Президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамдарынын бири болгон Икрамжан Илмияновдун кезеги келип, КСДП фракциясынан депутат болуш керек эле. Бирок ал мандат алуудан баш тартып, партиянын депутаттыкка талапкерлер тизмесинен чыгуу боюнча БШКга арыз жазды. 17-март күнү өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев кызматтан кетип, ордуна КСДПнын парламенттеги депутаты Узарбек Жылкыбаев барган. Кезек Икрамжан Илмияновдо эле. Бирок ал КСДПнын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча БШКга арыз жазды. Мындан улам Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурун тарайбы деген сөздөр кайрадан кызуу талкууга алына баштады. Себеби Илмиянов парламентке келип, КСДП фракциясынын ичинде майдаланган топторду биримдикке келтирет деп айтылып жаткан. Анын мандаттан баш тартуусу учурдагы Жогорку Кеңештин өмүрү узак эмес деген белги болушу мүмкүн. Андыктан Илмияновду КСДП башка олуттуу иштерге пайдаланууну чечкен көрүнөт.
23-мартта БШК Абдыманап Кутушев менен Илмияновдун арыздарын канааттандырып, журналист Аида Касымалиевага депутаттык мандат тапшырды.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg