СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ

(Башталышы өткөн сандарда)

Айлам куруп отуруп калдым, эмне кылышты билбей. Акыры Орусияга кетүүдөн башка жол таппадым, азырынча ошол жакка барып турайын. Бул жерде жүрсөм ачуум менен бирөө-жарымды бир нерсе кылып койбоюн деп жумушумдан бошоп, Орусияга кеткен элем.
Кыздарымдын акыбалын көргөндөн кийин Максатты баары бир бир нерсе кылбасам тынч отура албачудаймын. Ошол түнү эле Ошко бардым, Самат досумдун кол алдындагы адамдарынын колунан келбеген иш жок эле. Бир килограмм апийим таап беришти, Бишкекке келип Максатты бир жума аңдып жүрдүм. Дээрлик күндө ар кайсы келинге барат экен, баарынын эле күйөөсү бар. Аялдарыбызга эмне болгон, бир жумада үч келиндикине барды, мейли бирөөсүнүн күйөөсү жок, а берки экөөчү, күйөөлөрү Москвада экен, кийин Элдияр байкеден сурасам. Күйөөлөрү ар кимдин ишин кылып жүрөт го, акыры ушул аялдарын багайын деп... Аялы күйөөсүн аябаса да, балдарын аябайбы?! Бир жерден окуган элем "никеси бар аялга барсаң, адам өлтүргөндөн да чоң күнөө болот. Кесири балдарына тиет, бактысыз болот" деп, окуган белем же укканмынбы эстей албай койдум.
Машинасы менен барып, түндө машинасы көчөдө эле калат. Бир күнү дагы аңдып жүрсөм, айылыбыздын этегинде сайдан чоң суу агат. Бир жакшынакай тааныш келин бар эле, бала бакчада тарбиячы болуп иштечү. Ошол экен, машинанын жарыгынан тааныдым. Биздин көчөнүн башында жашачу, күйөөсү Ошко такси айдап иштечү. Ошол коңшу келин менен суу жакка барып, Максат аябай мас экен, машинасын ачык таштап коюп экөө сууга түшүп, бири-бирине суу чачышып ойной башташты. Түнкү саат 1 болуп калган, эч ким жок эле бизден башка. Машинасына чуркап барып арткы эшигинин панелин чыгарып, ичине пакетке кабат болуп оролгон апийимди бекитип, кайра жаап коюп кетип калдым.
Күйөөсү, 2 баласы бар туруп ар ким менен жүргөнүн көрүп ушул келинге таң калдым. Биздин айылда бир чакан кафе бар. Бир ирет тамактанып алайын деп кирсем эч ким деле жок экен, кабинкасына кирип тамактанып бүтүп, колумда китебим бар эле, бир аз дем алайын деп окуп отургам. Үнүнөн тааныдым, ушул келин бир курбусу менен келип, менин жанымдагы кабинкага кирип тамактанып калышты. Тынч отурганыма эч ким жок деп ойлодубу, курбусуна:
– Бир жолу түнкү саат 1лерде эч жактан таппай, ушул жерден арак алып кеткенбиз,- деп калды.
Курбусу таң калды:
– Ии, эмне анчалык, конок келип калды беле үйүңөргө?
– Жакшы тааныштар бар эле, Арсланбапка барганда бизди аябай сыйлашкан, кийин бул жерге келгенде биз сыйладык. Сен тааныйсың, мени менен иштеген Динар менен Айканы ошол үчөөбүз сыйлаганбыз. Орто-Сууда, токойдо сыйлаганбыз, арак аз болуп калып, ошол жактан түндө келип алып кеткенбиз.
– Кимдер эле алар, үйдө отурсаңар болбойт беле?
– Ээ, кандай түшүнбөйсүң, "спонсорлорубуз" да. Үчөөбүздү Арсланбапка ошолор чакырган, барып 3 күн ойноп келгенбиз. Такси менен барганбыз, акчасын төлөшкөн.
– Таксист айтып койбойбу?
– Өзүбүздүкү да, аны да ыраазы кылып коёбуз жолдо баратып эле.
– Коку-уй бетим, силерге баары бир болуп калыптыр го. Күйөөлөрүңөрчү, аларга эмне шылтоо айтасыңар?
– Ээ, кыйын беле, "үйгө барып келейин" деп коём да, эртеси ишке келип уктап алып, кечинде эч нерсени билдирбей үйгө бара берем. Канча жолу болду андай. Бизге кошулсаң, жашооң алда канча кызыктуу болот,- деп каткырып күлөт.
– Ээ, койчу, өзүңө эле буюрсун, мен күйөөмдү жакшы көрөм, балдарым бар. Андай жолго барыш оюма да келбейт. Күнөө иш кылыптырсыңар, дагы бала бакчада иштейсиңер үчөөң тең, наристелерге ошол арам колдоруңар менен тамак берип, кой мен кеттим,- деп жини келдиби, чыгып кетти. Тиги келин каткырып күлүп кала берди.
"Оо-ой" дедим ичимден, эмне заманга туш келдик, адамдар күнөө иштерин мактанып отурса ушинтип. Бир күнү Кыргызстанды ушундай шуркуялардын айынан Кудай катуу жазалайт го. Аябай жиним келип кабинадан чыгып баратсам, чочуп кеттиби, ким эле дегендей эшигин ачып, мени көрүп уялып эшигин жаап алгандын ордуна күлүп коёт. Башымды чайкап, жаман көрүп карап коюп чыгып кеткем.
Максат Бишкекте иштечү, эртеси жумушуна саат 10дордо кетти. Күндө "Мадинадагы" уйгурлардын кафесинен тамактанчу, бүгүн да күндөгү убагында келди кафеге. Жаш, жакшынакай 1 кызды ээрчитип алыптыр. Машинамды жолдун аркы бетине токтотуп, милицияга чалдым. 10 мүнөт өткөн жок, бир чакан автобуста спецназдын адамдары келип, машинаны курчап калышты. Экөөсү көчөдөгү адамдарды токтотуп күбө кылып, машинанын эшигинин панелин ачып апийимди таап алышты. Максат түшүп келатып алыстан эле эмне болгонун түшүндү окшойт, дароо бир жакка чалды. Аңгыча милиция кызматкерлери да аны көрүп калып, кармап, колун кайрып машинага салып кетишти.
2 күндөн кийин Максатты Бишкектен дал ошол уйгурлардын лагманканасынан көрдүм. Эч нерсе болбогондой күлүп-жайнап жүрөт. Тез эле кутулуп чыгып кеткенине маашырланып, ого бетер бакылдап сүйлөп калыптыр. Эми машинага ким апийим бекиткенин издей башташмак...

(Уландысы кийинки санда)

Кайрат Какеев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
kara-koz
2017-03-14 08:58:37
Мен биринчиии!!
0
aishe020692
2017-03-14 10:36:13
Кызыктуу болуп баратат коптон эле жазыныздарчы
+3
anya
2017-03-14 15:05:53
Менин оюмча Кирсанов, Максатты банктарды тоноду деп Россиянын полициясына салып берет болуш керек, ошентип Максаттын тубуно жетсе керек .
+2
karyshkyr-booru
2017-03-14 15:07:34
Кызыгына келди
+2
karyshkyr-booru
2017-03-14 15:08:06
Ким билет
+2
adiletik
2017-03-14 19:59:41
Китебин тарпайлыкпы
+1
zamir.pochta
2017-03-14 20:49:18
Китеп бар бекен
+1
originalkgz96
2017-03-14 22:01:06
ушу ангемелердин китептери болобу
+1
admin_superstan
2017-03-15 10:42:44
originalkgz96, саламатсызбы? Тилекке каршы жок, сан сайын күтүп окуу керек болот.
+1
Zizika88
2017-03-15 13:08:10
Мынча аз.
0
regina86
2017-03-15 14:56:30
Эки ангемени бирдейинен жарыялабай бирди коп-коптон эле жазгылачы бай болгурлагыр
+2
Muslim_KGstana.
2017-03-15 19:29:42
Э кыргыздар ол армян озу кошулуп акча уурдап жатса кайдагы тубуно жетет анан бул чыгарма эмес китепте болчудай/Бул деген кадимки жашоодо болгон окуяны айтып берип жатпайбы бир озубуздун эле тууган,жердеш.
+2
gulzar_gulu
2017-03-16 21:34:53
Кызыктуу эле чыгарма бекен? Сиздер кеңеш бериңиздерчи окусам болобу, же бекер убакыт кетеби?
+1
memphis7
2017-03-17 13:13:09
gulzar_gulu,окуп чыгыныз эч окунбойсуз кеткен убактынызга, ото кызыктуу
+2
pochtalyonin
2017-03-17 14:45:13
gulzar_gulu,окуп чыккан соң жума санай баштайсыз)))))
+2
Eliza.nurjanovna
2017-03-18 11:37:29
Буга чейинки чыгармалардын кайсынысы кызыктуу?бир ирмемден башка
0
№ 749, 10-16-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан