"АТА, МЕНДЕН ПРЕЗИДЕНТ ЧЫГЫШЫН КҮТҮП ЖАТАСЫҢБЫ?!"

Үйдүн кенжесимин. Азыр отуруп ушунун баарын жазар алдында атам мени кичинемде эркелетти беле деп эстегенге аракет кылдым. Эркелетпептир. Же мен эстей албай койдумбу билбейм. Атамдын мас болуп, үйдү үч көтөрүп, ач айкырык салып баарыбызды кубалап жүргөнү гана эсимде экен. Апам балапандарын коруган тооктой болчу. А атам кулаалы эле... Мунун баарын көз алдыма келтирүү мага оор. Азыр өзүм балалуу болуп туруп, "кантип баласына ушундай мамиле кылган?" деп атама түшүнбөй кетем. Эсимде, мен анда 5 же 6 жашта болсом керек. Улуу агам менен дарыяга балыкка барып келсек, атам ашканада мас болуп алып кыялын көрсөтүп жаткан экен. Апам байкуш күйпөлөктөп "и-ий, уруш эле чыгып кетпесе экен" деп, анын айтканын аткарып мас атамдын көңүлү менен болуп жүрүптүр. Апам дайыма ушинтчү.
– Арген, бар атаңдын жанына отурчу? Сен кичинекейи эмессиңби. Сени жакшы көрөт. Жанында сен болсоң, сага алаксып ачуусу таркап калар...
– Жок! Мен корком,- атам мас кезинде чындап эле коркчумун. Бирок апамдын көңүлүн кыя албадым. Анын үстүнө "чын эле мени жакшы көрүп кетип, уруш чыгарбай коёттур" деген ойго жетеленип кирип бардым.
– Ок, энеңди... Кайда жүрдүң?- деп кызарган көздөрү менен тик карап атам опурулду.
– Нурлан акем экөөбүз балыкка барып келдик.
– Үйдүн оокатын кыйратып койдуңарбы? Балыкчы болуп кетишет...- арак куюлган стаканы менен мени коюп жиберди. Көзүм жарк эте түштү. Маңдайым ысый түшүп эле, кан кетти. 6 жаштагы чыт курсак, 2 балык кармаганына маашырланып, чечекейи чеч болуп күлкүдөн уурту жыйылбай турган өз баласынын ким башын жара чаба алат? Айткылачы?!

Атам мен 8-класс болуп калганда арагын таштады. Үйүбүз тынчый түштү. Бирок баары бир катаал. Бир ишти туура эмес жасап салсаң, сөз менен да, камчы менен да жетер жериңе жеткирип коёт. Анан атамдын жакшы көргөн сөзү бар. "Мен силердей кезде" эле дей берет. Кандай тың болгонун, бир короо койду алып жайлата жалгыз бакканын айтат. Муну менен токтоп калбай, "баланчанын баласы кара биттин ичегисине суу куят, сенчи, мурдуңду тарта албай жүрөсүң..." деп намысыңа тиет. Атам айткандай, мен ошо мурдумду тарта албаган бойдон эле жүрөм. Албетте, Кудайга шүгүр деш керек. Үй-бүлөм бар, балалуумун. Бирок кээде акча тартыш болуп, жумуш таппай кыйналып калам. Жакында эле атам менен апам Бишкекке келип меникинде (мен батирде турам) жүрүп кетишти.
– 30га чыгып үйү жок жүрөт темселеп. Колуңдан эч нерсе келбейт экен!- деп күнүнө 3 маал каарыйт. Көңүл бурбаган болом. "Ооба деп кой. Башың аман болсо баары болот" деп апам мени жубатат. Эмне демек элем? Атам да. Ал карыганда аны менен жакалашып урушсам шермендем чыкканы жатпайбы.

Бирок бир жарылып: "Эй, ата, сен менин келечегимди түзүп берип койгонсуп сүйлөбө! Кана айтчы? Мени жакшы оку дедиң беле? Окуу жайга өткөрүп, студент кылдың беле? Мен ким элем сага? Малчың болчумун, оокатыңды кылган кул элем. Же баладай кылып эркелеттиңби? Балким мен сенин шыкагыңа, демиңе, колдооңо зар болгондурмун. "Ай, азамат, менин балам кыйын да" деп койсоң төбөм көккө жетип, ишенимим артып башкача болот белем? "Колуңдан бок келбейт. Мурдуңду тарта албай жүрөсүң. Кеңкелес!" деп каарып жүрүп, эми менден президент чыгышын күтүп жатасыңбы? Балким, сенин токмогуңдан, каарыңдан мен өзүмө ишенбеген, өз таламымды талаша албаган, тартынчаак, коркок болуп калгандырмын. Жок, ай, мен муну жасай албайм го деп кетенчиктеген мококтугум ошондон болуп жүрбөсүн?! Негизи, мен Кудайга шүгүр жашап жатам. Эртели-кеч мас болуп, арак менен достошконум жок. Үйдө төргө отуруп алып бурулдатып тамеки тартпайм. Баламды сабабайм. Анын укмуш экендигин, акылдуу экендигин, аракет кылса баарына жетерин азыртадан кулагына куюп жатам. А сен мендей кезде эмне кылдың эле?"- деп кыйкырып алгым келди. Анткен жокмун. Атам да. Ага кыйкыра албайм. Балким, ал мунун баарын гезиттен окуганы жакшыдыр. Кандай болгон күндө да мен мунун баарын айтышым керек болчу. Айттым!

Арген

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (62)
Esenali
2017-05-24 13:07:59
Союз убагында төрөлгөн аталар ичпесе азыр мурдагыга караганда ичкилик азайып баратат.( өзүмдүн айылымдан мисал)
+3
gordaya
2017-05-25 08:54:48
Esenali,туура, ошол убактагы кундо ичкен аталарыбызга чыдаган апаларыбызга таазим!!!!!!!!1
+2
omu
2017-05-24 18:30:34
Биздин да башыбыздан откон ушундай кундор. Бирок биздин атабыз ичип тополон кылбайт эле. Болбогон майда-барат нерсеге эле уруп-сабап, жээрип турчу. Тундо уйдон бир туугандарым, энем болуп качып чыккан кундор болду. Барып бироонун складында жатканбыз. Анан тундо уктап калганда келгенбиз. Бир жолу эжемдин кол жазмасы начарыраак болгонуна колун газга куйгузгон. Азыр да он колунда шрамы бар...
Атам урганда канча шымымды булгап койгон кундор отту...
Анан мен 14 жашымда башка аял алып кетт
+1
Komrad
2017-05-24 19:50:38
Озун озу кармай албагандык. Уруп алып кайра окунот мындай адамдар. Эген окунбогон болсо азыр эми бирдемке десен сразу журоко жакын алып таарынышат да аталар, апалар. Биздин уйдо экоо тен строгий болушкан, оор балалык отту
+1
Pandora
2017-05-25 11:13:39
Баарынанда комментарийлерди окуп журогум ооруду,Макул ата энелер ал убпкта ката кетириптир,ал катаны биз кацталабайлы,ар бир адамдын жакшы сапаттарын озубузго синирип,жаман сапаттарын алыстатып ар ким оз ойу менен жле эмес айландагы аламдарлында ойу менен болушууну унутпашыбыз керек.
Жогоруда окуп отуруп менин атам ааламда жок ата турбайбы)))деген ойго келдим албетте ичет болчу,бирок ичкенде унчукпайкелип уктап калчу бирок ошондо да жакпайт эле эсимде 2жолу болсо керек босогодон кирип эле
+2
Pandora
2017-05-25 11:14:36
Апам экоолоп аран жылдырганбыз,Элдин балдары деген созду айтса керек бирок конулумо калгыдай болуп жсимде жок жкен,демек аз эле айтканго...
+1
Bolunbo.kyrgyz
2017-05-26 09:07:07
Жашай бергиле туугандар башкалар эле жыргап башкалар эле байлыктан бакыт курган жок суйгон жумушунарды кылгыла сабыр кылгыла бул дуйнодо адилеттуулук деген олгон жок экен. Конул бурбагыла силердин ата эненер бар алар да бушайман болушат билишет эмне болуп жатканын бизден да жакшы билишет алар болгону тушунгулору келбейт. Туура тушунгондун оордуна урушуп кеткенди жакшы билебиз.
0
doping
2017-05-26 10:58:45
менде эле ушундай десе башкаларда деле бар тура
элдин баласы деген создон тажадым
+2
Nuraiym94
2017-05-26 22:32:22
Ой,саясатка тийишпей эле койгулачы!!!Эч кандай саясатка тиешеси жок.Окуп алып,ыйлагым келди,атасы окуса эми...
0
Janyl-aiym
2017-05-27 15:20:12
менинда атам коп ичет эле, корбогонду коргозчу апама, акемди урушат эле... Бирок, канча мас болуп, канча жиндилик салып атса да мен "ата уктанызчы, ата болдучу " десем, "алтын кызым, ай кызым, чырагым, азыр десен азыр журогумду сага сууруп берем, сен учун баарын кылам Ак Гулум" дечу. Эч мага катуу суйлобогон. Балким, ошон учун мен атама мээримдуу, акем мээримсиз болуп калгандыр... Ошон учун, эркектерге айтаарым ичпегиле, мээрими балдарынардын очуп кетет. Бирок, кантседа ата
0
Bilal2014
2017-05-27 19:04:06
Дааа...бизди кайра чонойгондо эркелете баштады атам.кичине кезимде эстей албайм эркелеткенин
0
Aidani
2017-05-27 22:55:11
Ата мееримин корбогон мен эле экем деп журсо зато атан менее чогуу жашапсын го атан жок болсо не кылат Элен мага окшоп огой атадан таяк жесен не кылат Элен,
0
Prokuror
2017-05-28 00:15:39
Ата урушса - демек бир нерсе жетишпейт уй булодо. Бул окуяда финансы маселеси орун алган го. Баласы иштеп аракет кылып жатыптыр.
Эми атасы корор кун да аз калган окшойт баласы чоноюп акча табаар маалы келиптир.
Негизи Ата Энеге карап жардам берип, акча жонотуп турса маселе тез эле чечилгидей.
-1
kanatt
2017-05-28 15:39:10
Алтын башынар аман болсо,алтын чойчоктон чай ичесинер! Ден-соолук болсо калганын тапса болот.
0
Sushi_wok
2017-05-28 19:02:28
Журогум сыгылып кетти окуп алып. Менин да жашоомдо болгон мындай окуялар. Атамдын масы таркасын ачуусу таркасын деп отуруп апам байкуш олуп кетти. Мен да уйбулоолумун балдарым бар а атам болсо арагын дагы деле токтото элек. Дуа кылгандан башка колуман эч нерсе келбейт. Аргендин да мен сыяктуу жакшы созго зар болгон экен. Кеч болсо да жок дегенде гезитке жазыптыр.
+1
orun
2018-09-04 21:50:51
Менин тагдырымдын озу экен. Биздин да башыбыздан ушундай кундор отту. Мен да тартынчаак, чечкинсиз болуп калгам. Бироого оз оюнду ачык айтуудан айбыгып калат экенсин. Атамдын ото катаал, озум билемдик мунозунон эки эжемдин тагдыры талкаланды. Бала кезимде атам ичип келип энемди уруп, биз эже карындаштарым болуп тунучундо кочодо шолоктоп ыйлап тайэнемдин уйуно барганыбыз дале эсимден кетпейт.
0
№ 759, 19-25-май, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан