Мээри Шакулина, ырчы: «ҮЙ-БҮЛӨМДҮ БУЗГАНДАР БАЛДАРЫҢДЫ ОЙЛОП, ДУШМАН АРТТЫРБА ДЕШСЕ ЖҮРӨГҮМ ТИЛИНДИ»

Мындан бир нече жыл мурун кыргыз эстрадасында Мээри Шакулина деген ысым пайда болгон. Ал «Сагынба», «Кечир», «Сүйүү келсе», «Айтпа, айтпа» деген өңдүү ырлары менен элге таанылган эле. Акыркы убакта таптакыр эле сахнадан алыстап кеткен ырчыны айрым ыр ышкыбоздору өзгөчө ысымы аркылуу эстесе, айрымдардын көңүлүндө ыры, келбети менен калды.

– Мээри, кандайсың? Кыргыз эстрадасына өзгөчө ысым менен аралаштың эле, бул ысымды ким тандаган?

– Кудайга шүгүр, рахмат. Жакшы жүрөбүз. Өзүмдүн аты-жөнүм Мээрим Шакулиева. Убагында ырларым менен элге бир аз да болсо таанылдым. Ошол учурда иш-чараларда, концерттерде сахнага чакыруу учурунда атым бир аз ыңгайсыздык жаратары байкалган. Анткени ал кезде кыска ысым менен сахнага чыгуу мода болчу. «Сахнага чакырганда узун экен» деп Ташкент кызы Гүл Мээри Шакулина деп кыскартып койгон.

– Чыгармачылыктан таптакыр алыстап кеттиң, буга турмушка чыкканың себеп болдубу?

– Албетте, биринчи эле себеби ошол болду. «Кыздын барар жери күйөө, буудайдын барар жери тегирмен» дегендей, мен дагы турмушта өз бактымды табайын деп турмушка чыгып, эне болдум. Жаңы турмушка чыккандагы, эне статусуна ээ болгондогу сезимдер эч нерсеге алмашкыс экен. Алгач бала жытын жыттаган мүнөттөрүмдү бактылуу күндөрүм десем болот.

– Турмушка чыккандан кийин жашоо кандай уланды? Эмне менен алектендиң?

– Турмуш-тиричилик өз нугунда, эл катары өтүп жатты. Жаратканыма шүгүр кылам, мени күн сайын бакытка бөлөгөн наристелеримди берди. Чыгармачылыктан алыстап, балдар менен үйдө болдум. Анткени балдарымдын ортосу 1-2 жаштан. Аларды ишенип бирөөгө таштай алган жокмун.

– Канча баланын энеси болдуң?

– Үч уул, бир кызым бар. Тун уулумдун аты Умар, быйыл мектепке барды. Андан кийинкиси Исхак, мектепке даярдоо курсунда окуп жатат. Эки уулдан кийин кызым Сумайа төрөлгөндө өзгөчө бактылуу болгонум эсимде. Уул төрөлгөндө башка, кыз төрөлгөндө башка сезимдер болот экен. Төртүнчү балам Амир 9 айлык. Эркем, кичинекейим, дайыма күлүп турат. Ар кандай кылыктары чыгып бизди сүйүнтүп турган кези.

– Чыгармачыл адамдардын балдары да таланттуу болсо керек, музыкага жакыны барбы?

– Эки балам оозу менен битбокс кылып эле кыйнала беришет, «ай, койгулачы» деп урушуп калам. Сумайа көпчүлүк учурда ырдап жүрөт. Эмнеси болсо да эң негизгиси акыл-эс, ыйман, ден соолук болсо экен деп тилейм.

– Жолдошуң ырчы, аранжировкачы Эдил Маматов менен таарынышып жүргөн экенсиң...

– Эдил экөөбүздүн ортобуздагы мамиле жөн гана таарынышууга жатпаса керек. Экөөбүздүн турмушубуз олуттуу себептерден улам бирге уланбай калды. Эки жолго түшкөнүбүзгө бир жарым жыл болду. Албетте, бул аралыкта балдарына келген жок дебейм. Балдарына келет. Алардын кийим-кечесине, тамак-ашына, окуусуна кетчү, ошондой эле жашап жаткан батирибиздин акчасын таштап кетип турат.

– Ажырашууга эмне олуттуу себеп болду?

– "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" деп коёт го элибизде. Ортобузга чок салган белгилүү эле ырчы кыз болду. Эл оозунда жүргөн ушак жөн гана асмандан түшкөн жок. Угушума караганда, азыр деле экөө чогуу жашашат экен. Мен башымдан өткөргөн ошол учурдагы соккуну, моралдык жактан жабыркоону эч бир аялзатына каалабайм. Мындай адамдар бирөөнүн үй-бүлөсүн бузуп, бир эмес, төрт наристени аттап, ата мээриминен ажыратып, бактылуу жашап кетем деп өздөрүнүн деңгээлине жараша жашап жатышат. Адам баласы чыдабаган, көтөрбөгөн сокку болбойт экен. Мен азыр балдарым менен бактылуумун. Күндөн күнгө акылдарына акыл кошулуп, мага дем-күч берип чоңоюп калышты.
Баарынан өкүнүчтүүсү, азыркы заманда адамдык деңгээлибиз ушунчалык төмөн түшүп кеткенби деп ойлойм. Ыйман, намыс, абийир деген барбы өзү? Ал кыздын айланасында жүргөн жакындарынын, атактуу апасынын тыюуга дарамети жетпедиби деп ойлойсуң. Мени таң калтырганы, тескерисинче, мага коркутуулар келип жатты. «Балдарыңды ойлоп, душман арттырба» деген сыяктуу сөздөрдү укканда кайсы эненин жүрөгү ыйлабасын, канабасын?! Ошол сөздөрдү укканда чок баскандай чочуп, Кудайдан балдарымдын амандыгын гана тилеп калдым. Айрымдар байлык, бийлик менен бардык нерсенин өтөсүнө чыгууга болот деп ойлошот экен. Бирок ал туура эмес жол. Ак ийилет, бирок эч качан сынбайт.

– Төрт бала менен жалгыз жашоо кыйын. Жакындарың, санаалаштарың колдоо көрсөтүп, каралашып турабы?

– Албетте, мени колдоп, коргоп турган жакындарым, санаалаштарым бар. «Адамды сөз жылытат» демекчи, алардын жылуу сөздөрү мага дем-күч берет. Жанымда такай каралашчу адам жок. Ата-энем, бир туугандарымдын кимиси бош болсо келип жардам беришет. Көп учурда балдарым менен өзүм жалгыз болуп калам, ошондо эч нерсеге жетишпейм. Төрт балама төрт бөлүнгүм келет, бирок кантип? Кээде ыйлайм, жашыйм, кайра балдарым үчүн өзүмдү колго алам.
Дагы бир жолу айтарым, мындай нерсе эч кимдин башына түшпөсүн. Кандай азап экенин өз башына келген адам гана сезет. Бул мага жашоонун бир сабагы болду. Кыйын күнгө туш келгенде «досум» деп жүргөндөрдүн да чыныгы жүзү билинди. Ошентип, досторум да иргелип калды.

– Сахнага кайтып, чыгармачылыгыңды улантайын деген оюң барбы?

– Сумайамды төрөгөндөн кийин сахнага кайткым келген. «Жан эркем» деген ыр жаздырып, клип да тарттыргам. Бирок Эдил «ырдабай эле койчу» деген. Анын сөзүн туура көрүп чыгармачылыкты биротоло таштадым. Эми кайтпайм. Дин жолунда жүргөн, беш маал намаз окуган адамга сахна анча ылайык эмес.

– Рахмат маегиңе. Балдарың мыкты инсандардан болуп чоңоюшсун.

«Кээде ыйлайм, жашыйм, кайра балдарым үчүн өзүмдү колго алам».

«Эдил экөөбүздүн эки жолго түшкөнүбүзгө бир жарым жыл болду».


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (220)
Lunaraahmatova
2017-09-30 16:30:25
ХХХ мен сыйлаймын! Таланты, адамгерчилиги бийик ырчы! Башкаларга окшоп бой көтөрбөйт!
-4
Nanei
2017-09-30 20:25:53
Lunaraahmatova,бой которгондо да шумдук которот
+3
Eldarkadyrov
2017-09-30 16:32:39
ХХХ ХХХ улутубуздун сыймыгы! Булар эч качан жаман жолго баспайт!
-6
Nanei
2017-09-30 20:27:33
Eldarkadyrov,басмак Тургай жол тапталып уалыптыр. Торт баланын убалынан коркпогондон кийин кайдагы кыргыз элинин сыймыгы болмок эле
+5
Eldarkadyrov
2017-09-30 16:34:45
Мээрим беш убак намаз окуйт экенсиң. Бирөөнүн күнөсүнө батпа! Сага кудайым ынсап берсин!
-6
Lunaraahmatova
2017-09-30 16:35:22
Периштелердин өмүрүн берсин!
+7
ZHaziko
2017-09-30 17:47:55
Оз канынан жаралган балдарды чанган бу эртен элди жерди коргоп жарытпайт.
+4
ZANIA-92
2017-09-30 19:15:19
Бул сериалдын уландысы эмки санда чыгат. Эдил деген неме озун актап коктоп чыкпаса мага келгиле....
+7
Imran2013
2017-10-01 19:47:40
Кыргызда жакшы соз бар эрдин жузу бурулгучакты, жердин жузу бурулсун деген. Кетем деген эркек 10ду туусан дагы кетет биздин эркектер жооп керчилик деген жок. Бул кайсы ырчы билбейм ушунча газетага чыгып реклама болбой эле койсо болмок, бул менин жеке оюум. Баарыбыз бир куну жооп бере турган кун келет.
+1
Aidani
2017-10-01 19:54:41
Аялы жаман болсо 4 торотпой эле кетирбейт белен Эдил аялынын коз жашы мейли, бирок 4 баланын ХХХХ ХХХ
+4
aiperi8996
2017-10-02 00:58:08
ХХХ ХХХ бери чыгып кетиптирго ХХХ
+2
sezim_osmonalieva111
2017-10-02 09:15:02
ХХХ эч качан 4балалуу эркекти азгырып жургон эмес.Чыгармачылыкта эле чогуу журушсо ушундай создор чыгып кеткен.Эркек кеткиси келсе ойногусу келсе все-таки кетет,ХХХ эмес башка кыз болсо дагы.Анан аялынан кетсе ХХХ куноолуу эмес да.Калп эле жаман корсотуп атат ХХХ булар.Шакулина деген инстада суроттору жарымы жыланач жарымы оронгон.Кыжырга тийип.Озуну тартипке келтир биринчи.Куйоон кетсе куноону озунон изде, башка бироону жок жерден каралабай
-3
munira-tilen
2017-10-02 12:18:50
sezim_osmonalieva111,4 балауу болгуча жакшы болгон бекен албетте уруш чыгат ушак болуп атса баары бир Мериники ен туура
+4
onuri
2017-10-02 11:49:52
Мен кошулдум)))
0
portugalia
2017-10-02 14:46:08
Мээри ким экендигин так айтпай ХХХ ХХХ болбой калса жооп бересин го
-2
talas0707
2017-10-02 17:41:26
ар бир адам озунун кемчилигин издесе бироого сын айтпай. Ушак бул чооон куноо туугандар!
-2
Miya
2017-10-02 23:49:34
Негизи эдиль балдарын таштаган эмес! Мери типа звезданы таштаган!
-1
Shama7Toto
2017-10-09 01:25:51
ХХХ жаны чыккан интервьюсу чыга элекпи же чыктыбы...дарегин берип койгулачы таппай калдым Админ
0
№ 777, 22-28-сентябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан