БИР ИРМЕМ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Бул сүйлөшүүдөн кийин Эрлан эмнегедир үйүнө кетүү тууралуу сөз козгобой калды. Унчукпай гана баш ийип жүрө берди. 10 күн билинбей өтүп кетти. Аны көрүүгө күн алыс келип турган ата-энесине баары жакшы экендигин айтып жооткотуп коёт. Анан калса жигиттин ууртунан бактылуу жылмаюу түшпөйт. Бирок Рита Мадиевна Эрландын ата-энесине жигиттин оорусу күчөп кеткенин айтты.
– Мурдараак ал Айдайы менен үйдө сүйлөшчү эмес да, туурабы?
– Ооба.
– Азыр болсо ал басса-турса да Айдайы менен сүйлөшчү болуп алды. Биз аны күчкө салып дарылоого аргасыз болот окшойбуз.

ххх

– Кандай анан, Эрлан? Бул жер сага жакты окшойт, ээ?
– Аты бир аз жаман угулат, жиндикана деп. Бирок билесизби, Рита Мадиевна, акыркы он күн мен үчүн абдан бактылуу күндөр болду. Айдайым жанымда. Бул жерде эч ким мени таң калып карабайт. Акыл-эси ордунда эмес го деп шылдыңдабайт.
– Анан, мындан ары эмне болот? Сен өмүр бою ушул жерде калайын деген оюң барбы?
– Жок. Мен жакшылыктан үмүт үзө элекмин.
– Ал эмне дегениң?
– Мен акыры бир күн бул жактан чыгам. Анан Айдай экөөбүз кадимкидей бактылуу жашап баштайбыз.
– Ошондой дечи... А сен ата-энеңди ойлодуңбу? Апаң күн сайын мага ыйлап чалат.
– Алар мени түшүнүшөт деп үмүттөнөм. Түбөлүктүү эч нерсе жок. Бардыгы калыбына келет. Баары мени акылынан азган деп жатышат. Бирок билип коюңуздар, баары жайында.
– Баары жайында эмес, Эрлан! Сенин ооруң күн сайын күч алып баратат. Сен толугу менен Айдай жаныңда экенине ишенип алдың. Бирок сенин жаныңда эч ким жок. Биз берген дарыларды дааратканага ыргытып жибергениңди билбейт деп жатасыңбы?
– Ал дарыларды Айдайды жок кылуу үчүн берип жатасыздар. Мен аларды ичпейм. Мени жөн гана жайыма койгула, кайсы бир күнү мен баарын түшүндүрүп берем.
– Эрлан, кайсы бир күнү эмес, азыр түшүндүрүп беришиң керек. Мен ата-энеңе сени бир ай ичинде сакайтам деп убада кылгам. А сен мени менен сүйлөшүүдөн качып жатасың.
– Рита Мадиевна, бир ай өтсүн! Бир айдан кийин мен ушул жайдан Айдайсыз чыгып кетем. 20 күнүм калыптыр. Бул бакытка толгон 20 күн болот. Ушул аралыкта өзүмдү бактылуу сезип алайын. Андан кийин сиз ата-энеме берген убада аткарылат. Мен мурунку эле сопсоо Эрлан болуп бул жактан чыгып кетем.
– Жиндилер мени жинди кылат!- Рита Мадиевна башын чайкады.
– Билесизби, эже, жиндилер бул жакка караганда сыртта көбүрөөк. Көптөгөн адамдар калп күлүп, калп эле бактылуу болумуш болуп арамзаланып жашап келишет. Сезимдерин ичте катып жүрүшөт. Бул жиндилик эмей эмне?
– Ал акылдуулук. Ал эмоцияларды көзөмөлгө ала билүү. Сезимдердин баарын сыртка чыгарып, ар ким каалаганын кыла берсе, дүйнөдө хаос башталат. Сенчилеп элдин баары сүйүү менен ооруса, анда башкача болмок. Тилекке каршы, баары эле сүйүү менен оорубайт. Жек көрүү менен ооругандар да бар,- дарыгердин бул сөзүнөн кийин Эрлан унчукпай калды.
– Мен жол таптым. Мен сага шок терапиясын жасайм! Сен жиндиканага түшүп калганыңды толук аңдай элек турбайсыңбы?! Анан сүйлөшөбүз...

ххх

– Эрланды 8-палатага которуп сал!
– Эмнеге?! Аны өлтүрүп салышсачы?..- Эркайымдын көзү чанагынан чыгып кетейин деди.
– Карап тургула! 1 жума жатып чыксын!

ххх

Эрлан палатасына кирип келип, анын керебетинде сулуу алакандарын жаагына төшөп, кирпиктерин дирилдете уктап жаткан Айдайды көрө ичи элжиреп кетти. Керебеттин жанына тизелей отура калды да, өзгөчө бир жакшы көрүү менен кызды көпкө суктанып тиктеп турду.
– Келдиңби?- деди кыз көздөрү жумулган калыбында.
– Ооба.
– Анан эмне дешти?
– Шок терапиясын кылмакчы болду. Ошентсек сенден баш тартат деп ойлоп жатышат окшойт.
– А сен эмне дедиң?
– 20 күн бергиле, анан Айдайсыз бул жактан чыгып кетем дедим.
Кыз ордунан чочуп турду.
– Кандайча Айдайсыз? Сен мени бул жакка таштайын дедиңби?
– Жок, акылсызым, сен экөөбүз төрт-беш күн таптакыр сүйлөшпөй коёбуз. Мен аларга Айдай жок экенин түшүндүм дейм. Баары бактылуу болуп алышат. Айыгыптыр дешет. Чыгып кетебиз, анан баягы сейил бактан жолугушабыз.  
– Менин акылдуум!- кыз керебеттен түшө калып жигитин бекем кучактады.

ххх

Эрланды ошол күнү эле 8-палатага котормой болушту. Жигит бейкапар эле келе жаткан, бирок босогону аттайын деп бара жатып палатадагы 3 адамды көрө сала жанындагы Айдайга "сен сыртта кал!" деп буюрду. Ооба, Эрлан көздөрү кутурган айбандыкындай канга толгон жырткыч мүнөз адамдардын жанына келгенин түшүндү.
Палатадагылардын бири сакал-муруту өскөн, тыржыйган арык колдорундагы кан тамырларын нечен ирет кесе бергенден ойку-кайкы майда тактар калган, узун бойлуу, чап жаак киши кытмыр жылмаюу менен Эрланды тиктеп турду. Калган экөө мындан коркуп, эбак баш ийип бүтүшкөндөй. Олбурлуу, чачтары кайчы менен ар кайсы жеринен кесилип тегизделген немелер бири-бирине да окшошуп кетет экен. Тиги чап жаак жылмайса аны карап жылмайышып, анын ууртунан жылмаюу жоголгондо алактап калышты.
– Керебетке жатпа! Анда менин итим жатат!- чап жаак киши кышылдаган үн менен буюруп сүйлөдү. Эрлан канчалык өзүн кармаса да, коркконун билдирип койду. Бош керебеттин жанына барып тайсалдап туруп калды. Аңгыча эле бери жакта турган эки олбурлуу жигиттин бири төрт аяктап чуркап келди да, керебеттин үстүнө чыга калып ырылдап, итче үрүп баштады.
– Фас, Рекс!- чап жаак кишинин ушунусун күтүп тургандай тиги "ит" Эрландын билегинен бекем тиштеп алды. Жигит муну күткөн эмес. Колун тартып алууга аракет кылып жаткан маалда берки экөө боору эзиле каткырып калышты. Эрландын билегинен кан кетти, бирок тигинин коё берчү ою жок. Айласы кеткенде аны жаакка эки ирет катуу муштап жиберди. Оозунан кан аралаш шилекей аккан тиги жигит сулк жыгылды.
Чап жаак кишинин жанында турган экинчи жигит шеригинин жыгылганын көрдү да, Эрланга атырылды. Туш келди жигитти койгулап баштады. Бул учурда тиги чап жаак киши да кошулду. "Жыгылсам эле өлтүрүшөт" Эрланга ушул ой келди. "Жыгылбаш керек! Жыгылбаш керек!" Жигит ичинен нечен ирет кайталап, колунан келишинче коргонуп, каршы сокку жиберип жатты. Алы жетчүдөй эмес.
– Эй, аны өлтүрүп салышат!- сырттан Эркайымдын кыйкырганы угулду. Бирок жардамга эч ким келген жок. Эрландын көзү тумандап, жыгылып түштү. Күп-күп эте урулган соккулардан бир убакта эсин жоготту.

                  ххх

Эрлан бир топто барып эсине келди. Тамагы кургап калган. Ордунан тура калмакчы болду, бирок аны керебетке чырмап байлап салышыптыр.
– Хе, ойгондуңбу?!- чап жаак киши коңшу керебетте байланып жаткан экен.
– Ауу, ойгонду! Ауу!- Эрландын колун тиштеген жигит да байлануу экен, кандайдыр бир кубаныч менен улуп-уңшуп баштады.
– Ауу-ауу...- шериги да улуганды улады.
– Мени коё бергиле! Жардамга!- Эрландын добушу араң чыгат. Коридор тараптан кишинин басып келе жатканы угулду. Аз өтпөй палатада да, коридордо да жарык өчтү.
– Ауу...- тигилер улуп-уңшуганын кайра башташты...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
novayariga
2016-11-07 09:07:26
Уже 3-серия кана кана, мына мына менен бутуп жатат
+1
bakyt9
2016-11-07 09:15:04
Биринчи
-1
bakyt9
2016-11-07 09:15:23
Биринчи
-1
aytkulova
2016-11-07 09:23:10
Эрлан эмес мен да коркуп кеттим тиги жиндилерден. Чыгарманы окуп, акыл-эсим соо болгонуна Кудайга шугур дейсин да.
+6
batkenim2016
2016-11-07 09:28:01
Ообо эч кандай жанылык деле болбоду. бир жума кутконубуз эле болду
+3
alhamdulillah
2016-11-07 09:59:54
ДЖИ сериалынан кийин окубай койдум бир жума кутуп качан чыгат деп азыр кирсем адаттагыдай мен биринчи деген создор.
0
dinadeka6
2016-11-07 10:08:39
Американский киного эле окшош.
0
SoniK
2016-11-07 11:27:02
Не болуп бутот болду экен аягы???
+1
asylbekova
2016-11-07 12:44:11
Ата энесида кызык экен жиндиканага эмнеге алып келет. Молдолорго дем салдыр намаз окусун ошондо жоголот шайтан кыз. Бечара Эрланга боорум ооруп кетти.
+4
akmatov99
2016-11-07 13:59:33
Кызык ал ойдон чыккан кызбы же шайтан азгырыппы
+1
Sumira
2016-11-07 14:12:02
Дагы бир жума кутобуз
0
Alibek-0001
2016-11-07 15:23:34
Kyzyksyz bolup ketti
+2
Kethup1986
2016-11-07 18:44:26
Чындап келгенде мындай оорунун азабын тарткан адамдар коп.Кобу жинди канада жатса ,молдолоп жургондор канча.Кудай озун сакта козго корунгон жана корунбогон балээден.
+1
jek87_87
2016-11-08 00:27:04
Эх суйуунун азабын тартып журуп, бактылуу жашоого жетишин каалап кетем!
0
kanykei95
2016-11-09 21:12:09
все порядке ето любовь,деген корейский кино бар ал да ушундай
+1
№ 731, 04-ноябрь-10-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан