ОФТАЛЬМОЛОГ КЕҢЕШ БЕРЕТ

Окурмандардан келген суроолорго Бишкектеги Улуттук госпиталдын көздүн микрохирургиясы бөлүмүнүн врач офтальмологу, медицина илимдеринин кандидаты Бактыгүл Мамытова жооп берет.

"ТИРСЕКТЕН КАНТИП АРЫЛАМ?"

– Көзүмө тирсек бат-баттан чыга берип жүдөтөт. Бул эмнеден жана кантип биротоло чыкпай тургандай кылса болот?

Перизат Токторова, Бишкек

-Тирсек – бул кирпиктин түбүндөгү баштыкчанын (пияздын түбү сымал) же май безинин сезгениши. Дартка көбүнчө бактериалдык инфекция (90-95 пайызында стафилококк) жеткирет. Кир кол менен көздү кармалаганда, чаңда көп жүргөндө, суукка урунганда, иммунитет төмөндөгөндө, узакка ооруганда, кант диабетинде келип чыгат. Тирсек чыкса текшерилип, толук дарылануу керек (тамчылатма дары куюлат, дары май сыйпалат). Дарттын алдын алуу жана кайра чыкпашы үчүн жеке гигиенаны сактоо, суукта жана чаңда жүрбөө, организмди чыңдоо зарыл.

ПАПИЛЛОМАНЫ КАНТИП КЕТИРЕТ?

– Көзүмдүн сурмасындагы папилломаны кантип жок кылса болот? Кийин чыкпайбы?

Урмат уулу Медер, Бишкек

-Папилломаны (сөөл сымал өсүндү) папиллома вирусу жаратчу жугуштуу оору. Вирус папилломасы бар адамдан башка кишиге анын буюму, көбүнчө сүлгүсү, учурашканда колу аркылуу жугат. Өбүшкөндө да папилломасына бетиңиз же эрдиңиз тийсе да жугушу мүмкүн. Аны чыкканда эле жок кылуу керек, болбосо өсүп, жан жагына жана вирус түшкөн башка дене бөлүгүнө чыгып көбөйөт. Папилломаны лазер менен күйгүзүү же хирургиялык жол менен алып салууга болот.

"КАТАРАКТАДА ЧЕЧЕКЕЙДИ СӨЗСҮЗ АЛМАШТЫРУУ КЕРЕКПИ?"

– Апамдын көзүн ак баса баштап, жакшы көрбөй калгандыктан врачтарга көрсөтсөк "катаракта" деген диагноз коюшуп, "чечекейин алмаштыруу керек" дешти. Бул оору эмнеден пайда болот жана алмаштырбай эле дарыласа болбойбу?

Айназик Бекболиева, Кара-Балта

-Катаракта – чечекейдин (хрусталик) жарым-жартылай же толук тунарып калуусу. Оорунун тубаса жана кийин пайда болгон түрү бар. Экинчи түрү кант диабетинен, калкан сымал бездин жана боордун оорусунан, көздөн жаракат алуудан, улгаюудан келип чыгат.
Адам заттарды бууланган айнек аркылуу көрүп жаткандай болот. Өтүшүп кеткенде заттын эмне экендигин ажырата албай калат. Оорунун баштапкы стадиясында тамчылатуучу дарылар жана витаминдер колдонулат. Бирок бул ыкма ооруну күчөтпөй аз убакытка гана кармай алат. Андыктан операция жасалат. Операцияда чечекей алынып, ордуна жасалмасы салынат. Операциянын лазердик жана кол менен жасалуучу түрлөрү бар жана узактыгы 10-40 мүнөттү түзөт.

"КӨЗДҮ ЗААРА МЕНЕН ЖУУСА БОЛОБУ?"

– Эки кичине балам тегеректеги балдар менен ойногондо көздөрүнө топ тийип кызарып, шишип калган учурлар болот. Андайда чоң апасы көздөрүн өздөрүнүн заарасы менен эле жуудуруп коёт. Ушинтсе жардам береби?

Жыпара Карабаева, Талас

-Бир нерсе көзгө катуу тийгенде жаракатка учурайт. Мисалы, көзгө кан куюлуп же көздүн сыртындагы кабыкча айрылып кетүүсү, глаукома оорусу жаралуусу мүмкүн. Андыктан жаракат алганда дароо офтальмологго текшерилип дарылануу зарыл. Заара менен жууп коюу – бул караңгылык.

Ар кайсы тармактагы адистерден кеңеш алгыңыз келсе, суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
chika-chika88
2016-11-24 08:32:34
Рахмат,суперчилер. Дарыгерлерден кобуурок маек алып турушунарды суранат элем. Кош бойлуумун учурда,ушул тууралуу да жазып чыксаныздар жакшы болмок. Алдын ала ырахмат.
+3
admin_superstan
2016-11-24 09:37:15
chika-chika88, саламатсызбы! Сунушуӊуз тийиштүү бөлүмгө жеткирилди.
0
bars06
2016-11-25 10:13:00
Админ.ден-соолукка байланыштуу суроо калтырайын дегем кайсы болумго калтырышым к.к?
0
admin_superstan
2016-11-25 11:10:42
bars06, сизге купуя аркылуу жооп берилди.
0
saykal94
2016-11-27 22:50:20
Саламатсыздарбы! Менин кызым 3 айлык болуп калды . Бир козу чылпактайт 2,5 2,9 айдан бери врачка корсотсом капля жазып берген бирок жардам бербей жатат . Ал эмнеден болушу мумкун жана кантип айыктырса болот
0
№ 733, 18-ноябрь-24-ноябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан