«Туулган күнүң менен!» Ушул сөздөр 12-июнь күнү белгилүү ырчы, бизнес-леди Анжелика Бекболиеванын дарегине жамгырдай жаады. Бул күнү ырчы 28 жашын гана эмес, сахнага чыкканына 20 жыл жана жолдошу Урмат Бекболиев менен баш кошконуна 10 жыл болгонун белгиледи. Кечеге түгөйлөрдүн жакын туугандары, достору, кыргыз шоу дүйнөсүнүн көрүнүктүү өкүлдөрү келишти.
Кечени алпаруучу Нурсултан Майназаров ачып, бийчилердин коштоосунда түгөйлөрдү ортого чакырды. Кол кармашкан жубайлар коёндой окшош кийинген кыздары менен чыгышып, Урмат мырза келген конокторго ыраазычылыгын билдирди.
Анжеликаны Акинтай деп эркелеткен кайненеси Багдад «10 жыл мурун салган сөйкөмдү жаңыртайын деп атайын ашуу ашып келдим. Урматка уул төрөп бер, кийинки келгенимде неберемдин тоюн өткөрөлү» деп бата берди.
Шаңдуу салтанат бир үй-бүлөнүн тарыхын кыскача баяндаган 6 кабаттуу тортту кесүү менен уланды.
Эстүү келин этекке чаптырбайт болуп, Анжелика кайненесине, андан кийин өз апасы Гулина айымга таттуудан даам таттырды.
Кезек Анжеликанын сахналаш кесиптештерине жетип, кыргыз шоу дүйнөсүнүн дөө-шаалары ийгилик жана үй-бүлөлүк бакыт каалап куттукташты. Үй-бүлөлүк достору бийиктиги 2 метрге жеткен миңдеген сүрөттөрдөн куралган мозаикалык картина тартуулашты.
– Анжелика, бир эле күндө 3 майрамды белгилеп жатасыз, маанайыңыз кандай?
– Маанайым эң сонун. Биринчи эле апама чалып ыраазычылыгымды билдирдим. Жомоктогудай убакытты өткөрүп жатканыма кубанып жатам. Жолдошума «кел, дагы бир ирет үлпөт тоюн өткөрөлү» деп тамашаласам, «элестетсең, эч ким андай той өткөрбөсө, биз кантип өткөрмөк элек?» деп жатпайбы. Негизи мен 28 жашымды деле белгилеген жокмун. 10 жылдык үй-бүлөлүк жашообуз 20-30 жылга уланса экен деген ниет менен бул кечени уюштурдук. Анан дагы туулган күнүм орозо айына туш келгендиктен, ооз ачырып коёлу дедик.
– Туулган күнүңүздө эң кымбат, баалуу белекти ким тартуу кылды?
– Чындыгында, абдан эле сонун белектерди алдым. Эң кымбат белек жолдошум менен кайненемдин алтын сөйкө салганы болду. Кайненемдин «10 жыл мурун салдым эле, эми жаңылап коёюн» деген сөзү эле алтынга тете болду. Эртең менен телефон чалып «Акинтай, туулган күнүңдү жакшы өткөрүп ал, мен бара албайм» деген болчу. Көрсө, күтүүсүз белек жасайын деп келиптир.
Ошондой эле досторумдун, кесиптештеримдин тартуулаган белектери баалуу. Социалдык тармактар аркылуу каалоо-тилектерин билдирип жатышты. Бир күн кечке чейин өзүмдүн сүрөттөрүмдү, ага кошо жазылган куттуктоо, тилектерди окуп жаттым. Кандай гана белек болбосун анын баасы менен саны мааниге ээ эмес. Конокторумдун көңүл ачып, жакшы маанайда отурганы чоң белек.
– Сөзүбүздү кечээки өткөн күндөргө бурсак. Устатыңыз менен чырдашып, бир топ сөздөр айтылып, элдин талкуусуна түшүп калды. Үй-бүлөңүз үчүн оор мезгил болду. Бул кырдаалдан кантип чыктыңыз?
– Ооба, Айчүрөк эже аябай эле жаман, катуу сөздөрдү айтты. Ар бир пенде өзүнүн оюн, каалаган сөзүн айтат экен да. Негизи кекчил адам эмесмин, таарынычтын баарын ичиме катпай, коё берем. Мени жакшы билген аяштарым, досторум, эжекелерим мындай негативге негатив менен жооп кайтарууга жол беришкен жок. Мен сыйлаган эжекелерим акыл-насаатын айтып, «бычак ташка урунган сайын сүрүлүп курчуйт, сен азыр ташка сүрүлүп курчуп жатасың» дешти. Бул жашоо күрөш, анан сыноо экен. Бул сыноо биздин үй-бүлөбүздү тескерисинче бекемдеди. Кайын журтум жанагыдай сөздөрдү укканда ызаланып, капа болушту. Бирок мага ишеничи чоң болгондуктан сабырдуулукту сактап, ушак-кептерди унутуп салышты. Мага да «көңүл бурба» деп жатышты.
– Мындай учурда аялга күйөөсүнүн, эркекке аялынын колдоосу абдан зарыл...
– Жолдошум Урмат темирдей бекем, сабырдуу киши. Анча-мынча ушак сөздөрдү укканды да, айтканды да сүйбөйт. Бирөө жөнүндө сөз баштап калсам «айтпа, ал адам тууралуу оюң ичиңде калсын» деп тыйып турат. Жолдошумдун ушул сапатын жогору баалайм. Чындыкты мен билем, ал иштердин кандай болгонуна көзүм менен кулагым күбө. Урматка чоң алкышымды айтам. 10 жыл мурун чыгармачыл досторум жок болчу. Урматтын мүнөзү, жөнөкөйлүгү, адамдар менен курган мамилеси, адамдарды бөлүп-жарбаганы упай болуп, мына, өзүңөр көрүп турасыңар, 200дөн ашуун чыгармачыл досторду таптык. Бул колдоо, албетте, мага дем-күч берет.
Бактыгүл Момбекова
star@super.kg