Чек арадан түнкү саат бирлерде өттүк, эми мындан ары мага коркунуч жок эле. Орусиянын чек арачылары тытып текшерген жок, демек, полицияга эч кандай кабар келген эмес. Ушунчалык чарчаган экенмин, Казакстанга өтөрүбүз менен уктап калыптырмын. Акыркы 3 күндүн таасири эле. Аябай эле катуу уктаган окшойм, ойгонсом күн чыгып, саат 10дон өтүп калыптыр. Айдоочу Нурлан таластык, бойлуу, толмочунан келген, кара тору жигит эле. Биринчи көргөндө жашы улуу го дегем, жолдон тааныша келсек 23тө экен. «Машина айдай алам» дегенинен «жол кире бербей эле коёсуң, жолдо айдашып кетесиң» деп алып алгам. Артта дагы бир жүргүнчү бар эле, Алишер экен аты. Бишкекке чейин деп алгам.
Айлана аяк-башы көрүнбөгөн казактын суз талаалары, күн кайнайт тимеле. Айнекти ачсаң ысык аба кирип ого бетер тердетет. Анда-санда топ-топ болуп оттоп жүргөн төөлөр, тээ алыстан бирин-экин чакан айылдар эле көрүнбөсө, башка эч нерсе көзгө урунбайт. Менин ойгонгонумду байкаган Нурлан:
– Сизди жанымда сүйлөп шерик болуп кетеби десем, уктап калдыңыз да, байке, же артка өтүп тиги менен алмашып албаптырсыз, уйкум келип болбой калдым.
– Менттер тостубу?
– Тосту, үч жерден тосту.
– Үч жерден тоссо, биздин документтерди текшерген жокпу?
– Жок, менин эле документимди текшеришти, акча болсо болду да буларга. 15 миң теңге кетти, Алишер көрдү.
– Ээ, мейли, эптеп машинаны Кыргызстанга алып барсам, сатсам жаап кетет. Мен айдайынбы, уктайсыңбы?
– Макул, кичине уктап албасам болбой калды, Алишерди ойготоюнбу, сүйлөп эрмек болуп барат уктатпай?
– Тим эле кой, уктай берсин, уктап алдым го, уйкум келбейт.
Тээ алдыда полициянын машинасы турган экен, ошолордон өтүп алмашалы деп айдай берди. Экөө экен, бирөөсү ала таягын көтөрүп токто дегендей белги кылды. Алардан 20 метрдей өтүп токтотуп, адаттагыдай эле документтерин, бере турган акчасын алып, машинадан түшүп полицияны көздөй басты. Бронежилет кийген, тапанчасы төшүнө салынган тиги да бизди көздөй басып келаткан жеринен эле тапанчасын алып чыгып Нурланга такап "руки на капот!" деп кыйкырды. Жүрөгүм түшүп калды, кармалдымбы деген ой кетти, бул ээн талаада качып да кете албайсың. Бир заматта ар кандай ойлор келип алым куруп, шалдырап отуруп калдым. Шеригин карасам машинасына сүйөнүп, биз жакты карап рациядан бир нерселерди сүйлөп жатат. «Кармадык» деп жатты окшойт. Нурлан да коркуп кетти окшойт, машинага арты менен кетенчиктеп келип, эки колун шашып-бушуп капотко коюп калды. Эки көзү полицияда, коркконунан "кой, байке, мен эмне кылдым? Кой, байке" эле дейт кайра-кайра. Полиция келип Нурланга тапанчасын такап:
– Машинадан эмне ой менен түштүң? Эмне, мени атканы жатасыңбы?- деп үтүрөйүп бир аз турду да, каткырып күлүп жиберип, "бол тез, салам бер да, кет эртерээк бул жерден" дейт күлкүсүн тыя албай. Шериги да каткырып күлүп жатат ары жакта. «Уф-ф» дедим ичимден.
3 чакырымдай жүргөндөн кийин алмаштык. Нурлан тез эле уктап калды. Алдыда баш-аягы көрүнбөгөн жол, качан жетер экем үйгө дейм да, кайсы үйүм бар эле Кыргызстанда?.. Канча акча алдым экен, көп эле да. Полиция текшерген күндө деле акчаны оңойлук менен таппайт эле. Болгарка менен эле кыркып таап албаса, бирок машинаны анчалык текшерүү алардын оюна да келбейт. Орусиядан Кыргызстанга 07 Жигули айдап кеткендер толуп жатат да. Ал жагынан кам жебесе деле болот. Өзүм эле бир нерсе кылып билдирип койбосом. Нурланга «правам жок, МАИчилер турган жерлерде сен айдайсың» деп сүйлөшүп алганбыз.
Молдовандар эмне болушту экен, кармалбаса керек, Иваныч эле болсо кармата коёт. Алар жөнүндө эч ким билбейт да. Алар түндөп эле Молдовиясына кеткен болушу керек. Менден шекшиши мүмкүн, бирок мен мындан 10 күн мурун Кыргызстанга кеткем. Бир жагынан мени баары эле калмыкиялык калмак деп ойлошсо, кыскасы, менден эч ким шекшибейт болчу. Иваныч эле кармалып калып айтып койбосо. Бирок Иваныч кармалбайт, андан шекшиш эч кимдин оюна келбейт...
(Уландысы кийинки санда)
Кайрат Какеев