СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ

(Башталышы өткөн сандарда)

Жардын бийиктиги 10 метрден ашык, түбү сел жүрө берип чоң-чоң таштар эле. Мен мындайды күткөн эмесмин, эмне кыларымды билбей алдастай түштүм. Бир маалда арттан келиндин "Максат байке-е, келбейсизби" деп эркелеп чакырган үнү угулду. Жерге жата калдым, чөп бийик болгондуктан көрүнбөйт элем. Эми болору болду, канчалык жиним келсе да өлтүрөм деген оюм жок эле. Дароо жөрмөлөп ал жерден алыс качтым, келин мени көрбөшү керек. 300 метрдей жөрмөлөп барып турдум да, машинама чуркап жетип, айылдын башка жагы менен чыгып дачага жетип алдым.
Дачада бир жума эч жакка чыкпай жаттым, дачанын короосу коюу кожогат, бүлдүркөн, тикенектүү дагы бир нерселер менен бийиктиги 2 метрдей болуп тосулган. Сырттан эч нерсе көрүнбөйт. Короосуна эле чыкпасам, сыртка чыкпай жата бердим. Ошко кетейин деп чечтим, Бишкекти көргүм келбей калыптыр. Ошко барсам бир айла табармын, бир жагына там салып жайланышып, кыздарымды алып барып тынч жашай берем. Кыздарым жанымда болсо болду да, башка эмне керек мага.
Бир жума дегенде жолго чыктым, Сосновкадагы постко жеткенимде саат эртең мененки 10 болуп калган, машиналар көп экен, кезек күтүп 5 мүнөттөй туруп калдым. Посттогу адамдардын бирөөсү эмнегедир менин машинамды көпкө чейин карап калды да, жанындагы шеригине көрсөтүп, экөө бир нерселерди сүйлөшүп калышты. Рациядан бирөөгө бир нерселерди айтты окшойт, дароо посттогулар отурган имараттын терезелерин карадым. Бирөөсүнүн пардасы ачылып, формачан бир адам менин машинамды эле карады окшойт, анын да колунда рация бар экен, бир нерселерди сүйлөп жатты.
Жүрөгүм жамандыкты сезди, бирок ишене албадым, мени ким таанымак эле, ким билмек эле бул жакта экенимди? Машинамдын айнеги караңгылатылгандыктан, сырттан караган адамга ичиндеги адам таанылбайт эле. Бир жагынан машина мага катталган эмес, эски эле кожоюнунун атында калган.
Максаттын кокустук болуп өлгөнүнө ишенишкен эмес го? Же Орусиядан келип издеп жатышты бекен?..
Алдымдагы машина кетип, мен да посттон өтүп болушунча катуу айдадым. Самат машинанын моторун аябай мактаган болчу, "мындай мотор бул машинаны көпөлөктөй эле учурат, Ламборджини да жетпейт буга" деп. Көк-Белден өтүп калгам, артымды улам карап коюп келе жатам, жүрөгүм түпөйүл болуп, бир нерсени сезип жаткансыйт. Аңгыча бир капкара Жип артымдан катуу келди да, капталга чыгып бир азга тең жүрүп барып ашып кетти. Терезелери караңгылатылган экен, мени караштыбы же карашпадыбы билбей калдым, ичи көрүнбөдү. Минтип кете беришке болбойт. Аныгын билишим керек, мүмкүн, чындап эле мени издеп жүрүшкөн болсочу. Артымда 2 машина келе жаткан, алардан башка алдыда да, артта да машина жок эле, экөөнү өткөрүп жибердим. Биринчи эле кафеге токтоп, машинаны ичинен бекитип, тапанчамды даярдап, арткы орундукка өтүп отуруп алдым. Меникинен башка дагы 2 машина турган. Жолдон машиналар ары-бери өтүп жатты, баары тынч эле. Кете берсемби, мага жөн эле коркконго кош көрүнөт болуп жатабы? Дагы 2 машина келип токтоп, ичинен үй-бүлөлүү адамдар түшүштү, тамактанганы эле токтогон адамдар. Күн ысык болгондуктан тамактанганы токтогон адамдар кафенин ары жагына үстү чырмоок гүл менен жабылган столдорго отурушуптур. Машиналар турган жерде адамдар көрүнбөйт. 20 мүнөттөй өткөндө менден ашып кеткен кара Жип жол менен Бишкекти көздөй өтүп кетти да, кайрылып келип жолдун чекесине токтоп калды. 1-2 мүнөттөй турду да ичинен 4 адам түштү, экөөнү тааныдым, Максаттын бир тууган байкелери эле. Экөө тең көйнөкчөн экен, колтугунда асынган тапанчалары көрүнүп турат. Бирөөсү Жеңиш деген, Бишкектин бир районунун РИИБинин жетекчиси болуп иштейт. Экинчиси Каныбек деген, кандай чинде экенин билбейм, прокуратурада бир чоң кызматта иштейт. Берки экөөнү тааныбадым, кара костюм-шым кийген, күндөн калкалоочу кара көз айнек тагынган, олбурлуу балдар экен. Экөө машинага келип алдыңкы терезеден ичин акмалап карап, ичинде киши жок экенин билишкенден кийин чоңдоруна келе бергиле дегендей белги кылышты. Жеңиш менен Каныбек машинамдын жанына келип тамеки чегип туруп калышты. Каныбек арткы терезеден машинанын ичин карады, бирок эч нерсе көрө албайт болчу. Жеңиш телефонун алып чыгып бирөөлөргө чалып:
– Эмне болду, кайсы жерге келдиңер?- деп үнүн акырын чыгарып, ызырынып сүйлөдү.
– Тезирээк болгула, кафеге тамактанганы кирип кетиптир,- деп кафенин дарегин айтып телефонун коюп койду. Каныбекке карап:
– Азыр 5 мүнөттө келип калышат. Атпагыла, тирүү кармайлы ким болсо да. Кокосун өзүм жулуп өлтүрүшүм керек акмакты, уктуңарбы?! Атсаңар да колго же бутка аткыла. Баскыла, машинадан алысыраак туралы, шекшип калып жүрбөсүн,- деп Жиптин жанына барып туруп калышты.
Демек, менин ким экеними билишпейт экен да, кандайдыр бир жол менен машинамды билип калышыптыр. Максат менен жолуккан тойдон бирөө-жарым байкап калды бекен же сойку келин бир нерсе көрүп калдыбы?..

(Уландысы кийинки санда)

Кайрат Какеев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Nuura-shirin
2017-03-27 08:49:00
Журок дукулдототго
+3
Aitun
2017-03-27 09:39:12
Бул жерден да тирууу кетет коросунорго
+4
Han1111
2017-03-27 09:39:20
Аңгыча менин курсагым ачып эч нерсеге карабай Чычканда пельменди жакшы даярдаган жер бар.Ошол жака кирип кетим.деп уланта берсем)))
+12
Ronaldo.99
2017-03-27 10:04:30
Эми кызыды эле
+3
ilgis1991
2017-03-27 10:17:17
Эптеп кач эми ошол жерден
+3
barsa30
2017-03-27 11:10:55
Албетте тирүү калса керекда автор өзү жазып жатат .
+3
Nurbakg91
2017-03-27 11:14:41
ех олотко еми
+2
Nazikbaigazy
2017-03-27 11:17:52
Соонун жерине келди эле
+1
Gulkin
2017-03-27 12:47:12
иииииий майдалап чуйдолоп эле тажатты чоптор осуп суу толуп анан эки машина отуп кетииип дегендин оордуна маанилуусун жазып койсо боло эми дагы бир жума кутуш керек! эмкиси чыккыча мурда не болгонун унутуп калаткенсин го
+2
Astra12
2017-03-28 00:56:32
Gulkin,анда тузу жок тамактай супсак болуп калбайбы
+1
erkekizmin
2017-03-27 13:42:33
Журокту оорутпай эми жакшы бутсо экен. Ушу бала ото эле кетти го. Эми кыздарынын бактысына аман болсунчу байкуш атакеси....
+1
Danik
2017-03-27 14:47:42
Кино боп кеттиго бирок аябай кызык алгаа
+1
Boldukan86
2017-03-27 17:36:54
кино кылып эле тарткыдай экен. чын журокту дукулдотту. олуп калбаса эле болду
+1
mr.ulan89
2017-03-27 18:49:02
дааа режисерлорго бериш керек экен кино тартса болчудай эх эми дагы бир жума кутмой
+1
erkekizmin
2017-03-27 20:30:00
Ай ошондо бул бала кафеде отурубу же машинанын ичиндеби кай жерден коруп атат? Эми минтсе керек эле. Машинанын эси мен эмес шопуру башка. Мен кутуп отурум култтап кетти тамак ичкени десе керек калп айтып....
+1
mirnur
2017-03-27 22:26:00
erkekizmin,комментарий укмушкоо
+1
abdygany.gani
2017-03-28 17:40:16
Ошондо кии биринчи болду бул жумада????
0
Eliza.nurjanovna
2017-04-01 17:44:30
abdygany.gani,сиз))
0
№ 751, 24-30-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан