Бактыгүл Бадыева: "КӨП ЧОКУНУ БАГЫНДЫРГЫМ КЕЛЕТ. БИРОК МЕН ҮЧҮН 1-КЕЗЕКТЕ ҮЙ-БҮЛӨ"

– Бактыгүл, саламатсыңбы? Өтүп кеткен туулган күнүң менен! Кандай тостуң?
– Рахмат. Туулган күн менин жакшы көргөн майрамдарымдын бири. Узаткан ар бир жылыма ыраазы болуп, кийинки жылды Кудайга рахмат айтып тосуп алам. Кудай берген жашты жашап, жыл өткөн сайын ар бир бырышыма сүйүнүү мен үчүн чоң бакыт. Достошконду жакшы көргөн, достукту баалаган адаммын. Жыл сайын өздүк майрамым досторумдун курчоосунда өтөт. Бул сапар да салт бузулган жок.

– Үй-бүлө кургандан кийин чыгармачылыгыңда бир аз тыныгуу болду. Эми жаңы дем-күч менен кириштиң окшойт...
– Чыгармачылыкта жүргөнүмө быйыл 13 жыл болду. Албетте, 13 жыл ичинде тыныгуу да болду. Тыныгуу болгондо чыгармачылыгымды капка салып оозун бууп, өзүм таптакыр башка аралга кетип калган жокмун. Дайыма сахналаш досторум менен катташып, алардын жакшылыктарында, меникинде чай ичишип жүрдүк. Бирок сахнага чыгып ырдоо деген башка экен. Сахнанын күчүн, кудуретин сагындым. Күйөрмандардын кол чабуусу, алардын көздөрү, жылмайганы ырчыга кадимкидей дем берет. Кээде түшүмдө сахнада ырдаган да учурум болду. Жан дүйнөсү чыгармачылык менен байланган адам сахнадан кете албайт экен. Тыныгууда жүргөнүмдө 2-3 ыр жаздыргам. Бирок купулума толбогондуктан элге чыгарган жокмун. Азыр дагы бир жаңы ырым даяр. Дароо клип тарттырсамбы же аудио форматта коё берсемби деп ойлонуп жатам. Андан сырткары Гүлнур Сатылганова эжем экөөбүз дуэт жаздырдык.

– Элибизде "бала – бакыт" деген жакшы сөз бар. Бакытың тууралуу айтып берсең...
– Улуу кызым Ширин үч жарымда, кичинекейим Эркеле эки жарымда. Ширин атасына окшоп токтоо. Эркеленин мүнөзүн мага окшоштурам. Каякка барбасын баары менен күлүп-жайнап саламдашат, кетип бара жатканда ар бир киши менен "пока" деп коштошот. Урушуп койсоң бир аз таарынат да, кайра бат эле күлүп калат, анан ким менен болбосун тил табышып кетет. Сүйлөшүп алгандай улуусунун келбети чоң атасына, кичүүсүнүкү чоң энесине окшош.

– "Бактыгүлдүн бала багуучусунун айлыгы 1000 доллар экен" деп айтып жүрүшөт, ушундайбы?
– Ага жетпейт (күлүп). Бала үчүн эч нерсе аябайбыз го. Албетте, ар бир ата-эне баласынын жакшы каралышын каалайт. Бала багуучубузга өзү талап кылган маянаны төлөп беребиз.

– Чыгармачыл айымдарга үй-бүлөсүнүн колдоосу өтө керек эмеспи. Кайрадан ырчылыкка бет алышыңа жолдошуң кандай карады?
– Жолдошумдун "ыр жаздырып, клип тарттыр. Күндүз бардык жумуштарыңды бүтүрүп алганга жетиш" деген талабы бар. Ошондуктан гастроль, той-топур деген тема жабык. Эртең менен баарыбыз жумуштарыбыз менен чыгып кетсек, кечинде саат 7де баарыбыз чогулуп калышыбыз керек. Эгер белгиленген убакыттан кийин да жумуштарым болсо, анда ал жерге жолдошум экөөбүз чогуу барабыз.

– Жаңы турмушка чыкканыңда "кайын журтум "үй-бүлөңдү чыгармачылыгыңа аралаштырба" деди" деп алардын сүрөтүн берген эмес элең. Азыр алар да ырчылыгыңды колдоого алышкан өңдүү...
– Алар бардыгына туура көз-караш менен караган түшүнүктүү адамдар, алардын мага айтылган сөзүн түшүнүү менен кабыл алам. Ырчы айымдар үчүн кайын журттун колдоосу өтө керек. Эки апам тең менин аткаруумдагы "Энекем" деген ырымды жакшы көрүшөт. Буюрса, эстеликке ушул ырымдын клибине 2 апамды тартсам деген ниетим бар.

– Бактыгүл Бадыеваны келин катары кандай элестетсек болот?
– Азырынча кайын журттан сын уга элекмин (күлүп). Биринчи барган күнү эле өз үйүмдө жүргөндөй болгом. Апам менен атамды да өз ата-энемдей көрдүм. Алар дагы мени кызындай кабыл алышты. Айрым кайненелер келининин жасаганын жактырбай, үстөккө-босток сын айтканын билем, биздин мамиле эне менен кыздыкындай. Ушул мамилени өмүр бою сактаганга аракет кылам. Баласынын кийими таза, курсагы ток, үйү жыйналуу болсо, эч бир кайнене жөн жерден келинине тийишпейт болуш керек. Жолдошума, өзүмдүн апама сөз тийбесин деп турам.

– Жолдошуң кыздарына кандай ата, үйдө кандай кожоюн? Балким, жөн жерден майрам уюштуруп жиберген романтик...
– Жолдошум жумуштан чарчап келгенине карабай дайыма кыздары менен ойнойт, ар бирине өзгөчө кам көрөт. Кыздарым да атасын сагынып, издеп турушат. Ооба, жолдошум романтик. Таанышканыбызга 2 ай болгондо туулган күнүм болуп, 1001 роза белек кылган. "Көп го?" десем, "бир кутулуп алайын дедим, башка күтпө" деп тамашалаган. Азыр майрамдарда гана эмес, мындай күндөрү деле "сага көптөн бери гүл тартуулай элекмин" деп гүл көтөрүп келет. Капыстан оозумдан чыгып кеткен сөздү деле кээде романтикага айлантып жиберет. Мисалы, бир күнү бет майым түгөнүп калып, "жок калган турбайбы" деп сүйлөп алгам. Ошол күнү мен такай колдонуучу фирмадан "сиз биздин дайымкы кардарыбызсыз, бет май утуп алдыңыз" деп алып келип беришти. Мен ишенип алыптырмын, көрсө, жолдошум акчасын төлөп буюртма бериптир.

– Жакшы. Ишиң аркылуу чет жерге көп каттап жатасың, эмне ойлонтот же кубаныч тартуулайт?
– Акыркы убакта Москвага көп каттап жатам. Ал жакта Кыргызстанда жүргөндөй эле болом. Көчөдө кезиктиргенден башка, кафеге кирсем дагы, мейманканага баш баксам дагы тейлөө кызматындагылар жалаң кыргыздар. Ак эмгеги менен акча таап жанын багып жатышканына бир чети сүйүнөм, бир чети өз өлкөбүздө жумуш жок, ага-тууган, бала-чакадан алыс жүргөнүнө өкүнөм.

– Келечекте сени башка тармактан көрүп калышыбыз мүмкүнбү?
– Чыгармачылык, ишкерлик менен эле кетем го. "Генералдыкты эңсебеген жоокер жок" дегендей, Эл артисти наамына жетүү ар бир ырчынын кыялы болсо керек. Мен деле көп чокуну багындыргым келет. Бирок мен үчүн эң биринчи кезекте үй-бүлө. Аялзаты бул жашоого бала төрөө үчүн келет экенбиз. Көп балалуу болуп, аларды жакшы адам кылып тарбиялоо, мыкты билим берүү жолдошум экөөбүздүн эң негизги милдетибиз деп билем.

– Рахмат маегиңе. Ишиңе ийгилик!

"Күнүгө кыздарыбыздын ар бир кылык-жоругун айтып, жаңы үйрөнгөн сөздөрүнө бир сыйра каткырып алабыз".


Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (59)
radostmoya
2017-06-05 19:08:47
Эл артистигин кээ бироолорго окшоп сатып албасан, унуно берилиши кыйын. Унун жок, Гулнур эже экоонукун салыштырайлычы... короорбуз.
-6
Bulak25
2017-06-05 19:40:52
Биз кыргыздар сындаганга аябай устабызда.Жон гана бакыт каалап койгонду качан уйронобуз.Бактылуу болунуз,ушул жашоонузду Аллах кут кылсын...
+6
gulsara2682
2017-06-05 19:52:12
Эмне иш кылат болду экен? Москвага тез-тез каттайм дептир. Мага жагат. Ичинде кири жок экени коздорунон эле билинет. Коз тийбесин.
+7
Izdeim_seni.
2017-06-05 19:58:16
Эн жакшы маек болуптур. Мага жакты коп эле ырчыны ,сахнага келбей эле койсон,унутулуп деле калдын дейт элем,Бактыгулго Антип айтканга ооз барбайт. Тетирисинче,сагынып калгандайбыз. Ал Эми куйоосу кандай корунот,кимдин иши канча . Бактылуу болсо болду да. Силерден оокат сураваса болду да. Ийгилик. Кыздарын менен бактылуу бол.
+6
kamchatka
2017-06-05 20:16:54
Аксакал канчанчы жылкы?
+4
Aika-92
2017-06-05 21:34:18
Куйоосу канчанчы жылкы болот?
-1
Aidani
2017-06-05 23:40:46
Баласын мен деле бакмакмын 1000доллар берсе
+3
aruuzatmeka
2017-06-06 00:03:29
Бактыгул сиз дайыма элдин эсиндесиз уй-булонузду биринчи орунга койгонунуз жакшы ырдабай эле коз тийип соз тийип кетиши мумкун бактылуу болунуз
+3
bakulya2015
2017-06-06 00:12:16
Бактылуу болунуздар. Жонокой уй-було экен Алла ыраазы болсун жараткан Алла озу колдосун!
+2
Djumaev0mur
2017-06-06 01:17:55
Бул качан эрге тийди, хит болуп кетти эле го
-3
Bishkek
2017-06-07 02:44:05
Бактыгул да азамат турмушка чыгып ызы чудан алыс журот, бактылуу болсун! Ырлары жагат уну бар эле суйлойт десе Эле суйлой бересинер,
+3
mirnur
2017-06-08 22:32:30
Бактылуу болунуз
+1
aikowa.aikado
2017-06-09 13:15:04
Бактыгул молодец кудай сага унду дагы сулуулуу дагы аябай берген. Сени сахнадан кайра кутобуз
+2
arzygulR
2017-06-10 13:54:04
Аябай жагат ушул ырчы айым тообо кылдым кээ бирлер бакыт каалап койгонго да жарашпайт кайдагы негатив создорун жазып колунардан келбесе унчукпай эле койгулачы
+2
belka
2017-06-10 22:00:24
Эптүү сулуу болсоңчу,бактың да сулуу болсун!
+1
№ 761, 2-8-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан