СЕНИН ТҮБҮҢӨ ЖЕТЕМ

(Башталышы өткөн сандарда)

2 күндөн кийин эртең менен саат 9дарда кыздарымды алып келишти, аябай сагынган экенмин. Кыздарым да ушунчалык куса болушканбы же коркуп калышканбы, колумду коё беришпейт. Каякка бассам да артымдан калышпайт, алтындарым.
– Баары жакшы болот, кыздарым, эч нерседен коркпогула мен турганда,- деп алардын жытына тойбойм.
Ошол эле күнү түнкү саат 2лерде Нурбектен бир адам келди машина менен. Кыздарымды салып аэропортко жөнөдүк. Аэропортко бир аз жете бербей Авиагородок деген шаарчага кирип кеткен жолго токтоп туруп калдык, айдоочу:
– Азыр Нурбек байке келиш керек, ушул жерде күткүлө деген,- деп Нурбекке чалды окшойт, "келдик" деп коюп койду. Жарым сааттай күттүк окшойт. Бир маалда Авиагородок жактан машина келип токтоду да, бир адам түштү. Нурбек экен, тез-тез басып келип:
– Кеттик,- деп кичине кызым уктап калган экен, көтөрүп өзү келген машинага чуркады, артынан мен да улуу кызымды жетелеп жөнөдүм. Бусик экен, аэропорттун машинасы окшойт, сыртында "Ош аэропорту, коопсуздук кызматы" деген жазуу турат. Ичинде коопсуздук кызматынын формасын кийген 3 адам, алдында айдоочу, жанында дагы 1 адам отурат. Аэропортко да жеттик, шлагбаум ачылып кирип кеттик. 20 кадамдай басып токтодук да, алдыда отурган адам бизге карап:
– Нурбек, силерди текшерип коёлу,- деди.
Баарыбыз унаадан түшүп, 2 бала темир издегичи менен баарыбызды текшерип чыгышты. Документтерибиз, билеттерибиз үчүнчү балада экен, чөнтөгүнөн алып чыгып бир сыйра текшерип, бизге карматты. Кайра унаага отуруп жөнөдүк, болду го десем дагы бир дарбаза бар экен, аэропорттун 3-4 кызматкери турат. Бирөөсү басып келип унаанын ичин карайын дегенде айдоочунун жанында отурган адам: – Ой, бол тез ач дарбазаны, көрбөдүңбү текшергенибизди,- деп кыйкырып сөгүнүп калды эле, тиги:
– Аа, кечиресиз, сизди көрбөптүрмүн,- деп чуркап барып дарбазаны ачты, кирип кеттик. Жанымдагы балдар күлүп жиберишти, бирөөсү:
– Ушул Замир өзүнчө эле патриот боло берет, тим эле аэропортту жалгыз өзү карап жаткандай, өткөндө дагы...- деп бир окуяны айта баштады.
Аэропорттун ичинде 5-6 учак турат, экөөнүн айланасы жапжарык болуп прожекторлор күйүп, жанында адамдар жүрүшөт. Бирөөсүнө жүргүнчүлөр отуруп жатышат. Машина аэропорттун башка жагына барып токтоп, 2 бала түшүп кетти да, бизди учактар жакка алып жөнөштү. Жүргүнчүлөрдү отургузуп жатканы биз уча турган учак окшойт, 10 кадамдай жетпей туруп калдык. Алдыдагы адамдын аты Каныбек экен, саатын карап:
– Азыр күтөбүз, трап алынарына 2 мүнөт калганда барасыңар,- деп койду.
Ал формачан эки бала ала келиптир. Машинанын үстүндө өрт өчүргүчтөрдүн шатысы турат. Эки бала шатыны алып, учактын жолуна алып барып, чекесине, чөпкө бекитип коюшту. Аңгыча арт жактан 2 Жип келип токтоп, ичинен 5 адам түшүп, машиналар кетип калды. Ошол жерде постто турган бала аларды коргондун тешиги бар экен, ошол жерден өткөрүп келди. Жакын келгенде карасам Самат адамдары менен экен.
Самат жаныма келип:
– Сени катуу издеп калышыптыр, милиция кармаган күндө да Максаттын байкелери сенин өлтүргөнүңдү билишиптир, тирүү койбойт, түрмөдөн болсо да өлтүрүп кетишет. Эртерээк качырышыбыз керек сени Кыргызстандан.
– Сага зыяным тийбейби, мен кеткен менен эртең сага асылышсачы?
– Менин сага жардам берип жатканымды билишпейт, азыр да адамдары үйдүн жанында отурушат мени аңдып. Билген күндө деле оңою менен мага тие алышпайт. Макул эми, ал жөнүндө ойлонбо, азыр сени учакка ушул жерден отургузабыз. Учак келип ушул жерден бурулуп, 3-4 мүнөт турат экен, учкучтар менен сүйлөшүп коюшту. Шаты менен чыгасыңар. Бул жерден эч ким көрбөйт бизди. Азыр туруптур ушул жерде,- деп чыгып кетти. Карап турсам, аэропорттун 2 кызматкерин, дагы 2 адамды айлананы карап турганга окшойт, 4 тарапка жөнөтүштү. Ай жарык болгондуктан айлана дапдаана, күндүзгүдөй эле көрүнүп турду. Акыры учак да көрүнүп, аэропорттон бурулуп чыгып, сызык менен бизди көздөй жөнөдү. Нурбек келип бир кызымды көтөрүп даярданып туруп калдык. Учак жакындаган сайын жүрөгүм дүкүлдөйт. Нурбекти карасам кебелбей турат, мага кичине дем болду, бирок баары бир коркуп жаттым, өзүм болсом да бир жөн, кыздарымды ойлодум. Самат 2 адамы менен тапанчаларын даярдап, будканын артына бекинип алышты. Учак келип бизден 200 метрдей жерден бурулуп, токтоп калды. Каныбек менен айдоочусу шатыга чуркап барып узартып учактын артында кичине эшиги болот экен, ошого коюшту. Нурбек "кеттик" дегендей мага ишарат кылып, экөөбүз кыздарымды көтөрүп учакты көздөй чуркадык. Ошентип 2 кызым, Нурбек, мен болуп төртөөбүз Үрүмчүгө учуп кеттик. Үрүмчүдө 5 сааттай туруп, андан ары Шанхайга учтук. Нурбек ал жакта 2 күн туруп кайра Кыргызстанга кетти.
Шанхай кооз, чоң шаар экен, бирок адам өтө эле көп. Чекесинен батир алып жашап калдым. Кыздарымды англисче окуткан балдар бакчасына бердим. Шанхайдан, жакын арадагы чоң шаарлардан, ар кандай заводдордон Саматтын айткан буюмдарын чогултуп Кыргызстанга жөнөтөм.
Кээде кыздарым апасын сурап жүрөгүмдү оорутат, ар шылтоону айтып кутулам. 3 айдай өткөндө Гүлназ интернеттен мени таап кат жазыптыр, кыздарымдын акыбалын сурап. Якутияда иштеп жатыптыр. Жазган катына караганда өтө эле кыйналган окшойт. Кечирим сураптыр менден. Кечире албадым баары бир. Максат менен жүргөнүн эстеген сайын жүрөгүм ооруп кетет. Ойлонуп көрүп, акыры ага акча жөнөттүм. Гүлназ Кыргызстанга келип, Оштон үй алып жашап калды, кээде "кыздарымды апасына жөнөтсөмбү?" деп ойлонуп коём.
Тагдыр экен, айла жок, кеминде 10 жылга ушул жакта калдым окшойт...
Көрүшкөнчө эми, Кыргызстаным!

(Аягы)

Кайрат Какеев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (42)
Snejana
2017-05-02 00:38:48
Даа..., ушинтип эле бутуп калдыбы
+1
simone
2017-05-02 00:40:05
молодец!
+1
akil.91
2017-05-02 02:23:17
Жашай бер братан. Бактылуусун деп ойлойм! Татыктуу атасын кыздарын учун жасадын мунун баарын! Кыздарын кандай бактылуу сендей атасы болгон учун!!!
+3
Asedullah1996
2017-05-02 08:15:36
Бул болгон окуябы?ким жазып жатат же жон эле фантазиябы?
+2
Aiel
2017-05-02 15:14:49
макул эми чын болсо бактылуу бол.
+2
Mumu1986
2017-05-02 17:07:44
Азамат киши экенсиз. Кыздарыныз бактылуу болушсун!
+3
zarem.a
2017-05-02 17:50:08
Мага кызыгы бул чын окуябы же бир бездельник фантастический фильмдерди насмотрелся и пишет...бирок чын болсо супер инфого акча уурдаганын жарыя кылып жазмак белее каяка кантип кеткенин ещее
-2
kizan
2017-05-02 19:23:41
уффф наконец-то бутту... кыйналып кеттим эле
-1
Kairat97
2017-05-02 19:25:43
Абайла Гулназды чакырбай эле кой! Китаеза келинден эле алып ал!
+2
MARAT.OZGON
2017-05-03 10:02:57
Бактан алган акчалары качып журуп эле тугонду окшойт!
0
meni_kut
2017-05-04 12:29:28
Брат келсен созсуз жазып кой,кытайда иштеген кыргыз кыздар бар,интернеттен тааныш.Сен
да бактылуу болушун керек.Кош
+1
mekaaibek
2017-05-04 13:22:33
Аявай журогум ооруп ыйлагым келди кытайга кетип калганы жаман болуптур
+1
AmanzholTanikulov
2017-05-04 16:07:34
Жакшы бүтү аягы мен ойлогом Гүлназ аркылуу кармалат го деп
Кансе да бактылуу болуң
+1
moskyrsat
2017-05-07 22:26:59
Жакшы бутту аягы конулдогудой ушунча кетирген убактыбызды актады десе болот.. Иштерине ийгилик брат
+1
Gulnaz.GS
2017-10-22 09:22:24
тируу адамга айткандай.брат деп оло жазыпсынарго кто же фантазия
-1
№ 756, 28-апрель-4май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан