Үлгүсү – Хаммер Н3
Эң жогорку ылдамдыгы – 180 км/саат
Кыймылдаткычтын көлөмү – 3,5
Түсү – боз
Чыккан жылы – 2006-жыл
Баасы – 18 000 доллар
– Кандайсың, Назира? Экөөбүз унаа, МАИ кызматкерлери, жол азабы тууралуу маек куруу үчүн бара жатып, адегенде эле МАИ кызматкерлерине кармалдык. Мындай кырдаалдан чыгуунун көп жолдорун билип калсаң керек?
– Жакшы, рахмат. Негизи жол эрежесин сактап жүргөн айдоочумун. Себеби өзүмдөгү жоопкерчиликти сезем, кээде жолдон адамдар күтүүсүз жерден чуркап чыга калышат. Андайда сүзүп кетсең жаман, адамдын өмүрүн кайтара албайсың. Унаа деген темир да, оңдотуп койсоң болот.
Көбүнчө кош бойлуу кезимде курду такпай кармалып жаттым. Себеби ичимди кысып калчу. МАИ кызматкерлерине кармалганда эч качан тааныштарыма чалып, ызы-чуу чыгарбайм. Өзүмдүн көйгөйүмдү өзүм чечишим керек деп ойлойм. Бир жолу да ушинтип кармалып калдым, мени болбой эле унаамдан түшүрүп бир топ жерге чейин жөө бастырып айламды кетиришти. Бир маалда дагы бир жигитти токтотушту эле ал дароо телефонун алып тааныштарына чала баштады. Жиним келип «ай, жигит, мен кыз башым менен эч кимге чалбай эле ушул жерде унчукпай турам го. Сен эркек эмессиңби, шым кийип турасың, уялбайсыңбы?!» десем, МАИ кызматкерлери мени карап туруп «Назира Орозбековна, кете бериңиз, жолуңуз болсун» деп коё беришкен.
– Байкашымча, тажрыйбалуу айдоочу болуп калыптырсың, алгачкы жолу рулга отурганда унааны өзүңө мынчалык ишенип айдабасаң керек?
– Биринчи жолу мындан 14 жыл мурун атамдын механика машинасын айдагам. Жолдо бара жатып эле «ата, мен айдап көрөйүнчү» десем, «кел, рулга отур» деп калды. Ары айдадым, бери айдадым, акырында атамдын жини келип урушуп баштады эле, «кой, ата, сен мага унаа айдаганды үйрөтө албайт окшойсуң» деп токтотуп койгом.
– Алгачкы унааң тууралуу эстей кетчи, балким, аны белекке алган чыгарсың же өзүң сатып алдың беле?
– Эмнеге эле бардыгы белек деп ойлой беришет түшүнбөйм. Мындай кептер тамаша же ушак болушу мүмкүн. Бирок өзүңдүн эмгегиң менен алган нерсе барктуу болот эмеспи. Алгачкы унаамды ата-энем, бир туугандарым «эл көзүндө жүрөсүң, таксиден таксиге отуруп, маршруттук таксиде жүрүп, убагында жумушка бара албай калат окшойсуң» деп 7 жыл мурун чакан унаа алып беришкен. Башында аябай унаамды жууп-тазалап, атыр сээп карачу элем. Кийин эле автоунаанын кызыгы тарап «үйгө аман-эсен жетсем, бузулбаса экен» деп тазалыгына деле анча карабай калдым.
– Буга чейин «машина мен үчүн болгону аксессуар» дегениң бар эле...
– Ооба, мен аксессуар катары эле колдоном. Бир жерден экинчи жерге жетиш үчүн гана. Бирөө жарым сураса деле берип турам, кээ бирлер эч кимге карматышпайт го.
– Учурда 3 унааң бар экен, машина сен үчүн аксессуар болсо, демек, аларды көйнөктөрүңдүн түсүнө ылайыктап алып койгонсуң го?
– Жок, андай деле эмес. Болгону, кайнилерим унаа сатуу менен алектенишет, кайнилеримдин машиналары. Бул биз үчүн киреше табуунун бир булагы, ошону менен кем-карчыбызды толуктайбыз. Анан бир машинамды алып, ордуна башканы коюп коюшат, автосалон сымал да. Азырынча менин аксессуарларымдын ичинен бардык кийимдериме төп келген ушул айдап жүргөн Хаммер болуп жатат.
– Бул канчанчы унааң?
– Канча унаа алмаштырганымдын эсебинен жаңылып калдым го, билбейм.
– Жолдошуң менен бир жакка аттансаңар рулда ким отурат?
– Негизи мен эркекти жанына отургузуп алып машина айдаган айымдарды жактыра бербейм. Себеби бардык жакта үй-бүлөдө дагы мырза рулда болушу керек. Мен дайыма экөөбүз бир жакка бара жатканда «сен эле айдап алчы» деп суранам.
– «Назира теледе иштеп мындай машинага акча топтой алмак эмес. Жолдошу белек кылды» деген кептерди өзүң деле угуп жатасың да.
– Эмне десем, күлкүм келет. Жеке жашоом тууралуу айткым келчү эмес, сурап калыптырсыздар айтып кетейин. Туура, биздин жумуш менен көп киреше табуу мүмкүн эмес. Мен мактанчаак адамдардан эмесмин. Бардыгына жар салып «мындай кошумча кирешем бар, тигиндей ишканабыз бар» деп айта бербейм. Булар адамдын жеке өзүнө тиешелүү нерселер. Бул унаа мага 18 миң долларга келди. Аябай көп май жумшайт. Эмнегедир ушул машинага көңүлүм түшүп, жолдошумдун жардамы менен алдым.
– Көп ичсе, күнүнө майга канча акча коротосуң?
– Мен жумасына 3-4 жолу жумуштарым менен көчөгө чыгам. Андыктан күнүнө 1000 сомго куйсам жетет.
– Мындай көлөмдүү унааны айдап бара жаткан, сендей сулуу айымдарды жолдо мырзалар көңүл кош карап өткөрүшпөсө керек...
– Сен айтмакчы, унаам көлөмдүү да, алар мени көрүшсө, мен аларды көрө албайм. Көбүнчөсү «машинаңыздын терезесин ачып коёсузбу, сүрөткө тартып алалы» деп жан талашкан учурлар болот. Көңүлүм болсо «тарта бер» деп коём. Балким, мага айтпай деле тартып алган учурлар болоттур.
– Жолдошуң «сенин мүнөзүңө бул унаа жарашпайт» дейт экен...
– 3-4 күн мурун жолдошума гезитке ушундай унаам менен чыкканы жатам десем, «мейли, бирок сага ал машина жарашпайт го» деп калды. «Кандайча жарашпайт?» десем, «Сен өзүң назиксиң, сулуусуң, мүнөзүңө жарашпай калат. Андан көрө BMW X5ти же башка эле жөнөкөй унаа айдап алчы» деп жатпайбы. Анан кайним «аба, жеңемдин өзүнүн унаасы го, өзү айдап тартыла берсин» деп калды.
– Ырчылар МАИ кызматкерлерине кармалса, «тоюңузда ырдап берейин» деп кутулабыз дешет», сен «тоюңузду алпарып берейин» дейсиңби?
– Жок, атын атабай эле коёюн, белгилүү инсандар менден той-топурларды алпарып беришимди көп эле суранышат. Бирок алпаргандан тартынам. Анын үстүнө үй-бүлөлүүмүн, жолдошумдун «эртең менен жумушуңа бар, кечинде убагында кел» деген талабы бар. МАИ кызматкерлери «Назира, бул эмне кылганың, күлүп жүр, ээ» деп узатып коюшат. Тойлорду башкарууга менде тажрыйба жетишсиз, дагы өсүшүм керек.
– Маектешип жатып улам уулуңа чалып кабар алып жатканыңды байкадым. Аны мындай учурларда кимге таштап келесиң?
– Мамам (ред.: кайненеси) карайт. Ал киши өзүнүн 4 баласын чоңойтту, биздин балдарыбызды дагы жакшы карайт. Мамам айылга кетсе, «качан келет?» деп жолду карап эле отуруп калам.
– Анда сени көп кармабайын, уулуңа батыраак бар.
– Рахмат.
Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
star@super.kg