– Мен 3 эркек баладан кийин ата-энемдин, айрыкча апамдын Кудайдан тиленип алган кызымын. Кубанган апам сүйүктүү кызым болсун деп атымды Сүйүмкан койгон экен. Үйдөгүлөрдүн караганы, эркелеткени эле менмин. Кием дегенимди кийип, ичем дегенимди ичип чоңойдум. Кооз көйнөк кийип, кооз куурчак ойногон күндөр артта калып, бой жеттим. Мектепте окуп жүргөндө эле сүйүүсүн арнаган жигиттер көп эле. 11-классты аяктап, студент болгон жылдары кымбат белек берген, үйдүн алдына кучак толо розаларды таштап кеткен жигиттер абдан көбөйдү. Жуучулардын аягы үзүлбөйт.
Бир күнү апам өзү менен бирге иштеген эженин баласы менен таанышып көрүүнү сунуштады. Тиги жигит да апасынан кайра-кайра айттырып жанымды койбойт. "Мен айылдык жигиттерге тийбейм, шаардык жигитке турмушка чыгам" деп койдум. Андан кийин атамдын карындашы кайнисин сунуштап, канча жолу кулагымдын кужурун алып жүрдү. "Сүйүмкан, уксаң, ал шаарда өскөн жигит. Америкада окуп келди. Ата-энеси да маданияттуу, заманбап үй-бүлө. Шаардын так ортосунда 3 бөлмөлүү батири, шаардын четинде чоң особнягы бар. Эч кыйналбайсың, жалгыз эрке келин болосуң, каалаганыңды алып берет",- деп мени ынандырганга аракет кылды. Акылым менен кеңешсем макул болгудаймын. Бирок кеч болуп калган эле. Анткени мен андан да бай жигитке өзүмдү арнап койгом.
Эсен бир көргөндө эле жүрөгүмдү ээлеп алган болчу. Бир ирет түнкү клубда курбу кыздарым менен эс алып отурсак кучак толо роза сунуп, колума бриллиант шакек такканында өзүмдү коёрго жер таппай калдым. Балким, жүрөгүм сүйүп калды деп актанып жаткандырмын, чындыгында таанышканыбызга аз убакыт өтпөй кымбат белек бергенине азгырылсам керек. Ошол күнү Эсен менен кантип мейманканага барганымды билбейм. Эртең менен ойгонсом жигиттин кучагында жатыпмын. Ошондо өзүмдү аябай жийиркеничтүү, тарбиясыз кыз сездим. Ишенесизби, уятымдан ата-энемдин көзүн карай албайм. Бирок бул жашоого деле көндүм. Апамдар "жаш да, кыздар менен ойноп, эс алып жүрсө керек" деп кабатырланбай калышты. А мен Эсен менен кадимкидей эле жашап алдым. Бир күнү жүрөгүм айланып, кускум келгенинен шекшип тест салсам эки сызыкча чыкты. Дароо Эсенге сүйүнчүлөп "баш кошолу, атам мени бирөөгө берем деп жатат" десем, "ошол бирөөңө кете бер, мен баш кошо албайм" деп койду. Айла жок, курсактагы баламды врачтын кеңеши менен алдырып салганга аргасыз болдум. Эми бүттү деп Эсенден кол үзгөнгө аракет кылып алыстап баштадым.
Ошондой депрессияда жүргөн күндөрдүн биринде атам "айылдын беделдүү кишиси кызыңды бер деп айттырып жатат, ага жок десем болбойт. Кызың баласы менен бир сүйлөшүп көрсүн" деп апама айтып жатканын угуп калдым. Ошол күнү эле туугандар чогулуп маселени кабыргасынан коюп, "ошого турмушка чыгасың, ушинтип жүрө бересиңби, жаштыгың өтүп бара жатат. Карачы, кандай татына кыз элең, соолуп баратасың" деп башташты. Менин ичимдеги арманымды алар кайдан билсин. Бизде түштүк жакта кыз болбой чыгуу өтө уят нерсе. Анымды ойлогондо ааламга батпай кеттим. Себеби атамды эл алдында шылдың кылып, ага рахмат эмес, наалат айттырып, кашык менен чогулткан аброюн чөмүч менен чачкандай болмокмун. "Токтоткула, менин жигитим бар, андан башка эч кимге чыкпайм" деп алардын оозун жаптым. Ошол күндөн тартып Эсендин артынан түшүп, эптеп ага турмушка чыгуунун жолун издедим. Ал да мага көнүп алган окшойт, мени жакшы кабыл алды, акыры үйлөнүүгө да макул болду. Мурун Эсендин баңгизатын чегип койгонун билчүмүн. Бирок анысына деле кайыл элем.
Ошентип экөөбүз жакындарга жар салып, үйлөнүү той өткөрүп баш коштук. Удаасынан 2 кыздуу болдук. Атасы баңгизатын колдонсо да, Кудайга шүгүр, кыздарымдын ден соолугу чың эле болду. "Үйрөнгөн адат калабы?" дегендей, акыркы кезде жолдошум баягысына такыр эле берилип кетти. Ансыз жашай албайт, кайненем менен кайнатам да дарылатып жатып бул жоругун калтыра албай койду. Алар да өз баласынан тажап үйгө камап, жанына мени киригизип коё турган болду. Доза жетишпей калганда көзүнө мен да көрүнбөйм, жиндиден айырмасы жок, айбанга айланып калат.
Мындай жашоодон тажадым. Акыркы күндөрү арыктап, ачуулуу да болуп баратам. Муну туугандарыма же досторума айта албайм. Атам менен апам билсе кандай абалда калат, билбейм. Менин туугандарымдын арасында болгон той-топурга баары күйөөлөрү менен жетелешип барышат, мен жалгыз барам жесир аялдай болуп. "Эсен кана?" дегендерге жумушун шылтоолоп, командировкага кеткенин айтып кутулам. Бул турмушум үчүн эч кимди күнөөлөй албайм, анткени мындай жашоону өзүм тандап алгам. Бир кезде бардык адамдардын көңүл борборунда болуп келген бир үйдүн эркеси Сүйүмкан Күйүмканга айланып, жок болуп баратат...
Сүйүмкан