Мирбек Иманбеков, ырчы: «ҮЙДҮН КЕНЖЕСИ БОЛГОНДУКТАН АЙЫЛГА КЕЛДИМ»

Бир топ убакыттан бери Мирбек Иманбековдун дарегине айтылган «сахнаны таштап кетиптир» деген кептерди угуп келгенбиз. Ырчы мырза менен байланышканыбызда туулуп-өскөн айылында экенин айткан эле. Биз Мирбек мырзанын балалыгы өткөн Таластын Чоң-Кара-Буура айылындагы үйүндө конокто болуп кайттык.



– Үйгө келген меймандарды ушул бөлмөдө сыйлап, узатабыз. Быйыл уулумдун сүннөт тоюн өткөрөлү деп камданып жатабыз.


– Бул келинчегим экөөбүздүн бөлмөбүз. Күндүзү бул бөлмөгө киргенге деле убакыт жок. Кечинде бир аз телевизор көргөнүбүз болбосо, уктап калабыз.


– Кызыбыз Арууке менен уулум Чынтемир ушул бөлмөдө укташат. Мындай керебет бөлмөдө көп орун ээлебейт, жыйнактуу да болот.


– Бул жак апамдын бөлмөсү. Дубалдагы сүрөттү келинчегим атайын тарттырып, белек кылган. Апам күнүнө бул сүрөткө канча жолу карайт билбейм, бирок орду ушул жерде.


– Быйыл келинчегим Бурул дагы колуна кетмен кармап кулпунайдын чёрный принц деген түрүн жана малина эгип, дыйканчылык менен алектенип жатат.


– Жалпы аянты 5 гектар жерге төө буурчактын лопатка деген түрүн айдадым.


– Бала кезде ушул суу топтолгон көлмө менин Ысык-Көлүм болчу. Мени издегендер ушул жерден тапчу.


– Атам малга караганда үй канаттууларына жакын. Азыр 200гө жакын тоок, үндүк, өрдөк, каз жана 7-8 коён багып жатат. Кышка чейин көбөйтүп, суук түшкөндө сатып акча табат. Бизге көз каранды эмес, өзүнүн акчасын өзү табат.


– Атам чырпык кезинде тигип, чынар кылган бак-дарактары бүгүн түшүмүн берип жатат. Быйыл жаз алды менен алмаларды өзүм бутадым.




ЧАЙ МАЕК

– Мирбек мырза, айылда жүргөнүңүзгө канча убакыт болду? Эмне менен алектенип жатасыз?
– Айылга үй-бүлөм менен келгениме 1 жылдан ашып калды. Бул жакта жумуш көп. Талаага картошка жана бизде популярдуу болгон төө буурчак эктим. Мындан тышкары тойлорго чакыруулар болуп, кызмат кылып жатам.

– Айылга келүүңүздүн себеби?
– Шаарга каалаган убакта бара берсе болот. Бирок шартка караш керек. Ата-энем 70ке таяп калды. Үйдүн кичүүсү болгондуктан, ата-энемди багайын деп айылга келдим. Буга чейин шаарда бала кездеги максаттарымды ишке ашырдым. Азыркы максатым – ата-энеме татыктуу карылык тартуулоо. Келинчегиме ыраазымын. Айтканыма көнүп айылга келип, ата-энеме ысык чайын, каалаган тамагын даярдап, ак дасторконун жайып отурат.

– Демек, сахнаны таштабаптырсыз да?
– Ырчылыкка, сахнага кыйналып жеткенден кийин таштай албайсың. Өзүмдү карыганда деле сахна адамы катары көрөм. Болгону убактылуу жаңы ыр жаздырып, клип тарттырган жокмун. Айылдагы иштеримди бир калыпка салып алгандан кийин чыгармачылыгыма жаңылык киргизем.

– Балалыгыңыз өткөн үй тууралуу айтып берсеңиз.
– Бул үйгө 7-8 жашымда көчүп келгенбиз. Үйдү ата-энем өздөрү салган деп мактануу, сыймыктануу менен айта алам. Чынында эле ушул үйдү салууга чоң эмгек талап кылынган. Себеби жер айылдын чет жакасындагы тегиз эмес, дөңсөө жер болчу. Ошол 5-6 гектар аң-дөңдү сүрдүрүп, тегиздеп, там салыш чоң эрдик болгон. Айланасын тегерете курчаган бак тигип, курортко айлантып койгон.

– Бул жерде отурукташып калсаңыз, өзүңүздүн кыялыңыздагы үйдү курам деп жатасызбы?
– Ооба, үйдүн эскилиги деле жетип калды. Бирок бузуп, ордуна жаңы там салып ата-энемди таарынтып аламбы деп корком. Атамдан кала турган болгондон кийин буздурбайм. Эгер үй сала турган болсом жер кенен, бактын тиги бурчуна сала беребиз да.

Ушул маалда ырчынын жубайы чайга чакырып калды. Аны да кепке тарттык:

– Айылдын шартына көнүп калдыңызбы?
– Ооба, көндүм. Башында "кыйналам, кантем?" деп сарсанаа болдум. Үй оокаттарын жасоо менен убакыт өтүп кетет. Айылга келгенибизге өкүнбөйм. Берекенин баары айылда экен. Мурун «жерди чукусаң акча чыгат» десе, "кантип чыгат?" деп таң калчумун. Көрсө, жер иштетип, эгин эксең акча болот экен да.

Бактыгүл Момбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (68)
kechirmeni
2017-05-31 09:41:00
Азаматсын Мирбек,ата эненин батасын алганга не жетсин. Башкаларга да улгу болуп жатасын. Ишине ийгилик!!!
+4
Astra93
2017-05-31 10:43:17
Молодец
+2
meni_kut
2017-05-31 11:35:43
канча жашырган эле аялы байкушту.
+1
dinadeka
2017-05-31 22:16:07
Mirbek imanbekov menin balalyk suiuum aialy tatynakai eken bakyt kaalaim.
+2
Aizakub
2017-06-01 03:27:19
Мирбек, чыныгы талантуу инсансыз! Сахнага кайтып келишинизди чыдамсыздык менен кутобуз!
+3
Nargiza1987k
2017-06-01 13:55:01
Азамат бактылуу бол ата энендин омуру узуун болсун
+1
Milana.
2017-06-01 15:19:22
Мирбек азаматсыз АЛЛАХ ыраазы болсун сизден жана келинчегинизден
+1
Munish
2017-06-01 15:47:32
АЛЛАХ раазы болсун Ата-Эненин кызматын кылып батаасын алсанар эч качанда кем болбойсунар.баарыбызга Ата-Эненин раазычылыгын батаасын алганга жеткирсин.Ата-Эне раазы АЛЛАХ раазы.!
+2
tazagul
2017-06-01 18:06:10
Молодец, иштерине ийгилик. Эн сонун...
+1
Aitbek0101
2017-06-02 00:06:54
Баарын эле айыл деп шаарда жашагандарды тенинерге албагандай болосунар го тим эле? анда айылда эле жашабайсынарбы наалыбай!
-6
nusupbek
2017-06-02 20:49:08
tura kylasyn omurdo ata ene kymbat,men da shaarda kyyaldarymdy ishke ashyru maksatynda jurom,tuulup oskon jerimdi sagyndym aiyldy estesem balalygym eske kelet.
0
elmurat.kg
2017-06-02 23:36:25
эркек...аялы конуптур айылга кетиште...аял эркекке баш ийиш керек озу...
+1
ggvatua
2017-06-03 11:10:54
Азаматсын Мирбек!!!Сахнаны ата-энеси учун таштагандар сейрек.Бактылуу болгула!!!
+1
Azamat_15
2017-06-03 12:00:04
Азаматсынар бактылуу болгула
+1
nargiza1986
2017-06-05 01:37:37
Абдумалик Шерматов жонундо да жазгылачы.
0
admin_superstan
2017-06-05 09:54:41
nargiza1986, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
№ 760, 26-май - 1-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан