реклама
Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG
Архив
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
semetei

Алиша Дианын жолдошу Бакыт Бегалиев: «АЛИШАНЫН КОЛУН БЕШИНЧИ ЖОЛУ СУРАГАНЫМДА ГАНА МАКУЛ БОЛДУ»

№775 8-14-сентябрь, 2017-ж.


2-сентябрь күнү Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде актриса, ырчы Алиша Диа турмуш жолуна аттанды. «Уурунун махабаты», «Гаишниктер», «Сүйө бил», «Шаардык келин Шарапат» тасмаларында, казактардын «Жаным» сериалында роль жараткан, учурунда «Импульс» тобунда ырдап жүргөн актриса жана ырчы Таласка келин болду. Жаш жубайлардын жакшылыгына биз да күбө болуп кайттык.

– Бакыт, Алиша, куш бооңор бек болсун! Бул күндү экөөңөр канча жыл күттүңөр?
Бакыт:
– Куттуктооңузга чоң рахмат! Алиша экөөбүздүн кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүбүзгө 8 жыл болгон. Бул күндү мен абдан көп күттүм. Алишанын колун 4 жолу сурадым, төрт жолу тең «отказ» кылып койгон. 5-жолкусунда «ооба» деген жооп алдым. Мына азыр өзү жармашып жүрөт (каткырып).
Алиша: – Мен негизи турмушка шашып чыгып, анан бат эле ажырашып кеткендерди туура көрбөйм. Эркек киши да турмуштун ысык-суугун көрүп, үйлөнүүгө моралдык жактан толук даяр болушу керек. Өзүм үчүн жооп бере турган болсом, Бакыт колумду сураганда мага турмушка чыгууга эрте сезиле берчү. Башында «Импульс» тобу менен келишимим бар эле, андан соң Казакстанга «Жаным» сериалына тартылганы кетип калдым. Оюмда көп нерсеге жетишип, көптөгөн долбоорлордо иштеп калышым керек эле. «30га чыкканда турмушка чыгам» дечүмүн, ага чейин Кудай буйруп, 27 жашымда турмуш жолуна аттандым.

– «Турмушка чыксам, чыгармачылыгым токтоп калат» деп кооптонгон экенсиң да.
А.: – Ошондой. «Болочоктогу жолдошум чыгармачылыгымды колдоп турса» деп кыялданчумун. Кудайга шүгүр, Бакыт мени бүт тараптан колдоп, таяп турат.

– Бири-бириңерди кайсы мүнөзүңөр менен имерип алдыңар?
Б.:
– Алишанын ак көңүлдүгүн, жан дүйнөсүнүн тазалыгын жана наристедей ишенчээктигин жактырдым.
А.: – Бакыт экөөбүз алгач таанышканда мен буга такыр жаккан эмесмин. Экөөбүз тең бири-бирибизге бой көтөргөндөй сезилиптирбиз. Кийин гана Бакыттын романтик, жумшак адам экенин билдим. Көңүлүмдү алганга көп аракет кылчу. Жумасына 3-4 жолу гүл берип, ал гүлдөр соолуй электе экинчиси келип калар эле. Апам көрүп «мынча көп гүлдү эмне кыласыңар, андан көрө башка нерсе албайсыңарбы» дей берчү. Түн ичинде ооруп калсам, дары, таттууларды кошуп себетке салып көтөрүп таң атпай жетип келип калчу.
Азыр 32 жашта, үйдө жалгыз уул.

Сейилдөө учурунан.

Чакан мамлекеттин түптөөчүлөрү Бакыт менен Алишаны Айчүрөк Иманалиева «Жар-жар» ырдап алып кирди.

Жаңы үйлөнгөндөр никесин мыйзамдуу каттап, бири-бирине нике шакегин тагышты.

Алишаны куттуктап сахналаш кесиптештери Нурлан Насип, Абир Касенов, Айпери Кубик кызы келишти.

Алишанын кайненеси жазуучу, акын Өмүрбүбү Бегалиева келинине ак жоолук салып батасын берип, түгөйлөрдү куттуктап ыр да окуп берди.

Түгөйлөр тойго арналып жасалган тортту аукционго коюп, конокторду атаандаштырууну ылайык көрүшпөдү. «Жашообуз торттой таттуу болсун» деген той ээлери отургандардын баарына ооз тийгизишти.

Алиша гүл ыргытып, кыздарды талаштырып отурбай эле көзүн жумуп келип колуна туш келген кызга гүлүн карматты. Тойдон кийин актриса «гүлүмдү аябай турмушка чыккысы келип жүргөн курбума карматыптырмын» деп тамашалап өттү.


Лунара Бекиева
Адилет Бектуров,
Рахат Керимбаев
star@super.kg


 Кыстарылган видео 

Ырчы, актриса Алиша Диа 8 жыл сүйлөшкөн жигитине турмушка чыкты

Автор: Нуржан Сманова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(48)
12.09.2017. 16:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
292
Катталган:
05-11-2016
Соӊку аракети:
23-11-2017 14:44
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айпнри эми уйрогунуптур кийиништи
12.09.2017. 17:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
11-03-2013
Соӊку аракети:
22-11-2017 16:13
Жынысы:
Белгисиз
+5
бактылуу болушсун!!! куйоосу эмнеге мынча жер карайт,тик карап суйлосо боло кишини кыжаалат кылбай
13.09.2017. 12:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
21-07-2014
Соӊку аракети:
23-11-2017 15:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Деңиз жээгинде.
+4
klassika,чын эле сүйлөп бүткүчө сыгылып кетет экенсиң.
12.09.2017. 17:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
112
Катталган:
04-02-2013
Соӊку аракети:
21-11-2017 09:36
Жынысы:
Белгисиз
+2
Таныбайм
12.09.2017. 18:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
403
Катталган:
28-05-2012
Соӊку аракети:
21-11-2017 16:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
нарын
+5
Уйлонуу сунушун ким киргизди эле десе,4 жолу киргизгем ой 5 жолу киргизгем дейт го))))
Медиа-портал
12.09.2017. 18:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
317
Катталган:
18-06-2013
Соӊку аракети:
22-11-2017 11:20
Жынысы:
Белгисиз
+2
красивая невеста)))
Медиа-портал
12.09.2017. 22:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
09-08-2016
Соӊку аракети:
23-09-2017 17:22
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактылуу болсун. Абдан таланттуу кыз. Казактардын киносунда да , озубуздун кинодогу рольдорун да мыкты ойногон. Уй-булоосу бекем болсун.
Медиа-портал
12.09.2017. 23:27 
Тайпасы:
Аким
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
15-10-2012
Соӊку аракети:
19-11-2017 21:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+5
Үстү-башы жабык жакшына көйнөк кийиптир. Бактылуу болушсун.
13.09.2017. 00:09 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
23-11-2017 13:08
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы жанылык.куттуктайм!
Медиа-портал
13.09.2017. 02:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
15-03-2017
Соӊку аракети:
22-11-2017 20:08
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул баягы салам Кыргызстанда ойногон кызбы. Сарушкин
Медиа-портал
13.09.2017. 04:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
11-12-2010
Соӊку аракети:
23-11-2017 17:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
+2
Бактылуу, таалайлуу болгула! Уй булонор эч качан бузулбасын! Эл астында сыйга, урматка бополонуп жургуло!
13.09.2017. 04:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
109
Катталган:
29-11-2007
Соӊку аракети:
23-11-2017 06:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
France
+2
Baktyluu taalaibuu bolushsun!
13.09.2017. 12:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
21-07-2014
Соӊку аракети:
23-11-2017 15:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Деңиз жээгинде.
+2
Көшөгөң көгөрсүн! Бактылуу болгула!
13.09.2017. 12:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
19-02-2014
Соӊку аракети:
22-11-2017 22:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Сонун пара экен ))) Куйоосу такой прикольный
13.09.2017. 17:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
01-06-2011
Соӊку аракети:
21-11-2017 17:34
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жолдошунун кыргызчасы анча эмес экен, анан да артисттердей кундо интервью берип журбогондуктон толкунданганы билинип турат. Жер карап суйлогону ошондон болуш керек. Бакыт,Алиман бактылуу болгула!
13.09.2017. 21:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
12-12-2014
Соӊку аракети:
22-11-2017 20:18
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айбек менен суйлошчу беле?
14.09.2017. 17:11 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
16-08-2017
Соӊку аракети:
22-11-2017 10:39
Жынысы:
Белгисиз
+1
ZHaziko,Айбек Замиров менен суйлошкон ал Назгул Токтакунова
14.09.2017. 00:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
04-09-2016
Соӊку аракети:
22-11-2017 18:45
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайнэнеси абдан сулуу экен))
14.09.2017. 01:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
65
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
17-11-2017 17:31
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алиман жөнөкөй, назик кыз! Быктылуу болсун жолдошу менен! Ден соолукта болгула! Балалуу болгула! Ынтымакта, сый урматта жашагыла! Куш бооңор бек болсун!
14.09.2017. 02:22 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
31-08-2017
Соӊку аракети:
21-10-2017 03:39
Жынысы:
Белгисиз
0
Алимааан менин эн жакшы коргон актрисам...Бактылуу болгунда!Кармашкан колунар эч качан узулбосун
14.09.2017. 02:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
27-05-2017
Соӊку аракети:
01-11-2017 01:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
г.Тюмень
0
Baktyluu bolsun!
14.09.2017. 04:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
08-01-2017
Соӊку аракети:
22-11-2017 02:22
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kuiosun Mergen Turganga okwow ekenu.
14.09.2017. 10:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
30-03-2017
Соӊку аракети:
22-11-2017 09:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
8 жыл суйлошуп, 5 жолу колун сураганы жакшы экен. Бактылуу болгула эми!
14.09.2017. 14:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
19-04-2015
Соӊку аракети:
23-11-2017 16:39
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун!!Азаматсынар куйоосу Корей улутуна окшош го.Сонун уй було суктандым!!!
14.09.2017. 15:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
96
Катталган:
26-08-2015
Соӊку аракети:
03-11-2017 16:43
Жынысы:
Белгисиз
+2
акырындагы суротторгу курбу кызы(гул алган) абдан суйкайган сулуу экен!
14.09.2017. 17:08 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
16-08-2017
Соӊку аракети:
22-11-2017 10:39
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мага ушу кыз аяявай жагат негедир. Бактылуу болунуз
14.09.2017. 18:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
20-03-2016
Соӊку аракети:
13-11-2017 18:55
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылууу болгула
Алдынарды бала бассын
Артынарды мал бассын
Оомийин
Медиа-портал
16.09.2017. 21:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
17-11-2017 23:22
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына Лариса акын деген кантет чачын эакшына кылбайбы кыргыздын аялы. Бул кыз да такыр жакпайт бала теги 1 - эле аялы бекен. Теги бактылуу болушсун
17.09.2017. 11:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
10-09-2016
Соӊку аракети:
23-11-2017 11:48
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куйоосу кичи пейил жакшы адам экени корунуп турат озунчо эле кунг-фу панда)
17.09.2017. 12:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
05-01-2015
Соӊку аракети:
06-11-2017 15:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Алиман бактылуу болуңуз. Барган жериңизден агарып көгөрүңүз...
18.09.2017. 08:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
164
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
21-11-2017 21:28
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алиман деген эле аты жакшы элего. Бактылуу болгула. Ишке ашып оюнар. Кут болсун кут болсун, уйлоону тоюнар.
19.09.2017. 00:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
15-09-2011
Соӊку аракети:
23-11-2017 11:16
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматуу колдонучулар, видиодо жанырган англисче ырдын атын жана аткаруучусун болушуп коесуздарбы, алдын ала чон Рахмат!!!
19.09.2017. 11:23 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8151
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
23-11-2017 19:31
Жынысы:
Белгисиз
0
Asizhan, саламатсызбы!
Craig David - Unbelievable.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макалага кирди:

Макалалардын саны:
19838;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2017 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
0,29291296005249