СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ

(Башталышы өткөн сандарда)

Бир сыйра шишкебек жеп бүткөндөн кийин Иваныч баарын отургузуп:
– Кана, Кирсанов, баарыбыз чогулдук, түшүндүр эми,- деп баарына жакшылап көңүл коюп уккула дегендей карап жаныма отурду. Мен банктын картасын чийип келген элем, ошол боюнча түшүндүрдүм.
– Түнкү саат 2де ошол жерде болушубуз керек. Иваныч, сиз машинада каласыз, машинаңызга жасалма номер таап койгом, ошону тагып, шаардан чыккандан кийин ыргытып жибересиз. Бүгүн машинаңызды дагы бир усталарга көрсөтүп алыңыз. Силер банкка жете бербеген жерде аялдама бар, түнкүсүн ал жерде эч ким болбойт, мына бул жерде,- деп картадан көрсөттүм. – Жанында бак бар, ошол бактан банкка чейин 150 метрдей, мен кадамдап эле эсептегем. Банктын жанында өскөн чөп коюу, чөптүн арасында жатып турасыңар. Банктын ашканасынын түбү жер төлө, жакшылап көңүл коюп карап алгыла. Мен 2ден 10 мүнөт өткөндө жер төлөнүн эшигин ачам.
Егор шашма эле, суроолорду бергиси келип араң отурган, чыдабады окшойт:
– Эмне, күзөт деген нерсе жокпу ал жерде, банк болуп жаткандан кийин кеминде 2 күзөтчү болуш керек го?
– Жок, күзөтчү болбойт банкта, зарылчылыгы жок анын, себебин түшүнөсүңөр го дейм, бүт жерге кыймылды билгич датчиктер орнотулган. Бир нерсе болсо 3 мүнөттө жетип келишет, себеби ошол банктан 1 чакырымдай жерде полиция бөлүмү бар. Алардан башка күзөт агенттигинин адамдары да тез эле келип калышат.
– Бардык банкка кире турган эшиктерде сигнализация турат да, жер төлөнүн эшигин ачсаң эле кабар кетет полицияга,- дейт.
– Туура, бирок жер төлөнүн эшигине коюлган эмес, сигнализация жер төлөдөн ашканага чыккан эшикке коюлган. Ошондуктан жер төлөнүн эшигине коюунун зарылчылыгы жок. Банктын сигнализациясы төрт топко бөлүнүп, төртөөсү төрт автомат менен башкарылат. Бизге керектүү жерлерин мен кылгам, бул жагынын сигнализациялары биз барган маалда өчүк болот. Ал жагынан коркпогула.
– Токто, Кирсанов, ал жагы кандайча өчүк болот? Түшүндүр, бул банк болсо, эмнеге өчүк болушу керек?
– Ал жерде кыймылды сезгич аппараттар турат, банктын иш убактысы бүткөндөн баштап бул аппараттар иштей баштайт. Кымындай кыймыл болсо, дароо полицияга сигнал кетет. Бизге керектүү жерлердин кыймылды сезгич аппараттары бир зымдан ток алат. Ошол зымдын дубалдын ичинен өткөн жери жөнөкөй телефондун вибрация кылган кыймылдаткычына байланган. Телефонго чалуу келгенде кыймылдаткыч айланып, бир зым ажырайт да, аппараттар иштебей калат.
Иваныч Егор менен дагы бир баланы "ушундай болобу?" дегендей карады. Экөө ойлонуп калышты эле:
– Кимде жөнөкөй, кнопкалуу телефон бар?- деп бирөөсүнүкүн алып, артын ачып чалдым эле, вибрация кылган кыймылдаткычы айланды. Кичине жип байлап дагы чалсам жип кыймылдаткычка оролуп калды. Иваныч башын чайкап таң калганын билдирди. Баары болот дегендей баш ийкешти. Егор гана:
– Ал телефондун заряды түгөнүп калбайбы?
– Жок, түгөнбөйт, токко улап койгом. Иваныч, ал телефонго сиз чаласыз, азыр эле башка телефон, бекер тараткан симка алып даярдап коюңуз. Симканы, телефонду алып жатканда аты-жөнүңүз эч жерге түшпөшү керек, түшүнүп жатасызбы, бул өтө зарыл. Эч жакка чалбаңыз, телефонду күйгүзбөңүз. Кечинде эле керек маалда күйгүзүп, чалгандан кийин дароо өчүрүп, симканы сындырып, телефонду эч ким колдонбой тургандай сындырып, жок кылып салыңыз.
– Макул, дарыяга ыргытып жиберем.
– Анан экиден үч мүнөт өткөндө, сааттарыбыз баарыбыздыкы секундасына чейин так, тең болушу керек. Жер төлөдөн ашканага биринчи мен чыгам, ашкана менен кассаны бир дубал ажыратып турат. Дубал гипсокартондон жасалган, ортосуна стекловата салынып. Дубалдын сыртынан арматура менен тор токулуп ширетилип чыккан. Ошол жерде тешиги бар, курулуш жүрүп жатканда, эч ким жокто арматураны адам бата тургандай кылып кыркып, кайра ордуна коюп сыртынан шыбап салгам. Шыбак эле кармап турат, ошону ачсак болду, эң кыйыны ошол.
Егор дагы чыдабады:
– Ильгиз, сенин айтканыңды уксак өтө эле оңой болуп жатат. Сигнализацияны өчүргөн менен, видеокамералар бар го. Деги эле мындай оңой болбойт да.
– Туура, видеокамералар бар, бирок азыркы камералар кыймылды билгич датчиктен сигнал барса гана иштейт. Башка убакта эч нерсени тартпайт, кыскасы иштебейт. Ойлосоң өзүң деле, жөн эле тарта берсе эч кандай флешка түтпөйт да. Түндө зал менен эле банкоматтар турган бөлмөлөр жарык болот, калган жагы өчүрүлөт...

(Уландысы кийинки санда)

Кайрат Какеев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
Aigera23
2017-02-08 11:34:16
Барган сайын кызык болуп баратат)))
+5
baatyrbek083
2017-02-08 11:48:49
Боевик коргондой болдум.
+5
Aisuluwka92
2017-02-08 12:01:50
Укмуш жазылыптыр.
+4
Kol88
2017-02-08 12:12:40
Аябагандай мазмундуу баратат.
+5
ainura220888
2017-02-08 13:04:24
Озум уурдап аткпндай кыжалатмынго
+5
MIRBOLOT
2017-02-08 16:02:54
Чыгарманын автору мыкты физик же мыкты хакер окшойт
+2
Muslim_KGstana.
2017-02-08 16:23:08
Эээх атандын кору Ушул байке менен таанышып калсан а,Кыргызстанды жон эле тоноп кетесин го))
+5
Alpengold.
2017-02-08 16:32:56
Менда кыжаалаттамынго
+2
erkeleim
2017-02-08 17:27:38
кийинки *темана* мени да кошуп алчы акча банкоматтан снимать эткенге мен да жарайм
+3
izdeim.seni
2017-02-08 20:04:58
Тим эле арасында мен да план түзүп жаткансып элестетип жибердим го.
+2
SABR2015
2017-02-08 20:58:49
ДЖЕЙСОН СТЕТХЕМ болуп кеттиго ограбление по итальянский
+2
ilgis1991
2017-02-09 00:15:00
бул жагы огробления по кыргызски
+2
dobrajelatel
2017-02-09 02:33:37
Кызыктуу сериал экен.
+2
Isakovaumuta
2017-02-11 00:13:40
Админ.
Мен жаныдан кирип жатам.
Кыйынчылык м.н 3 баласын багып жаткан,эженин тагдырын сиздердин гезитиниздерге кайсып болумго жазсам болот.
Мумкун,кайдыгер карабаган элибиз,сиздер аркылуу жардам берип калышаар?!
+1
temirov76
2017-02-11 08:36:20
Isakovaumuta,элдик кабарга сүрөтү м.н жазсаң чыгарсалар керек.
0
israil
2017-02-11 08:00:28
Автор мынча эзилиип жазгансын?
-2
№ 744, 03-09-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан