Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Гүлшайыр Садыбакасова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «САЙКАЛ ЭЧ КАЧАН 4 БАЛАЛУУ ЭРКЕККЕ ТУРМУШКА ЧЫКПАЙТ!»

№779 6-12-октябрь, 2017-ж.


Гүлшайыр Садыбакасова – бул ысымды укканда көпчүлүгүбүздүн көз алдыбызга тартипти бекем кармаган темир аялдын образы тартылат. Гүлшайыр эже чыгармачылык чыйыр жолун барабан уруудан баштаган. Андан бери канча суулар акты, бирок Гүлшайыр Садыбакасова турмуштун түрдүү сыноолоруна моюн сунбай келет.

– Саламатсызбы, Гүлшайыр эже, «Кыз-Буракты» кызыңыз Сайкалга өткөрүп бергенден кийин өзүңүз филармониянын иштери менен эле алек болуп калдыңыз окшойт?
– Өзүм 17 жылдан бери Ош облустук филармонияны жетектеп келем. Ошто абройлуу концерттик мекеме болгондугуна байланыштуу түштүктөгү саясий, экономикалык, социалдык маанидеги иш-чараларды биздин филармониянын концерттик программасы, аппаратурасы, техникалары менен тейлеп келебиз. Негизги милдетибиз калкты маданий жактан тейлөө, музыка дөөлөттөрүн элге жайылтуу. Ал эми жеке чыгармачылыкта анча-мынча бошогондо ыр, обон жазууну улантып келем. Мындан сырткары эки көркөм тасмага тартылдым.

– Уулуңуз Эркин да ырдап чыкты эле, ал чыгармачылыгын улантабы?
– Эркин быйыл 10-класста окуп жатат. Өзүнчө ырдап, талантын таптап жүргөн экен, Сайкалдын концертинде ырдап чыкты. Анын шоу-бизнесте болушун каалабайм. Келечекте мыкты программист болгусу келет. Азыр жалпы республикалык тестирлөөгө катуу даярданып жатат. Англис, түрк, орус тилдеринде эркин сүйлөйт. Мектепте ырдап жүрөт, бирок мен чоң сахнага чыгууга уруксат бербедим. Азырынча билим алуу менен алек.

– Кыргызстанда ажырашуулардын саны көбөйүп жатканы байкалат, көптү көргөн адам катары жаштарга кандай кеңешиңизди берет элеңиз?
– Ооба, ажырашуулар көп болуп жатат. Кээ бир үй-бүлөлөр өз ара келише албай, бири-бирине тирешип өзүмчүлдүктүн торунан чыга албай жатса, кээ бирлер кайнене менен келиндин келишпестигинен, кээде күйөөлөрү милдетин аткаргысы келбей, бала-чакасын багуудан, жоопкерчиликтен качып жатышат. Эң башкы себеби жаштар улуунун айтканын укпай, өзүм билем болуп калганында. Жан дүйнөсү жарды, адеп-ахлактан алыстап бараткан адамдарды «адам болгула» деп ыйманга, боорукерликке чакырып кетет элем. Улуу адам катары айтарым, бардык кыйынчылыктарга карабай үй-бүлөнү сактап калууга аракеттениш керек. Ал үчүн ар дайым эки тараптуу түшүнүшүү, бирин-бири урматтоо, жок дегенде балдарга болгон мээримди жоготпоо зарыл.

– Жакында эле бизге ырчы Мээри Шакулина маек берип, анда 4 балалуу болгон соң жолдошу менен ажырашууга аргасыз болгонун, жолдошу белгилүү ырчы кызга кетип калганын айткан эле. Интернетте бул окуяда кызыңыз Сайкал Садыбакасованын аты аталып, ырчылар эки жаат болуп талашып-тартышууда. Кызыңыздын бул окуяга чын эле тиешеси барбы?
– Мен бул окуянын чоо-жайын социалдык тармактарга тарап кеткенге чейин 2 ай мурда Мээри Шакулинадан уктум. Катя Маматкулова (ред.: Расул Маматкуловдун жубайы), мен, Мээринин өкүл апасы болуп жолугуп сүйлөштүк. Сайкал менен Эдилдин ортосундагы мамиле тууралуу Мээри айтып берди. Бирок мен ага «кызым, мындай күнөөлөрдү коюу үчүн факт керек, болбосо куру жалаа болуп калат» десем, ал «мейли, далилдерди сизге жөнөтөм» деди. Мен ага «кандай кырдаал болбосун Сайкал эч качан 4 балалуу эркекке турмушка чыкпайт, бул менин артка кайтпас чечимим» дедим. Сайкал мага Эдил сөз айттырып жүргөнүн, бирок аны менен жакын мамиледе болбогонун айтты. Менин баамымда, бул окуя көбүртүлүп-жабыртылып кеткен. Мээри айткандай, экөө чогуу жашаса батирде же менин үйүмө келип жашамак. «Кыз-Бурактын» 5 кызы, 1 шопур, 1 келиним кызы, неберелери менен 24 саат бою бирге жашаган үйдө Сайкал бир күн түнөбөсө асман түшүп кетмек. Мээри да бир убакта «Кыз-Буракта» жүргөн кыз, Эдилди да жакшы билем.
Сайкал, «Кыз-Бурак» тобу эки жылдан бери Эдилдин студиясында ыр жаздырып жүрүшкөн. Чырдын баары кызганычтан келип чыккан көрүнөт. Түнү менен кыздардын студияда отурганы кимдир бирөөлөргө жакпагандыр. Сайкал, Мээри, Эдилдин ызы-чуусу баштала электе мага айтышканда бул окуя мынчалык тереңдеп кетпейт эле. Эми болору болду, билип-билбей туруп түрдүү каралоолорду айтып коюш оңой, бирок аны көтөрүү оор. Мен бул окуяны Кудайдын жөнөткөн дагы бир сыноосу деп кабыл алдым. Өмүрүмдө биринчи жолу кызымды тилдеген жокмун, урушпадым, тескерисинче, ага дем-күч берип чыйралтып турдум. Бул менин энелик милдетим эле. Кызым көкүрөгүмө башын коюп «жаным апа, сизди уят кылдым, кечириңиз" деди. Тууган-урук, достору, жакындары анын жанынан чыкпай колдоп турушту. Мен бул маселени, албетте, териштирем.
3 айдан бери биз Эдил менен иштешкенди токтотуп, башка студияда иштеп жатабыз. Болуп өткөн окуялардан улам мен кызбы, уулбу алардын бал тилине кирбей катуу кармап, көзөмөлдөп, айрыкча орус чалыш болуп өскөн өспүрүмдөргө кошумча тарбия жүргүзүү керектигине ынандым. Ал эми турмуш курган жаштарга айтарым, убактылуу кыйынчылыктарга чыдап, сен кыйын, мен кыйын деп тирешпей, айрыкча аял киши акылмандык менен үй-бүлөдөгү кризисти жеңип чыгууга далалат кылыш керек. Балдардын бактысы үчүн бир сөздөн калып, экөө тең амбицияларын ыргытып балдарынын тагдырын ойлошу керек.

– Социалдык тармактарда Сайкалды каралоо күч алды. Сиздин дарегиңизге да сындар жаап жатат. Интернеттин, андагы соцтармактардын жашообузга минтип тереңдеп кирип кеткенинин терс жагы көп экени көрүнүп жатабы?
– Социалдык тармактарда жазып жаткан кээ бир адамдардын жырткычка, айбанга айланып кеткенин көрдүм. Кызым Сайкал экөөбүз үчүн кызыл чеке болуп согушкан патриотторду көрдүм. Жалган, ыплас сөздөрдү жазып, ызырынган, сөгүнгөн бейбаштарды көрдүм. Жашоосундагы өксүк, тайкы тагдырларына, күйөөсүнөн ажырап нааразы болгондордун биз аркылуу өч алуусун көрдүм. Май-талкан чайнап бекер отуруп алып ушакты удургутуп, өчүп бараткан отко кайра май тамызып маашырланган кемпайларды көрдүм. 4 баласы менен күйөөсүнүн колдоосу жок калган Мээринин аянычтуу тагдырын көрдүм. Эдилге окшоп жоопкерчиликти сезбеген, адамдык, аталык милдеттерин жеткиликтүү түшүнбөй жаткан, жеңил жашоого качкан бүгүнкү шордуу эркектерди көрдүм. 320 кыздын карегине чаң жугузбай татыктуу тарбиялаган, элге ак кызматы менен таанылган, 40 жылдык тарыхы бар «Кыз-Бурак» тобунун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, обончу-композитор, профессор Гүлшайыр Садыбакасованы тебелеп-тепсеген, жүрөгүнө бычак сайган, көңүлүн жаралаган эки буттуу айбандарды, Аракан, Мьянманын жырткычтарын көрдүм. Жашоодо оош-кыйышты, жарык-караңгыны көп көргөн адам катары бул оор күндөргө чыдадым. Элден айланайын, туура, калыс сөзүн айтып, нарктуулугун, адамдык сапатын жоготпогон жакшыларды көрдүм.
Эгерде ушул болгон окуяларда кызымдын күнөөсү болсо эң биринчи Кудайдан, андан соң кыргыз элимден кечирим сурайм! Ал эми кызымды каралаган тараптардын дооматтары туура эмес болсо аларды да Кудай кечирсин!

– Мээринин жакын курбусу ырчы Бегимай Бекбоева менен Сайкалдын ортосунда пикир келишпестик чыгыптыр...
– Буга чейин кызымдын Бегимай менен жеңил-желпи таарынычтары болсо керек, бирок ортолорунда чоң нааразычылык жок экен. Мен Мээринин маегин «Супер-Инфого» чыккандан 4 күндөн кийин билдим. Иштин чоо-жайын териштиргенче социалдык тармактар өзүнүн желесине тартып кетти. Бегимай мага чалып, экөөбүз бир саат сүйлөштүк. Ал сүйлөшүүлөрдөн соң Бегимай да, Сайкал да баракчаларындагы билдирүүлөрдү өчүрүштү. Бегимай айтты делген «оштуктарды оромпой тээп ойноймун, силер экинчи сортсуңар» деген билдирүү мага WhatsApp`ка келген болчу. Бирок бул жалган сөздү Бегимай Бекбоева айтпагандыгы ачыкталды.

– Социалдык тармактарда эки жаат болуп бөлүнүп урушуп жаткан эки тарапты элдештирүүгө аракет кылып көрдүңүзбү?
– Бул кырдаалды өз кызыкчылыгына пайдаланып Сайкал менен Мээринин душмандары түрдүү баракчаларды ачып ыплас сөздөрдү жазып жатышат. Ошондой аккаунттарды жабууга аракет кылып жатабыз. Андан кийин кырдаалды жөнгө салып, жаштарды элдештирүү аракетин баштайбыз. Дүйнөлүк тарыхта ар кандай согуштар, түрдүү келишпестиктер эки тараптын сүйлөшүүсү аркылуу чечилген. Кудай буюрса, бул ызы-чууну да сүйлөшүүлөр аркылуу чечебиз.

– Маегиңизге рахмат, үйүңүздө да, көңүлүңүздө да тынчтык болушун тилейбиз.

"Өмүрүмдө биринчи жолу кызымды тилдеген жокмун, урушпадым, тескерисинче, ага дем-күч берип чыйралтып турдум"


Лунара Бекиева
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(88)
10.10.2017. 09:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
22-03-2014
Соӊку аракети:
10-08-2018 05:35
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сайкалдан интервью алгыла
10.10.2017. 09:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
123
Катталган:
14-02-2016
Соӊку аракети:
18-11-2018 09:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыялдарда
+20
Гульшайыр Садыбакасова ошончо кызды каттуу тарбиялап,анан Сайкалды жон коймок беле.Бул жон эле каралоо болду.Ошондо инстада ХХХ кыздар Гулшайыр эжени сенсиреп,жаман создорду жазганын окуп, чынында жаман болдум.Энесиндей аялды ушинтишсе,жонокой аял эмес да Гулшайыр эже.Уят эле.Кудай бар.Албетте куру-доомат кылгандар жазасын алаи деп ишенемин
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-10 09:34:29
10.10.2017. 09:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
27-02-2014
Соӊку аракети:
15-11-2018 06:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
+18
Stervamyn,жалган жалаа болгондо эчак сотко берсе керек эле эжеке.
10.10.2017. 09:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
27-02-2014
Соӊку аракети:
15-11-2018 06:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
+7
Демек Бегимайды бекер эле аралаштырыпсынар да. Айтпаган болсо ал созду.
10.10.2017. 09:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
12-03-2017
Соӊку аракети:
06-11-2018 21:39
Жынысы:
Белгисиз
+6
Билбейм не дештида. Аркимдин оз чындыгы бар.
10.10.2017. 09:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
23-02-2016
Соӊку аракети:
05-08-2018 20:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ноокат
+3
кийинкисинде Мэринин,Бегимайдын же Сайкалдын маегин окуйт окшойбуз!Анжелика мн Айчуроктой ар даны санында окуп аттык элего
10.10.2017. 09:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
26-09-2017
Соӊку аракети:
28-07-2018 03:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош шаары
+13
Бул жөн гана жалаа эместа,Сайкалдын күнөөсү бар үчүн айтатта 4 балалуу эркекке турмушка чыкпайт дептир анда 4 балалуу эркектин семьясын бузга боло береби.
10.10.2017. 09:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
17-11-2018 23:17
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ар кимдин оз чындыгы бар,кимге ким жамандык кылса ал озу учун. Жакшы соз,жаман соз айтасынбы баары озун учун. Бироого жамандык кылардан мурун озунду ойлошун керек эгерде бироо мага ушундай жамандык кылса эмне болмокмун деп. Ошон учун кыргызда улуу соз бар "ор кассан терен каспа озун тушуп каласын "деген. Жакшы ой менен жакшы тилек кылып озуно каалаган жакшылыкты онгого каалап турсан баары жакшы болот бир туугандар.
10.10.2017. 09:50 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
13-08-2017
Соӊку аракети:
12-11-2017 16:05
Жынысы:
Белгисиз
+19
Акылыныздан сиздин Гулшайыр Эже,Сайкалга айтыныз мамиле кураарда карап сураштырып анан суйлошсун да,мурун да бир кызы бар бала мн суйлошуп алган,Эми Эдилге да уй булоосуно кайтууга акыл айтып койсонуз
10.10.2017. 09:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
86
Катталган:
16-12-2015
Соӊку аракети:
18-11-2018 10:20
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сайкалды уйлонуп ажырашкан Нурланга бербеген Эдилге бере беле.Аялыда кызганычтан жазгандырда.
10.10.2017. 09:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
673
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 22:21
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эдди жырткыч,айбан дегенден мурда кызынызды жонго салыныз. Сизди аял катары,эне катары тушуном,бирок Мээриге куноону оодврганга аракет кылбасанар.
10.10.2017. 10:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
673
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 22:21
Жынысы:
Белгисиз
+4
Неге кылгылыкты кылып алып анан кудайга шылтайбыз,кудайдын сыноосу деп. Эдилдин уй булосун кудай буздурган жок да Сайкалды.
10.10.2017. 10:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
25-01-2016
Соӊку аракети:
02-03-2018 16:31
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз-Буракты Сайкалга откоруп бериптир да билбептирмин. ХХХ ким билет эми кудайдан башка. Ошонон коро билген эле адамдын баласына куйоого берип тындырып койсо болот Сайкалды. Баары очот ошондо, карьерасын да улай берет. Менин оюм да эми.
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-10 10:31:57
10.10.2017. 10:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
134
Катталган:
20-04-2014
Соӊку аракети:
14-11-2018 23:19
Жынысы:
Белгисиз
+47
Анжелика "ох наконец-то мени бир аз болсо да" унутушту" деп аткандыр))
10.10.2017. 11:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
278
Катталган:
15-09-2015
Соӊку аракети:
04-11-2018 23:54
Жынысы:
Белгисиз
+3
tavanova.sarah,)))))
15.10.2017. 22:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
26-03-2017
Соӊку аракети:
03-11-2018 12:08
Жынысы:
Белгисиз
0
tavanova.sarah,Анжелика неге антет.куйоосу менее ажырашканы чынбы экен?куйоосунун козуно чоп салып жаткан жеринен.куйоосу Кармап алыптыр деген соз чынбы экен?
10.10.2017. 10:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
19-08-2016
Соӊку аракети:
05-09-2018 19:01
Жынысы:
Белгисиз
+20
Баарыбызда уул кыздарыбыз бар тооба дейли,эжени тушунуп турам,бул жерде Эдил Сайкалды жолдон адаштырган ондуу,аялды алдаш оной чем эркеке караганда
10.10.2017. 10:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
07-05-2012
Соӊку аракети:
16-11-2018 12:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Astana
+5
Gulshayir ejeke sizdi siylaym birok Saikal kawyjrap toptigon avtartetinizdi chomuchtup togup koyuptur Saikal uyt sen irlarynda suiup ukchumun birok bul kiligynan kiyin vobwe ukum kelbei kaldy...
10.10.2017. 10:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
09-07-2016
Соӊку аракети:
06-09-2018 22:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Марста
+8
Эч качан дебесеңизчи Гүлшайыр айым!
10.10.2017. 10:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
84
Катталган:
03-11-2012
Соӊку аракети:
03-07-2018 12:04
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаны сериал башталдыбы
10.10.2017. 10:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
03-03-2017
Соӊку аракети:
23-03-2018 00:14
Жынысы:
Белгисиз
+10
Далилдерди жонотом дептир.демек чыпа чын экенда


10.10.2017. 10:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
01-08-2012
Соӊку аракети:
26-03-2018 07:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Эч ким тааныбаган алыстарда
+4
Аял тилин эркек козун,напсин тыйыш керек.Кызганыч кучогондо аялдын оозуна мээсине эмнелер гана келбейт .Ошол учун эркек кызганууга жол бербоо керек.
10.10.2017. 10:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
04-04-2015
Соӊку аракети:
17-11-2018 03:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+9
Эмки санында Сайкал чыгат актанып. Шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт. Мээри деле жинди эмес болсо керек коруп корбой кызганычтын айынан келип интервью бергидей, уверена эле айттыго откон санында. Эми Гулшайыр эжеде куноо жок.....кайсы эле эне кызым жаман жолго тушуп бироонун уй булоосун бузуп тийип алсын деп ойлосун. Ар кимибиз ар нерсени ойлоп жаза беребиз бир кана Кудай билет чындыкты. Ар бир уйбулого БАКЫТ каалайм! Чымчыктында уясы бузулбасынчы.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: