, кулбогон киши деле кулот го жоопторуна. Аллахым ыраазы болсун сизден Чубак ажы.
+10
mary_kg
2017-01-15 13:33:47
Аялы куйоосунун устуно чыкса болбойт дейт ошол чынбы?
-4
daldan85
2017-01-16 02:35:44
Чубак эмесле Чувааак,боорду эзеткооо)))
-14
Baialy
2017-01-23 18:11:14
Аллах ыраазы болсун Ажекебизден
+5
Prokuror
2017-01-30 19:59:54
Заманбап молдоке... Сиз коомго эн керектуу инсансыз, айрыкча жаштарга
+5
Azizbekov
2017-02-11 14:31:33
Туура айтат
+4
ZHYRGAL.balalaika
2017-03-03 23:20:58
Чубак ажыны чын дилден сыйлайм,урматтайм.Албетте ата энемден кийинки оорундагы сый урматым менен.
Менин жеке ойум.Комментарий жазгандардын арасында мазактагандар да бар экен ары жоктор биздей акылсыздардын жашоодо жакшы жашап отуубузго ушул ажыбыздай Ак ниет мусумандардын себеби чон экенин унутпайлы.
+5
1.NewRich
2017-03-21 13:59:57
Жакшы жооптор...
+2
Erkek94
2017-04-03 23:19:56
Чубак ажы молодец
+3
Appaz4ik
2017-04-10 14:54:16
Тура
0
Asemys97
2017-04-11 14:08:08
Супер инфо дин жаатындагы темаларда кобойтсонор окурмандар дағы -дағы кобоймок и сооп да алмаксынар
+3
erlanapsamatovkg
2017-08-30 02:34:04
алигин турбай калат ха ха
+1
Raha_83
2018-08-04 12:38:07
Жеткирип суйлойтта .
0
№ 728, 14-октябрь-20-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан