СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ

(Башталышы өткөн сандарда)

Аялым Оштон эле, кыздарымды кайнатамдыкына алып барып салган экен. Бир күнү көргүм келип Ошко бардым. Кайнатамдыкына барып, унааны үйүнөн 2-3 үй жогорураак токтотуп карап отурдум, кыздарым чыгып калабы деп. Унаамдын терезеси караңгылатылгандыктан эч ким көрбөйт эле. Бир маалда 2 жашар кичүү кызым ыйлап чыкты дарбазадан, бою 1 жылда бир топ эле өсүп калыптыр. Быйтыйган колу менен улам-улам жашын аарчып коёт. Артынан чоң кызым чыгып, анын колунан жетелеп көчөнүн башына жөнөштү. Ар нерсени айтып сооротуп баратты окшойт. Кичүү кызым шолоктоп алган тимеле. Көчөнүн башына барып, чоң жолду карап туруп калышты. Чоң кызым да ыйлап жиберди окшойт, жашын аарчып ошол жерде отуруп калды. Кичүү кызыма чоң жолду көрсөтүп, бир нерселерди айтып жатты. Ушул жактан апам келет деп жатты окшойт же атам келет деди бекен?.. Ушунчалык жаман болдум, алтындай кыздарымды машинага салып алып алыс жактарга алып кетип калгым келди. Бир маалда кайнагамдын аялы чыкты, колунда чыбык. Чекчеңдеген аял эле, чоң кызымды атынан кыйкырып чакырды эле, экөөнүн тең жүрөгүнүн үшүн алып койгонбу, ыйлаганын тып токтотушуп, үйдү көздөй тез-тез басып жөнөштү. Ушунчалык коркуп калгыдай кандай мамиле кылып жатты экен, бул акмак жеңе?! Акыры ал деле эне го, өзүнүн балдарынын ордуна коюп көрбөйбү. Жеңем биринчи көргөндө аябай сулуу көрүнгөн, бара-бара кылган кылыктарынан улам жек көрүп калгам. 2 жашар эч нерсени түшүнбөгөн наристе урушканда ыйын токтотуп, айтканды аткарып калган деңгээлде коркок кылып коюш үчүн кандай адам болуш керек?! Жеңемди ушунчалык жек көрүп кеттим, оюма эч нерсе келбей, башым ооруп чыкты. Ызага муунуп, көзүмдөн жаш тамчылап кеткенин да байкабай калдым. Эстесем, эс тарткандан бери ыйлаган эмес элем. Бул жолу ыйладым. Кыздарым ээрчишкен боюнча унчукпай үйгө кирип баратышканда жеңем чыбыгы менен чоң кызымдын бутуна бир чапты эле, кызым ыйлаган да жок, кайрылып караган да жок, унчукпай башын жерге салып кирип кетти. Эмне, ушунчалык көнүп бүткөнбү чыбык менен сабаганга?.. Жеңем колдорун шилтегилеп, бир нерселерди айтып кыйкырып кирип, дарбазаны жаап алды.
"Максат, өзүңдөн көр, көзүңдөн кан агызам!" деп сүйлөнүп алдым, рулду катуу мыжыгып кармап алыптырмын.

ххх

Максат деген коңшу айылдан болот. Булардын үй-бүлөсү бизге эле эмес, коңшу райондорго да таанымал, атактуу үй-бүлө эле. Бүт туугандары чоң кызматтарда иштеп, Максат өзүн Кудай сезчү. Бирөө бир нерсе дей алчу эмес, аксакал адамдарды сөгүп, шылдыңдап сүйлөй берчү, баары күлүп кутулушчу. Өңү да кыздарга жага турган, сымбаттуу адам.
Бир жолу аялымдын жумушуна бир иштер менен барсам ошол отуруптур, анда маани берген эмесмин. Негедир ошол күнү кечинде аялымдын көңүлү ачык келди үйгө, баарыбызга күлүп сүйлөп. Арадан бир аз убакыт өткөн соң дагы аялымдын жумушуна кире койсом, экөө жанаша отуруп алып компьютерден бир нерсе көрүп жатышыптыр. Ошондо бир нерсени сезип, бирок өзүм андай жолго барбагандыктан кантип эле ушундай болсун деп жаман ойду алыс куугам. Кийин сурасам "бир документ жазып берип жатат элем" деп кутулган. Анан ар кимден ар кандай кыйытып айтылган сөздөрдү уга баштадым. Бирок ишенген жокмун. Аялым аябай сулуу эле, жакшы көрчүмүн.  Жайнаган көздөрүнө карап туруп, "кантип эле ушул көздөр алдасын?" дечүмүн.
Бир күнү ойдо эч нерсе жок жумушуна барсам, ордунда жок. Эшикке чыгып чалсам, "комиссия келген эле, ошолорду сыйлап жүрөбүз" дейт. "Кимдер менен?" десем, бирге иштеген 2-3 келиндин атын айтты. Алардын экөөнү тең азыр эле көрүп чыккам, ордунда отурушат. "Макул" деп телефонду өчүрүп, ошол келиндерге барсам, бирөөсү телефондо сүйлөшүп жаткан экен, мени көрүп башын жерге салып башка бөлмөгө кирип кетти. Аялым чалып сурап жаткан окшойт. Кайра чалсам өчүрүп коюптур телефонун, айткан жагына барсам ал жакта эч ким жок. Кечинде кеч келди, кызуу. Макул, эртең менен сүйлөшөйүн, азыр баары бир эч нерсе чечилбейт деп бөлмөмө кирип жатып алдым. Эртең менен деги күнөөлүү эместей күлүп-жайнап жүрөт, сөздүн кыскасы, үйдө уруш чыкты, ачуум менен бир-эки чаап жиберсем, дароо телефонун алып:
– Максат, келип мени алып кет, антпесе өлтүрөт,- дейт.
Ал да ушунчалык көпкөн окшойт, 4 бала ээрчитип келиптир, колунда тапанча. Максат келери менен Гүлназ анын артына бекинип, аны коргоочусу көрүп, тимеле мен аябай катуу уруп, кордоп салгансып озондоп ыйлап баштаса болобу. Оозум ачылып калды, эгер мени ушунчалык жаман көрсө, мени менен жашагысы келбесе, жөн эле ажырашып кете бербейби?! Ушунчалык жаман адаммынбы, мени мынчалык жаман көргүдөй? Жаман көрсө кантип ушул убакка чейин билдирбей мени менен жашап жүрдү, мага күлүп сүйлөп, тамак жасап берип?.. "Кеткиле!" деп кыйкырдым, баары ээрчишип чыгып кетишти...

(Уландысы кийинки санда)

Кайрат Какеев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
originalkgz96
2017-03-08 08:45:24
биринчилер жокко
0
kara-koz
2017-03-08 09:12:36
Ммммм
+1
Begim94
2017-03-08 09:20:34
Uuuu men birin4i deimbi
+1
Miri1990
2017-03-08 09:30:49
Экинчи
0
ainura220888
2017-03-08 14:10:18
Ужас. Биягы семьейный разборка окшойт кызыкгы кичине таркап кеткендей.
+4
belka
2017-03-08 17:06:11
ииий
+1
adiletik
2017-03-08 22:09:37
Баягы эле чача-мача. Мындай болсо кобуроок жазбайбы
-4
tagokg
2017-03-09 09:16:50
Мына эми башталат окшойт өч алуу.
+3
student-95
2017-03-09 09:53:15
Элестетип коруп жиним келип кеттиго тиги Максатка
+3
Sara9090
2017-03-09 11:19:55
Тема озгоруп кеттиго башы такыр башкача элего
+1
Baatur7777
2017-03-09 12:19:09
Аялын асып салчуу айбан экен!
+5
aishe020692
2017-03-09 13:08:57
Кызыгы эми башталат го. Коптон эле жазыныздарчы?
+3
Istina1000
2017-03-12 23:30:29
Жакшы эле чыгарма экен. Кийинки болукторун да кутуп калабыз
+1
№ 748, 3-9-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан