СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ

(Башталышы өткөн сандарда)

Башталды дедим өзүмө өзүм, бекиткен жеримден бронежилетти алып чыгып кийип, үстүнөн көйнөгүмдү кийип алдым. Тапанчалардын ок салынуучу магазиндерин алганга оңой кылып даярдап койдум. Байкасам коркуу сезими такыр жок, тескерисинче, өзүмдү чапчаң, шамдагай сезип калыптырмын. Тура берсем шериктери да келип калышы мүмкүн эле. Машинанын алдына өттүм да, от алдырып газды түбүнө чейин басып, тормозду тартып 3кө салдым эле машина ордунан 180 градуска бурулуп калды, катуу айдаган боюнча жолго чыгып, газды түбүнө чейин тээп кетип калдым. Тигилер мындайды күтүшкөн эмес да, ооздорун ачкан бойдон ордунда катып калышты, өздөрүн жоготуп. Машинам мактагандай эле экен, мүмкүн болушунча катуу айдадым, канча машиналар сигналын баскан боюнча артта калып жатты. Артты карасам Жип көрүнбөйт, алар кууган адамдар да, менчелик өмүрүн тобокелге салып катуу айдаганга зарылчылык жок эле. Бир жагынан канчалык тажрыйбалуу айдоочу болсо да, Жип күчтүү машина болгону менен түбү бийик, катуу айдаса аба көтөрүп, машина калдаңдап калат. Менин машинамдын түбү жапыз, канчалык катуу айдасам, аба ошончолук жерге басат. Мени тигилер өздөрүнүн адамдарына же МАИ кызматкерлерине айтып жолумду тостурушу мүмкүн эле. Эмнеси болсо да көрө жатарбыз, болору болду. Кара-Көлдөгү шлагбаумду гана жаап тосушпаса, башка жерден тосо алышпайт. Кара-Көлдөгү постко жете берерде бир чоң фуранын артына жакын барып, артынан кете бердим, посттогуларга көрүнбөйт болчу. Бирок мага да көрүнбөйт эле, эмне кылып жатышканы. Тобокел дедим да, фуранын алдындагы машина өтөрү менен артынан чыгып, фура жыла баштаган эле, аз жерден кыпчылып калайын деп араң жетишип калдым өтүп кеткенге. Адамдар кыйкырган боюнча калышты. Эч нерсеге караган жокмун, бурулуштар аз эле, машинаны болушунча катуу айдадым. Алдымдан эле тоспосо, артымдан эч ким кууп жетпеши керек. Разан-Сайга жеткенимде жолдун жээгинде эки машина токтоп туруптур, мени көрөрү менен эки адам жолдун оң жагына чуркап өтүштү, машиналар жакта дагы эки адам турат. Жакындаганда төртөөндө тең автомат экен, ата башташты. Мени өлтүргүлө деген буйрук болгон окшойт, терезеге, эшиктерге атышты. Шашканымдан башымды ылдый кылып жибериптирмин. Жакшы дагы жол тегиз эле, айнектерим ок өтпөс экенин эстеп, кайра башымды көтөрүп, ого бетер катуу айдап өтүп кеттим. Атып жаткан адамдардын бирөөсүнүн көзү эсимде калыптыр, таң калгангабы, алайып калыптыр. Октор терезеге тийген экен, 5-6 кичине так калыптыр. Артымды карасам, тигилер шашып машиналарына отура башташты. Менин артымдан катуу эле кууп калышыптыр, эмне кылышты билбей калдым. Саматка чалдым айлам кетип, дароо эле алды:
– Алло, Самат, жардамың керек!
– Эмне болду, тынччылыкпы?
Кыскача, тез айтып бердим.
– Азыр өзүм чыгам,- деп коюп койду да, тез эле кайра чалды:
– Кайрат, азыр эки машина менен адамдарды жөнөттүм, алар сага жакын, Шамалды-Сайдан жолуңдан тосуп чыгышат. Сени милиция да издеп жаткан болуш керек. Таш-Көмүргө бурулган көпүрөдөн өтүп карьер жакка, тоону аралап кирип кет. Баягы эмне сай эле, мурда барганбыз, ошол жакка бара бер. Артыңдан менин адамдарым да барып калышат. Номериңди берип коём, чалышат. Сен кантип болсо да карьерге жетип ал, куткарып кетебиз. Мейли анда, азыр сага чыгышат, мен да эртерээк барганга аракет кылам,- деп коюп койду.
Ал карьерди болжолдуу түрдө билем, бир убакта Самат, мен, дагы 3 бала болуп келип, ушул жактарда эки жолу көмүр казып иштегенбиз. Менин да эсимде калбаптыр ошол жердин аты, бир жерде иштегенбиз, ээси байлыгына чиренген, аябай керсейген адам эле. Жарым акчабызды бербей койгон. Кийин Самат бирге жүргөн балдары менен Бишкектен кармап алып, көп акчасын алып коюптур.
Таш-Көмүргө кирген көпүрөгө жете бергенде катуу айдадым, көргөн адам түз кетет деп ойломок. Ал жерде машина көп турчу, кайсынысы мени күтүп турат, билүү кыйын. Көпүрөнүн тушуна келгенде тормозду катуу тээп бурулуп, көпүрөдөн өтүп оң жакка бурулуп айылды аралап кеттим. Артымды карасам машиналар келе жатыптыр, тоо жакка буруп кырга чыгып кеттим. Бийиктен карасам 3 машинада куугунчулар окшойт, тоо таянып калышыптыр, чаңдан көрүнбөйт кандай машина экени. Саматтын адамдары да көрүнбөйт, келип калышы керек эле бул убакка чейин. Жолду эстедим, ушул жол менен кете берсем, Самат айткан жакка алып барат эле. Өңдү-дөңдү карабай айдадым, куугунчулар бир топ эле артта калышыптыр. Саматка чалсам телефонун алган жок. 1 сааттай жүрдүм, жол чаң, артымдан эч нерсе көрүнбөй калат. Акыры Самат айткан карьерге жеттим, вагон турчу эле биз иштеген убакта, азыр үйлөрдү куруп, суу чыгарып, аябай чоң жерге алма, өрүк сыяктуу мөмөлүү дарактарды эгип салыптыр...

(Уландысы кийинки санда)

Кайрат Какеев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
Ronaldo.99
2017-04-03 10:26:57
Форсаж 9
+11
nur.akturpak
2017-04-03 10:42:42
Бул али кооп окшойт ээ супер.кж?
+4
student-95
2017-04-03 11:14:11
баевик кино коруп жаткандай болуп жатам кутолучу бул жагы эмне болот
+7
Djumaev0mur
2017-04-03 11:33:13
Бул жагы фонтазия болуп кеттиго, 3 ко салып бурдум эле, 180 грусда бурулду деп, жомок жакшы жазылган
+8
Edmon
2017-04-03 13:21:18
Фантастикасы кобойуп кетти. Чычкандан кара колго келгенче гаи жок бекен э?)
+1
Pandora
2017-04-06 02:29:06
Edmon,Силер дагы фантастика жазып газетага чыгаргылачы,окуйлу кызыгыыып.
+1
Nuura-shirin
2017-04-03 17:25:13
Соонун интрига менен жазылыптыр
+1
Eliza.nurjanovna
2017-04-03 18:45:04
Marvelдин блокбастерлери отдыхает. Тиги доскеси сатып кетет окшойт го
+2
kaisaarmyn
2017-04-03 19:09:46
Бензин тугонбой же тоонун жолдору асфальта катуу айдаса кете берчу
0
Amantyr
2017-04-03 20:48:09
Бул болгон окуябы же чыгармабы,чыгарма болсо албетте коркомдук керек
+2
Erketaiym
2017-04-03 22:19:37
Адашпасам бул чыгарма башталганда банк тоно мн башталган элего кандайча бул жакта качып журот тушунбой калдымго мен?
0
edelveis0088
2017-04-04 10:32:03
Erketaiym,үй-бүлөсүн бузган Максатты өлтүрдүго өч алып.
0
evra_kg
2017-04-04 00:51:15
кудай сактаа!!!
машынада мен кеткендей эле болдум го
+3
Seit00
2017-04-04 11:12:14
Benzinin oilonuo koiboptur da . Kaaap
-2
Boldukan86
2017-04-04 11:27:37
эх чан десе тим эле элестетем. боз ала чанды
+1
Aytur
2017-04-04 17:18:29
Мынча аз?!
0
belka
2017-04-05 18:11:17
Эки сериясын өткөрүп ийипмин, окуп бүткүчө тамагыма бир деме тыгылып калгансып муздак тер чыкты чыпылдап...
+1
№ 752, 31-март-6-апрель, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан