СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ

(Башталышы өткөн сандарда)

Андрей 1 шериги менен иштечү. 1 банктын филиалын жасап бүтүргөнгө 55 күн убакыт берилет, колум көбүнчө бош эле болуп калат, шериктерим батирде жашагандыктан кетишет. Мен банкта эле жашачумун, Москвада мүмкүн болушунча көп өнөр үйрөнгөнгө аракет кыласың го, үйрөнө берейин деп Андрейге жардам берем. Жардам бергениме акы төлөйт, ошентип жүрүп 1 жылдай убакытта коопсуздук боюнча дээрлик толук эле билип калдым.
Банк курулуп бүтүп, ишке толук кандуу берилишине чейин 10 күн мурун банкоматтарды алып келип орнотуп, адамдар банкоматтарды колдоно башташат. Ал банкоматтардын тогун мен улап берем, менден кийин коопсуздук боюнча ар кандай нерселер орнотулат. Аны да Андрей экөөбүз улайбыз, толук билем кантип иштешин. Анан программисттер келип программаларын орнотуп, банктан адамдар келип банкоматка акча салып кетишет да, банкоматтар иштей берет. Программисттер келгенде банкоматтар турган бөлмөнү ичинен бекитип, алар ишин бүтмөйүнчө эч кимди жолотпой сыртынан куралчан адам кайтарып турат. Жадакалса видеокамераларды өчүртүп салат да, 5 камера болсо баарына тең датчик коюп коёт. Эгер камераларды бирөө иштетем десе датчик күйүп, билинип калат. Кыскасы, программасын эч кимге көрсөтпөй орнотушат.
Банкта иштегенден кийин кааласаң-каалабасаң да кантип тоноп кетсе болот деп ойлонот экенсиң. А бир нерсени ойлонуп койгондон кийин көз алдыңда курулуп жатса, өзүнөн-өзү ар кандай жолдору табыла берет тура...
Кантип кылса болот деп ойлонуп эле койбосом, ал убакта ишти чындап эле кылам деген оюма келчү эмес. Көбүнчө эски, колдонулган банкоматтар келет. 1 жолу банкоматтарга ток берейин деп чекесинен улап жаткам. Андайда ачкычын бизге таштап кетет да. Банкоматтардын бирин ачсам ичинен диск чыкты, сыртында "Microsoft XP" деген жазуу турат. Көргөн көзүмө ишенген жокмун.
Окурманга түшүнүктүү болсун, банкоматтын ичинде кадимки эле биз колдонуп жүргөн компьютер турат (процессор). Кантип эле ушунча акча турган банкомат ушул программа менен иштесин?! Менин оюмда банкоматтар үчүн атайын буйрутма менен түзүлгөн, өтө татаал программалар иштесе керек деп ойлочумун. Кокусунан түшүп калганбы деп да ойлодум. Дискти ноутбукка салып көрө албай койдум, чийилип жараксыз болуп калыптыр.
Чындап эле ушул программа менен иштейби билейин деп чечтим. Камерасы бар 2 телефон таап, четки банкоматтын үстүнө, иштеген адам толук көрүнүп тура турган кылып эки жерине орнотуп койдум. Тигилер келгенче шыпка илинген жаркырактарды текшерип, шымаланып иштеген түр көрсөтүп, "бөлмөнү бошот" деп келишкенде 2 телефондун камерасын жандырып коюп кетип калдым. Тигилер саат 10до башташкан эле, түшкү 1ге жумушун бүтүп кетишти. Эми менин банкоматтарга тийгенге укугум жок болчу. Эгер ток келбей калса, банктын коопсуздук кызматынын электриги келип гана ача алат банкоматты. Кечинде телефондорду алып көрсөм, ошол эле "Microsoft XP" менен иштейт экен. Мен бул программаны беш колумдай билем да. Кантип эле ушундай болсун деп таң калдым.
2 программист иштешкен экен. Көрүп отурсам, экөө ар нерселерди сүйлөшүп иштеп жатышты. Айрыкча банкка, банкоматка байланыштуу сөздөр. Көбүнчө банктарды тоноп кеткендер жөнүндө, ар кимиси ар кайсы окуяны айтып. Бирөөсү Кытайда бандиттер банкоматтан доллардын курсун өзгөртүп акча алып кеткенин айтып калды. Экинчиси ал окуя жөнүндө укпаптыр, бекерчиликте бекер сөз дедиби, аки-чүкүсүнө чейин айтып берди.
Кокуй дедим ичимден, эч оюма келбептир го. Банктан автоматы жок деле акча алса болот экен да. Интернеттен издеп жүрүп атын айтпай эле коёюн, банкоматтар жөнүндөгү колдонмо таап алдым. Кийинки 1 айда ошону менен гана алек болдум. Бара-бара бул ишти кылса болоруна көзүм жете баштады. Ойлосом, банкоматка ток берүү, коопсуздук датчиктерин орнотуу, айтор, баары эле менин колумдан келет экен. Аларды керек маалда өчүрө турган кылса болот да, ток өткөн зымдар баары дубалдын ичи менен өтөт. Дубал гипсокартон менен жабылат да, дубал менен гипсокартондун ортосунда 5-7 сантиметрдей бош аралык болот. Эгер банкты куруу иштери башталгандан баштап даярдана берсең, кылса боло турган иш. Акыры ушул ишти кылам деп чечтим.
Өзүмдүн ордума 1 бала таап келип шеригиме кошуп койдум, экөө иштей беришти. Түшүнбөгөн гана жерлерин айтып койбосом, дээрлик интернетте эле отурдум. Сөздүн кыскасы, банкоматтан акча алуунун жолун таап, толук планын түзүп чыктым. Башында колдон келбей тургандай көрүндү эле. Ар кандай жолдорун ойлонуп жатып акыры таптым. Бирок мага жардамчы керек болчу, себеби мени камерадан көрүшсө дароо шекшип калышмак. Анан кичине издешсе мени билип коюшмак.

Кайрат Какеев

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Siren.ms
2017-01-11 09:29:34
ой фантазиясы укмушко автордун
+2
Nurbakg91
2017-01-11 10:26:31
Соонунго
+2
Shumkarbek777
2017-01-11 10:30:33
Кыргыздын кылбаган иши жок деп ушуну айтса керек э?!
+5
A3A
2017-01-11 11:10:09
Анан? Анан эмне болду?
0
Zaika4
2017-01-11 12:14:31
Ммдаа акыры ойу ишке ашып, тоноп Кны коздой качат экенда.
+3
OMURBEK.
2017-01-11 14:04:39
бул болгон окуябы же
+2
zara-919
2017-01-11 15:58:49
OMURBEK.,жок болгон окуя эмес. "Ботон жердин буудайы"-сыяктуу фантастикалуу окуя. Бирок аябай кызыктуу жазып атат.
0
azigulbu70
2017-01-11 14:59:44
Ошентип акыры алат экен да
+3
alibekova94
2017-01-11 17:06:15
Иши кылса акча уурдайт экен да, кызыгып калдым... Алдынкы санында машинеде качып келатты беле ?
+3
Shef87
2017-01-11 21:48:37
ээ бул баякы баткенчи окшойт кара эчкинин жомогу боло баштады
-3
rawid
2017-01-12 00:11:21
Aaa menda korup kalgam sp +3 disk alyp atkanyn owondo win xp menen iwteitbeken e bankamatar menda tan kaldym kantip windowstun pragramasy menen iwteit eken anan
+3
erkeleim
2017-01-12 03:13:30
акча кимдерди гана азгырбайт ээ жаман оюмда мен да уурдагым келип кетти))
+2
arzuuu
2017-01-12 11:36:25
Ой бууууй windows менен иштесе сонун гг банкоматтар. Мен дагы банк кызматкеримин айтса норма эле уйронуп калат белем)) тамаша адал акчага не жетсин
+1
Alpengold.
2017-01-14 14:35:05
Каарман акылдууго, мен билбейт экем тел.н камерасы очпой 2 саат тартаарын.
0
dina-85
2017-01-15 18:17:56
Кызык окуя
+2
sezarbrat
2017-01-17 21:06:52
базар жексон.акчаны байкебиз менен андрей экоо банктан алат кайра буларды жолдон тоноп кетет экенда карап тургула ушундай эле болот
+1
№ 740, 06-январь-12-январь, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан