Гүлнур Асанованын жолдошу Бактияр Аубакиров: «ГҮЛНУРДУ СҮЙҮП ЖҮРҮҮГӨ 100 ПАЙЫЗ УБАДА БЕРЕМ»

Ырчы, комузчу, дастанчы жана актриса Гүлнур Асанова 5-июнда турмуш жолуна аттанды. Ырчынын жолдошу Бактияр Аубакиров Таластын кулуну. Түгөйлөр "бизди тагдыр табыштырды" дешти. Кыз узатуу салтанаты Бишкектеги тойканалардын биринде өтүп, келген меймандардын дээрлик 50 пайызын шоу-бизнес өкүлдөрү түздү.

Ырчы Гүлнурдун апасы Жумагүл айым:
– Жүмагүл айым, кандай сезимдер болуп жатат?
– Албетте, жан дүйнөм аңтарылып жатат. Көкүрөк күчүгүм болгондуктан, мага 15 жаштагысындай эле туюлат. Кызыма көрсөтпөй ыйлап да алдым.
Улуу кызым турмушка узаганда мынчалык ичим ачышкан эмес. Гүлнур боорукер болуп, көп жардам берчү. Эми турмушка узап жатса мени карай турган киши жоктой сезилип жатат. Күйөө балам кыйын окшойт, буга чейин кызымдын жүрөгүн эч ким багындыра алган эмес (күлүп). Эң башкысы, бактылуу болушсун. Элдин алды да, арты да болбой, ортодо эле жүрсө экен.

– Кудаларыңыз алдыңызга кулдук уруп келип, калыңын да карматты. Дегеним, кызыңызды себи менен узатасызбы?
– Эки жактын салтында айырмачылыктар бар. Тойго даярданууга убактыбыз тар болду. Салт боюнча кызды узатып жатканда эне белеги деп бир сыйрасын беребиз. Аны Гүлнур өзү камдап койгон.

Бактиярдын атасы Аубакир мырза:
– Айтсаңыз, бул тойду көптөн күтсөңүздөр керек?
– Бактияр үйдө жалгыз бала. Үйлөнөм дегенде кубандык. Дароо эле кыз тарапты сүйлөшүүгө чакырып, ушул күндү белгиледик. Бир айга чукул убакыт болду. Келинибиз маңдайы жарык, таланттуу кыз экен. Тартылган тасмаларын көрүп, обон созгонун угуп сыймыктанып жатабыз.

Бактиярдын апасы Динара айым:
– Уулум төрөлгөндө маңдайыбыз жарыла сүйүнгөнбүз. Бүгүн минтип бир башын эки кылып үйлөнүп жатат. Жалгыз бала болгондон кийин ар бир алдыга койгон кадамына кубанат экенсиң. Биз үчүн балдарыбыздын күлкүсү, бактылуу болгону маанилүү. Жакшы үй-бүлөлөрдүн катарын толуктайт деген ишеничим бар.

– Таласта калыңды көп берет эмеспи...
– Ооба, өзүңүздөр билгендей эле, калыңды көп беребиз. Мен суммасын айтпай эле коёюн. Бирок кудагыйыбыз таарынбай тургандай эле алып келдик. Алдыңкылардан болдук окшойт.

Жоро-жолдоштордун курчоосунда жүргөн эки жашка каалоо-тилек айтуу менен бирге суроо да узаттык:
– Куш бооңор бек болсун! Көп кырдуу талант ээсинин жүрөгүн кандай мырза багындырды болду экен?
– Чоң рахмат. Мен Таластын Кара-Буура районунан болом. Өзүм Нурзат Токтосунованын алпаруучулук академиясын аяктагам. Учурда тойлордо тамадалык кылып жүрөм. Гүлнур менен кантип, кайдан таанышып калганыбызды майдалап айтып отурбайын. Мага Гүлнурдун адамдык мыкты сапаттары, жөнөкөйлүгү жакты. Аны дайыма сыйлап, сүйүп алып жүрүүгө 100 пайыз убада берем.

Сөзгө Гүлнур Асанова кошулуп:
– Мага Бактиярдын чечкиндүүлүгү, жөнөкөйлүгү жагат. Бизди тагдыр табыштырды.

– Ортодо жаш айырмачылык барбы?
– Ооба. Гүлнурдан 3 жаш кичүүмүн.

– Үлпөт той качан болот?
– Буюрса, көп создуктурбай эле, орозо айы бүтөрү менен өткөрөбүз. Июль айында болот.

– Бактылуу болгула!

Салтанатка келген меймандар орун алгандан кийин Жамиля Муратова «Кызым» аттуу ырды аткарып, бийчи кыздар Гүлнур Асанованы түндүктүн алдында залга алып чыгышты.


Нурзат Токтосунова менен Максат Надырбеков тойдогу тамадалык тизгинди колго алышты. Адатта күйөө баланы кыз менен жолуктуруудан мурда күйөө балага улам бир сынак уюштурулуп, шайын алышчу эле. Бул ирет Нурзат Токтосунова өзүнүн шакирти Бактиярды антип кыйнаган жок.


Залга күйөө бала Бактиярды күйөө жолдош жандап чыкты. Тамада «Гүлнурду канчалык деңгээлде жакшы көрөрүн колундагы кучак толо розасынан эле байкаса болот» деп күйөө баланы болушунча мактады.


Ырчыны жергиликтүү шоу-бизнес өкүлдөрү куттуктап келишти. Улуу муундан деле белгилүүлөр келген. Бирок той чү дегенде эле Анжеликанын «Эрке кызым», «Энекем» деген ырлары менен башталды.


Микрофон кудаларга жетти. «Кулдугубуз бар» деп сөз баштаган Аубакир Барпиев (Бактиярдын атасы), темирди ысык кезинде чаап, калыңын кудасына сунду. Баса, канча калың бергенин айтпаса да, конверттин калыңдыгы эле айтып турду.


Динара Байкараева (Бактиярдын апасы) «кудай кошкон кудалардан бололу» деп, Гүлнурду сахнага чакырып, камдап койгон ак жоолугун, алтын сөйкөсүн келинине салып, ак тилегин айтып өттү.


Тойго келген саясатчы Турсунбай Бакир уулу диний азилдерден бир үзүм таштап, сөзүн жыйынтыктап жатып таттуу түгөйлөргө Малайзияга 10 күндүк эс алууга жолдомо тапшырды.


Көп кырдуу талантты таптаган Улукмырза Полотов шакиртинин ак никесине күбө болуп отурганына кубанып, «Каныкей болуш бир паста кайненеси колдосо» деп Динара айымга таланттуу кыздын тагдырын тапшырды.


Гүлнур айымдын үй-бүлөсү узап жаткан кызына акыл сөздөрүн айтып көздөрүнө жаш алышты. Бир тууган агасы «эркек болсом дагы сенин кетип жатканыңды карап тура албай жатам» деп мончок жашын тамызды. Агасы «барган жериңде таштай катуу, суудай сиңген келин бол» деп алакан жайып бата тиледи.


«Кыз узатуу» ырын Самара Каримова аткарып, төшөлгөн ак килемдин үстүнөн эки жашты узатты.

Бактыгүл Момбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Гүлнур Асанова күйөөгө ыйлап кетти
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (81)
Abdizhapar
2017-06-13 18:31:30
Асан каарыганда биринчи аялы менен эле жашай бер жакшына болуп эле кызы менен тен кызды алып алып самараны чакырган жерге эле ээрчип алып энесинин этегине жармашып айылдан калбаган баладай болуп
+3
gulmi
2017-06-13 23:20:20
Abdizhapar,билбей туруп жазбагылачы.Мен Самараны жактырбайм.Бирок Асан мырза аябай мээримдуу,камкор адам деп жакындан тааныган адамдар айтышкан. Асан мырза аялы менен ажырашып,6-7жыл жалгыз жашап анан Самарага уйлонгон.
-3
Bulak25
2017-06-15 12:44:52
Abdizhapar,Асандын эмне тиешеси бар бул жерде?
+2
IskenDer.Ali
2017-06-13 20:41:18
Азыр озунон кичу жигиттерге турмушка чыккан мода болуп кеттигоо емне болсо дагы бактулуу болсун
+2
Aika1303
2017-06-13 23:25:45
Бактылуу болгула кармашкан колуңар үзүлбөсүн
+1
sonisoni
2017-06-14 01:27:54
Бактылуу омур сургуло !
0
Aidan88
2017-06-14 06:57:03
Baktyluu bolunuzdar ,jaman kozdon jaman sozdon saktasyn silerdi ,jashy aiyrma bolso ne boluptur bashkysy baktyluu bolgula ,kop balaluu bolgula,kozumo jash aldym video korup atyp.kachan turmushka chygat dep oilop kalchu elem ,Gulnur jakshynakai kyz ,bargan jerine yimanduu kelin bolsun ,ene degen statuska ee bolup,kyrgyzdyn syimygi bolup juro bersin ,uibulonu da chygarmalykta da jolun achyk bolsun ,
0
Babon
2017-06-14 15:01:54
Бактылуу,бала_чакалуу болунуздар.
+1
Diko1994
2017-06-15 01:07:16
Бактылуу болушсун
0
Gulnur1980
2017-06-15 17:10:29
Эки дунуйо бактылуу болгула,ылайым эле !!!
+1
gulsara2682
2017-06-16 00:34:58
Эжеси сулуу экен. Атасы корунбойтко. Апасына эмес кыздары атасына окшош окшойт. Гулнур, бактылуу бол. Мага жагат ушул кыз. Аябай оор басырыктуу, орду менен суйлогон акылдуу кыз. Турмуштун оор-кыйышын которо билет деп ойлойм. Эмки жылга суйунчу кутобуз!!!
+1
nur007mir009kg
2017-06-16 16:11:50
Бактылуу болушсун. Гулнур таланттуу кыз.
+1
mishonia8077
2017-06-17 04:48:09
Бактылуу болгула!!!Гулнурду таарынтса өлдү го,байкеси өөлө го.
-3
retrosaiki
2017-06-18 00:39:44
админ сиз мн купуя кантип байланышсам болот??
0
admin_superstan
2017-06-18 14:52:18
retrosaiki, саламатсызбы? Сизге купуя аркылуу жазып койдум.
0
Lady_90
2017-06-18 16:44:42
Бактылуу болгула! Кармашкан колунар туболуктуу болсун! Негедир Г. Асанова кайгылуу жургондой сезиле берет, же мунозу оор учунбу!?
-1
egemberdievagulbara
2017-11-14 01:36:41
Роза эже соонун суйлоптур
0
Yahoo
2021-06-21 12:24:50
Жамиля эженин сол буту ак он буту караго-неге?))
+1
№ 762, 9-15-июнь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан