СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ

(Башталышы өткөн сандарда)

– Мына ушундай менин планым. Эгер суроолор, жакпаган жерлери болсо айткыла, талкуулайлы, түшүндүрүп берейин.
Банктын ичинин картасы, аялдамадан банкка чейинки картаны 3төн кылып чийип келген элем, таратып берип:
– Мен сууга түшүп келейин, ага чейин картаны көрүп, ойлонуп тургула. Эгер болбойт десеңер болбойт, болот десеңер бүгүн түндө миллионер болобуз. Эгер менин планым менен, мен айткандай так аткарсак, эч кандай коркунуч болбойт,- деп сууга кеттим. Сууга бир-эки чумкуп, күнгө кактанып жаттым. 1 сааттан ашык талкуулашты, бир маалда Иваныч келип жаныма отурду.
– Кирсанов, балдар макул болушту, мен да макулмун. Эми биз миң караган менен сен эле билет экенсиң, эмнеси кандай болгонун. Сага ишендик, көзүң толук жетеби кутулуп кетишибизге?
– Эгер балдарыңыз коркуп кетип катачылык кетирбесе, ишти так кылса, баары жакшы болот. Бул жерде 2 ай жашадым, баары тынч болушу керек. Эгер мен айтканды балдар так аткарса, эртең мененкиге чейин эч ким эч нерсе билбеши керек. Мен балдарыңызды жөн эле коркутуп койдум, 3 мүнөт убактыбыз бар деп.
– Макул, мен балдарга айтам, спортсмен, бир жолудан түрмөгө отуруп чыккан балдар булар, коркушпайт. Мага ишене бер. Канча акча алып чыгабыз деп ойлойсуң банктан, ну примерно?
– Так айта албайм, өзүңүз эсептеп көрүңүз, бир кассетага эки жарым миң даана акча батат. Ал банк ачылганына аз эле болду, көбү биле бербейт, адам аз келет азырынча. Кеминде бир жарым миңден ашык купюрадан эки кассета алып чыксак. Беш миңдик, бир миңдиктер болот.
Иваныч ойлонуп отуруп калды, коркуп жатат да, карыганда ким эле түрмөгө түшкүсү келсин. Бир жагынан баласын да кошуп алды.
– Шаардын четине дагы бир машина коюп коёлубу, алмаштырып минип кеткенге.
– Барбы?
– Гольф бар эски, анда ошол менен келейинби банкка?
– Ишеничтүүбү ал машина?
– 3 күндөн бери Егор 2 досу менен оңдоп чыгышты, жакшы, ишеничтүү.
– Биздин артыбыздан эч ким деле куубаса керек, өзүңүз билиңиз.
Саат 3төрдө тарадык, акыркы күндөрү аябай жаман болуп жүрөт элем, эмнегедир ишти сүйлөшүп, бир жагына чечилгенине аябай эле жеңилдеп калдым. Көңүлүм көтөрүлүп калды, эмнеге экенин түшүнбөдүм.
Түнкү саат 1 жарымда Жигули менен Зеленоградга келип, шаардын кире беришинде күнү-түнү иштеген чоң соода борбору бар, ар дайым адам көп болот. Ошол жерге машинаны токтотуп, велосипед жүктөп келген элем, велосипед менен банкка жөнөдүм.
Банк жайгашкан имараттын арт жагы дөң болуп кетет. 100 метрден кийин 10 кабаттуу узунунан кеткен үй бар. Банктын артында чөптөр өсүп, таштанды ташталып каралбай калган. Велосипедди бекитип, чөптүн арасында жаттым. Эч ким деле жок, анда-санда эле кеч калган адамдар шашып өтпөсө, бул жерден эч ким өтпөйт. 2 айдан бери жакшы эле билип калгам бул жерлерди. Акыры саат 2 болду, балдар бекинип жатыш керек болгон жерди карап коём, эч нерсе билинбейт. Келбей калыштыбы деген да ой кетти. Телефон чалып сурайын десем аны да таштап келгем. 2ден 8 мүнөт өткөндө жер төлөнүн эшигине килейген кулпу илинип турчу, бул кулпуну мен да көп жолу ачып-жапкам, себеби жер төлөгө керектүү материалдарды сактагам, бир ачкычын бербей койгон элем, ошону менен ачтым. Артымдан шыбырт угулду, Егор экен. Артында 2 баланын башы көрүнүп турат, азаматтар, жакшы эле түшүнүшкөн экен, жадакалса мен байкабасам. Кирип, ичинен жаап алдык. 2ден 11 мүнөт өткөндө Иваныч сигнализацияны өчүргөнү телефонго чалыш керек. Жер төлө бийигирээк болгондуктан, боюм жетпейт эле, Егор менен шериги мени көтөрүштү. Жер төлөнүн эшиги оор эле, себеби калың темирден жасалып, үстүнө калың кылып цемент куюлуп, анын үстүнөн кафель жармаштырып салынган болчу. Кулпусу магниттен, сигнализацияны өчүргөндө ал магнит да өчүшү керек. Колумда ток бар же жок экенин билүүчү отвёртка бар эле, тийгизип турдум, ток бар болсо жарыгы күйүп турат, ток өчөрү менен отвёртканын да лампочкасы өчөт. 2ден 11 мүнөт өткөндө отвёртканын лампочкасы өчтү.
Жер төлөнүн эшигин эптеп ачтым, айткандай эле караңгы экен. Чыгып Егорду, дагы бир шеригин тартып алдым, үчүнчүсү жер төлөдө калды...

(Уландысы кийинки санда)

Кайрат Какеев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
Nuura-shirin
2017-02-22 09:48:11
Кызыгына келди
+1
aishe020692
2017-02-22 11:31:20
Соонун экен
+2
erkekizmin
2017-02-22 13:09:26
Кармайт го милийсасы
+2
belka
2017-02-22 13:15:46
erkekizmin,кармабай эле Казактын кең талаасында качып баратат го машинасын бирөөгө айдатып.
+2
uncomment
2017-02-22 14:37:18
Көбүрөөктөн жазгылачы
+1
ainura220888
2017-02-22 14:54:56
Уф ииий банкта дагы бир жума журобузбу
+4
Aita1995
2017-02-22 18:21:17
Кооооооооптон эле жазгылачыыы???
+2
Gulkin
2017-02-22 20:00:45
ууууфффф иииии качан уурдап качан бутот деги сабырым тугонуп баратат окшойт
+2
dobrajelatel
2017-02-22 20:31:08
Аман эсен тоноп чыгып из жашырып кетсе экен. Каарманга кошулуп банк тоногондой эле болуп жатам.
+2
sezarbrat
2017-02-22 20:52:27
Уфффффи ай деги качан Кирип алып чыгабыз эки жумадан бери план менен эле бутуп калат
+2
Loreno
2017-02-22 21:11:06
Егор менен Иванычты полицияга карматып коёт окшойт. Баягы албай калган 30000 рубль үчүн.
+3
Loreno
2017-02-22 21:11:48
Өзү качып кетсе керек.
+3
kaisaarmyn
2017-02-22 21:16:14
Башкаларга да уйрртчудой майдалап жазыптырго.
+3
Nazikbaigazy
2017-02-23 01:45:50
Эй кой эй бироонун акчасын уурдаба,
+2
gulperi.kg
2017-02-23 01:56:46
эки суйлом жазып токтотуп коет ушулар
+2
Eliza.nurjanovna
2017-02-23 17:36:47
Бул байке кимдин тубуно жетейн деп журу?
+2
Babaduk
2017-02-24 15:29:36
Акчанын
+1
№ 746, 17-23-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан