СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ

(Башталышы өткөн сандарда)

Баары эле мага ишенбегендей карашат. Иваныч болсо үмүтү өчкөн адамдай шөлпүйүп калыптыр.
– Токтогула, анда мындай кылалы, мага ишенбей жатасыңар. Түшүнөм, биринчи укканда кызыктай болсо керек. Биринчи айтып бүтөйүн, анан түшүнбөгөн жерлериңерди талкуулайлы. Эгер ушунчалык эле ишенбесеңер, анда токтотуп эле коёбуз. Эч нерсе жоготпойбуз.
Баары макул дегендей унчукпай отуруп калышты.
– Биз кирген жактын кассасынын жарыгы өчүрүлөт, ошондуктан камералар караңгыда эмнени тартмак эле? Ошентип дубалды ачып кассага кирдик дейли. Эстен чыга электе айтып коёюн, баарыңар колуңарга мээлей кийгиле. Анан телефон албагыла, себеби биринчи эле ошол жерде кандай телефондор жүргөнүн текшеришет. Деги эле телефон шпион сыяктуу, күйүк болсо болду, кайсы маалда кайсы жерде жүргөнүңдү бүт айтып берип коёт. Эч жакка чалбасаң да билинип калат. Ошого телефон менен ал жакка жакындай көрбөгүлө. Деги эле ашыкча эч нерсе албагыла, чөнтөгүңөрдөн түшүп калбасын.
Негизи көп акча банкоматтарда гана турат, анан кассада дагы бир банкомат сыяктуу сейф турат, ошол сейфте көп акча бар. Биз ошол сейфтеги акчаны алабыз. Ал сейф башка сейфтер сыяктуу эшиги ачылып-жабылма эмес, банктагы кассир-оператор деп коёт, ошол гана билген код аркылуу акчаны сейф чыгарып берет же сала алат. Кассир-оператор да ача албайт. Ал сейфтин эшигин инкассаторлор гана келип ачпаса, башка эч ким ачпайт. Ачкычы ошолордо эле болот. Ошол ачкыч менде да бар.
– Сен каяктан алып жүрөсүң ал ачкычты, сага ким берди?
– Ким бермек эле мага, банкоматтар жаңы келип орнотулганда мен ток беришим керек, дагы бирөөлөр башка иштерин кылышы кажет, эки-үч күн ачкыч бизде болот. Ошондо жасатып алгам. Кассага кирген дубалды ачкандан кийин Егор экөөбүз кассага киребиз. Ушул жерден баштап мүмкүн болушунча тез кыймылдашыбыз керек. Себеби кассага залдын жарыгы тийип турат. Залдагы кыймылды билгич аппараттар иштеп кетиши толук мүмкүн. Андай болбойт го, бирок бирөө жарым кокусунан аппаратты кассага буруп коюшу мүмкүн. Мен ошол жердеги бир зымды үзүшүм керек, оңой эле, бири-бирине разъём менен уланган. Егор, сен сейфти ачып акча салынган кассета деп коёт, кассеталардын үстүнкү экөөсүн аласың. Жакшылап эстеп кал, эң үстүнкү экөөсүн аласың. Эң үстүнкүсүндө беш миңдиктер, түбүндө миң рублдуктар. Дагы алам деп оюңа да келбесин. Убактыбыз өтө аз болот. Ашып кетсе үч эле мүнөт убакыт бар. Башка эч нерсеге тийбе, дагы кайталайм, эч нерсеге тийбе. Кассирдин столунда бир миң же беш миң рублдук бир пачка акча ар дайым турат. Айрыкча ошого этият бол, ал пачка акчаны атайын ууруларга, тоноочуларга деп коёт. Пачканы аларың менен сигнализация иштеп кетет.
Иваныч:
– Кирсанов, сейфтердин код менен бурап ачыла турган нерселери болот го, кантип эле бул сейфтин анысы жок?
– Андай бурагычы кассанын эшигинде болот, биз эшигинен кирбейбиз да. Азыр оюмду бөлбөй тургула, айтып бүтөйүн, анан суроолоруңарды бересиңер.
Егор, сен кассеталарды алып тешиктеги балага бер, бирөөсү жер төлөдө турсун, экинчисин алып тез чыгып кеткиле да, банктын жанында машинаны жүргүзүп даяр болуп тургула. Мен артыңардан эле барып калам.
Иваныч:
– А сен эмне кыласың?- деп бир нерседен шекшигендей мени карап калды.
– Сейфтин ичинде да кыймылды билгич аппарат болот. Сейфтин эшиги ачылганда иштеп, полицияга кабар барышы керек. Ошол аппаратка электр тогу келген зымды сейфтин эшигин ачпай туруп үзүп коюшум керек да, үч секунддун ичинде датчикти башка жакка каратып туруп кайра улашым кажет. Үч секундга чейинки токтун жок болушу эч кандай сигнализацияны иштетпейт. Себеби свет өчүп калса, кошумча токко уланганга үч секунд убакыт кетет. Коопсуздук системи аны эсептебейт. Эгер үч секундда жетишпесем, иш чатагына айланат.
– Үч секундда жетишесиңби?
– Жок, мен аны үч секундда улаганга жетишпейм, ошондуктан бири-бирине колум менен тийгизип кармап турам силер чыгып кеткенче,- деп койдум. Албетте, бул жалган эле, ал зымды үзүш керек, бирок башка зымга тийгизиштин зарылчылыгы жок. Макул, аягында түшүнүктүү болот...
Иваныч унчукпай калды.

(Уландысы кийинки санда)

Кайрат Какеев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
televizor
2017-02-15 09:02:06
Мен биринчии
-2
Boldukan86
2017-02-15 09:59:35
уфф банкка кирет деп ойлогом ич эле жетпей коюштуго. уч сандан бээри план менен бутуп калат.
+3
temirov76
2017-02-15 11:58:57
Жакшылап ойлонуп пландап анан кирет да,силер шарт эле кирип акчаны ала койсоңор э,сабыр кылгыла.
+4
ainura220888
2017-02-15 12:19:36
Супеп инфону ачып эле ушкга кирдимго мине болуп кетти экен деп
+1
Fatimnazz
2017-02-15 15:39:30
Уфф кыжалат болуп кеттим
+1
Alga.Kyrgyz
2017-02-15 18:11:20
Озум уурдагандай болуп жатам
+2
erkeleim
2017-02-16 04:01:52
кийинки сериясында точно алабыз акчаны)))мен да даярмын кирсанов
+3
Nurbakg91
2017-02-16 09:40:07
Акчаны дагы деле албаптырда
+2
Ronaldo.99
2017-02-16 11:20:00
Башы иштейт экен
+2
Eliza.nurjanovna
2017-02-16 12:34:06
Кирсанов Робин Гуд болчудай го.саясатчыларды тоноп,элге таратып))
+2
Boika85.kg
2017-02-17 23:28:47
Качан түбүнө жэтет экенсин эми...
+2
bak1122
2017-02-21 12:53:50
adamdy kyzyktyryp koiup butup kalat kachan tuiuno jetesiner?
+2
№ 745, 10-16-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан