– Арсен, өткөн жылга саресеп салып, эмне кылууга жетиштим деп ойлонуп көрдүңбү?
– Ар бир жыл өзүнчө керемет, кызыктуу. Жыл сайын өзүмө максат коём, ошонун 90 пайызын аткардым десем жаңылышпайм. Чыгармачылык кече өткөрдүм, клип тарттым. Жыл аягында концерт берейин дегем, тилекке каршы, жетишпей калдым. Масштабдуу кылайын деп ойлодум эле, каражат жагына барып такалып калды. Буюрса, жазында жеке концертимди берем. Театралдаштырып, бийлеп шоу кылып, ар бир ырда башкача декорация жасап өзгөчөлүк киргизели дегенбиз. Азыр режиссёр менен сүйлөшүп даярданып жүрөм. Анан март айында Таиландга клип тартканы барам. Эл талкуулагандай сүйүү баяны, жаратылыштын кооздугу түшүрүлгөн жакшы клип болот деген ойдомун.
– Үйлүү болуп, оңдоп-түзөө иштери менен алек болуп жүрдүң эле, бүтүрүп, көчүп бардыңбы?
– Үйлүү болуу ар бир адамдын тилеги болуш керек. Мен деле айылдан келип, үйүм жок таежелеримдин үйүндө жашагам. Эл көзүндөгү адам болгондон кийин "үй алып, жакшынакай жашаш керек" деп кабатырланат экенсиң. 2012-жылдан бери акча чогултуп, оюмдун баары үй болчу. Үй алгандан кийин оңдоо-түзөө дегени бар экен. Эки бөлмөлүү үйдү заманбап стилде зал менен ашкананы бириктирип 3 бөлмөлүү кылып жасаттым. Көп акчам, убактым ошол иштерге кетип, чыгармачылыкка көңүл бурулбай калды. Азыр дагы оңдоп-түзөө иштери толук бүтө элек. Бирок көчүп барып жашап жатам.
– Бир кезде Арсен, Омардын заманы болду эле... Учурда сахнадагы ордум кандай деп ойлойсуң?
– Бир убакта да ырчылар айыл жергесинде жана Бишкекте уккан болуп экиге бөлүнүшкөн. Азыр дагы ошол нерсеге келе жатат. Мен көп гастролдобойм, ошондуктан айыл жергесиндегилер башка ырчыларды угушат деп ойлойм. Гастролдоюн десең жолдор начар, шарт жок. Ошол себептен көп жерге бара албайсың. Менин аудиториям көбүнчө шаардыктар. Дагы бир себеби ыр тандоо табитиме байланыштуу болсо керек. Көбүнө жеңил музыка жагат. Менин биринчи максатым той эмес, маданиятты көтөрүү. Сапаттуу, аранжировкасы талапка жооп берген, европалык ырчылардын чыгармаларына жакындатканга аракет жасайм. Көнүп калган форматтан чыккым келбейт. "Мен кыйынмын" деп төш каккандан да алысмын.
– Биздин ырчылар чет өлкөлүк сынактарга катышып ийгиликтерди багынтып жатышат. Сенде тажрыйба бар эмеспи, дагы катышып көрүү планыңда барбы?
– Андай сынакка өзүбүздү эле эмес, Кыргызстанды көрсөтүп жаткан соң үнүңөн баштап, келбетиңе чейин жакшы даярдык көрүп алып катышыш керек. Мен ага даяр эмесмин, оюмдун баары концерт, альбом жаздыруу. Ошонун баарын бүтүрүп алып келерки жылы байкаштырып көрөм.
– Кайсы сынакка катышкың келет?
– Колдон келсе америкалыктардын "Х-Фактор" сынагына катышкым келет. Себеби ал жакта акчасын берет. Башка сынактардын мүчүлүштүктөрү бар. Келишимдин пункттарын аткарып, тийиштүү убакыт ошол жакта болушуң шарт. Мага ал ыңгайлуу эмес, анткени бул жакта жашап, иштегим келет.
– Менеджер менен иштешип жатасыңбы?
– Жок. Мурунку менеджерим менен иштешүүнү токтотком. Азыр пиар-менеджер тууралуу ойлонуп жатам. Себеби көп нерсени кыласың, бирок жарнама жок. Ырларды, клиптерди радио, телевидениелерге берип коюп, аны кетирип жатабы текшербейм. Көрсө, көп ырчылар эринбей 5-6 киши жалдап, телефон алып берип, тияк-биякка чалдыртышат экен. Инстаграмга да 10 кишини коюп акчасын берип жарнама кылдырып, радиодон ырларын кечке бердиришет тура.
– "Отун алып, анан аял алам" дедиң эле, "отундар" чогулуп калдыбы?
– Андай сөздөрдү айтуудан коркуп калдым. Дардалаңдап баарын сүйлөп алып, орундалбай калса жаман болуп калат экенсиң. Албетте, үйлөнүш керек. Аны үй алгандан бери көбүрөөк сезе баштадым. Үйгө барганда жалгызсырап, тамак даяр болуп, аялым болсо деп ойлоп калам. Эч ким менен сүйлөшө элекмин. Эгер тапсам, жайында деле үйлөнүп алам.
– Бир сулуунун артынан Орусияга чейин барып жүрдүң эле го?..
– Ал аябай жакшы кыз, бирок экөөбүздүн жашоого болгон көз карашыбыз төп келбей калды.
– Көп кызга спорттук дене түзүлүшүндөгү жигиттер жагат экен, балдарга кандай кыздар жагат?
– Спорт менен машыга баштагандан кийин спорттук дене түзүлүштөгү кыздар жага баштады. Себеби баарын байкап калат экенсиң да. Көчөдөн кыздарды жаман ой жок карап калсаң деле"кичине майларын алып коюш керек экен" деген ой келет (күлүп).
– Алардын ой жүгүртүүсүн да жакшы түшүнүп калсаң керек?
– Ооба, бир аз сүйлөшүп эле биле алам. Мисалы, адамга көп ишенбесе, жаш кезинде башка бирөө менен сүйлөшүп жүрөгү ооруп калгандардан болот. Мурунку жигитине салыштырып "калпычы, алдап кетет"деп ишенбейт. Анан сүйлөгөн сөзүнөн, бийлегени, ырдаганы, кандай музыка укканынан да баамдап алса болот (күлүп).
– Кыздар 25 жашка чейин турмушка чыгып, балалуу болуп калбаса "катастрофа" дешет го. Сен кандай ойдосуң?
– Менин оюмча, "катастрофа" эле. Себеби алчу эркектер азая баштайт. Мен да жаш кыз алгым келет. Себеби 25-26 жаштан өткөн кыздын психологиясы калыптанып, өзүнүкүн бербей калат. Анын көз карашы меникинен улуураак болуп калышы мүмкүн. Ал мени, мен аны теңиме албай ортодо түшүнбөстүктөр башталат. Ошондуктан жаш кыздар менен сүйлөшкүм келет. Мендеги идеология деле Кудайга шүгүр. Аялымды үйгө отургузуп камап койгум келбейт. Анын аягы жаман бүтөрүн билем. 30 жашка чыккандан кийин ого бетер кыйын. Өзүнөн кичүү же ажырашып кеткен улуу кишилер менен эле сүйлөшпөсө.
Анан кыз киши иштеп бийликке көнө баштайт, аны башка кыздар туурап киришет. Эркектердин көбү "альфонс" болуп, "бай кыз алам" деген ойдо. Баары убагында үйлөнүшсө, мындай нерсе болбосо керек.
– Ошондо келечектеги жубайың канча жаш кичүү болуш керек?
– 22-23 жаштагы болот, 20да болсо андан сонун. Улуу деп ал сени, кичүү деп сен аны сыйлайсың.
– Инстаграм популярдуу социалдык тармак болуп жатпайбы, ал жактан кыздар менен сүйлөшүү болобу сенде?
– Ал жакта баары жасалма го. Күйүп калган жайым бар... Сүрөттө башка, жолуксаң таптакыр башка. Бир жолу бир кызды Инстаграмдан көрүп, аябай сонун кыз экен деп жолуксам, толук экен. "Туй ата, кантип сүрөткө түшкөн? Фотошоп кылганбы?" деп жаман таң калбадымбы. Болбосо сүрөтүнөн клипке тартчудай кыз көрүнгөн да (күлүп).
Динара Абдыкадырова
Ренат Торомамбетов
star@super.kg