ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (10-июлдан 16-июлга чейин)

Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат



15-июлдан 28-июлга чейин суу стихиясы менен от стихиясынын өз ара күрөшү жүрөт
(келерки апталардагы аба ырайынын божомолу)
Тагыраак айтканда, 2017-жылдын 15-июлунан 21-июлуна чейин  жаан-чачындын көп жаашы, селдин жүрүүсү, ал эми 21-июлдан 28-июлга чейин күндүн катуу ысышы же ар кандай өрт кырсыктарынын көп катталуусу мүмкүн.

КОЙ (21.03-20.04)
Бейшембиге чейин кесиптештер, айрым өнөктөштөр менен чогуу убакыт өткөрөсүз. Жеке иштер да унутта калбайт. Жума күндөн тартып эс алуу, романтика, балдар маселеси биринчи орунга чыгат. Жашоонун бул жаатында баары жакшы болот. Жагымдуу сүйлөшүүлөр, активдүүлүк күчөйт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптанын акырына чейин жумуш, кесиптештер, достор менен алек болосуз. Жума күндөн тартып үйүңүздө кубанычтуу окуялар өкүм сүрөт. Конок келиши күтүлөт. Сүйлөшүүлөр көп болот. Телевизор, радио, компьютер сыяктуу буюмдарды сатып алышыңыз мүмкүн. Жумуш, ден соолук жагы оюңуздагыдай жакшы болот.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бейшембиге чейин негизги жумуштарыңыз өз нугунда кетет. Жума күндөн кийин жакшы кабар угасыз. Чуркап иштеп, пайдаңызга көп нерселерди арттыра аласыз. Жакындарыңыз, чөйрөңүз менен жакшы маанайда сүйлөшүүлөр жүрөт. Бала-чакаңыз, сүйгөнүңүз да сизди кубантат. Эс алуу максатында чоңдор жолго чыгышса, окуучулар экскурсияга аттануулары ыктымал.  

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Сиз үчүн аптанын башкы маселеси акча болмокчу. Аптанын экинчи жарымында болсо аталган маселе сиз ойлогондой чечилет. Үй тиричилик көйгөйлөрү оң нукка түшөт.Үй-бүлөңүз, ата-энеңиз менен жагымдуу маанайларды баштан кечиресиз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жума күнгө чейин өнөктөштөр, каржы маселеси көп алагды кылат. Ушул күндөн тартып жеке иштериңиз орундала баштайт. Аброй, кадыр-баркыңыз көтөрүлөт. Пландарды ишке ашырууда жакындарыңыздын жардамына таяныңыз. Жол, унаа, иш кагаздары сиз самагандай бүтөт.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бейшембиге чейин жумуш, ден соолук көйгөйлөрү менен алпурушасыз.  Өнөктөштөр менен да алагды болосуз. Жума күндөн соң жашыруун маалыматка ээ болууңуз ыктымал. Жашыруун сүйлөшүүлөр, убаракерчилик жана жолго чыгуу да четте калбайт. Акча маселеси жакшы чечилет.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптанын акырына чейин балдарга, эс алууга, жумушка нейтралдуу карайсыз. Аптанын экинчи жарымында көптөн бери көксөгөн  максатыңыз ишке ашат. Аны ишке ашырууда кесиптештер, курбулар, кичи ишканалардын жардамына таянсаңыз өкүнбөйсүз. Пайдалуу маалыматтарды аласыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптанын биринчи жарымында үй тиричилик менен эс алууну айкалыштырууга аракет жасайсыз. Жумадан тарта кесиптештер, жетекчилик менен бирге кайсы бир маселени чогуу талкууга аласыздар. Талкуу жашыруун түрдө өтсө, жыйынтыгы жакшы болорун эске алыңыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптанын алгачкы күндөрү туугандар жана үй-чарба иштери убактыңыздын көбүн алмакчы. Жуманын акыркы күндөрү тааныштар, текшерүүчү органдар менен жакшы тил табышасыз. Иш кагаздар, документтер убагында бүтөт. Аталгандар ишенимдүү түрдө ишке ашышы үчүн санаалаштарга кайрылганыңыз оң.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада сиз үчүн акча маселеси алдыңкы планга чыгат. Аны табуу үчүн аптанын экинчи жарымы ыңгайлуу. Каржы жагына байланыштуу сүйлөшүүлөр көп жүрөт. Буга негизинен кесиптештердин, айрыкча жетекчиликтин кошкон салымы зор болоорун эске алыңыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Өнөктөштөрүңүзгө көп убакыт бөлүүгө туура келет. Жеке иштериңизди жуманын биринчи жарымында бүтүрүүгө аракет жасаңыз. Жума күндөн жекшембиге чейин өз ара мамилелердин жакшырышы, өнөктөштөрдүн пайда болушу күтүлөт . Мыйзамга байланыштуу маселелер жакшы жакка чечилет.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптанын биринчи жарымында өз алдыңызча иш алып барууга аргасыз болосуз. Жума күндөн баштап андай жалгыздыкка мүмкүнчүлүк жок. Себеби жумушта башталган жагымдуу жагдайлар, түшүп жаткан кирешелер жалгыздыкка жол бербейт. Ден соолугуңуз, көңүлүңүз көтөрүңкү маанайда болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 766, 7-13-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан