КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)


– Болушту өлтүрүү керек деп ойлойсуңбу?- Арсен кеңешип жаткан кишидей сурады. Оюна дароо бир нерсе кылт этти.
– Башка жолу барбы?
– Сен, мисалы, аны атып өлтүрө аласыңбы?
– Жок. Бирок киши жалдасакчы?- Бегимайдын бул сөзүнө Арсен таң калды. «Күнөөсүздөй көрүнгөнүң менен, башыңда шойкомдуу ойлор толтура турбайбы сенин» деди ичинен.
– Жок, Бегимай, мен анын бир айласын табам. Балким, мыйзамдуу түрдө, балким, мыйзамсыз түрдө аны торго түшүрөбүз. Сен ал жөнүндө көп маалымат билсең керек. Ошолорду мени менен бөлүшсөң жакшы болмок.
– Болуштун иштери тууралуу эч нерсе билбейм. Ал мени эмес, өз аялын да аралаштырбайт,- Бегимайдын бул сөзүнө жигит ичинен «хе, кишини жинди ойлойсуң го. Айткың келбесе, айтууга аргасыз кылам, сулуу» деп жооп берди.
– Сен негизи куралдан ок атып көрдүң беле?
– Эмнеге сурап жатасың?
– Жөн эле. Атып өлтүрүү жөнүндө сүйлөштүк го... Курал атып көрдү болду бекен деп ойлонуп кеттим,- Арсен ордунан козголуп айдоочунун отургучунун алдынан тапанча алып чыкты.
– Атып көргүң келеби?
– Жок.
– Жүрү, коркпо,- жигит Бегимайды жетелеп чыкты. «Мына, мындай кармайсың» кызга оңтойлотуп карматты. «Эми ат». Тарс! «Өзүң кармап атып көр». Кыз жылмайып алып бир нече жолу ок чыгарды тапанчадан.
– Таак, сулуу, эми мага бериңиз,- Арсен тапанчаны аярлык менен бир чекесинен кармап, чөнтөгүнөн алып чыккан тунук полиэтилен баштыкка салды.
– Сен эмне кылып жатасың?
– Эч нерсе. Сенин манжаларыңдын изин сактап жатам.
– Эмнеге?
– Керек болгону үчүн,- Арсен жылмайып койду. Бегимай көздөрүн бат-бат ирмеп таң калып турду.
– Эгер чын эле Болуш атылып өлтүрүлө турган болсо, анын өлүгүнүн жанында сенин манжаларыңдын изи бар тапанча жаткан болот. Сен мени түшүндүңбү, сулуу?- жигит кебелбей сүйлөп жатты. Жанатан Бегимайды эркелетип, аны жакшы көрөрүн айтып жаткан жигит эми өз кызыкчылыктарын баарынан бийик койгон, куу, таптакыр эле башка Арсен болуп өзгөрдү.
– Эмне деп жатасың?!- кыз кыйкырып жиберди.
– Үнүңдү бийик көтөрбө мага! Андан көрө жакшылап угуп ал. Экөөбүздүн өткөндөгү жолугушуубуздагы менин унаамда өткөн уятсыз жоруктарыбыз, бүгүн бул талаада дагы эле менин унаамда жасаган жылаңач иштерибиздин баары видеобайкагычка тартылып жатты. Ишенип кой, ал видеобайкагычта экөөбүздүн эротикалык тасмабыз мыкты сапатта тартылды. Сен, албетте, анын баарын Болуш көрүшүн каалабайсың да, туурабы?
– Акмак!
– Кыйкырба мага!
– Акмак! Эш-шек!- кыз жигитке карай жүткүндү. Бирок жигит тездик менен колун аркасына кыла коюп, башка тапанчаны курунан сууруп чыгып кыздын чекесине такап калды. Бегимай купкуу болуп токтоп калды. Тапанчаны кыздын чекесине такаган боюнча Арсен сүйлөп жатты.
– Угуп тур, канчык!- жигиттин көзүнөн заары чыгып турду.
– Сенин жылаңач оюндарыңдын бардыгын Болуш көрчү болсо таптакыр талаада каласың! Сага ошонун кереги барбы? Айтчы? Кереги барбы? Сенин сулуу, бирок акылсыз башыңа жеткирип коёюн. Мындан кийин менин айткандарымды кылбасаң, сен интернет жылдызга айланасың. А эгер сен Болушка мен жөнүндө бир эле сөз айтып, ал мага тиш кайрай турган болсо, атылып өлтүрүлөт. Сенин колдоруңдун изи бар тапанча кимде экенин унутпа. Сени өлтүрдү кылып көргөзүп коё алам. Ушунча жылдан бери мен эшек такалап жүргөн жерим жок. Акылсыздык кылба, мен айткандарды аткар. Качан жасачу жумушту жасап бүтөсүң, тынч жашай бересиң.
Жигит терс бурулуп унаасына жөнөдү. Бегимай туңгуюкка кептелгенин түшүндү.


ххх


Бегимай нес болуп эгин талаада жалгыз калды. Арсендин унаасынын жарыктары түнгө сиңип жок болду. Эрдин кымтып жакшы эле карманып жаткан, бирок өзүнө ээ боло албай ыйлап баштады.
– Чыккынчы!- деди ал ыйлап жатып. «Мен сени жакшы көрөрүмдү билип туруп кантип ушинттиң, акмак? Сен азыр эле мага «жакшы көрөм, экөөбүз чогуу болушубуз керек» деп жатпадың беле? Мен сени эч качан кечирбейм! Сен кимди таарынтып алганыңды билбей жатасың! Болуш сени жок кылып коё алат. Бирок... Бирок ал менин анын көзүнө чөп салганымды, «киши жалдап өлтүрүп салсакчы» дегенимди билсе мени кечиреби? Кечирбейт да. Болушка айта турган болсом, аны өлтүрүп менин моюнума кылмышты илип салышса кантем?» башы чыңалып ооруп чыкты.


ххх


Арсен анын көкүрөгүн оорутуп келген белгисиз боштук жоголот деп күткөн. Бирок азыр Бегимайды тузагына түшүрүп келе жатып да эч жеңилдебегенин байкады. Балким, Болушту жарга такаганда кек сууйттур.
Бегимайды кайра аяп кетти. Байкуш акылсыздыгынын азабын гана тартып жатат. Эгер башында башкача болгондо кандай болмок? Эгер Бегимай Болушту тандап кетпегенде эмне болот эле? Ойго чөмүлүп баратты жигит.
«Мен сени кандай гана жакшы көрчү элем. Менин дүйнөм, бакытым, максатым сен болуп калгансың. Сен жанымда болгондо мен башкача Арсен болмокмун. Экөөбүздүн тилек-максаттар үчүн жан алым калбай аракет кылмакмын. Мени чыныгы Арсен кылып жүргөн сен болчусуң. Азырчы? Азыр мен киммин? Адамдарга ишенүүдөн калган, эки жүздүү, кара мүртөз, жырткычка айландым. Мени ушундай кылган да сенсиң. Дагы «кечирип койчу» дейт. Мен эмне ошончолук наадан көрүнөмбү сага? Атам экөөбүздү тең сабап, мени каматып, үйсүз калтыргандан кийин да көңүлү калбайт деп ойлойсуңбу же болбосо Болуштан кийин тарп жей турган кишиге окшошуп турамбы мен?» ичинен сүйлөнүп, ачууланып рулду бекем мыжыкты. «Мен силерге көргүлүктү көрсөтөм. Адамды акчага алмаштырып жиберген кандай болорун чындап сезгидей кылам» анын бир кезде көкүрөгүндө басаңдап калган кеги азыр жалбырттап кайра от алгандай.


ххх


Бегимай түнү менен уктай албай койду. Ыйлап отурду. Эмне кыларын билбейт. Таңга жуук гана көзү илинип кетиптир. Телефонуна келген чалуудан ойгонуп кетти. Жашыруун номурдан чалуу экен. Жүрөгү бул Арсен экенин сезди.
– Алло?
– Менин сулуум кандай уктады?
– ...
– Тултуюп калганын. Сени көргүм келип жатат. 1 сааттан кийин Горький көчөсүндөгү мейманканадан күтөм. Кечикпей кел,- жоопту күтпөй эле Арсен коюп салды. Кыздын барбаганга аргасы калган жок. Мага баары бир. Билгениңди кылып ал дейин десе, анда эч нерсесиз калат. Болуш кызды чет мамлекеттердеги саякаттар, шопинг менен эле алдап жүрүптүр. Кыздын наамына каттап бир да мүлк жаздырбаптыр. Бегимай эми эсине келди. Эч нерсеси жок экен. Бирок анын төлөм картасында толтура акча бар эле го. Анын баарын кыз түнкү клуб, кымбат кийим-кечеге эле коротуп жүргөн тура. Ырас жакындарына жардам берип жатты. Болуш кыздын атасына орто класстагы унаа алып берди, үйлөрүн оңдотуп-түзөттү. Бирок чоң мүлк жок кызда. Эгер жанагы Арсендеги тасмалар жарык көрө турган болсо, анда кыз талаада калат. Болуш дайым аны тар чөйрөдөгү жолугушууларга ээрчитип барчу. Анын таасирдүү досторунун көбү өздөрүнүн жаш жана сулуу токолдору менен келишчү. Ал чөйрөдө баары бири-бирин таанышат. Тасманы алардын баары көрчү болсо, Болуш намыстанганынан Бегимайды жок кылып коюшу да мүмкүн.


ххх


Арсен айткан мейманканага кыз кара көз айнек, жоолук салынып келди. Таптакыр таанылбайт. Кирип келгенде эле телефонуна чалуу келди.
– Ресепшнден 6-номердин ачкычын алып кире бер,- деди жигит телефондон.
– 6-номердин ачкычын берип коёсузбу?
– Бегимайбы?- ресепшндеги кыз сурады.
– Ооба.
Ачкычты алып люкс номерге баш бакты. Минута деле өткөн жок. Эшик тыкылдады.
– Ким?
– Мен Арсен.
Эшик ачылды. Жигит кара костьюм-шым кийип кычырап алган экен. Кийими өзүнө куп жарашыптыр. Бегимай аны карап аргасыз суктанып койду. «Бул мурда эле ушундай сымбаттуу беле?» деди ичинен.
– Биз сүйлөшүп алуубуз керек.
– Менден эмнени талап кылганы жатасың түшүнбөйм. Кыйраткан деле пайда алып келе албайм сага. Мени коркутуудан сен эч нерсе таппайсың.
– Бегимай, сен ал боюнча баш оорутпай эле кой. Менин маселем ал менин маселем. Мен сен жөнүндө сурайын деп жатам. Унаа, жашап жаткан батириң сага катталганбы?
– Жок. Эмне мага каттатып туруп, кийин өзүңө жаздыртып алайын деп жатасыңбы?
– Аргасыз жылмайтасың кишини. Мен андай батирдин бешөөнү оңой-олтоң алып коё алам. Анан калса, сен айдаган Гелендваген, жашаган батирди эле алып тынып калат деп ойлойсуңбу? Жок. Мен Болушту сыздатам, Бегимай. Алдыма чөгөлөп келгидей кылам. Сени эч нерсесиз калбасын деп жатам...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
Sumaya0692
2017-10-03 14:21:06
Мен дагы убанында жиним келчу Бегимайга а азыр болсо боорум ооруп жатат
+4
Stshcksishd
2017-10-03 16:32:47
Акылдуу экен сени эч нерсесиз калбасын деп атам дегенин
+2
Beks0207
2017-10-03 18:24:39
Молодец куддум менин характерим барда ушу Арсенде
-5
kanu
2017-10-04 01:07:48
Beks0207,аргасыз кулдуросун да,боорум эзилди прям сенин созуно
+2
dasta
2017-10-03 18:59:43
Арсен еркек екенсин
0
Aiziusman0101
2017-10-03 19:48:41
Салам! Биринчи жолу комментарий жазып жатам куттуктап койгула
+5
Nurpeiil95
2017-10-03 21:21:46
Aiziusman0101,куттуктайм
+2
Aiziusman0101
2017-10-03 19:49:44
Мен жазган комментарийдин жарымы жокго?(
0
Baha.A
2017-10-03 22:31:26
Aiziusman0101,《биринчиси》 ошондой болот)))
0
Aiziusman0101
2017-10-04 21:47:46
Baha.A, Ааа десе анда көнүшүп кетебиз буюрса )))
0
kuba2017
2017-10-03 20:42:19
Абдан жакшы чыгарма
+1
Anarbek11
2017-10-04 00:33:59
Кызыктын баары эми башталат
0
Baatirbek81
2017-10-04 04:05:45
Мен дагы биринчи жолу коментарий жазып жатам бирок чыгарманы башынан бери окуйм
+1
mechta2016
2017-10-04 11:23:12
соонун чыгарма, тушумо Арсен кирип чыкпаса эле болду, мыкты жигиттик сапат бар экен!
0
Bektur91111111111
2017-10-04 12:15:08
Кызык чыгарма бул жагы кино болтат оюмда
+1
Bektur91111111111
2017-10-04 12:16:14
Кинону элестетип окуйм
0
liitle_princess95
2017-10-04 13:29:09
Бир дагы персонаж жакпады
-3
aytkulova
2017-10-06 19:26:37
liitle_princess95, жакпаса кыйналып окуп, комментарий калтырба!
+1
Snejana
2017-10-05 01:18:32
Озунчо эле кино го
0
imashbektur.95
2017-10-06 00:30:02
Олтуруш керек,олтуруш керек..))
Ушундай болмоок..
0
№ 778, 29-сентябрь - 5-октябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан