(Башталышы өткөн сандарда)
Үйлөрдөн бирөө-жарым чыккан жок, азыр көмүр каза турган маал эмес да, эч ким деле келбейт болуш керек мынча алыс жерге. Эки жакка көз салсам, караан да көрүнбөйт. Телефонду карасам 12 "непринятый" туруптур, чалсам:
– Алло, Кайрат, биз Саматтан, азыр барып калабыз, жеттиңби карьерге?- дейт бир корулдаган үн.
– Ооба, карьерде турам, силер каердесиңер?
– Азыр 10 мүнөттө барып калабыз, бекинип тур, телефонуңду өчүрбө, азыр койбой тур...- деп жанындагы адамдардан бир нерселерди сурады окшойт: – Алло, азыр сага түшүндүрөт, ошол жакка чыгып тур!- деп телефонду бирөөгө берди.
– Алло, Кайрат! Үйлөрдүн артындагы тоонун үстүн карасаң, 2 үңкүргө окшогон цементтен курулуш турат, көрдүңбү? Өйдө жакка чыгып, ошолордун ичине кирип тур, биз кечирээк барат окшойбуз, жарым саатта барып калабыз. Коркпой эле кире бер, ичинде коркунучтуу эч нерсе жок,- деп коюп койду.
Билем ал курулуштарды, ташталган шахтанын оозу, ичине кирип да көргөнбүз. Ичи караңгы, чириген тирөөч жыгачтар, вагонетка жүргөн рельстер бар эле. Машинанын эшигин бекитип чыгайын деп турсам телефон шыңгырады, карасам Саматтын номери:
– Кайрат, балдар кечигип жатышат, айткан жагына барып тур. Машинаны өрттөп сал, издешсе таап алышы мүмкүн. Өрттөп, сайга түртүп жиберсең күйүп кетсин. Бир нерсе деш кыйын, артыңдан эртең издебей турган болушсун. Мен да барып калам,- деп өчүрүп койду.
Жолду карасам тээ алыстан чаң көрүндү. Дагы 10 мүнөттө келип калышат эле. Машинаны көмүр казып ала берип жар болуп калган жерге айдап барып, керектүү нерселерди алдым да, бактан бир литр бензин куюп алып машинанын ичине, үстүнө чачып күйгүзүп, ылдамдыктан чыгарып койдум. Машина күйгөн боюнча жарга түшүп жарылып кетти. Чуркап үйлөрдүн артына өтүп, тоого чыгып, шахтанын оозуна жетип алдым. Жолду карасам 5 машина келе жатат, эң алдыда кара Жип, артында 3 милициянын машинасы, артында дагы бир машина. Жетип келген экен да Максаттын байкелери. Мени даана эле көрүштү, бул жерге чыгып келе жатканымды. Саматтын адамдары дагы жарым саатта келишсе. Күткөндө эмне эми, тобокел деп шахтага кирдим, ичи капкараңгы, эч нерсе көрүнбөйт. Телефондун фонаригин жагып карасам, 10 метрден кийин жол эки жакка бөлүнүп кетет экен. Саматтын адамдары чыккан телефонго чалып:
– Мен шахтага кирип кеттим, тигилер келип калышты. Этият болгула, милициялар менен келишти.
– Кайрат, шахтанын оозу экиге бөлүнүп кетет, оң жагына 300 метрдей кирип бекинип тур. Ошол жерден сени таба турган бололу, ичинде телефон тартпай калат экен. Биз барганда акырын 3 жолу ышкырабыз. Эстеп кал, оң жагына, 300 метр, болду өчүрдүм,- деп трубканы койду.
Тапанчамды даярдап, фонарик менен жарык кылып оң жакка кирип, 300 метр эсептеп басып бардым. Шахтанын бийиктиги 4-5 метрдей бар го. Жерде ар нерселер жатат, үстүн тиреген чириген тактайлар, чириген ар кандай темирлер, идиштер, күрөк жана башка нерселерге толо экен. Куугунчулар келгенче жакшы бир жер таап бекинишим керек эле. Эптеп жарым саат бекинип турсам, Саматтын адамдары келсе бир планы бардыр мени алып чыгып кете турган. Бирок куугунчулар кеминде жыйырма адам келсе, ушунча келгенден кийин шахтанын ичине кире албай калмак беле. Дагы ичкерирээк кирип кете бердим. 100 метрдей басканда жол дагы экиге бөлүнүп кетет экен. Бир жагы ичи кенен экен, ал жактан башка эч жакка чыгып кеткен жол жок окшойт, ичи ар кандай нерсеге толгон экен. Ошол жерге бекинип жаттым. Чоң көмүр ташыган вагонетка окшойт, ичине кирип жаттым. 10 мүнөттөй өттү окшойт, адамдардын сүйлөшкөн үнү угулуп, фонариктин жарыгы көрүндү. Дымып жатып калдым. Мурунтан эле кирип жүрүшкөнбү, тез эле мен жаткан жердин оозуна да келип калышты. Эки адам мен жакка кирип, бир четинен тытып издей башташты. Шахтанын ооз жагынан:
– Ким тапса 500 миң берем, мүмкүн болушунча тирүү кармагыла!- деп кыйкырды, Максаттын байкелеринин бири окшойт. Тиги экөө унчукпастан тинтип жатышты. Тапанчамды даярдап, мага жакыныраагын мээлеп турам. Ичи чоң болгондуктан мага жетип келгенче 10 мүнөттөй убакыт бар эле.
Бир маалда араң угулган ышкырыктын үнү угулду, өтө эле акырын чыккандыктан ишенбей да кеттим. 3 мүнөттөй өттү окшойт эми даана угулду, 3 жолу ышкырды. Мени издеп жаткан 2 адамдын бирөөсү:
– Кайсы көңүлү шат ышкырып жатат?- деп сүйлөнүп койду.
Эми кантип билдирем менин бул жакта экенимди?.. Отурган жеримди сыйпалап ташпы, бир нерсе таап алдым да, ышкырык чыккан жакка ыргыттым. Темирге тийди окшойт, калдырап эле калды. Чочуп кеткен адамдардын сөгүнгөндөрү угулду. 2-3 мүнөттө мага жакыныраак жерден ышкырык чыкты. Эки адам тең фонариктерин ошол жакка жарык кылып, бирөөсү:
– Ой, сен эмне паркта жүрөсүңбү, эмне ышкырасың?- деп нааразы болуп сүйлөнүп калды...
(Уландысы кийинки санда)
Кайрат Какеев