СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ

(Башталышы өткөн сандарда)

Өзүмө-өзүм таң калдым, башында кичине коркуу сезими болбосо, кийин корккон деле жокмун. 500 метрдей басканда чакан автобекет бар эле, арты токой. Ошол жерде Иваныч күтүп турмак. Барсам туруптур, өзү эле экен, барпаңдап сүйүнүп алыптыр:
– Ну, Кирсанов, эгер бирөө "калмактын башы иштейт" десе ишенбейт элем. Кеттик, атасынын көрү, бир жерге алып барам, "сабантуй" кылабыз,- деп айдап жөнөдү.
– Жанагы адамдар кана?
– Егор Украинанын чек арасына алып кетти, бүгүн түндөп чек арадан өтүп кетиши керек алар. Ар бирине 100 миңден бердим. Экөөбүзгө 400 миңден тийди.
– Аа, мейли, акыры оозу бек адамдар болсо болду да. Иваныч, "сабантуйду" кой. Мен чарчадым, 2 күндөн кийин жолугалы, сөз бар. Азыр барып дем алышым керек.
– Ой, жүрбөйсүңбү, биринчи "темабызды" жуубайлыбы?
– Жок, Иваныч, ушул жерге токто, мен Зеленоградга кетишим керек, такси таппай калбайын.
Иваныч четке токтоп, акчаны бөлүп даярдап койгон экен, меникин берди. Дагы бир нерселерди сүйлөйүн деди эле, шашыла коштошуп машинадан түшүп кеттим. Көз айнек, ичимдеги үйлөмө жаздыкты, башымдагы топу, үстүмдөгү таанылбайын деп кийип алган көйнөк-шымды чечип, баарын таштандыга таштап, футболка, чолок шымчан болуп Зеленоградга такси менен жетип алдым. Акчаны эсептесем толук 400 миң экен.
Зеленограддагы банк 1 кабаттуу узунунан кеткен имаратта эле. Москвалык бир адамдын менчиги экен. Дүкөн, кафе, чачтарач жана башка ишканаларды ачып салыптыр. Биздин ишкана ошол имараттын чекесиндеги бөлмөлөрдү ижарага алып, банк кылып оңдоп жаткан. 2 орус баланы жардамчы кылып алдым. Дээрлик бардык ишти ошолор кылышты. Мен Андрей менен сүйлөшүп, "арзан иштеп берем, үйрөтсөң болду" деп ага жардам бердим. 2 күндөн кийин Иваныч менен жолуктум, өзү келиптир Зеленоградга.
– Кирсанов, эмне кылабыз, бизден эмне жардам керек?- дейт, мага биротоло ишенип алыптыр. Мен чынында бул адамдан коркчумун, эгер көбүрөөк акча болуп калса, эч ойлонбой ар нерсе кылышы мүмкүн эле.
– Эми, Иваныч, бул жолкусу кыйын болот, азырынча мага эч кандай жардам кыла албайсыңар. Банкты 2-3 күндө тапшырышыбыз керек, баары даяр болуп калды. Азырынча эч нерсе айта албайм, ошол күнү айтам.
– Эй, Кирсанов, токто, шерик болгонубуздан кийин айтышың керек, жок дегенде үстүртөн болсо да.
– Туура, бирок мындай иште, менин оюмча, сак болгонубуз жакшы. Ошол күнү айтам. Жакса макул болосуң, болбосо кете бересиң.
– Ой, эмне мага ишенбей жатасыңбы, мен кимге айтмак элем?! Мен деле түшүнөм да.
– Туура эмес түшүнүп алба, Иваныч, менин оюмча, "теманы" оңой эле кылабыз. Бирок ошол күнү айтам. Эми ошол күнгө чейин жолукпайбыз, Иваныч, мен өзүм чалам керек болсоң. Биздин бирге жүргөнүбүздү эч ким көрбөй эле койгону жакшы.
Акыры кетти, кантип айтмак элем ага?.. Ал барып кеңешейин деп Егорго айтат. Егор оозу бош, сөзсүз бирөөгө айтат, кыскасы айтышка али эрте. Акыры банкты тапшырдык.
"Теманы" аткарганга баары даяр болду. Иванычка "даярдан, 5 күндөн кийин кылабыз ишти" деп СМС жазып жибердим.
Ошол күнү эле түндөп Ошко учуп келдим. Жетимдер үйүндө бирге өскөн, эң жакын Самат деген досум бар эле. Экөөбүздү армияга чейин мамлекет багып, армиядан келгенден кийин табышып өз алдынча жашоого жолду бирге баштаганбыз. Эл катары адам бололу деп канча иштегенбиз, иштебеген ишибиз калбаган. Тагдыр экен, ал кылмыш дүйнөсүн тандады. Бир балдарга кошулуп кеткен. Түнкүсүн кеч калган жалгыз адамдарды тоноп, күндүзү эл көп жерлерде, көбүнчө базарларда "чөнтөкчү" болушат. Батирде бирге турчубуз, мени окуп жүргөнүмдө 3 жылдай бакты окшойт. Акчасын аячу эмес, канча сурасам берип турчу. Кийин окуудан бош кезде башка иш таап иштеп калдым. Мен ак эмгек менен жашайм деп окуп, кыскасы, калганын окурман билет. Ошол досума келдим, ал 3 жыл камалып чыккандан кийин кылмыш жолун таштап, азыр чоң ишкер болуп кеткен. "Кара-Суу" базарына Кытайдан товар ташып иштейт, базардын чакан 1 бөлүгү ошого карайт. Бир адамга мени дайындады, ал мага жасалма паспорт, айдоочулук күбөлүк жасатып берди. Парик кийип, мурут коюп, бетиме бир крем таап беришти, сүйкөсөм өңүмдү кара тору кылып койду. Ошол өңүм менен паспортко сүрөткө түштүм. Мени оңою менен эч ким тааныбайт эле. Эртеси жасалма паспорт менен Москвага учуп келдим.
Жарыяларды карап отуруп арзаныраак Лада 2107 жеңил унаасын сатып алып, устага көрсөтүп, акчаны аябай бардык жагын оңдотуп чыктым. Бир гаражды бир айга ижарага алып, унааны киргизип, багын чыгарып алдым. Бакты ширетүүчүгө алып барып ортосунан бөлдүрүп, бензин экинчи жагына өтпөй турган кылдырып ширеттирип, экинчи бөлүгүнүн үстүнөн кичине тешик кестирдим. Бакты машинага орноткондо бактын тешиги арткы орундуктун түбүнө келип калышы керек.
2 бала таап койдум, Кыргызстанга кете турган. Бирөөсүнүн айдоочулук күбөлүгү бар экен, айдашып кетсе бекер эле алып кете турган болуп, экинчисин да болбогон эле акчага сүйлөштүк. Түндө жолго чыгабыз деп эскертип койдум.
Акыры ошол күн да келди. Бул күн жакындаган сайын ар нерсени ойлоно берип уйкум качып, акыркы күндөрү уктай албай да калдым. 1-2 саат араң уктабасам, ойгонуп алып жата берем. Кээде ойлоном, токтотуп эле койсомбу деп.
Эртең менен саат 8де Медведково деген метронун жанында Яуза деген суунун боюнда токойлуу жер бар, ошол жерден Иваныч экөөбүз жолуктук, ал жерде адамдар шишкебек жасап эс алышчу. Иваныч менен Егор биринчи көргөндө таанышкан жок мени. Алар төртөө болуп келиши керек эле. Иваныч Егорду да алып келиптир, ойлодум эле аны албаса керек деп, кантсе да баласы го...

Кайрат Какеев

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
tilek-x
2017-02-01 09:25:52
Кызыгына келгенде эх бутуп калды!!!
+3
student-95
2017-02-01 09:46:58
бир жума куткончо окуганында эсинден чыгып калат экен
+3
Nurbakg91
2017-02-01 10:11:39
Аз жазганго
+2
Shekeev969798
2017-02-01 13:54:35
Китеби барбы болсо саткылачы
+1
owtu
2017-02-01 19:17:21
ааааиии
+3
ilgis1991
2017-02-01 21:30:38
башы ото ле иштейт экен
+3
sezarbrat
2017-02-01 22:17:42
Ушинтип кызыгына келгенде бутуп калып кайфтын баарын олтуротта
+3
№ 743, 27-январь-02-февраль, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан