Жакында Азиз Мурадиллаев Түркия мамлекетинен учуп келди. Актёр ден соолугуна байланыштуу кезектеги текшерүүгө барган эле. Азиз мырза сапардан кубанычтуу кабар менен кайтканын маалымдады.
– Операция эмне себептен жасалбай турган болду?
– Түркиялык дарыгерлер менин ансыз эле айыгып кетүүм мүмкүн экендигин айтышты. Кудайга шүгүр деп турам. Азыр тагдырыма кайдигер карабаган адамдардан жана концерттен чогулган каражаттан калган
10 миң доллардын 6 миңин Венера Сатылганова менен Мурат Мамбетовдун уулу Нурдандын дарылануусу үчүн,
4 миңин боор оорусуна кабылган 3 баланын атасы, 34 жаштагы Урмат Бөлөкбаевге котордум. Өзүм болсо 3 айдан кийин кайра дарыланууга Түркияга барам.
– Өзүңүзгө дарылануу үчүн каражат алып калган жоксузбу?
– Жок, ден соолугум акырындан жакшы болуп келе жатат. Кийинки дарылануума жардам берчү жакшы адамдар бар. Бирок эл арасында түшүнбөстүк пайда болуп жатыптыр. Айрымдар "ушинтип эле байып алып, акча таратып калышат турбайбы" деген ойлорун айтып жатышканын кулагым чалды. Калк арасындагы түшүнбөстүктөр мени аябай кейитип турган чагы. Мен элден калп эле акча жыйнап алган жерим жок. Топтолгон каражатты сарптап, дарыланып отуруп ушул деңгээлге жеттим. Мен буга чейин канча ирет текшерилүүгө бардым, анда аябай көп каражат талап кылынды.
Арткан 10 миң долларды жакындарым менен кеңешип 2 адамга бөлүп бердим. Мындан ары ден соолугум үчүн колумдан келген аракетимди жасайм.
Эске салсак, актёр буга чейин боор циррозуна кабылып, ага боорун алмаштыруу боюнча бир нече этаптан турган операция талап кылынган. Анын биринчиси актёрго Москва шаарында ийгиликтүү жасалганын жазганбыз. Бул жолкусунда Азиз Мурадиллаев операциянын 2-этабын жасатуу үчүн Түркияга барып, жогорудагы жакшы жаңылыгы менен кайтып отурат.