Аскат Мусабеков: "ЭШИК СҮЗГҮЛӨП ӨЗҮМДҮ КӨП ЖЕРДЕН ИЗДЕДИМ"

Аскат ачуусу келгенде урушпай эле буркан-шаркан түшүп, кызарып-татарып кетерин айтат. "Сырткы келбет алдамчы" деген туура, айрымдардын сыртыңды карап эле Аскат өзгөрдү дегендери жанды кейитет. Өзгөрмөк турсун бирөөгө катуураак сүйлөп алсам, көңүл бура албай калсам ойлонуп-толгонуп, жүрөгүм ооруп уктабай чыккан күндөрүм болот",- дейт ырчы.

– Чыгармачыл адамдар элдин көңүл борборунда болууну жактырчу эле, сен да алардын катарына киресиңби?
– Туура айттыңыз, бала кезде тентек болгонум менен, баарынын көңүл буруп туруусун каалаар элем. Иним менден 6 жылдан кийин төрөлгөндүктөн аябай эле эрке болчумун. Апам менен атамдын көңүлүн бурдуруш үчүн эшиктин алдында илинип турган баштыктагы сүзмөнү ары-бери өтүп эме бермей адатым бар эле. Анда алар "баштыктын сырты кир да, эмне эмип жатасың?" деп урушуп калчу. Ого бетер шалтактатып эме берсем, айла жок апам күнүгө сүзмөнүн сыртын жууп турчу болду.

– Ошол чыт курсак кезиңде эле чыгармачылыкка болгон чыйырың башталса керек?
– Кичинемде менин талантымды байкап атам бир торпоктун акчасына өрүк комуз сатып берген. Аны айылдагылар "эми ушул торпокту баласы актайт бекен?" деп узун кеп кылышкан. Ушинтип ата-энемдин шарт түзүп мени колдогону, Сыймык байкенин (ред. Бейшекеев) берген кеп-кеңештери чыгармачылыгыма чоң таасирин тийгизди. Мен 9-класс кезимде байке "элдик таланттарды издейбиз" деп айылга концерт коюп келишип, мага назары түшүптүр. Ырдаганымды угуп "Улукмырза Полотовго барсаң жакшы ырчы болосуң. Студент болгонго чейин шаарга барып көнө бер, кийин кыйналбайсың" деген. Ошентип 11-классты шаарга келип №69-гимназиядан аяктадым.

– Айылдан шаарга келип окуганда айырмачылыктар болсо керек, кыйналган жоксуңбу?
– Айырма бар экен, кичирээк кезимде келсем бир жөн эле. Чоңоюп калганда, өткөөл куракта келип, классташтарым менен көз караштарыбыз туура келбей бир айдай кыйналдым. Анда да өнөрдүн артынан окуучу, мугалимдер менен тил табышып, аралашып кеттим окшойт. Азыр өзүм окуган мектепте сүрөтүм илинип турат. "Сыймыктанабыз" деп жазып коюшуптур, көрүп жүрөгүм жылып калды.
11-класста окуп жүргөндө мектепти эртерээк бүтүп, Улукмырза Полотовго жолуксам деп эңсечүмүн. Өзүмө жакпаган сабакта дептеримдин акыркы бетине афишанын сүрөтүн тартып, "Кыргыз улуттук филармониясында Аскат Мусабеков концертин тартуулайт. Концертти белгилүү ырчылар коштойт" деп атактуу ырчылардын аттарын жазып кыялдана берчүмүн. Жолдо баратып да мамыларды карап "качан менин афишам ушул жерлерге илинет?" деп алганымчы.
Ошентип шашып филармониянын алдындагы 2 жылдык студияны аяктадым, андан кийин консерваторияны окуп, артыкчылык дипломуна ээ болгом. Бул ийгиликтердин аркасында студент кезимде президенттин "Алтын шаты" стипендиясына татыктуу болдум.

– Белгилүү ырчы болгонго чейин көп тепкичтерди басып өтсөң керек?
– 1-курстан баштап эле ар кайсы эшикти сүзгүлөп, өзүмдү көп жерден издедим. Кыргыз телевидениесине барып балдар берүүсүнө алып баруучу болдум. Кыргыз радиосунда кабарчы катары эмгектендим. Андан кийин жазган чыгармаларымды көтөрүп "Кыргыз туусу" гезитине барган күндөрүм болгон. Ага да алымсынбай журналист болуп иштейм деп "Супер-Инфо" гезитине келгем. Ал жактан жазгандарымды окуп "дагы жазып келчи" деп тапшырма берип жөнөтүшкөн эле. Бирок ошол боюнча аягына чыккан жокмун.
Ар чөйрөдөн сынап жүрүп, акыры өзүмдү ырчылыктан таптым. Учурда филармонияда "Камбаркан" ансамблинде иштейм.

– Жакшы, акыркы кезде ырчыларыбыз той ырчысына айланып бараткандай...
– Мен да тойго көп чакырылган ырчылардын катарына кирем. Той да биздин ишибиз, андыктан ага да олуттуу мамиле кылышыбыз кажет. Тойго жеңил-желпи ырлар боло берет дебешибиз керек. Анткени ал жакка да ар түрдүү көз караштагы адамдар, интеллигенция өкүлдөрү келет дегендей. Чынында бизге каражат алып келүүчү негизги булак той болуп жатпайбы. Ошонун артынан үй алып, ошонун артынан жан багып жатабыз. Ал эми концерт берүүнүн түйшүгү чоң, ага оңбогондой каражат керек.

– Былтыр үй салып там той бергениңди билебиз. Чоң үйдө жалгыз жашоо кыйынчылык жаратпайт бекен?
– Азырынча үй жыйнап, тамак-ашка каралашып, кийим-кечеме көңүл бөлүп турган карындашым бар. Бул жашоону мен өзүм каалаган жокмун. Тагдырдын жазмышынан эч кайда качып кутула албайт экенбиз. Ажырашууну ар бир адам башынан өткөрүп, жон териси менен сезмейинче түшүнбөйт. Ошондуктан бирөөнүн турмушуна сын-пикир айтканга эч кимдин укугу жок. Үй-бүлөмдүн бузулушу канча бир убакытка чейин жүрөгүмдү оорутту, чыгармачылыгымды мокотту. Жүрөктө тынчтык болбосо көңүлүң эч нерсеге чаппай калат турбайбы. Мезгил дарылайт деген чын экен, эң негизгиси Кудайым балдарга өмүр берсин.

– Алгач ата болгондо кандай сезимдер болду, балдарыңа каралашып турасыңбы?
– Ал сезимди айтып бере албайм. Бирок кызымдын кебетеси эсимде, көзү жымшыйган, кичинекей болчу. Жаңы төрөлгөн ымыркай кызыл эт болуп көзгө анча көрүнбөйт тура. Өтө кичинекей төрөлгөндүктөн 3 ай болсо деле нөлүнчү өлчөмдөгү "памперс" издеп эле жүрчүмүн. Сатуучулар "кызың ара төрөлгөнбү?" десе, "жок, өзүң ара төрөлгөнсүң, кызым жакшынакай эле" деп чычалап, алар менен уруша кетчүмүн. Кийин ал супсулуу болуп чыга келип, 1 жашында ата деп сүйлөп, басып калды. Учурда кызым Акзыйнат 1-класста окуп жатат, уулубуз Аскар 3 жашта. Балама коомдук ишмер Аскар Салымбековдун ысымын ыроолоп койгом. Жакында эле аталык карызымдан кутулуп баламды сүннөткө отургуздум. Балдарыбызга мээрим төгүп апасы экөөбүз цирк, зоопарктарга алып барып турабыз.

"Азыркы балдар башкача ойлонот. Өткөндө кызым "ата, Кореяга барып иштесең көп акча табасың" деп кеңеш берди".


"Айылда ат минчү элек, шаардан жок дегенде велосипед тээп турбасак болбойт го".


"Шаардын ызы-чуусунан тажаганда айылга же тоого чыгып, самоорго чай кайнатып ичип эс алам".


Замира Рахманбердиева
Алишер Алиев
star@super.kg
 Кыстарылган видео 
Аскат Мусабеков: "Балдарым мени жоопкерчиликтүү болууга үйрөтүштү"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
Patriot..kg
2016-11-07 16:33:33
Сузмо эмген жери жакты
+4
Sagyn.91
2016-11-07 18:27:21
Эмнеден улам ажыраштынар экен, кызык. Бирок ошол сиз айтып жаткан ширин, чырактай болгон уул,кызыныз учун деле аялыныз менен тил табышып, тушунушуп, кечиримдуу болуп, кайра ката кетирбегенге аракет жасап жарашып алсаныз эн туура чечим болот. Азыр деле кеч эмес болсо керек. Бактылуу болунуздар.
+6
Ainur
2016-11-07 19:44:42
Аскаттын чыгармачылыгын сыйлайм,чыгармачылыгын оркундой берсин,жашоодо ойдо ылдый болот,бири- биринди тушунуп,кечирип Залина менен кол кармашып кетишинди каалайм.
+7
eka3994
2016-11-08 01:52:34
Jawoo
0
jama9210
2016-11-08 07:19:30
Супер инфо Малика Дина жонундо жазгылачы куйоосу мн жашап атыптырбы. ХХХ ХХХ ХХХ
-7
admin_superstan
2016-11-08 10:27:23
jama9210, такталбаган маалыматты жазып, кимдир-бирөөнүн кадыр баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат. Оозеки эскертүү!
0
biikech0
2016-11-08 10:16:16
Аскат аттуулар ото кызганчаак болушат окшойт. Менин билишимче бул мырзанын да кызганычы куч. МЕнин жигитимдин аты да Аскат. Ото кызганчаак. Бироо менен саламдашмак тугул, анын жузун караткысы келбейт
+4
Djal1987
2016-11-09 22:24:53
biikech0,менин да эки Аскат деген таанышым бар эко тен сиз айткандай.
0
biikech0
2016-11-08 10:16:38
Ашыкча кызганыч да уй-булонун бузулушуна себепкер болушу мумкун
+3
Nestana95
2016-11-08 20:20:07
Бааааардык жагынан ийгилик каалайм.Эн жакшы адам.
+2
tashi62
2016-11-08 20:42:58
Эмне себептен ажырашып кетишкен экен.?
0
Deniza88
2016-11-08 23:54:18
tashi62, иии Анда эле кулактарынар тик тура калды! Эми озунор билгендей балким билбегендей эле себептери коп да. Анан ошону бияка жазмак беле! Айтылчу, айтылбачу да сырлар болот дегендей! Не болсо да жакшылыктар коп болсунчу!
+5
Kalem.kash
2016-11-09 09:30:14
Мен ушу ырчыны жакшы кором.
Бар болунуз...
Уй булолук бакыт,бекем ден-соолук,чыгармачылык ийгилик каалайм!
Куйоом сиздей болсо экен...
+3
merim
2016-11-10 05:17:12
Kalem.kash, намегунан ий.молодес онорун оркундосун)))
0
gulya81
2016-11-10 13:38:34
чыгармачылыгынды сыйлайм бирок уй-булоону биринчи оорунга коюш керек деп ойлойм.Балдарынды атасыз остурбой чогуу тарбия бергенинде ошондо жоопкерчиликти тушунгон болосун.Тагдырга шылтаган бул жоопкерчиликсиз.уй-булоосун асырай албаган эркек кыргыэ элинин кантип сыймыгы боло алат бул менин жеке оюм.
-1
Samaganova
2016-11-12 02:23:18
"Шириним", "Жамийла", "Аруузатым" баары сонун
Таланттуусуз...
0
svan
2016-11-12 22:25:09
Биз бир класста окуганбыз 69-да. Ийгилик ,молодец!!!
+1
mirbek99
2016-11-13 11:27:21
Аскат жакшы бала, аялыда кыякчы жакшы кыз билбейм неге экөө эки жолго түшүштү,элмирбек байке менен
Гулбу эжедей болуп
0
gulya81
2016-12-21 14:23:02
Аскат иним бугун мен Залина экоонорду татынакай балдарынды кордум. Кандай бактылуу Мотурайган балдарынды карачы.Жаратылышта айбанаттар дагы баласы учун олумго барат.Залина экоон ушуларча жоксунарбы.Кур намысты таштагыла.Балдардын келечеги учун бири-бирине кечиримдуу болгула.
+1
№ 731, 04-ноябрь-10-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан