Өз жанын кыйган өспүрүмдүн энеси: "ЭМНЕГЕ МИНТТИҢ ДЕП СУРАЙЫН ДЕСЕМ КЫЗЫМ ТИРҮҮ ЭМЕС"

Өткөөл куракка келгенде жаш улан-кыздардын өз өмүрлөрүнө кол салып жатканы ойлонтпой койбойт. Анткени ал убакта болбогон маселелер, таарыныч, кусалык, ал тургай сүйүү дагы катуу таасир бериши мүмкүн. Ушул жылдын 5-январь күнү Кадамжай районунун Орозбеков айылында 9-класстын окуучусу Нурлан кызы Адина 30 метрлик бийиктиктен боюн таштап каза болсо, 9-январда Нарын шаарында 9-класстын окуучусу Советбек уулу Азим асынып алган.

"ЭКСПЕРТИЗАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГА ЭЛЕК"

"Нурлан кызы Адинанын эмне себептен өз өмүрүн кыйганы азырынча белгисиз",- деген Баткен ОИИБинин маалымат кызматкери Дамира Юсупова төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 5-январь күнү Кадамжай районунун Орозбеков айылында болжол менен саат 18:00 чамасында Нурлан кызы Адина 30 метрлик тоодон өзүн таштап жиберген. Анын өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалган, азырынча анын жыйынтыгы чыга элек. Маркумдун мугалимдери, классташтары жана туугандары суракка алынышууда. Кылмыш иши козголгон жок, иликтөө иштери жүрүп жатат.

"ЭМНЕ СЕБЕПТЕН БУЛ ИШКЕ БАРГАНЫН БИР ГАНА ӨЗҮ ЖАНА КУДАЙ БИЛЕТ"

Каза болгон Адинанын апасы Эльвира Турдушова менен байланышканыбызда ал кызынын өлүмү тууралуу буларды айтып берди:
– Адина 4 эркек баламдын арасындагы жалгыз кызым болчу. Өзү жакшы окуп, тайманбаган, коркпогон кыз эле. Кичинекей болуп турса дагы үй жумуштарын, сырткы иштерди бизге айттырбай эле жасап кол арага жарап калган. Москва шаарына иштегени кеткениме 3 ай, ал эми жолдошум менин жаныма келгенине 15 эле күн болгон. Биз кетип жатканда балдарыбызды чоң ата-чоң апасынын колуна таштаганбыз. Алар дагы жакшы карашчу, кызым биз менен сүйлөшкөндө баары жакшы экенин гана айтчу. Мен кызымдан алыс иштеп жүргөндүктөн эмне болуп кеткенин түшүнбөй калдым.
Өзүм мурда мугалим болуп иштегем, кызымдын да класс жетекчиси болгом. Анын классташ баласы менен сүйлөшүп жүргөнүн билчүмүн. Ал бала өткөн жылдын октябрь айында ата-энесинин каршы болгонуна карабай кыргыз-түрк лицейинен биздин мектепке которулуп келген. Кызым экөө телефон менен сүйлөшүп жүрүшчү тура. Анын ата-энеси дагы "баламдын колунан телефон түшпөй калды, эмнени сүйлөшүп жатат?" деп таң калышчу экен. Ал бала азыр сабакка барып же барбай жатканын билбейм.
Айылда кызымдын өлүмү боюнча ар кандай кептер чыгып жатат, а мен тергөөнүн гана жыйынтыгын күтүүдөмүн. Менде башка арга жок да, сурайын десем кызым тирүү болбосо. Бул ишке эмне себептен барганын бир гана кызым жана Кудай билет.

"КЫЗЫБЫЗДАН ҮМҮТҮБҮЗ ЧОҢ ЭЛЕ"

– Байкаганым, акыркы күндөрү WhatsApp`тагы профилиндеги сүрөттөрүн өзгөртүп, Аллах жөнүндөгү сүрөттөрдү коюп калган. Бир жолу Бишкекке куран окуганды үйрөнүүгө барам деп кечигип барбай калган эле. Профилдеги сүрөттөрүн көрүп ошого бир аз капаланып калган го деп ойлогом. Акыркы үч күнү үйдөн чыкпаптыр. Биз кайненеме жаңы телефон сатып берген элек, кызым ошого жаңы SIM-карта алам деп паспортун дагы алып кеткен экен. Ошол боюнча тоого чыгып өзүн таштап жиберип жатпайбы...
Эми баланын ата-энеси менен кызымдын кыркылыгынан кийин сүйлөшөбүз. Баланы күнөөлүү деп ойлобойм, анткени кызым медициналык экспертизадан таза чыкты. Анан дагы кат жазып же башка нерсе калтырган эмес, эмнеге өз жанын кыйганы тергөөдө билинет го дейм.
Кызым жандандыруу бөлүмүндө жатканда травматологдор сүрөткө тартып, ал сүрөтүн айылга таркатып жиберишиптир. Аны көргөн жаш балдар да, чоң кишилер да катуу коркуп калышыптыр. Анткени кызымды баары тааныгандыктан жаман болушту. Сүрөттү таркаткан кызматкерлерге кылмыш иши козголду. Эмнеге антип чыгарышат, бир аз ойлонуш керек да. Бизге моралдык жактан катуу эле сокку болду. Кызым тоодон секиргенде буту-колу сынган эмес, башы менен катуу түшкөн экен. Өзү спортту жакшы көрүп, волейболду жакшы ойночу. Адамдар менен бат тил табышар эле. Быйыл 9-классты бүткөн соң медициналык колледжге тапшырсам деген ою бар болчу. Чоң ата, чоң апасы да кайгырып жатышат, анткени баарыбыз ишенген жалгыз кыз эле да.
Аталган айылдагы мектептин мугалими Эжескан Рысалиева менен кабарлашканыбызда ал Адинанын жүрүм-туруму жакшы жана класстын алдыңкы окуучуларынан болгонун, ал эми окуя тууралуу эч нерсе айта албастыгын билдирди.

Адина ушул тоодон боюн таштаган.


Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (59)
Patriotkgz93
2017-01-27 10:42:41
Сүйүүгө балээ барбы
+1
Asyl10
2017-01-27 13:20:49
Аябай боорум ооруп кетти, аябай татынакай кыз экен.
Жапжаш болуп туруп эмне мындай жолго барды экен. Же бироо туртуп жибердиби? Тергоо баарын иликтейт деп ойлойм. Жайын жаннаттан кылган болсун. Ата-энесине сабыр тилейм. Ушу тиричиликтин айынан оспурум балдардын ата-энесинен алыс осуп оз койгойлору менен оздору болгондугу окунучтуу. Балким кыздын да коонундо бир койгойу бардырле. Чон ата,чон-энелери да эми оздорун куноолу сезип жатышкандыр.Кудай сабыр берсин баарына.
+4
shanushka
2017-01-27 17:14:04
Иий Кадамжайда жургондо бир братишкам жонотуптурле ушул кыздын фотосун коруп журогум тушуп калды((( жигити м.н урушуп озун таштап ийиптир дер айтышып аткан болчу((( Жаткан жери жвйлуу болсун ....
-1
rahatmiku
2017-01-27 17:28:55
Ж аткан жери жайлуу болсун. Озунун жанын озу кыйган жок д ойлойм жанында бироо бар болуш кк.Кокустук болуп учуп кетти жанында болгон адам коркуп айтпай жатат болуш керек жалгыз кыз деген мн ар бир баланын оз орду бар да он кыз болсо деле жоготуу жаман
0
Atlantic
2017-01-27 18:40:58
Эмнеге мен жазган комментарии кетпей атат?
0
Julien1212
2017-01-27 19:14:17
9-класстын окуучусунда кайдагы паспорт . 9дун куболугу менен алынатго паспорт. Кызык.
+2
Julien1212
2017-01-27 19:16:58
9-класстын окуучусунда паспорт болбойт.
0
hanisa
2017-01-30 09:32:33
Julien1212,азыр 1 айлык балада да паспорт болот каласан
0
batyrovaferdaus
2017-01-27 21:19:12
Кудайым аай
0
Esra
2017-01-28 00:59:29
Бул куракта балдардын дайым жанында болуп, аны менен сырдаш болуп, коп урушпай тушунгонго аракет кылыш керек.
+1
Tekecher
2017-01-28 02:08:13
Супер инфо жигитинен интервью алгылачы сураныч?
+2
Asylai88
2017-01-28 03:40:50
Жакындарына сабыр тилейм. Ажал келсе жарга , сууга, отко куйуп болсо да олот экенсин да. Бейишин берсин.
+1
KyrgyzKagan
2017-01-28 19:49:08
Буту колу сынбаптыр, башы тийгенине караганда кокустук болгон. Менимче же тайып кетип жыгылган же башы айланып кулап кеткен. Себеби адам озун таштаса башы менен эмес кобунчо буту же денеси менен тушмок. Жаткан жери жайлуу болсун. Аллах бейишинен орун берсин. Ата-эне бир туугандарына сабыр тилейм. Жараткан ата-энени баладан, баланы ата-энесинен эч качан ажыратпасын.
+2
K.peri96
2017-01-30 03:29:52
Iiiii jaw kyz eken,jatkan jeri jailuu bolsun bawka ne deibiiiiz
0
kayrat1985
2017-01-30 23:02:51
Урматтуу админ! ушул кыздын жигитинен интервью алыныздар!!
0
Firdaus-Muslim
2017-01-31 11:26:53
Менин оюмча, Ата-апасы алыста иштеп жүрсө ар бир кызбы балабы Ата энесин сагынатда. Бул тоого чыгып балким жаңы телефон менен селфи кылайын деген оюу бардыр эле, анан кокустук болуп тайып кеттиби деп ойлоп калдым. Ажал экенда. Ата-Энесине сабыр берсин.
0
№ 742, 20-январь-26-январь, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан