АЛПАРУУЧУ КАНИЕТ ЖЫРГАЛБЕКОВ ҮЙЛӨНДҮ

Күз мезгилинин алгачкы айында алпаруучу, тамада, ошондой эле жаш ырчыларга продюсерлик да кылган Каниет Жыргалбеков үйлөндү. Эки жаштын тою 13-сентябрда борбор калаабыздагы тойканалардын биринде өттү.

– Каниет, куш боо бек болсун! Маанай кандай?
– Той учурунда толкунданбай, өзүмдү канчалык токтоо кармайын десем да болбой койду. Өзгөчө сезимдер менен тойду аягына чыгарып алдык. Тойду мыкты деңгээлде өткөрдүк деп ишенем. Казакстандан сыйлашып, катташкан агаларым, кыргыздын бир бурчун көтөрүп турган байкелерим, шоу-бизнес өкүлдөрү келип куттукташты. Кайнатам машина белек кылса, өкүл аталарымдын бири Имамидин Ташов бал айына жолдомо, экинчи өкүл атам «каалаганыңарды алгыла» деп конверт берди.

– Социалдык тармактарга келинчегиңдин сүрөтүн 3-4 күн мурун эле киргиздиң окшойт, негизи канча убакыт сүйлөштүңөр?
– Айсулуу менен 11 ай мурун бир үйлөнүү тойду алып барып жаткан учурда таанышкам. Таластын кызы, жашы 22де, Мамлекеттик каттоо кызматында иштейт. Мени түшүнө билгендиги, колдогондугу менен жагып калды. Мен дагы, ал дагы үйдүн улуусу, мүнөздөрүбүз да бири-бирибизге төп келди. Ооба, сүрөттөрүбүздү үйлөнгүчө жарыялагым келген жок. Элдин сөзү, көзү тийип кетеби дедим.

– Үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап, бактылуу болгула!


star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
ashamkan
2017-09-19 09:54:28
Бактылуу болгула!!!!!
+4
aikera1992
2017-09-19 16:31:05
Бактылуу болгула. Мактанчаак окшойт.
-3
Kroxa
2017-09-19 17:47:26
Таласка куйоо болсо мактанчаак болот да..кошунаныкы котурдай жугат..бактылуу болгула..коз,соз тийбесин..
+9
Nyuwa
2017-09-19 23:09:48
Ушинтип биз учун корккон бири качан чыгат болду экен
+1
Nora
2017-09-21 04:45:09
Mashina belekke berse, kyzyn erge bere albai ele turgan okshoit dep oilop kaldym.
+2
azusha2017
2017-09-21 10:49:05
Nora, жаккшы ниет менен эле берсе керек, куйоо балам оз баламдай болсун деп кээ бироолор бул нерсени билип баалап турушат, кээ бироолор сизге окшоп эптеп мага эрге бериш учун атан кошомат кылды деп айтышат
+3
jon.as
2017-09-22 10:53:13
Чексиз бакыт каалайм!
0
№ 776, 15-21-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан