СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ

(Башталышы өткөн сандарда)

Клавиатура менен процессорду байланыштырган кабелден 30 метр таап келип даярдап койдум. Кийинки банкты куруп жатканыбызда банкоматтарды орнотушканда баары уктагандан кийин түнү токту банкоматтарга уладым. Банкоматка келген ток зымына кошуп клавиатуранын да кабелин дубалдын ичи менен алып келип, процессордун капталын тешип, көргөн адам да түшүнбөсүн деп ичинен туташтырдым. Оңою менен эч ким байкабайт эле. Себеби процессор банкоматтын ичине болттор менен кол батпай турган 8 жеринен бекитилет. Анын баарын ким бошотмок эле?..
Пайдубалдын үстү жамгырда суу болбосун деп жука тунуке менен кооз кылып жабылган. Кабелдин экинчи учун ошол тунукенин ичи менен алып чыгып, учуна клавиатурага улана турган «разъём» улап, тунукенин түбүнө бекитип койдум. Электрик болгондуктан мага эч ким киришпейт, түшүнбөйт дагы да. "Бул эмне зым?" десе, терезелерге жарнама орнотуу максатында ар кандай сүрөттөр илинет, ошол сүрөттөргө жарык бере турган ток зымы дейсиң, болду.
Банктын терезеси бүтө берген жерде таштанды таштаган чоң контейнер турат экен илгертен бери. Банктын адамдары алдырабыз дегенде, ошол жердеги адамдар ызы-чуу чыгарып алдырбай коюшуптур. Контейнердин жанына дүкөндөн сыра алып чыгып адамдар сыра ичип, сүйлөшүп көп отурушчу. Кээ бирлери ноутбуктарын тизесине коюп алып бир нерселерди көрүп отура беришет. Аны да эч ким токтото алган жок. Акыры макул деп кол шилтеп коюшту. Бирөө кирем десе сигнализация иштейт да. Кабелдин учун ошол контейнердин жанына чейин тартып келип тунукенин түбүнө бекитип койдум.
Эми планымды түшүндүрө кетейин, карточкага 2-3 күн эртерээк 100 доллар салып (сөзсүз доллар салышың керек, себеби карточкаңдагы акчаны кандай валюта менен салсаң, банкомат ошол валюта менен окуйт), эртеси же качан болсо да кабель уланган банкоматка барып акчаны алышың керек. Андан 2 мүнөт мурун мен бекиткен кабелиме ноутбук улап, банкоматтагы доллардын курсун өзгөртөм. Канча кааласаң өзгөртсөң болот. Мисалы, 100 долларыңды 100 миң рубль, кааласаң 500 миң рубль кылып чыгарып аласың. Камерага гана түшпөшүң керек, таанылбагыдай болуп барышың кажет. Болду, ушул эле менин планым.
Мындай ишке ар ким эле шерик боло бербейт эле. Иванычка айтып көрөйүн дедим. Баласынын, Егордун электрондук дареги бар эле менде. Бирге иштеп жүргөндө керектүү материалдардын тизмесин, документтердин көчүрмөлөрүн жөнөтүп жүрүп архивде калып калган экен. Егорго "Иванычта зарыл сөз бар, жакшы иш чыгып жатат. Акчамды сурабайм, коркпосун. Мени менен байланышсын" деп телефонумду жазып жибердим. Сөзсүз чалат, акча дегенде жанын берет деп ойлодум эле, ойлогондой эле 2 күндөн кийин чалды Иваныч. Бир жагынан менден эмнеге коркмок эле, мен эмне кыла алмак элем ага. Полицияга арыз берейин десем же келишим түзбөсөм аны менен. Жолугуштук, машинасы менен келген экен, машинасына отуруп аны-муну сурашкандан кийин "Иваныч, "тема бар", Егорго иш бар деп жөн эле айтып койдум. Макул болсоң, сүйлөшөлү" десем, Иваныч мени чочугандай карап калды. Бирөөлөрдү ортого салып акчасын алганы жатат деп ойлоду окшойт, дароо эле:
– Мен сага айттым го, өзүбүз да акчабызды ала албай калдык. Эмне, мага ишенбей жатасыңбы? Ошон үчүн чакырдыңбы?- дейт.
– Жок, Иваныч, токтосоң, биринчи сөздү уксаң,- деп планымды түшүндүрдүм. Мен аны бирөөгө айтып коёт деп корккон жокмун, себеби ага мени бирөөгө сатуунун эч кызыгы жок болчу. Оңой акча дегенде ал атасын сатканга даяр адам.
Унчукпай сөздү угуп отурду, маал-маалы менен мени таң калып, бул соо эле адамбы дегендей карап коёт. Бир-эки жолу сүйлөйүн дегенде "токто, сөзүмдү бөлбөй тур" деп сүйлөтпөй коюп, оюмду аягына чейин түшүндүрдүм. Мен айтып бүткүчө машинасынын рулун эми көргөнсүп сылап-сыйпап эле ой басып отурду.
– Иваныч, экөөбүз кеминде 500 миңден алабыз, 3 балага 100 миңден берсек болот. Эгер бул ишти жакшы бүтүрсөк, кийин андан 10 эсе көп алып чыга турган ойлор бар,- деп жакшы эле арбадым.
– Мен Егор менен сүйлөшөйүнчү, кечке чейин жообун айтам,- деп коштошуп кетип калды.
Мен дагы деле банкта жашап жаткам, 5 күндөн кийин кетишибиз керек. Банк толук кандуу иштей баштаса эле бизди кууп чыгышат. Менин ишим дээрлик бүтүп калган. Банктын адамдары компьютерлерин, акча санагычтарын жана башка толгон-токой шаймандарын алып келип орнотуп жатышат. Мен алардын иштеген-иштебегенин карап, ошол жерде турушум керек.
Иваныч менен Егор ошол эле күнү кечинде келишти.
Иваныч Егорду көрсөтүп:
– Кирсанов, Егорго кененирээк түшүндүрчү. Менин баары бир акылым жетпейт,- деди.
Кагаз, ручка алып келип банкоматтардын турган жерлеринен баштап, кантип улаганымды, кыскасы, баарын чийип түшүндүрдүм...

Кайрат Какеев

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
aidinaernur
2017-01-18 09:05:30
Биринчи
-2
kansulu
2017-01-18 09:32:21
2-
-3
student-95
2017-01-18 09:42:35
учунчу
-3
A3A
2017-01-18 10:02:00
Акыркы(
+1
kadamjai90
2017-01-18 11:00:43
5
-3
arzuuu
2017-01-18 12:11:16
Сонун го уйронуп алса болот бирок коп жеринде тушунуксуз экен. А то шакылдатып банктан акча чыгармак экенбиз))))
+4
rukopashnik
2017-01-18 12:15:57
6
-1
temirov76
2017-01-18 17:04:12
Үйрөнүп алып не кылмак элең,үйрөнбөй эле койгонуң оң го менимче.
+1
erkeleim
2017-01-18 18:13:45
жакынкы жердеги банкоматтарды элестетип баштадым.мени да акча акылдан адаштырып баратат))))
+2
Bubu88
2017-01-18 19:10:12
Таптакыр кызыксыз күтүп окуганга татыксыз
-1
zamir_kgz
2017-01-18 23:06:32
негизи туура эле уйротуп жатат, кобунчо орустар оздорун акылдуу сезип Кыргыздарды башкача ойлоп конул бурбайт анча мынча иштерге
+1
UMACHO
2017-01-19 00:21:13
11чи
0
Nurbakg91
2017-01-19 11:34:35
Оной акча табыштын жолу екенда
+1
meni_kut
2017-01-19 20:58:10
биринчи,Экинчи дегендери эмне?,мал санап атышабы?
+3
tilek-x
2017-01-22 10:12:50
Менимче ойдон чыгарылган чыгарма ишенууго такыр мумкун эмес но элестетсен болот.
0
№ 741, 13-январь-19-январь, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан