Нурлан Насип: "АСЕЛ АЙЫЛГА БАРБАЙМ ДЕСЕ УНААГА ЖҮКТӨП КЕТЕМ..."

10-майда Нурлан Насип SUPER.KG порталы уюштурган түз эфирде конок болду. Ырчы порталдын колдонуучулары, социалдык тармактагы расмий баракча жана WhаtsApp аркылуу күйөрмандары жиберген суроолорго жооп берди. Нурлан мырза тамаша-чыны аралаш жооп узатып, аккордеон ойноп, чыгармаларын аткарып берүүгө жетишти. Жагымдуу маанайда өткөн маектин кызыктуу учурларын сунуштайбыз.

Нурлан Насип SUPER.KG порталынын түз эфиринде чупа-чупсту оозуна салып ырдап берип жаткан кези.


Ырчы мырзанын күйөрмандары көбүнчө жеке жашоого байланыштуу суроолорду жаадырды. Арасында Нурлан Насипке ашык болгон селки: "Нурлан, сени Аселден кызганам. Аны менен кол кармашып түшкөн сүрөттөрдү көрүп жүрөгүм ооруйт. Мени көрсөң сүйүп каласың. Сага жетиш үчүн эмне кылышым керек?" - деген суроо жиберген.
– Сүйүп калсам жакшы экен. Каякта жүрөсүз? Көрүп коюш керек экен (күлүп). Тамаша, рахмат сизге. Мени сыйлаган күйөрмандарды мен да сыйлайм.

– Атактуу адамга эл арасында жүргөн оорбу?
– Мага элди аралап жүргөн жагат. Мурун "Дордойго", "Ош базарына" барганды жакшы көрчүмүн. Айылды сагынганда ошол жердеги элди көрүп айылдаштарыма окшоштуруп кетчүмүн. Былтыр апам менен базар аралап келгем. Бирок эл мүмкүнчүлүк бербей артыңдан түшүп алса кысылып бир кызык болот экенсиң. Ошондон бери бара элекмин.

– Үйлөнгөндөн кийин бир кызды сүйүп калсаңыз, экинчи турмуш курат белеңиз?
– Бир үйлөнгөндөн кийин болду, ошол адамды сүйөм. Алган аялымдын көңүлүн ойлоп бактылуу кылгым келет. Бирок билбейм, жүрөк ар кандай болот да. Себеби эркектер кыз жандуу келебиз.

Эгер тандоо болсо, досуңузду тандайсызбы же сүйгөнүңүздүбү?
– Бул аябай оор суроо экен. Досума "кыз киши таарынып калбасын, көңүлүн көтөрүп турайын, кийин чечишип аласыңар" деп түшүндүрмөкмүн.

– Келбетиңиздин кайсы жерин өзгөрткүңүз келет?
– Мага келбетти оңдоткон жакпайт. Кыздар, капа болбогула, бирок келбетти өзгөрткөн машинанын бампери урулуп калып жасалат го, ошого окшошуп калат. Мисалы, 2006-жылы чыгарылган машинаны 2011-жылкы кылып жасап койгондой.

– Тишиңизге брекет тагынып калыптырсыз. Бул элдин сынынан тажаган үчүн эмеспи, жүдөткөн жокпу?
– Элдин сынынан эмес. Акыркы күндөрү тишим "Тамашоудо" тамашага салынып жатат. Тиш доктурга барсам брекет кийүүнү сунуштады эле, кызыгып кеттим. Башында 2-3 күн кыйналдым. Сулуу болоюн деп жатам. Бирок кечирээк ойлонуп калбадымбы (каткырып).

– Мурунку Нурлан менен азыркы Нурландын кандай айырмасы бар?
– Мындан 10 жыл мурун Аваз экөөбүздүн түшкөн сүрөтүбүз интернетке жайылып кетти. Ким таратканын деле билбейм. 2006-жылы Султан Садыралиев биз кийип тургандай клёш шым кийип ырдап чыккан. Биз аны туурап кийинип алганбыз. Ал сүрөттү көрүп бир чети күлкүм келип, бир чети ошол күндү эстеп сагындым. Борбордук аянтта сүрөткө түшкөндү жакшы көрчүмүн.

Кийинки суроо banditka деген колдонуучудан келди. Ал "чыгармачылыкка аралашып келе жатам, мага кандай жардам бере аласыз?" деген суроо калтырган.
– Бандитка, атыңызды оңдошуңуз керек экен, анан сүйлөшөбүз. Угуп алып эле коркуп кеттим (күлүп). Таланттуу жаштарга жардам бергим келет, буюрса, ушул жылы баштайм.

– Сизди "чёрныйлар" менен дос, алар "крышовать" этип турат" деген чынбы?
– Андай байкелер менен саламым түз, жакшы мамиледемин. Укмуш деле жакшымын деп айта албайм.

– Сүйүүгө туруктуу адамсызбы?
– Мен сүйбөсөм жүрө берем. Бирөөнү сүйүп калсам, аны жүрөгүмдөн чыгарышым кыйын экен.

"8-Мартта сүйүктүүңүз Асел Кадырбековага iPhone 7 смартфонун белек кылгансыз. Бул ага берген эң кымбат белегиңизби же андан кымбатын бердиңиз беле? Апаңыз кандай үлгүдөгү телефон колдонот?" деген суроого Нурлан ойлонуп калды.
– Жок, ай, телефон деле берген эмесмин. Апам деле акыркы үлгүдөгү телефон көтөрөт. Бирок iPhone эмес, аны жакшы түшүнбөйт.

"Асел Кадырбекова "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде "Нурландын "Асел экөөбүз сүйлөшпөй калдык" дегенине таң калдым. Себеби мамилебиз солгундап кеткенде коомчулукка жарыялабайбыз дегенбиз. Нурлан менен атактуу боло электе сүйлөшчүмүн" дегенин окуп кандай абалда болдуңуз?" Окурман ушундай суроо менен ырчы мырзаны жарга такады. Буга чейин тамашалап көңүлдүү отурган Нурлан бул суроону угуп ойлонуп калды.
– Ушундай суроолорду жаман көрөм. Бул жерде мындай. Кыз киши эмоционалдуу болот. Жини келгенде ошентип айтышы мүмкүн. Бирок мен биз урушуп кеткенде Асел тууралуу жаман комментарий берген эмесмин. Балким, ал образга кирип ошентип айткандыр. Эмне болсо да жаман ойлобойм. Бирок "кулак укса курсак кайнайт" дейт го. Ал сөздөрдү укканда күлүп эле койгом.


– Асел менен Дубайда төө минип түшкөн сүрөтүңөрдү көрдүм. Аселдин ачык кийингени сени кызгандырбайбы?
– Дубай ысык экен. Өзүнө жарашыктуу болсо болду. Өзүм ысып, жеңи узун көйнөк кие албай жаттым. Ал жактагылардын кийингенине салыштырмалуу жакшынакай эле кийинип жүрдүк.


– Асел экөөңөр бири-бириңерди сүйөсүңөрбү? Ошондой болсо "Аселди сүйөм!" деп эл-журттун көзүнчө айтыңызчы. Той качан?
– Убагы келгенде кабарлайм. Тойду да түз эфир кылабыз.

Кыз-жигит жакында Дубайда эс алып келишти.


– Кийин айылга жашаш керек болуп калганда Асел "барбайм" десе эмне кыласыз?
– Өзүм кетем да, же болбосо Аселди унаага салып жүктөп кетем (күлүп). Анткени аял киши эркектин тилин угушу керек.

– Асел сиздин буйругуңуз болбой, башка жигитке турмушка чыгып кетсе эмне кылат элеңиз?
– Эгер ал башканы тандаса кармабайм, бактылуу болсун.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Нурлан Насип: "Асель айылга барбайм десе, унаага жүктөп кетем"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (46)
Bagdayim
2017-05-16 14:30:47
Аселдин боенгонун эле айта бересинер,силерге озу адамдын жакшы жактары да корунобу айланайындар,мага биздин кыргыздын ырчыларынын баары жагат баарын бирдей сыйлайм.Нурлан менен Аселге бактылуулук.
+2
Aisanur_89kg
2017-05-16 15:03:56
Ушунчалык жонокой жигит,баардык суроого кулуп гана жооп бериптир,ийгилик,онорун эч качан солгундабасын,бактылуу болгула
+3
admin_superstan
2017-05-16 18:08:52
Nurzatka94, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.

0
kanatt
2017-05-16 18:32:32
Чынында Асел сага пара эмес экен брат не обисуй.Жанында чон корунуп турат,бирди торосо апа деп каласын.
-3
Aidani
2017-05-16 20:25:29
Силерге эмне апа кылабы аял кылабы озу билет да балким уйлонбойт экоо шоу бизнестин интригасы болушу мумкун Нурлан ийгилик каалайм жылдыз оруун айыгып калган корунот
+3
ladynur
2017-05-17 09:13:45
Нурландын жонокойлугу жагат
0
bakulina995
2017-05-17 09:45:25
Маекти окуурдан алдын, видеону акырына чейин корууну сунуштайт элем.
+2
bakulina995
2017-05-17 10:56:16
Максат байкее аябай жактыныз мага)) Суйуп калдым...))
+1
Bermet9393
2017-05-17 12:24:07
Сонун маек болуптур Асель эже экоонуздор Бактылуу болунуздар!
-1
Birimdik5555
2017-05-18 00:29:24
Эко аябай пара, бактылуу болгула
0
Begaiko
2017-05-18 20:23:32
Суйсо суйом, алам деп эле айтмак да. Ушундай суроолорго жооп бере албайт. Суйбойт болш кк
+2
Kubinis
2017-05-18 22:07:43
телефон деле берген эмесмин дейтго))))
0
Izdeim_seni.
2017-05-19 15:18:36
Тойский ырчы
+1
Jikacha
2017-05-20 17:46:56
Она милашка
-1
Girl1996
2017-05-21 11:56:38
апасынын телефонун сураганда уялып кетти окшойт, жалганды алдын айткан же азыр айтты.
Эмнеси болсо да бактыфлуу эле болсун
+1
№ 758, 12-18-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан