Айжамал Кабылова: "КИМДИН КИМ ЭКЕНИН ИРГЕП АЛГАНЫМДЫН ӨЗҮ ЧОҢ ЖЕТИШКЕНДИК"

Айжамалды жакындан көргөн киши “Кабылова ушулбу, кичинекей эле кыз турбайбы” деши мүмкүн. Бирок кара торусунан келген бул айым сахнада ырдап жатып жылмайганда мырзалар өзүн араң кармашат. Ал эч нерсе эмес, бут кийимин чечип салып бийлегендечи... Мына ушул баарыбыз сүйгөн Айжамал бүгүн бизде мейманда.

– Айжамал, келе жаткан Жаңы жылың менен! Бул жыл сен үчүн унутулгус жылдардан болду окшойт.
– Рахмат, силердин да Жаңы жылыңар менен. Негизи ар бир жыл жакшы да, жаман да окуялары менен эсте калат эмеспи. Өзүңүздөр байкагандай, жыл башында өтө оор сыноону башымдан өткөрдүм. Бирок мөгдүрөп отуруп калбай, жүрөгүм эңсеп, жан дүйнөм дегдеген чыгармачылыкка кайтып жакшы ырларды элге жеткире алдым. Клип тарттырып, дуэттерди жаздырып, Ош шаарында Гүлнара Калдарова менен биргеликте дуэт концерт берип, элдин алкышына ээ болдук. Өзүңүздөр билгендей, Малайзияга барып эс алып кайттым, балдарым мектеп босогосун атташты, айтор, ийгиликтүү, унутулгус жылдардан болду десем жаңылышпайм. Жакшылыкты элден айрыбасын дейт элем, Кудайдын куттуу күнү тойлордо кызмат кылып жаттым. Ал жактан тапканым балдарымдын ырыскысы деп билем. Жакында эле балдарым үчүн темир тулпар алдым, кичине болсо да ак эмгектин акыбети. Суукта жөжөлөрүм мектепке машина менен барып жыргап калышты.

– Сыноого сынбай, тескерисинче чыйралып, ийгилик жаратуу ар бир эле адамдын колунан келе бербесе керек...
– Сыноону да Кудай көтөрө алган адамга берсе керек. Айрымдарга байлык-бийлик берип сынаса, кай бирлерди жакындарын алып коюп кыйнайт экен. Мени үй-бүлөмдөн ажыратып сынады, Кудайга миң мертебе шүгүр, ушундай тагдыр бергенине. Элдин колдоосу, жакындарымдын жардамы менен андай кыйынчылыктан чыгып кеттим. Өкүнбөйм, тескерисинче, бул тагдырыма ыраазымын. Анткени көзүм ачылып, мага ким дос, ким кас, жакындарымдын кимиси күйүп, кимиси күлөрүн билип алдым. Ак-караны ажыратып, жадакалса өмүрлүк жолдошумдун ким экенин иргеп алганымдын өзү чоң жетишкендик. Мындай кыйынчылыкка сынмак турсун, турмуштук сабак алдым десем болот. Башкача айтканда, мурунку турмушума караганда азыркы жашоом жакшы.

– "Мурунку турмушума караганда азыркы жашоом жакшы" деп калдың, балдарды жалгыз тарбиялоо кыйынчылык жаратпайбы?
– Жалгыздын иши жалгыз, албетте, оорчулук болот. Кээде сабактарына көз сала албай калам. Ошондуктан кызым Жыпараны сабактан кийин кошумча ийримдерге бердим. Мен сабактарына каралаша албай калганда үй тапшырмаларын ошол жактан даярдайт. Өзү дагы зирек, кабыл алуусу күчтүү, жакшы окуйт. Балдарымдын мага берген жардамы, колдоосу мына ушул сабакты жакшы окуганы.
Андан сырткары жакында иним үйлөнүп кайнеже болдум. Келиндин кызматын көрүп колум узарып калган убак. Мен борборго келгенде же той-топурга кеткенде келиним менен иним балдарымды карашат. Мурунку турмушума караганда азыркы жашоом жакшы деп жан дүйнөмдүн тынчтыгын айтып жатам. Учурда балдарым жанымда, жакындарым кашымда. Сүйүктүү чыгармачылыгым менен алектенип жатам, албетте, азыркы жашоом жакшы да.

– Өзүң дайыма күлүп жүргөнүң менен, мүнөзүң катуудай сезилет...
– Ошон үчүн артистмин да (күлүп), ачууга алдырбай, кыялыңды ката билүү да маданият. Сахнада күлүп-жайнаган менен, сахнанын артындагы Айжамал такыр башка. Тактап айтканда, балдарыма катаал энемин, аларды катуу кармайм. Эзилип, элжиреп отура берген энелердин катарына кирбейм. Тартипке бекем кылып тарбиялайм. Ал эми мүнөзүмдү жанымда жүргөндөр айтпаса өзүмдү мактай да, жамандай да албайм. “Кемчиликсиз адам болбойт” дейт го. Ит жылында төрөлгөм, “жылыңа жараша кыялың бар” деп апам урушуп калган күндөр болгон.

– Сенин жүрөгүңдү ооруткан адамды кечире аласыңбы?
– Чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсү назик, өтө ишенчээк болот. Жакшыны да, жаманды да жүрөккө жакын кабыл алабыз. Жал­ганды сүйлөй албайбыз, таарынсак да бат жазылабыз. Анан ушундай мүнөздү башкалардан да күтөбүз. Бирок көбүнчө баары тескерисинче болуп кетип, жүрөктөр жабыркап калган учурлар чанда кездешет. Мен эмне деген кыйынчылыктарды башымдан өткөрдүм, баарына туруштук бере алдым. Демек, баарына чыдаган Айжамал андайларды кечирип, унута да алат. Кечире билүү да чоң эрдик.

– Жаңы жылды кимдер менен, каяктан тосоюн деп пландап жатасың, жакындарыңа белек-бечкек даярдап койдуңбу?
– Жаңы жылды Ошто апам, бир туугандарым, балдарым менен тосом. Буюрса, даярдыктар жакшы, белек-бечкегимди камдап койдум. Балдарым Аяз атага катты 1 ай мурун эле жазып беришкен. Аларга өзүм Аяз ата болуп, тилектерин орундатканга аракет кылдым. Мен Аяз атага, Жаңы жылга байланышкан ар кандай ырым-жырымдарга деле ишене бербейм. Ошентсе да Жаңы жылда балдарымдын амандыгын, ыйманын, келечегин сурайм. Анан да эч бир аялзатынын көз жашы акпаса экен дейт элем. Адам баласы алдыга умтулуп жашайт эмеспи, алдыда максаттар, пландар көп. Алардын бирин айта кетсем, жазында Бишкекте жеке концерт берсемби деп жатам.

– Чыгармачыл адамдар үчүн Ошко караганда борбордо иштөө ыңгайлуу эмеспи, Бишкекке көчүп келүү планың жокпу?
– Үйдө апам жалгыз, ошондуктан апамдын жанындамын. Балдарымды да Оштогу мектепке окуттум. Ушундай шартка байланыштуу ал жакта жашасам да бир бутум Бишкекте. Анткени теле, радио, гезиттердин баары борбордо эмеспи. Кудай буюрса, бул жакка келе турган ойлор бар. Баарын убакыт көрсөтөт.

– Маегиңе чоң рахмат!

"Балдарым наристе болгонуна карабай менин абалымды түшүнүп, ширин сөздөрү менен көңүлүмдү көтөрүп турушат".


"Малайзияда эстен кеткис эс алуу чыгармачылыгыма эргүү тартуулады".


Замира Рахманбердиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Айжамал Кабылова: "Ак-караны ылгап турган кезим"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (93)
arzuuu
2017-01-06 23:37:41
Коменттер бир тараптуу го. Азамат чынында коп тил билген акыл эстуу акылдуу атына заты жарашкан ыймандуу бала го. Айжамалы деген айыл кыштакты аралап эски УАЗга тушуп алып айыл кыштакты аралап ХХХ ХХХ ХХХ
+4
admin_superstan
2017-01-09 10:09:17
arzuuu, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
-2
Ibragim.osh2016
2017-01-07 02:14:36
Айжамал эжени мен ото жакшы кором да бир озуң бол ырын кундо бир жолу укбасам жинди болуп калам ото жакшы кором да аттиң чон экен деп коем
-6
elmira_kurmanalieva
2017-01-07 12:58:10
Кайраттай конкурстарга катышкан ырчы болсо
Мен бааламакмын!!!!
Конкурстарга катышкан адамдар ырчы деген статуска ээ!!!!
+7
elmira_kurmanalieva
2017-01-07 13:01:52
Супер инфо дагы
Айжамалды кайра кайра чыгарып уят эле кылдыңар убагында жашырып элге чыгарбай эле койсоңор болмоктааа
Кызыктуу БОЛОТ элге деп
Ызуучусун элге тартуулап!!!!!
+11
Gulumkanbu
2017-01-07 14:46:12
Кыргызстан боюнча бир эле Айжамал ажырашкансып , аябай сындадык го. Ар кимдин озунун турмушу,озу билет.Биз кийгилишпей жон эле жашайлы.
0
bema_bema
2017-01-07 18:37:52
Журналистер суроо берсе жооп беретда, анан оозун жаап алсынбы кызык элесинерда
-6
admin_superstan
2017-01-09 10:10:35
ritulek, далилсиз такталбаган маалымат жазуудан алыс болуңуз!
-3
Kazaf
2017-01-08 23:35:11
Бул жерде кыйын болуп жатасынар атасы жок балдары кантет эми ойнош керек деп силердин башынарга тушсо ошондой тагдыр,чыдап жашай бергиле ошондой эркек мн жашагыча озун басынтып, малай болуп,андан коро Ошондой эркек мн жашабай койгону жакшы. Любовник керек баарибир дегендерге айтат элем силердин катындарынар ошентсин же карындаштарынар ошентип любовник кутсо жакшыбы? Эмне Аял затынын баары эле силерге окшош женил ой чыдамы жок деп жатасынарбы? Айжамалды чакырышты суроо беришти жооп берди.
-7
tina76.65
2017-01-09 05:37:32
Kazaf, Куйоосу Айжамал ойноп кетти деп чыкканго. Тунку звоноктор, смстери бар, куноосун моюна алган деген. Айжамал болсо ошол смс, звоноктор жонундо эч нерсе жооп берген жок. Кайдагы почтоларды айтып теманы буруп салды. Эмне учун? Демек смс, звоноктор кундо, тун жарымда, балдарын уктатып коюп чын экенда. Сыноо эмес. Оз колу менен Оз уй-булоосун талкалаптыр Айжамал.
+8
aiman1983
2017-01-31 10:39:20
tina76.65,талкалаганы аз келгенсип мен катуу апамын, балдарга катуу тием дегеничи. Атасынан ажыратканын аз келгенсип эми тартиптуу болсун деп катуу тийгенин жарабайт. Биринчи озунду тарбияла
0
Kazaf
2017-01-08 23:36:45
Мындай без Пафоса жонокой Болсоно боло бизди кандай турмуш кутуп жатат бир гана Алла билет бул жерге отуруп алып бирону табалабай тескеринче соз болсо да жакшы создор мн конул которуш керек.
-4
Bahiana
2017-01-09 16:35:15
Ар кимдин башына ар кандай тагдыр келет. Айжамал чыгармачылыгы аркылуу таанылып , көптүн көзүндө жүргөн чыгармачыл инсан, ошондуктан мен ага ийгилик гана каалайм! Ал эми калганыбыз дайны жок эле сын пикир айта бербейли. Сиз экөөбүздү жалпы эл тааныбайт, ошондуктан биздин чакчелекей түшкөн ички дүйнөбүздөгү будуң чаңды эч ким билбейт. Биз каалоо, эгер суранса кеп- кеңеш айтууга акыбыз бар , а бирок дайны жок сындаганга акыбыз жок!
-4
tynchtyk93
2017-01-09 16:46:16
Ийгилик каалайбыз таланты бар ак ийилет,бирок сынбайт.
-4
Deniza88
2017-01-10 03:20:49
Кыскасы аялы да эркеги да акмак ))) тагдырга заманга шылтабагыла, убагында озунор кыласынар баарын, ортодо балдарга эле оор
+4
kaktus.vn
2017-01-10 14:02:50
Адамдарга таң калам көрө албастыкка белчесинен батып кеткен. Баары эле бир нерсенин чын жалганын билип билбей жамандап киришет. Жакшы сөз айтуу колуңдан келбейби, анда жаман сөз дагы айтпа... Ар бир адам өзүнүн деңгээлине жараша сүйлөйт... Айжамал сиз алдыдасыз себеби сизди сиздин артыңыздагы адамдар сөз кылып жатат... Урматтуу мусулман бир туугандар эч качан бирөөнү гыйбат кылбагыла, күнөөгө батпагыла...Бирөөнү гыйбат кылып үстүнөн күлбөй жакшы иштерди жасап акыретке даярданалы..
-4
aza-murat
2017-01-17 01:52:37
Ой тобо баарынар эле кыйын болуп, акылдуу болуп, тим эле шумдук сынчы болуп кетесинер да, жанында чогуу жашап, чогуу ырдап жургонсуп. Эн негизгиси таланттуу дагы, акылдуу дагы, сулуу дагы бул ырчы айым. Ал силер сындаган мырзалар дагы, айымдар дагы кыйын болсонор ушундай ийгиликтерге жетип алгыла
0
bellacvetochek
2017-04-09 03:12:34
Айжамалдын куйоосун кордум Москвадан Кенже эже менен жургонун что то нитоооо деп ойлоп койдум
0
bellacvetochek
2017-05-11 14:08:46
Айжамалго норма вот куйоосу точно ХХХ экен
0
admin_superstan
2017-05-11 15:28:24
bellacvetochek, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
0
№ 739, 30-декабрь- 05-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан