Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Гүлшайыр Садыбакасова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «САЙКАЛ ЭЧ КАЧАН 4 БАЛАЛУУ ЭРКЕККЕ ТУРМУШКА ЧЫКПАЙТ!»

№779 6-12-октябрь, 2017-ж.


Гүлшайыр Садыбакасова – бул ысымды укканда көпчүлүгүбүздүн көз алдыбызга тартипти бекем кармаган темир аялдын образы тартылат. Гүлшайыр эже чыгармачылык чыйыр жолун барабан уруудан баштаган. Андан бери канча суулар акты, бирок Гүлшайыр Садыбакасова турмуштун түрдүү сыноолоруна моюн сунбай келет.

– Саламатсызбы, Гүлшайыр эже, «Кыз-Буракты» кызыңыз Сайкалга өткөрүп бергенден кийин өзүңүз филармониянын иштери менен эле алек болуп калдыңыз окшойт?
– Өзүм 17 жылдан бери Ош облустук филармонияны жетектеп келем. Ошто абройлуу концерттик мекеме болгондугуна байланыштуу түштүктөгү саясий, экономикалык, социалдык маанидеги иш-чараларды биздин филармониянын концерттик программасы, аппаратурасы, техникалары менен тейлеп келебиз. Негизги милдетибиз калкты маданий жактан тейлөө, музыка дөөлөттөрүн элге жайылтуу. Ал эми жеке чыгармачылыкта анча-мынча бошогондо ыр, обон жазууну улантып келем. Мындан сырткары эки көркөм тасмага тартылдым.

– Уулуңуз Эркин да ырдап чыкты эле, ал чыгармачылыгын улантабы?
– Эркин быйыл 10-класста окуп жатат. Өзүнчө ырдап, талантын таптап жүргөн экен, Сайкалдын концертинде ырдап чыкты. Анын шоу-бизнесте болушун каалабайм. Келечекте мыкты программист болгусу келет. Азыр жалпы республикалык тестирлөөгө катуу даярданып жатат. Англис, түрк, орус тилдеринде эркин сүйлөйт. Мектепте ырдап жүрөт, бирок мен чоң сахнага чыгууга уруксат бербедим. Азырынча билим алуу менен алек.

– Кыргызстанда ажырашуулардын саны көбөйүп жатканы байкалат, көптү көргөн адам катары жаштарга кандай кеңешиңизди берет элеңиз?
– Ооба, ажырашуулар көп болуп жатат. Кээ бир үй-бүлөлөр өз ара келише албай, бири-бирине тирешип өзүмчүлдүктүн торунан чыга албай жатса, кээ бирлер кайнене менен келиндин келишпестигинен, кээде күйөөлөрү милдетин аткаргысы келбей, бала-чакасын багуудан, жоопкерчиликтен качып жатышат. Эң башкы себеби жаштар улуунун айтканын укпай, өзүм билем болуп калганында. Жан дүйнөсү жарды, адеп-ахлактан алыстап бараткан адамдарды «адам болгула» деп ыйманга, боорукерликке чакырып кетет элем. Улуу адам катары айтарым, бардык кыйынчылыктарга карабай үй-бүлөнү сактап калууга аракеттениш керек. Ал үчүн ар дайым эки тараптуу түшүнүшүү, бирин-бири урматтоо, жок дегенде балдарга болгон мээримди жоготпоо зарыл.

– Жакында эле бизге ырчы Мээри Шакулина маек берип, анда 4 балалуу болгон соң жолдошу менен ажырашууга аргасыз болгонун, жолдошу белгилүү ырчы кызга кетип калганын айткан эле. Интернетте бул окуяда кызыңыз Сайкал Садыбакасованын аты аталып, ырчылар эки жаат болуп талашып-тартышууда. Кызыңыздын бул окуяга чын эле тиешеси барбы?
– Мен бул окуянын чоо-жайын социалдык тармактарга тарап кеткенге чейин 2 ай мурда Мээри Шакулинадан уктум. Катя Маматкулова (ред.: Расул Маматкуловдун жубайы), мен, Мээринин өкүл апасы болуп жолугуп сүйлөштүк. Сайкал менен Эдилдин ортосундагы мамиле тууралуу Мээри айтып берди. Бирок мен ага «кызым, мындай күнөөлөрдү коюу үчүн факт керек, болбосо куру жалаа болуп калат» десем, ал «мейли, далилдерди сизге жөнөтөм» деди. Мен ага «кандай кырдаал болбосун Сайкал эч качан 4 балалуу эркекке турмушка чыкпайт, бул менин артка кайтпас чечимим» дедим. Сайкал мага Эдил сөз айттырып жүргөнүн, бирок аны менен жакын мамиледе болбогонун айтты. Менин баамымда, бул окуя көбүртүлүп-жабыртылып кеткен. Мээри айткандай, экөө чогуу жашаса батирде же менин үйүмө келип жашамак. «Кыз-Бурактын» 5 кызы, 1 шопур, 1 келиним кызы, неберелери менен 24 саат бою бирге жашаган үйдө Сайкал бир күн түнөбөсө асман түшүп кетмек. Мээри да бир убакта «Кыз-Буракта» жүргөн кыз, Эдилди да жакшы билем.
Сайкал, «Кыз-Бурак» тобу эки жылдан бери Эдилдин студиясында ыр жаздырып жүрүшкөн. Чырдын баары кызганычтан келип чыккан көрүнөт. Түнү менен кыздардын студияда отурганы кимдир бирөөлөргө жакпагандыр. Сайкал, Мээри, Эдилдин ызы-чуусу баштала электе мага айтышканда бул окуя мынчалык тереңдеп кетпейт эле. Эми болору болду, билип-билбей туруп түрдүү каралоолорду айтып коюш оңой, бирок аны көтөрүү оор. Мен бул окуяны Кудайдын жөнөткөн дагы бир сыноосу деп кабыл алдым. Өмүрүмдө биринчи жолу кызымды тилдеген жокмун, урушпадым, тескерисинче, ага дем-күч берип чыйралтып турдум. Бул менин энелик милдетим эле. Кызым көкүрөгүмө башын коюп «жаным апа, сизди уят кылдым, кечириңиз" деди. Тууган-урук, достору, жакындары анын жанынан чыкпай колдоп турушту. Мен бул маселени, албетте, териштирем.
3 айдан бери биз Эдил менен иштешкенди токтотуп, башка студияда иштеп жатабыз. Болуп өткөн окуялардан улам мен кызбы, уулбу алардын бал тилине кирбей катуу кармап, көзөмөлдөп, айрыкча орус чалыш болуп өскөн өспүрүмдөргө кошумча тарбия жүргүзүү керектигине ынандым. Ал эми турмуш курган жаштарга айтарым, убактылуу кыйынчылыктарга чыдап, сен кыйын, мен кыйын деп тирешпей, айрыкча аял киши акылмандык менен үй-бүлөдөгү кризисти жеңип чыгууга далалат кылыш керек. Балдардын бактысы үчүн бир сөздөн калып, экөө тең амбицияларын ыргытып балдарынын тагдырын ойлошу керек.

– Социалдык тармактарда Сайкалды каралоо күч алды. Сиздин дарегиңизге да сындар жаап жатат. Интернеттин, андагы соцтармактардын жашообузга минтип тереңдеп кирип кеткенинин терс жагы көп экени көрүнүп жатабы?
– Социалдык тармактарда жазып жаткан кээ бир адамдардын жырткычка, айбанга айланып кеткенин көрдүм. Кызым Сайкал экөөбүз үчүн кызыл чеке болуп согушкан патриотторду көрдүм. Жалган, ыплас сөздөрдү жазып, ызырынган, сөгүнгөн бейбаштарды көрдүм. Жашоосундагы өксүк, тайкы тагдырларына, күйөөсүнөн ажырап нааразы болгондордун биз аркылуу өч алуусун көрдүм. Май-талкан чайнап бекер отуруп алып ушакты удургутуп, өчүп бараткан отко кайра май тамызып маашырланган кемпайларды көрдүм. 4 баласы менен күйөөсүнүн колдоосу жок калган Мээринин аянычтуу тагдырын көрдүм. Эдилге окшоп жоопкерчиликти сезбеген, адамдык, аталык милдеттерин жеткиликтүү түшүнбөй жаткан, жеңил жашоого качкан бүгүнкү шордуу эркектерди көрдүм. 320 кыздын карегине чаң жугузбай татыктуу тарбиялаган, элге ак кызматы менен таанылган, 40 жылдык тарыхы бар «Кыз-Бурак» тобунун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, обончу-композитор, профессор Гүлшайыр Садыбакасованы тебелеп-тепсеген, жүрөгүнө бычак сайган, көңүлүн жаралаган эки буттуу айбандарды, Аракан, Мьянманын жырткычтарын көрдүм. Жашоодо оош-кыйышты, жарык-караңгыны көп көргөн адам катары бул оор күндөргө чыдадым. Элден айланайын, туура, калыс сөзүн айтып, нарктуулугун, адамдык сапатын жоготпогон жакшыларды көрдүм.
Эгерде ушул болгон окуяларда кызымдын күнөөсү болсо эң биринчи Кудайдан, андан соң кыргыз элимден кечирим сурайм! Ал эми кызымды каралаган тараптардын дооматтары туура эмес болсо аларды да Кудай кечирсин!

– Мээринин жакын курбусу ырчы Бегимай Бекбоева менен Сайкалдын ортосунда пикир келишпестик чыгыптыр...
– Буга чейин кызымдын Бегимай менен жеңил-желпи таарынычтары болсо керек, бирок ортолорунда чоң нааразычылык жок экен. Мен Мээринин маегин «Супер-Инфого» чыккандан 4 күндөн кийин билдим. Иштин чоо-жайын териштиргенче социалдык тармактар өзүнүн желесине тартып кетти. Бегимай мага чалып, экөөбүз бир саат сүйлөштүк. Ал сүйлөшүүлөрдөн соң Бегимай да, Сайкал да баракчаларындагы билдирүүлөрдү өчүрүштү. Бегимай айтты делген «оштуктарды оромпой тээп ойноймун, силер экинчи сортсуңар» деген билдирүү мага WhatsApp`ка келген болчу. Бирок бул жалган сөздү Бегимай Бекбоева айтпагандыгы ачыкталды.

– Социалдык тармактарда эки жаат болуп бөлүнүп урушуп жаткан эки тарапты элдештирүүгө аракет кылып көрдүңүзбү?
– Бул кырдаалды өз кызыкчылыгына пайдаланып Сайкал менен Мээринин душмандары түрдүү баракчаларды ачып ыплас сөздөрдү жазып жатышат. Ошондой аккаунттарды жабууга аракет кылып жатабыз. Андан кийин кырдаалды жөнгө салып, жаштарды элдештирүү аракетин баштайбыз. Дүйнөлүк тарыхта ар кандай согуштар, түрдүү келишпестиктер эки тараптын сүйлөшүүсү аркылуу чечилген. Кудай буюрса, бул ызы-чууну да сүйлөшүүлөр аркылуу чечебиз.

– Маегиңизге рахмат, үйүңүздө да, көңүлүңүздө да тынчтык болушун тилейбиз.

"Өмүрүмдө биринчи жолу кызымды тилдеген жокмун, урушпадым, тескерисинче, ага дем-күч берип чыйралтып турдум"


Лунара Бекиева
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(88)
10.10.2017. 10:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
04-04-2015
Соӊку аракети:
17-11-2018 03:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+10
Аябай жакшы суйлоптур уйбулоо жонундо....чындыгында эле азыр бир бирин тушуно алышпай эле ажырашып кетип жатышат. Сен кыйын мен кыйын болуп. Эркектерибизденда жооп керчилик деген кетти.
10.10.2017. 10:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
19-11-2014
Соӊку аракети:
07-08-2018 17:53
Жынысы:
Белгисиз
+21
Эдил соз айтып журот десе чын тура шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт го
10.10.2017. 10:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
20-05-2016
Соӊку аракети:
12-06-2018 12:32
Жынысы:
Белгисиз
+19
Гулшайыр эже молодец!Кызына уят эле апасынын ушунча топтогон кадыр-баркын тогуп жатканына.Сайкал сен апандай боло албайсын баары бир!
10.10.2017. 11:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
298
Катталган:
10-02-2014
Соӊку аракети:
16-03-2018 00:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ОШ
+20
Баардык сын жазгандар Г.Садбакасовага,кечиргилего.Баланы торойсун,бирок кыял жооругун кошуп торобойсун.Эжени эне катары тушунуп турам.Бул жерде эн чон куноо Эдилде,торт баласы туруп озунун уй булоосун жонго салалбаган.Азыр эн окунучтуусу кээ бир кыргыз жигиттеринде аял м.н таймашуу мода болуп калганбы.
10.10.2017. 15:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
18-02-2016
Соӊку аракети:
25-10-2018 02:32
Жынысы:
Белгисиз
+8
samidinova84,даа понятно,так кесе жооп бепе албаптыр.Баары чын экен.Кызынын конулуно карап тыйа албай атканго.Эдил болсо Сайкалдын атагына кызыктыбы не 4баласын таштап коюп.А так аялы татынакай экенго
10.10.2017. 11:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
116
Катталган:
05-01-2017
Соӊку аракети:
17-11-2018 18:41
Жынысы:
Белгисиз
+23
Шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт. Нурлан менен мамиледе уй булосун билбей болуп алыпмын дегенде эл баарыбыз Нурланды куноолоп кийин чындык ачылды аялын билип туруп журду деген мында да ошондой таза журсон эч качан соз ээрчибейт Кенже эжендей таза жур турмушка чыкканча соз ээрчибеди ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-10 15:16:26
14.10.2017. 22:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
16-07-2014
Соӊку аракети:
09-09-2018 18:16
Жынысы:
Белгисиз
+1
erkeleim,Кенженин маалында мындай интернет онуккон эмес эледа
10.10.2017. 11:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
145
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
17-11-2018 18:32
Жынысы:
Белгисиз
+18
Кимдики жалган? Кимдики чын? Бир гана кудайга жана оздоруно аян.Сайкал деп укканымда оозум ачылды темирдей бекем тартиптуу аялдын кызы ушинткенине.Жогоруда айтылгандай азыр уй булоо туйшугун,жоопкерчиликти мойнуга алгысы келбей женил жашоого качкан эркектер кобойгон.
Эмнеси болсо да Сайкал бир уй булоонун бузулуп,4баланын атасыз калышына себепкер болду бул кечээ 2ай алдын эмес 2-3жыл алдын башталган окуя турбайбы
10.10.2017. 12:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
08-04-2012
Соӊку аракети:
14-11-2018 16:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Astana
+16
Мээри деле далили бар болгон учун айтып ататта ал деле ушул создорду айтарда териштирип кордуда жон жерден эле бирого куно артпайсынго

Бегимайды жон жерден кыпчып кетиштиго ошондой соз айтат деп ойлобойм
10.10.2017. 12:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
08-04-2012
Соӊку аракети:
14-11-2018 16:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Astana
+10
Башкаларга алы жетет озунун баласына алы жетпейт деген созбаро
10.10.2017. 12:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
673
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 22:21
Жынысы:
Белгисиз
+12
Гульшайыр эже материалдык жактан жакшы камсыздалган. Бай адвмдардын катарына кирет. ХХХ Бирок,эн тугонбос ьайлыгы торт баласы. Алар дагы бат эле бой тиреп чоноюп калышат эртен эле.
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-10 15:18:31
10.10.2017. 13:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
208
Катталган:
05-02-2016
Соӊку аракети:
15-11-2018 20:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+3
Ырчыларга деле кыйын.Ушак ото жаман нерсе.Аны да которо алган адам которот.
10.10.2017. 13:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
26-03-2017
Соӊку аракети:
07-11-2018 15:17
Жынысы:
Белгисиз
+17
Мойнуна алгандай го, демек чын экен да. Эх Сайкал апанды ойлосон болмок эркек табылат эне жалгыз.
10.10.2017. 13:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
26-10-2018 02:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Шахризааданын жомогу
+21
Гулшайыр эжеде эмес, куноонун баары Сайкал мн Эдилде. Апасына мен Эдилди суйуп калдым, Ошо мн журуп атам демек беле.Баланын кылыктарын кобунчо ата-эне эн акырында угат. Элдин баары билет, бирок духу жетип эч ким айтпайт,Балан же кызын жаман жолдо журот деп. Эжеда кызына ишенип жургонда,кызым кыйратып атат деп. ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-10 15:19:57
10.10.2017. 15:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
16-11-2016
Соӊку аракети:
17-11-2018 03:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+13
Сайкал озу кечирим сураган турбайбы,"Апа элдин алдында сизди уят кылдым"Деп куноосу бар окшойт Сайкалдын дагы.Эч Бир уй булоо бузулбасын дейт элем
10.10.2017. 15:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
30-06-2015
Соӊку аракети:
18-11-2018 06:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу - Ош
+13
Ой тоа элди Мьянмалыктарга тенеп ийиптирго абжебиз. Аялзаты чыдаш керек антиш мынтиш керек деп Мээриге ышкап айтыптыр учурунда озу деле Кыз Буракты деп ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-10 15:26:31
10.10.2017. 15:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
08-04-2011
Соӊку аракети:
16-11-2018 13:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
-3
Гүлшайыр эже азамат!!! Кээ бир эркектерге караганда күчтүү айым,мен ушул окуяга эч ишенген эмес элем,дагы деле ишенбейм.Үй бүлөө бузулганда эки тарапта тен куноо болот,анан билип билбей эле "менин куйоом менен жашап алган"деп койсо кээ бир ага ишенип алышып,чоо жайын билбей эле Сайкалды шыбап жатып калышты...Эч качан эркекти балан мен да башкан менен да кармап кала албайсын,эгер анын конулу болбосо.Эрин кармап калам деген умут менен эле катарынан торой берген окшойт
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-10 15:25:41
10.10.2017. 15:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
08-04-2011
Соӊку аракети:
16-11-2018 13:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
-7
Анан таза болбой калганда Сайкалды куноологонго откон Мээри деген неме.Ортодо билип билбегендер шыбап эле жатып калышты,Бегимайга окшогондор.Ал Гулшайыр эже менен суйлошкондон кийин ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-10 15:21:47
10.10.2017. 15:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
18-11-2018 10:10
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кыргызда соз бар шамал болсо талдын башы кыймылдабайт деп...
11.10.2017. 14:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
08-06-2014
Соӊку аракети:
22-06-2018 11:53
Жынысы:
Белгисиз
+2
medet.toktobolotov,кызым жүрө кой ойной бер деп тилдебей урушпадым деп койбойсузбу...чекеден кара сөз менен көрдүм көрдүм деп айтыпсыз.Демек элдин 99пайызы туура айтыптыр да...
10.10.2017. 16:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
06-06-2017
Соӊку аракети:
17-11-2018 09:08
Жынысы:
Белгисиз
+12
Гулшайыр эже акылман аялсыз ар качан акыл айтып эстуулуко ундоп келесиз... уй булоо тууралу айткан пикиринизди окуп ичим жылыды. Кана эми сиз айткандай болсо баары. Ажырашуу деген нерсе бираз болсо да азаймак. Эркектин эти болгуча эси болсун деген соз жон жеринен айтылбаган да. Кызды кырк уйдон тыюуу дейт Сайкалды айтып дейсиз деген умуттомун. Орунсуз создорду жазган окурмандарга далил болсун Сайкалды сыйлуу келин кылып куйоого узатып койунуз ошондо тигилер ооздорун жабат деп ойлоймун.
10.10.2017. 16:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
02-07-2017
Соӊку аракети:
16-10-2017 19:45
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушунча создон кийин дагы кызына каттуурак эскертуу болбойт эне болуп туруп.Каттуурак турбаса ХХХ Бала д7н кичине болсо да бироодон тартыныш керек.
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-10 16:29:17
10.10.2017. 16:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
673
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 22:21
Жынысы:
Белгисиз
+18
Гульшайыр эженин кооооооз создоруно муюп эле жатып калдынар. Баары бир карга да баласын аппагым дейт. Келип эле Мэриге жуктоп еойгондой куноону. А артистер эмне суйлошту билет. Элди жайгарган жагынан астына эч кимди салышпайт. Гульшайыр эже особенно.
10.10.2017. 17:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
292
Катталган:
30-12-2016
Соӊку аракети:
29-10-2018 21:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
жалал абад
+12
демек Сайкал жаштык кылыптыр Мэриге тийишпегиле
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-10 17:16:42
10.10.2017. 18:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
03-04-2017
Соӊку аракети:
18-11-2018 04:55
Жынысы:
Белгисиз
+3
Гулшайыр эже кызына келгенде башкара албай калганго бирок Мээрини да туура тушунуш керек Эдилге айтаар элем кучун жетсе экоо менен тен жаша балдарынды таштаба
10.10.2017. 19:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
147
Катталган:
20-04-2016
Соӊку аракети:
23-08-2018 13:02
Жынысы:
Белгисиз
+14
Еки суйлоптурго.откондо эле сайкал бегимайды сабап койду деп аткан эми болсо бегимай айтпаптыр мага ватсаптан келген депчи..сайкал сабап койгон бегимайды жеп айткан жок белениз эже
10.10.2017. 20:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
09-05-2013
Соӊку аракети:
17-07-2018 23:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
+18
Албетте эне оз кызын актайт да,даже Сайкалдын атынан кечирим сураптыр.Жалаа дегенине ишенбейм.Ошондой оронуп дин жолунда жургон торт баланын энеси буткул Кыргызстанга далилсиз создорду айтып чыкпаса керек.Азыр Эдил менен иштешкенди токтоттук дегенине караганда,Гулшайыр эже Сайкалды эми тыйган окшойт.Эдил уйбулосуно кайтып барсын эми.
12.10.2017. 11:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
143
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
15-11-2018 12:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sanzhar83,урматтуум, адамдын оронуп жүрөбү, же ачык жүрөбү сиз бул тарабына көп көңүл бурбаңыз. Мен өзүм деле оронуп жүрөм Алхамдулиллах, бирок ички дүйнөнү кийимден көрүүгө болбойт.


Окуяга келсем, "у каждого своя правда"- дешет, кимдин жашоосунда эмнелер болуп жатканын бир гана өзү билет, бирин жамандап, бирин жактап комментарий бергенди токтотсок өзүбүзгө жакшы болот.
10.10.2017. 20:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
90
Катталган:
19-01-2017
Соӊку аракети:
15-05-2018 16:37
Жынысы:
Белгисиз
+16
Эээми булардын чырынын бизге не кереги бар эле туугандар.озубуздун "реальный"жашообузду уланталычы
10.10.2017. 20:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
139
Катталган:
03-04-2012
Соӊку аракети:
14-11-2018 14:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+11
Сайкалда эмне куноо.Эмне Эдил ХХХ 4 баласын таштап башканы ээрчип кеткидей.Же 4 баласынан да ошол жургон кызы козуно корундубу.Сайкал жаштык кылып коюшу мумкун бирок эркек чечиши керек да.Озунун жашоосун Чон эмгек синирген артистерди кыздарды аралаштырбай эле чечип алса болмок. ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-11 10:33:43
10.10.2017. 20:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
16-05-2012
Соӊку аракети:
17-11-2018 19:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+21
Башкасын билбейм бирок Гулшайыр эжеге данк демекмин ушундай сыноодон да татыктуу маек бериптир азыркы адамдар эч нерсе которо албайбыз моюнга алыш керек абдан калыс суйлоптур негизи эски кишилерден айланса болот Гулшайыр эже бекеринен ушунча жылдан бери Кыз Буракты кармап келген жок Эженин жооптору абдан жакты ыраазы болдум Ал эми болгон нерсеге а деш да б деш да кыйын телегейи тегиз эч ким жок ар ким оз арабасын тартса жакшы болмок бироонун айыбын чукугуча оз камыбызды ойлойлу
10.10.2017. 21:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
25-01-2012
Соӊку аракети:
17-11-2018 19:24
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эдил ажырашса башка кыздар куноолу болмок беле аялы да кызык экен.оздорунун проблемасын башкага жуктоп оздору аппак болуп калышыптырда неси болсо да аман болсун.кызгана Берген больойт же айылда кайын журту менен жашаса болмок квартирада жургучо ошондо ата энесинен тартынып уй булом деп журмок
10.10.2017. 21:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
31-12-2011
Соӊку аракети:
13-07-2018 21:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Баарына кудай тараза кимиси калп айтып жалаа жапса
10.10.2017. 21:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
31-12-2011
Соӊку аракети:
13-07-2018 21:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Баарына кудай тараза
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: