"Албарстыны баскан" сулуулар: «КӨЧӨДӨН КӨРГӨНДӨР БИЗДИ "АЛБАРСТЫ" ДЕП АТАЙ БАШТАШТЫ»

Аты-жөнү – Малика Алымбаева
Туулган жери – Казакстан, Атырау шаары
Туулган жылы – 1999-жыл, 7-ноябрь
Билими – Туризм академиясын аяктаган
Учурда – Моделдик агенттиктердин биринде иштейт
Хоббиси – Тай бокс менен машыгат, пластикалык хирургияга кызыгат
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Бою – 170 сантиметр
Салмагы – 51 килограмм
Параметри – 83-62-90

Аты-жөнү – Эльвира Артыкбаева
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Казарман айылы
Туулган жылы – 1996-жыл, 31-январь
Билими – Кыргыз улуттук университетинин 3-курсунун студенти
Учурда – Моделдик агенттиктердин биринде иштейт
Хоббиси – Чет тилдерди үйрөнүү
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Бою – 163 сантиметр
Салмагы – 51 килограмм
Параметри – 84-61-90

Аты-жөнү – Касиет Канатбекова
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Каракол шаары
Туулган жылы – 1997-жыл, 27-январь
Билими – Кыргыз-Орус Славян университетинин 3-курсунун студенти
Учурда – Моделдик агенттиктердин биринде иштейт
Хоббиси – Ырдоо, бийлөө
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Бою – 175 сантиметр
Салмагы – 49 килограмм
Параметри – 83-61-89

– Кандайсыңар, кыздар? Албарстыны кандай элестетесиңер?
Эльвира:
– Жакшыбыз. Албарстыны так элестете албайм. Анткени ал эч кимге көрүнбөйт. Уктап жатканда кишини басса дагы бетин даана көрүүгө болбойт.
Касиет: – Анын кебетеси жок болот, бирок бирөөнүн ичине кирип келет да (күлүп).
Малика: – Адам эмнеден корксо, ошону албарсты деп атап алышкан.

– Албарсты чындап эле силерди басты беле?
Э.:
– 2-3 жолу баскан. Биринчи басканда коркком. Андан кийинкисинде көнгөн адат болуп, көп деле корккон жокмун.
К.: – Жок. Кудай сактасын, баспай эле койсун.
М.: – Көп эле жолу баскан. Албарсты басканда дем жетпей, кыймылдай албай каласың. Ал абалды сөз менен түшүндүрө албайм.

– А силер чын эле албарстыны бастыңарбы?

М.:
– Ооба (күлүп). Ошондон кийин келбей калган.

– Азыр интернетти жарып жаткан роликке кандайча тартылып калганыңарды айта кетсеңер?
Э.: – Кастинг аркылуу тартылып калдык. Роликке өзүмдүн кызыгуум, каалоом менен тартылдым. Мынчалык элге алынып кетет деп ойлогон эмесмин. Кийин бизди сындай баштаганда, көрсө, адамдар туура эмес түшүнүшүптүр деп ойлоп калдым.
К.: – Үчөөбүз моделдик агенттиктердин биринде иштейбиз. Менеджерибиз бул жакка келгиле деп айтып, ал жакка барсак, ролик тартылмак экен. Кыздардын арасынан үчөөбүздү тандап алышты. Ошентип тартылып калдык.
М.: – Кастинг аркылуу. Ролик 1 эле күндө тартылды.

– Ролик интернетке чыккан соң жашооңор өзгөрдүбү?
Э.:
– Өзгөрүүлөр бир аз болду. Бизди тааныгандар "чыгып кеттиңер, ээ?" деп күлүштү.
К.: – Жашоом өзгөргөн жок, бирок элдин баары бизди "албарсты" деп калышты. Ошол эле болбосо.
М.: – Анча деле өзгөргөн жок.

– Көчөдөн тааныгандар, ашык болгон, тийишкен жигиттер, күйөрмандар пайда болдубу?
Э.:
– Көчөдөн кетип баратканда кээ бирөөлөр таанып, "албарсты" деп айтып калышат.
К.: – Таанышпайт деле. Бирок кээ бирлер жаныбыздан өтүп баратканда "могулар албарстылар болуш керек" деп роликтеги ырды ырдап өтүшөт.
М.: – Көчөдөн кыздар, балдар карашып "ой, бул албарсты да, баягы жылдыз да" деп күлүп өтүп кетишет. Кээ бирлери жаман көзү менен карашат. Бирок көбү жакшы мамиле кылышат. Чогуу окуган балдар ал ырды артыма отуруп алып ырдап тийишип калышат.

– Силерге кызыккан мырзаларга жооп алып берейин. Жүрөгүңөр бошпу?
Э.:
– Азырынча жигитим жок.
К.: – Жүрөгүм бош эле. Азырынча сүйүктүүмдү таба элекмин.
М.: – Менин жигитим бар.

– Туугандарыңар, ата-энеңер бул роликти кандай кабыл алышты?
Э.:
– Биринчи көргөндө аябай таң калып, "тартылбай эле койбойт белең" дешти. Анан аларга "бул жарнамалык ролик, бул жерде эч кандай уят нерсе жок" деп туура түшүндүрүп, акыры келиштик.
К.: – Туугандарымдан жаштар, анан апам эле көрдү. Кадимкидей эле тамаша катары кабыл алышты.
М.: – Досторум, тааныштарым "күлкүлүү, жакшы тартылыптыр. Азаматтар, ийгилик" деп колдошту. Ата-энем биринчи көргөндө "шок" болушту. Андан кийин бир аз адекваттуу реакция кыла башташты.

– Силерди сындагандарга кандай жооп узатасыңар?
Э.:
– Биздин көзүбүзчө сөккөндөр болбойт. Бирок интернетте комментарийлер аркылуу сөккөндөр болуп жатат, бирок көп деле көңүл бурган жокпуз. Бизди сындагандарга айтарым, ар ким өз деңгээлине, ой жүгүртүүсүнө жараша пикирин айтат. Биздин жашоодо кандай адам экенибизди билбей туруп эле сындап жатышат. Роликте эч кандай уят нерсе жок, биз жөн эле ролубузду ойногонбуз. Бул болгону юмордук ролик.
К.: – Эми эл деген сүйлөй берет. Эмне демек элем? Мейли, жаза беришсин.
М.: – Ар кимдин тарбиясы, ой жүгүртүүсү, жасаган иши ар башка да. Андыктан сыртынан сындаган туура эмес. Бизге көбүнчө жакшы пикирлер айтылууда, ал эми жаман комментарийлерди көбүнчө кыздар көрө албай жазып жатышат окшойт.

– Буга чейин кандай ийгиликтерге жеттиңер эле, камера алдында өзүңөрдү сынадыңар беле?
Э.: – 2-3 жеке компаниянын жарнамалык ролигине тартылгам. Андан сырткары кийимдердин көргөзмөсүнө модель катары чыгып жүрөм. Окуумдан болсо жакшы ийгиликтерге жеткем, буюрса, чет өлкөдөн окуумду улантуу максатым бар.
К.: – Буга чейин мен "Агат" деген бий тобунда бийлечүмүн. Ал эми роликке биринчи ирет тартылдым. Мага жакты.
М.: – 2012-жылы Кытайдын Пекин шаарында өткөн тайбокс боюнча өспүрүмдөр аралык мелдешке катышып, спорт чеберине талапкер болгом. Бирок мелдеш аяктаган соң атаандашым менен чатакташа кеткениме байланыштуу андан ажырагам. Андан тышкары жарнамалык роликтерге, кыска метраждуу тасмаларга тартылгам.

Кыздар:

– Күндө кечинде,
Жатам чечинип.
Мени билбей калат го деп,
Келет бекинип.
Ал, ал...
Менин үстүмө чыгат.
Үстүмө чыгып алып,
Анан башталат...
Албарсты мени басты,
Анан мен аны бастым...

Албарсты:

– Кыздарды да мен басам,
Балдарды да мен басам.
Карысын да, жашын да,
Жадакалса эчкини...

Кыздар:

– Албарсты мени басты,
Анан мен аны бастым...

Интернетти жарган роликти кайталап ырдагандар көбөйүүдө.


Бакыт Асылбек уулу: "2 МИҢ СОМ МЕНЕН 5-6 МИҢ ДОЛЛАРЛЫК ЖАРНАМА ЖАСАДЫК"

– Бакыт, "бум" жараткан жарнамалык роликтин идеясы кимге таандык?
– Жакында мен режиссёрлук жана продюсерлик кылган "Албарсты" деген мистикалык ужас жарыкка чыгат. Тасманын жарнамасына каражат жетишпегендиктен "Hakmee" деген топ бар, ошол досторума көрсөтсөм аларга аябай жагып, жарнамасын тартууга жардамдашты. Ырды Эля деген кыз экөөбүз аткардык. Роликтин идеясы, тартуу иштерин өзүм моюнума алгам. Моделдерди болсо досумдун моделдик агенттигинде иштеген кыздардын арасынан тандаганбыз. Албарстынын ролун болсо досум аткарган.

– "Тамашоунун" балдары "идея бизге таандык" деп жатышат...
– "Тамашоунун" балдары "Албарсты мени басты, анан мен аны бастым" деп тамаша чыгарышкан, биз аны улантып койдук.

– Ырчылар да, куудулдар да азыр ушул темага кайрылып жатышат...
– Аларды көрүп сүйүндүм. Юморго болгон түшүнүктөрүн бааладым.

– Өзүң тамашакөйсүңбү?
– Ооба, керек болсо ашынган тамашакөймүн десем да болот.

– Учурда силер тарткан роликти канча адам көрдү?
– Бардык жакты кошсок миллиондон ашты го.

– Роликтин ийгилигинен кийин жеке компаниялардан иштешүү тууралуу сунуштар түшкөн жокпу?
– Сунуштап жатышат, бирок биз айткан идеялардан коркушат.

– Жарнама үчүн каражат керекпи же идея керекпи?
– Мисалы, биз 2 миң сом менен 5-6 миң долларлык жарнама жасадык.

– Роликти жакындарың кандай кабыл алышты?
– Жакындарымдын баарынын мээси "жарылды".

– Өткөн санда берген маегиңде "албарсты мени басчу" дедиң эле. Албарсты тууралуу "ал кыргыз элинин баалуулугу" деп айтканыңды да угуп калдык.
– Мен кичинекей кезимде ар кандай коркунучтуу окуяларды угуп, кийин ал жөнүндө көптөгөн аңгеме, повесттерди жазгам. Жазгандарымдын эң жакшысын алып "Албарстыны" тарттым. Албарсты кыргыз элинин маданиятынын бир бөлүгү. Ал эми мени басканы боюнча айтсам, ага баары бир да, аялын да, эркегин да, карысын да, жашын да басат.

– Өзүң айткандай, албарстыны даңазалап өлкөбүздүн экономикасына пайда келтирсек болобу?
– "Албарсты" ырыбыз чыкканда бүт элге кызыктуу болду. Кызыктуу нерсе ар дайым пайда алып келет.

– Эгерде сен АКШда төрөлсөң, кандай идеяларыңды ишке ашырмак элең?
– АКШда төрөлгөндө Бугимен жөнүндө кино тартмакмын. Кыргызстанда төрөлүп, "Албарсты" деген кино тарттым.

Асхат Субанбеков
Аскар Думанаев
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (77)
Zireshka248
2017-05-18 17:22:26
Ой силерге тим койсо, Төөнүн башын сүйлөйсүңөр, ушунчалык да болосуңарбы ё моё , айрыкча моол жерде патриот байкебиз(эжебиз) тим эле жазыптыр, мындан хуже нерселерди кылып жатпайбы элдер, ушунчалык кыйын экенсиңер барып министриби же ырды аткарган "Албарстыларбы" ошолорго айткыла, тажаттыңар кечке!!!
0
medik.osh
2017-05-18 21:38:18
уят уят уят,
+1
nurbek290992
2017-05-19 08:35:46
Иий уят ай. Маданяттын бир болугу дейт. Анда ушундай жат корунуштун баарын маданят деп кабыл алышыбыз керекпи. Биринчи уйронгуло маданятты анан суйлогуло. Кыздарга соз жок. Орусча кыргызча аралаштырып суйлоп шаардык корунгулору келип, жазап суйлоп. Уятсыз иш бул.
+2
lusia
2017-05-19 13:36:26
Аз акча менен бул клипти таркандан коро китеп сатып алып окугадары жакшы болмок, дагы уялбай оздорун звезда сезип алгандарын. Балдар артыман ырдап тийишет деп, алар сага тийишпей эле мыскылдап жатышат. Анан да оз денгелинде кабыл алат дегение караганда булар 3 кыз, роликтин автору денгелдери эн паз деп айтаар элем.
+2
lusia
2017-05-19 13:41:35
Негизи журналистер булардан интервью деле албай эле койуш керек экен оздорун укмуш звезда сездирбей. Роликтен акча таап жаткандан кийин биз деле корбой эле коелучу мындай тушунугу пастарга нервибизди коротпой. Мен мисалы коргон эмесмин, анан эле интернеттин баары ушулар б.п кеткенден кызыгып ача калсам, булар биз укмуш популярдуубуз дейт го. Ырдын маанисин деле тушушкон эмес окшойт
+2
uzgen-01
2017-05-19 15:02:18
Өзү бул кыздар сулуу, келбетүү фигуралары сонун бирок ыры окшошпой алигиндай кыздарга окшоп калышыптыр
0
aseras
2017-05-19 15:38:16
Буларда эмне куноо ырда дешкен ырдап койгон.Булар ырдабаса да бварибир башка кыздар ырдамакта.Просто ошол ырдын создорун жазган адам уялбайбы.Чечинтип, анан устуно чыгып башталат деп.Ким жазса да уятсыз сабатсыз адам экен
+1
Erlan_92
2017-05-19 15:53:35
Соннун сулуу кыздар экен жакты магы
-2
Snejana
2017-05-20 00:10:13
ХХХ Кыскасы соз жок. Кыздарга боорум ооруду ушунча создон кийин, кандай абалда болушту экен.Комментарийлерди окуп алып мен жаман болдум. Сыр бергилери келбей атышат го. Окунучтуу!
+2
aijanasan
2017-05-21 01:05:45
Уфф качан бутот ушу кыздар кайра кайра чыгарбагылачы. Кыздар тамашалуу ырды ырдаптыр, кыргыз элим жеп салды го байкуштарды. Болдугула да уже!! болушунча эле соктунор го(( Реклама экен да.
-2
Dilbaranurdinova
2017-05-21 23:27:33
чубак ажы айткандай эрге тийгиле албарстына очерет жетпей калат
0
admin_superstan
2017-05-22 10:06:47
Eli75, гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер gazeta@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
tamchy555
2017-05-26 18:22:42
Ар куну кечинде
Жатам чечинип, - деп өздөрү жаман ойлой турган кылып ырдашыптырго ХХХ.
Дагы аркимдин ой жугуртуусуно байланыштуу деп коюшат , ошо нормальный ой жугурткон адамдар айтып атат силерди "уяты жоктор" - деп............
+1
admin_portal
2017-06-12 13:55:32
torik2292, кимдир бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз! Эскертүү!
0
uRaGaN
2017-08-06 00:35:12
96 97 дейби 30 жаштагылар деп ойлогом
0
№ 758, 12-18-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан