ЭКИ ЫРЧЫНЫН ЧЫРЫ КАЙРАДАН ЫРБАДЫ

Бир нече күндөн бери интернеттеги социалдык тармактарда ырчы Анжелика Бекболиеванын өспүрүм кезиндеги сүрөтү колдон колго, посттон постко өтүп, талкууга алынууда. Ал сүрөттө Анжелика маркум саясатчы жана коомдук ишмер Мухтар Өмүракунов менен түшкөн.
Албетте, ырчылар көпчүлүк учурларда аш-тойлорго, ар кандай кечелерге, иш-чараларга конок катары катышат. Андай учурда бирөөлөр менен сүрөткө түшүүлөр дайыма боло келчү көрүнүш. Бул өңдүү сүрөттөр ар бир ырчынын, ар бир саясатчынын фото архивинде бир альбом чыгары да түшүнүктүү. Бирок ырчылар Айчүрөк Иманалиева менен Анжелика Бекболиеванын буга чейинки чырдашуусунда маркум саясатчынын аты аталып калганынан улам бул сүрөт талкууга түштү. Кыргыз сахнасынын көрүнүктүү өкүлдөрү, аксакалдары чырдашкан устат менен шакиртти элдештирүүгө аракет кылып жатышканы сөз болгон эле. Тилекке каршы, ал аракеттерден майнап чыкпады.

Интернетти аралап жүргөн сүрөт тууралуу эки ырчынын комментарийлерин өзгөртүүсүз беребиз:

Анжелика Бекболиеванын SUPER.KG порталына берген комментарийи:
– Бул сүрөт Орусияга гастролдоп барган кезде тартылган. Анда мен 16-17 жашта болчумун. Концерт бүткөн соң эже менен Мухтар байке экөө мени ээрчитип алып түнкү клубга барышып, бирок менин жашым 18 жашка жете элек болгондуктан клубга кирбей калышкан. Анан башка жактан эле тамактанып отуруп, өздөрү вальс бийлеп, аларды мен сүрөткө тарткам. Андан соң Мухтар байке "кел, экөөбүз да бийлеп жаткандай түшөлү" дегенинен Айчүрөк эже бизди тарткан. Ал күнү түшкөн бир эле бул фото эмес, дагы бир канча сүрөттөр бар. Бул тууралуу жолдошум да билет. Себеби ал кезде Урмат (ред. жолдошу) Москвада иштечү, биз жаңыдан таанышып, сүйлөшүп жаткан элек. Андыктан азыр ал мага дем-күч берип, "эжеңдин сөзүнө кирип урушуп кетмек белек?" деп күлүп койду. Ал эми фотосессия тууралуу айтсам, анда эжени мен эмес, тескерисинче, ал мени чакырган. Ал кезде Айчүрөк эже менин продюсерим болгондуктан анын сөзүн эки кылбашым керек эле. Сүрөттү Динара Макешова аттуу фотограф тарткан. Ал мени тартып бүткөнгө чейин Айчүрөк эже эч жакка чыкпай эле, жанымда отурган. Тартуу иштери бүткөн соң, фотосессия кымбат турарын жана ал мага Айчүрөк эже менен Мухтар байкенин атынан белек экенин айтышкан. Анан да ал сүрөттө мен жылаңач эмес, фотографтын сунушу менен үстүмө материал жаап, колума гитара кармап тургам. Анда моюнум эле көрүнбөсө, денем таптакыр көрүнбөйт. Эгер ал сүрөт коомго жарыяланса, мен эч уялбайм. Аны искусство катары кабыл алам.
Учурда кайрымдуулук иштери боюнча чуркап жүргөндүктөн, эжеге теңелип айтышканга убакытым жок. Өткөндө эле радиолордун биринин концертинде ырдап жатсам, ноутбук турган жерге келип музыканы өчүрүп салды. Аны көргөндөр улуу эле эженин мага теңелип жатканына таң калышты. Ушундан көрө жалпыга жардамы тийген иштер менен алектенсе болмок. Анын айткан сөздөрү мага эч кандай таасир эткен жок. Себеби менин жүрөгүм мээримге толгон, негативге орун жок,- дейт ырчы.

Чырдын ырбашына себепкер болгон сүрөттөр.


Ал эми Айчүрөк Иманалиева өзүнүн интернеттеги жеке баракчасына төмөнкүлөрдү жазып калтырган:
– Тынч жашай албай калгансынбы, Анжелика? Мындан бир жума мурун "Айчүрөк Анжелика ырдап жатканда музыканы өчүрүп салды" деп жазып чыгышты. Карандай калп жазылса да унчукпадым, майда-чүйдөгө маани бербей эле коёюн дедим. Эми интернетти аралап жүргөн сүрөткө мени күнөөлүү кылыптырсың. Мен сенин сүрөттөрүңдү сактагыдай, жакшы көргөн адамым белең? Сенден көңүл калган күнү эле баарын өчүргөм. Сенин сүрөтүңдү көрмөк тургай, атыңды эстегим келбейт! Сени мага кайраштырып, ашмалтайыңды чыгарган айланаңдагы адамдардан изде. Жаныңда жүрүп, билдирбей сатып кетчү адамдар болоорун билбейт окшойсуң. "Байке кымбат фотосессия жасатып бергени жатат, чогуу барып жардам бериңизчи" деп суранганыңда, макул болуп, бир особнякка барбадык беле. Телефон менен сүйлөшүп, он мүнөт эшикке чыгып келсем, энеден туума жылаңач болуп, сүрөткө түшүп жатыптырсың. Ошол жерден кийимдериңди үстүңө жаап, кыйкырып, ыйлаганга чейин баргам. "Менин өмүр бою таза иштеп, таза жашаган репутациямды бузба, бул эмне кылганыңар?!" деп фотографтарды урушкам. "Бул сүрөт коомчулукка чыгып кетсе сотко берем!" деп коркутканымды унуттуңбу? Ал үйдөн сени колуңдан жетелеп чыгарып кеткем. Сага болгон оюм жаман болсо, сендей арам адам болсом, унчукпай четте карап тура бербейт белем. Чыгарбагыла дебегенимде, ал сүрөттөр ошондо эле элди аралап кетет болчу. Бул биздин биринчи урушубуз да эмес, сен айткандай он жыл сактап жүргөн болсом, 5-10 жыл мурда эле колдонбойт белем. Бөлөктүн тилин турмак, көзүн тийгизгенден сени кызганып, калкалап турганымды сен билбесең да, Кудай билет!
Эми болсо интернеттеги сүрөттөрдү "Айчүрөк эже тарткан" дейсиң. Депутаттыкка, президенттикке ат салышып жүргөн адам менин айтуум боюнча эле сүрөткө түшүп берет экен да? Жалганды да окшоштуруп айтчы.
"Сүрөт тараткандан көрө, иштесе болмок" деп айткан экенсиң, айланайын, күлкүмдү келтирбечи, сендей кезимде эл аралык конкурстарга чыккам. Мен жасаган эмгектин жүздөн бир пайызын да жасай элексиң. Бишкектен чыкпай туруп, сен мага көрсөтмө бербе. "Музыкамды өчүрүп салды, антип койду, минтип койду" деп ырбата бербей, тынчып калчы. Айланаңдагы адамдардын аксакалдарынын да тапкан акылы сени мага эрегиштирмей болуп жатабы? Анда алардын айтканын угуп, ашмалтайыңды мындан ары да чыгара бер, мага баары бир!

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (130)
mirgulxan
2017-07-22 09:02:11
бири биринердин артынан ылай шыбай бербей бетме бет отуруш айтышкыла ким чын ким жалган айтканы билинет
+1
meni_kut
2017-07-22 10:53:34
бору баласы ит болбойт.Тузун жеп,туз идишке тукурбо.
+5
Aichapcha
2017-07-22 15:57:59
Аллахтан коркула,уялгыла,кичине ыйманынар болгондо мынчалыкка барбайт эленер..андан коро намаз оку,ушактын арты мн журбой...Аллахым сактасын силерде
0
Zoluwka
2017-07-22 19:33:10
Жаштыкта баары эле кыз жигит болуп суйлошуп журотта. же суйлошпогон адам бар бекен.эмне мынча Анжеликанын откон жашоосун чукуп калды экен Айчурок эжекебиз.антип коро албастык кылуунун эмне пайдасы бар.
+2
aiman1983
2017-07-23 00:15:44
Алар уруша берсин, супер силер чыгарбай эле койгулачы сураныч. Айткан ушакчы эмес жеткирген ушакчы дейт го. Эл ансыз деле оздорунун проблемасынан ашбай жатканда конул которо турган ушактарды жазгылачы сураныч. Супер силер суперсинер!!!
+8
nurali1989
2017-07-23 10:31:47
Жакшынакай уй булоосуно соз тийгидей кылып айтпай, оз ара чечишсе болмок екен...
+1
bukentay
2017-07-23 12:28:45
Корунуп эле турбайбы Анжеликанын убагында жургону.кичинекейинен чонойтуп остургон адамды тенсинбей озун акылдуу сезип,туура эмес кылган.
+5
sely
2017-07-23 22:23:26
Мен да жазып коеюн. Мен экоонтен жакындан билбейм катышым жок бирок чырды башынан бери окуп келатам. Мындай жыйынтыка келдим. Кээ бирлер Анжелика кичуу болуп калса б.т депсинер бирок улуу болгон Айчурок улам эле Анжеликанын отуп кеткен жашоосун чукуп далилсиз ушактарды айтып ырбатып атпайбы бир ыр учун. Ырды Гулнур Сатылгановадан да талашты автор Далилдеп койду го Гулнурдун ыры деп А Анжелика ырдаган ырдын да автору Айчурок эмес экен. Ич куйду болуп аткандай го
0
meni_kut
2017-07-24 11:15:16
sely,Козуно сайып далилдеп койду го,туруп вальс тушсо,отуруп эмне колдору жабышып калган,бойдок болсо бир жон,семейный эркек мн.
+1
Buzainap
2017-07-24 09:57:51
Анжелика эже мурда аябай жакчуу азыр такыр жакпай калды коргум келбей да калды ушу ырчыны
+1
defne15
2017-07-24 11:01:53
Бири бирин айыбын ачып.Эч кимисине пайда деле жок мындан.Куноолорунорду кобойтуп,андан коро пайдалуурак иш менен алектенсенер жакшы болчудай экен эжекелер.
Жеке жашоонордун бизге кызыгы жок.Андан коро жакшы чыгармаларды тартуулагыла элге ошол керек.
Экоо тен мен учун бирдей.Экооно тен ийгилик каалайм.Болгону токтотсонор эми чырынарды.
-1
ktmu1995
2017-07-24 11:17:49
Акырында экоо дуэт ырдап чыкпаса эле болду
0
sonisoni
2017-07-25 00:21:33
Стоп игра деш керек болуп калды.
+1
Astra93
2017-07-25 00:41:29
"Шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт"16жашында чон эле киши м.н суротко ушинтип тушобу уят эле.Бул суротту ким чыгарды интернетке,аныкташ керек да Айчуроко асыла бербей.Ырчыларга ынсап ыйман берсин.
+1
ayva
2017-07-25 05:28:33
Баарыбыздын журогубузго ыйман берсин.ушул жерде ушакчыларга ж.а ушактын ээстерине .ыйман болбосо абийири айрандай тез эле тогулот адамдардын.
0
kyrgyzshaa
2017-07-25 06:29:41
бул суротто бийлеп жаткандагыдай туру корунбойт
чыныгы махабатка кобуроок окшойт Айчурок еже бул кыздын устаты енеси ежеси мынчалык ырбайтпай айыбын ачтырбай абирин сактаса болмок БАКТЫЛУУ айым Анжелика
-1
№ 767, 14-20-июль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан