АРЫКМЫН. КАНТИП СЕМИРЕМ?

«Илмийип өтө эле арыкмын, кийим жарашпайт» дегендердин катарындасызбы? Чындыгында арабызда «бир аз салмак кошсом, идеалдуу салмагыма келсем» дегендер көп. Майды кат-кат кылып топтобой кантип туура салмак кошууга болот? Бул тууралуу туура тамактануу боюнча кеңешчи Калыбек Баякуновдун кебине кулак салалы.

АРЫК БОЛУУНУН СЕБЕПТЕРИ

  • Тамактануунун бузулушу: калориясы аз, муздак, жеңил азыктар менен тамактануу.
  • Физикалык же акыл-эс жактан өтө чарчоо, уйкунун аздыгы, сексуалдык активдүүлүктүн жетишсиздиги.
  • Стресске, депрессияга көп кабылуу, сарсанаа болуу жана маанайдын пастыгы.
  • Ашказан-ичеги оорулары. Ферменттин бөлүнүп чыгышы төмөндөйт. Натыйжада организмге жетиштүү деңгээлде тамак барганы менен, ал сиңбейт.
  • Ашказан алдындагы бездин иштөөсүнүн бузулушу. Мисалы, кант диабетинде углевод алмашуу бузулуп, салмак түшөт.
  • Тамак безиндеги оору. Ал зат алмашууну тездетет, натыйжада арыктоо келип чыгат.

САЛМАК КОШУУДАГЫ 10 ТАЛАП

1.
Тамак сиңирүү системинин ыргактуу жана таасирдүү иштешине көмөктөшүңүз. Калыпка салынган эртең мененки, түшкү жана кечки тамактануу сиз үчүн аздык кылат. Ашыкча калория топтоо үчүн алардын ортосунда шам-шум эте жүрүңүз.

2. Рационуңузга белоктуу, углеводдуу азыктарды жана өсүмдүк майларын көбүрөөк кошуңуз.

3. Калорияны көбөйтүңүз. Күнүмдүк кабыл алган азыктардын калориясынын өлчөмүн кошуу керек. Күнүмдүк керектелген калориядан сырткары 300-500 калория көп болушу шарт.

4. Суюктук көп ичиңиз. Салмак кошууда суюктук жакшы таасирин тийгизет. Андыктан күнүнө 2 литрден кем эмес суюктук ичүү туура.

5. Басып жүрүп тамактанбаңыз. Тамактанган соң эч нерсе жасабай, тынч жата туруңуз. Бул убакытта тамак кыйналбай сиңет.

6. Калориялуу тамактарды жеп жатам деп жүрө бербестен, машыгууларга барыңыз, чуркаңыз, сейилдеңиз. Булар калорияны жоготкону менен, денеңизди кат-кат май басуудан сактап, булчуңдардын өсүшүн шарттайт.

7. Менюңузду фаст-фуддар, кондитердик азыктар менен толтурбаңыз. Булар салмак коштурганы менен, жамбашыңызга, белиңизге майдын пайда болушун шарттайт.

8. Тынч, толук уйку. Күчүңүздүн топтолушун жана салмактын кошулушун кааласаңыз, анда уйкуну кандырып эс алыңыз. Организмдеги булчуңдар эс алуудан жандана баштайт.

9. Тамекини таштаңыз. Анткени тамеки тарткандар күнүнө 100-150 килокалорияны жоготушат.

10. Салмагыңызды күн алыс текшерип туруңуз. Бул сиздин салмак кошууга болгон аракетиңиздин маанилүү жагдайы, дем берет.

КАЙСЫ АЗЫКТАР ПАЙДАЛУУ?

Күрүч
. Сүткө же шорпого салып бышырган күрүч жогорку калориялуу болуп эсептелинет.
Сүт. Күнүгө ичилген 3 стакан сүт кальцийдин күнүмдүк нормасын толуктап турат. Мындан тышкары майлуу сүт жакшы салмак кошот.
Мөмө-жемиштер. Коон, банан, өрүк, курма көбүрөөк жеңиз. Бул жемиштер салмак кошкондон сырткары андагы витаминдер менен минералдар тамак сиңирүүгө жардам берет.
Эт. Салмак кошууну каалаган адамдын рационунда сөзсүз түрдө уйдун, койдун эти болуусу керек. Булар да белоктун булагы.Буудай унунан жасалган нан. Бардык нерсеге кебектүү нан кошуп жегенди үйрөнүү керек.
Жашылчалар. Картошка, сабиз, кызылча, ашкабак сыяктуу жашылчаларды тамакка көбүрөөк колдоно баштаңыз. Айрыкча бул азыктар кошулган тамакты электр мешине бышырып жесеңиз пайдалуу. Мындай ыкма менен бышкан тамак сиңимдүү болот жана андагы пайдалуу заттар ошол бойдон сакталат.
Тооктун эти, балык. Салмак кошууда тооктун эти, балык негизги азыктардын бири болуп саналат. Булар организмге оңой сиңет, курамында белок көп болгондуктан, булчуңдар үчүн эң жакшы куруучу материал болуп эсептелинет.
Жумуртка. Жумуртканы болгону 3 мүнөт кайнатып, чала бышырып жеңиз. Бирок бир жумада жеген жумурткаңыз 3-4 даанадан ашпасын.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (59)
ADIL_AYDAROV
2017-05-24 11:32:50
рахмат кеңешиңиздерге
0
briliant87
2017-05-24 13:31:15
Только арыктардын арманы болуп кетиптирго
0
Musabaeva.
2017-05-24 14:16:35
47кг чыгат экенмин, 50деп ойлоп журчумун.50го чкйин болсом болот эле озу.
0
Leilektik
2017-05-24 18:41:38
Musabaeva.,бир мошок унчалыкда жоксунбу
0
Musabaeva.
2017-05-24 19:01:41
Leilektik,Ошондой экемда бир мешок
Ундай дагы))кече кордум 47экем ойлочумун 50чыгам деп.
0
altynbek_canto
2017-05-24 21:47:48
Олдуго эми элдер арыкташым керек дешет, Эми семиралбай жатышабы.
0
telibay
2017-05-25 01:12:30
Мм да
0
AGA
2017-05-25 12:33:41
Мен да семире албай журом. Комент жазгандардын арасында эн эле салмагы аз мен окшойм. Жашым 26да эки балам бар а салмагым болсо 43 (((
0
meni_kut
2017-05-27 11:45:27
AGA,журокту тушуросун го
0
Raul07
2017-05-25 22:07:16
Админ,,, Орозонун календарын жазып чыгарасынарбы,? Дайыма жазчусунар, быйыл жок го.. ?
0
admin_superstan
2017-05-26 09:49:46
Raul07, саламатсызбы? Календарь гезитке чыккан. Порталга чыгат, күтө туруңуз.
0
Raul07
2017-05-26 22:42:25
admin_superstan, рахмаат сиздерге
0
nur...nur.
2017-05-26 16:14:50
Семирип эмне кыласынар орто болгон дурус денсоолук чын болсо эн башкысы
+1
gamster
2017-05-26 18:43:54
чуркаганга тренировка кылганга. же тез тезден тамактанганга убакыт жок. бирок семиришим керек. муно вивону попробовать этип корсом окшойт.
0
kyrgyzajym
2017-05-26 21:02:44
Hahaa aryktar kandaisynar?
Men da tolom dep "erkektei" ele jeimin :D
Kichine tolup kele jatyp, kaira ele aryktap ketem ioolki.
Калкан сымал без_inde hiperterioz oorusu barlar da aryk bolot, adnyktan teksherilgile.
Menden dagy 1 sovet: jataardyn aldynda kursakty kampaityp alyp uktasanar, ertesi kichine tolup kalganynardy baikaisynar. Bilbeim silerde kandai bolot,birok mende ushundai :)
0
meni_kut
2017-05-27 11:46:56
kyrgyzajym,ашказанын оорукчан кыл анан
0
shirin_kyz88
2017-05-27 03:39:59
Ушул койгой менда дагы бар такыр семирбейт экенмин тоба, кантсе да оорубайлы арыкбы, семизби главный ден соолук экен(мен семире албай калгандан бери озумду ушинтип алдап келемго).
+4
Firdaus-Muslim
2017-05-28 10:39:17
Менда арык жигитмин. Ушунчалыгына шүгүрго.
0
kanatt
2017-05-28 15:57:29
1 жума каттуу тренировка кылып кайра 1,2 жума таштап туруп тамак жегилегин чочкодой семиресин.
0
Real-madrid
2017-05-28 18:07:35
семиз болгондо эч пайда жок зыяндан башка,анан кору арыкчырай болсон озуно ден соолука жакшы.
+1
sabyrer82
2017-06-03 00:01:11
Спорт питание жардам берет бекен
0
№ 759, 19-25-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан