(Башталышы өткөн сандарда)
Башка аргам да жок эле, акыры Саматтын сунушуна макул болдум. Мага, кыздарыма документ жасатып Шанхайга кетмекчи болдук. Документтер даяр болгуча эч кимге көрүнбөй тур дегенинен бир үйдө эч жакка чыкпай жаттым. Учарыбызга 3 күн калганда Самат бир адамды жөнөтүптүр мага, колунда ноутбук. Орусиянын 3-4 көп нускалуу гезиттеринин сайттарына кирип, макалаларды көрсөттү. Биринчи банк тонолгону тууралуу жазылыптыр, бир айдан кийинки санында Иванычтын, Егордун, анын досу Славанын, берки 2 баланын сүрөтү турат. Темасын «Молдовалык каракчылар» деп коюшуптур. Суракта айттырып алган окшойт, кантип уурдаганыбыз ийне-жибине чейин жазылыптыр. «9 миллион рублга жакын акча уурдалган, молдовандарга 300 миңдей эле акча тийиптир, калганын башчысы алып кетиптир. Башчысы жакын арада табылат, азырынча тергөө иштерине байланыштуу күмөн адамдардын аты-жөнү айтылбайт...» деп коюшуптур. Биринчи «темабыз» жөнүндө Иванычтар айтышкан эмес окшойт, ал жөнүндө эч нерсе жазылбаптыр.
Дагы бир макаласын ачты, менин сүрөтүм турат, паспорттогу сүрөтүм экен. Аты-жөнүм, Кыргызстандагы толук дарегим, өмүр баяным жазылыптыр. Кантип уюштуруп, аягында акчанын дээрлик баарын алып, шериктериме 300 миңдей акча карматып, өзүм 8,5 миллиондон ашык акчаны алып качып кеткенимди кенен кылып жазышыптыр.
– Сыналгыдан жаңылыктардан да көрсөтүп жатышат, көрсөтөйүнбү?- дейт.
– Жок!- дедим.
Көргөндө эмне, бекер эле маанайымды түшүрүп. Эмне кылышты билбей калдым, Кыргызстанда эми жашай албайм. Кытайга кантип өтүп кетем эми, жалгыз болсом да бир жөн, кыздарым менен кыйын болот го?.. Түнкү саат 2лерде 2 адамы менен Самат келиптир.
– Өзүң эле кетип, кыздарыңды азырынча калтырып эле турасыңбы, кийинчерээк алып барып беребиз,- дейт, көз алдыма кыздарымдын ыйлаганы элестеп кетти.
– Жок, кандай болгон күндө да кыздарымды алып кетем!- деп, дагы бир нерселерди айтайын десем досум далыман таптап:
– Макул, макул, жолу табылат. Милиция мүмкүн болгон жердин баарын тытып жатат да, ошого эле айттым. Кайнагаңдыкына да барышыптыр, мага да келишти. Максаттын байкелери да сенден шекшип калышкан окшойт, 2 адам менин артымдан калбай аңдып жүрөт, сураштырсам ошонун адамдары. Азыр бекинип жатып үйдөн араң чыктым. Телефонду да тыңшап жатышкан болуш керек. Эми экөөбүз жолукпай эле койгонубуз жакшы,-деп жанындагы бир адамды көрсөтүп: – Таанышып алгыла, аты Нурбек. Сени Шанхайга жеткирет. Досум, башыңды бийик көтөр, баары жакшы болот, көп эле ойлоно бербе. Бизди Кудай жаратканда согуш болуп жаткан талаанын чок ортосуна таштайт. Бул жашоо согуш болуп жаткан талаа, сен да коргонуп, керек жерде кол салып, кыскасы, согуштан жеңип чыгышың керек же душманга колго түшүп, жеңилип беришиң керек, башка жолуң жок. Биз кеттик, Нурбек эртең келет, калганын ушул бүтүрөт.
Нурбек жашы 35терде го, орто бойлуу, толмочунан келген, кара тору адам экен. Эртеси түшкө маал келди, шыпылдаган адам экен тимеле, келип сөздү көбөйтпөй, дароо эле планды түшүндүрдү:
– Самат экөөбүз сүйлөштүк, план мындай, 3 күндөн кийин Үрүмчүгө учабыз, кайнагаңдын жанындагы үйдө эч ким жашабайт экен, ошол үйдө күнү-түнү кайнагаңдын үйүн аңдып, сени баары бир кыздарына келет деп 2 адам күтүп жатат. Билдик, Максаттын байкелеринин адамдары экен.
Эртең кыздарыңды кайнагаң таңга маал терезеден чыгарып, арткы коңшунун үйүнө алып чыгат, коңшусу менен сүйлөшүлгөн, кичине акча бердик, баары тынч эле болуш керек. Ал үйүнөн эртең менен саат 6-7лерде машинасына кыздарыңды салып шаардан сыртка алып чыгып, биздин машинага салып берет. Эртең менен машина чыкса эч ким шекшибейт. Бул жерге алып келип турабыз.
Үрүмчүгө биздин рейс түнкү саат 3тө учат, биз аэропорттун жумушчулары кирүүчү дарбаза менен кирип, учакка отурабыз. Документтерди, билеттерди берип койгом, баарын бүтүрүшөт. Аэропорттун адамдары менен сүйлөшүлгөн, эч кандай коркунуч жок...
(Уландысы кийинки санда)
Кайрат Какеев