6-октябрь күнү белгилүү фольклор жана эстрада ырчысы, «Кыз-жигит сармерден» берүүсүнүн алпаруучусу Гүлбү Ороскул кызы мезгилсиз дүйнөдөн өтүп, жакындарын терең кайгыга салып кетти. Шайыр жеңенин күтүлбөгөн өлүмүнө көпчүлүк азыркыга чейин ишене албай турушат. Жалпы журтун кайгыга бөлөп, жакындарын сыздатып түбөлүк уйкуга кеткен ырчыны акыркы сапарга узатуу зыйнаты Чүйдүн Беш-Күнгөй айылындагы өзү жашаган үйдө өттү. Маркум Гүлбү Ороскул кызы ушул жылдын 1-ноябрында 41 жашка чыкмак. Анын сөөгү Чоң-Арык көрүстөнүнө, ырчы Элмира Кайып кызынын жанына коюлду.
МАРКУМ ТУУРАЛУУ
Ыманкулова Гүлбү Ороскуловна 1976-жылдын 1-ноябрында Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Авлетим айылында төрөлгөн. 1991-жылы Авлетим орто мектебинен 8-классты аяктап, Бишкек шаарындагы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына келип тапшырып, 1995-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1996-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырып, 2000-жылы ийгиликтүү аяктаган. Айтылуу төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин мурдагы жубайы, 2 кыздын энеси, 1 неберенин таенеси. 2000-жылдан бери маданият чөйрөсүндө Гүлбү Ороскул кызы деген ысым менен таанылып келген. Фольклор жана эстрада ырчысы, ошондой эле кыргыздын белгилүү ырчы айымдарынан түзүлгөн «Достор» тобунун солисти. Маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси, Президенттин Ардак грамотасы менен сыйланган. 2015-жылдан бери КТРКнын «Кыз-жигит сармерден» теледолбоорунун алып баруучусу болуп эмгектенген. Репертуарында «Балама», «Арзуу», «Мажүрүм тал», «Менин өмүр жазым», «Агылам сага», «Ортомчу бизге Ысык-Көл» жана башка ырлары бар.
Айзуура Иманалиева, кызы: «АПАМА КӨЗ ТИЙДИ, СӨЗ ТИЙДИ»
- Мен көз жарганда апам төрөтүмө катышкан. Баламдын кыркын чыгарыш үчүн апамдын үйүнө келген элем. 20 күн болгондо шашып өзү небересинин кыркын чыгарган. 5-октябрь түнү тойго барып, үйгө кечки 9 жарымдарда келди. Мен тамак жасап койгон элем, «үйдүн тамагы сонун, ээ?» деп кечке биз менен кобурашып, небересин кучактап, жыттап отуруп, түнкү 12лерде жаткан. Түнү саат 3төрдө «кызым, кыйналып жатам» деп сиңдим Сезимди ойготуптур. «Ичимде бир жаман нерсе жүрөт, жылан сыяктуу бир нерсе кирип кетти» деп эле ичин кармалап калды. Бети-башын кармасам мупмуздак. Буга чейин апам сыркоолоп калганда үйдү арчалап, киренелеп берсем жакшы болуп кетчү. Ошол күнү да буту-колун укалап, киренелеп берсем жакшы болуп калгандай сезилди. Таң атканда апамдын оорусу кайра күчөп, онтоп жатканда «Тез жардам» кызматын чакырдык. Алар «Но-шпа ичсин» деп дары жазып берип кетип калышты. «Кыздарым, башымды жаздыкка койсом эле жакшы болуп кетчүдөймүн» деп бир аз жатты. Бирок түшкө маал кусуп баштады. Биз кайра «Тез жардамга» чалдык. Апамдын туюу сезими күчтүү болчу, үзүлүп баратканын билген окшойт, жанынан эч кимибизди кетиргиси келбей жатты. Анан улам эле «адамдар бири-бирибизге кара санабасак эмне?» деп сүйлөнө берди. Ошол боюнча үзүлүп кетти.
Апама көз тийди, сөз тийди деп ойлойм. Болгону бул жолкусунда апам көтөрө албай калды. «Сармердендин» режиссёру Сагын эже да «Гүлбү, сен эфирге чыкканда колуңдун учунан чачыңдын учуна чейин көз мончок тагып чыкчы» дей берчү. Апам «Сармерденге» жаңы алпаруучу болуп иштеп баштаганда көрө албастар болгон. Анткени ал берүүнү көп сахналаш кесиптештери «мен алпарам» деп талашкан экен. Апам алпарып жүргөндө «кийимин көрсөтүү үчүн эле чыгат» деген жагымсыз сөздөрдү жазып жүрүшкөн. Ошол кесиптештерине «эми ыраазысыңарбы?» деп айтар элем. «Сармердендин» айынан каза болду» дегендерге кошулбайм, бул Кудайдын буйругу. Апамды «уулантып коюшуптур» деп айтылган түрдүү кептер да калп. Бирөө уулантып, күмөн жаратчу жагдайлар болсо, биз жөн отуруп калмак эмеспиз. Апамдын ашказанынан тромб жарылып, кан толуп каза болду. Ууланса медэкспертизадан билинмек.
Көбү апамды Таттыбүбү Турсунбаевага окшоштурушчу, бирок өзү «ага окшош болсом да жашын тартпасам экен» дечү. Бирок бул дүйнөдөн эрте кетти. Жер тамыбызда да, батирибизде да оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан. «Үйдү бүтсөк небереме жентек берем» деп жүргөн, ага да жетишпей калды. Апам өлгөн жок, артында ырлары, эли калды. Эки кайраттуу кызы бар. Биз апамдын ысымын өчүрбөгөнгө болгон аракетибизди жумшайбыз. Бизге көңүл айтып, апама чын дилинен күйүп жаткан адамдарга айтарым, апам үчүн куран окуп коюңуздарчы.
Сагын Ниязалиева, «Кыз-жигит сармерден» берүүсүнүн режиссёру: «ГҮЛБҮ КУРАН ОКУТУП, КАН ЧЫГАРЫП, АНАН «САРМЕРДЕНДЕГИ» АЛПАРУУЧУЛУКТУ БАШТАГАН»
- Гүлбүнүн буга чейин оорудум дегенин уккан эмесмин. Тескерисинче, тез-тез медициналык текшерүүдөн өтүп, кымыз ичкени жайлоого барып, өзүнө жакшы кам көрчү. Кыздарынын, апасынын ден соолугун караган, баарыбызды дарылаган кыз эле. 6-октябрь күнү жумушта отурсам жардамчы кызым «сизге «Супер-Инфодон» бир кыз чалып, «Гүлбү эже жакшы элеби?» деп сурады» деп калды. Мен дароо Гүлбүгө чалып эле «Ай, Гүлбү!» деп үнүмдү өктөм чыгарсам, кызы телефонду алып эле «апам өлүп калды, өлүп калды» деп шолоктоп ыйлап жиберди. Угуп нес болуп катып калдым. Өзүмө келип, дароо Гүлбүнүн үйүнө барсак, аны моргго алып кетишиптир, үйүндө эки кызы, аялдар бар экен. Медэксперттер Гүлбүнүн ашказанындагы тромб жарылып, кан куюлуп кеткенин айтышты. Бул аябай тез болчу өлүм экен.
Адам көз жумгандан кийин түрдүү ойлор келет тура. Тойдо ырдап жүргөндө бирөө ууландырып койдубу деген да ой келди. Бирок түнү кыздары менен жаркырап отуруп жатпайбы. Анан «көз тийди, сөз тийди» деп жатышат. «Кара дуба окутушкан» деген да кептер айтылды. Эми анын баарын айтып күнөөгө баткым келбейт. Эгер ошол чын болсо, ал адамдарды Кудай өзү жазаласын. Чырактай кызыбыздан айрылдык. Гүлбү көп адамдын көңүлүн алган экен, акыркы сапарга узатууга кыргыздын мен-мен деген инсандары аздектеп келип, боздоп жоктоп турушту. Беш-Күнгөйдө 6 жылдан бери куруп жаткан эки кабаттуу тамын бүтүрүп кирип жашаганга жетишпей калды. Гүлбү сыртта эркек, үйдө аял эле, ошол салынып жаткан үйүнүн пайдубалын куйганга жардамдашып, кыштарды ташып, усталар менен тең тайлашып иштеген экен. «Сармерденге» кийип чыккан костюмдарын бүт өзү тигип, саймалап чыкчу. Атты мыкты чапчу, Гүлбү ат үстүндө чоңойгон кыз эле.
«Сармерденди» «каражолтой берүү болду» деп жатышат. Эми аны айтып жаткан пенделерди да Кудайга койдум. Бул берүү акжолтойбу, каражолтойбу, аны Кудай менен эл өзү тегиздейт. «Сармерденди» мен ойлоп тапкан жокмун, бул ыр кесе сыяктуу ата-бабадан келе жаткан салт болуп кала берет. Мен бул берүүнү тартпасам башкасы уланта берет. «Сармерденди» Гүлбү биринчи жолу алып барганда аябай корккон болчу, съёмка бүткөндө да «көз алдыман такыр Гүлзат эже (ред.: Батырканова) кетпей койду» деп айтканы эсимде. Ал алдын ала ырымын жасап кой союп кан чыгарып Гүлзат Батырканованын апасы Шахра Талипованы кызы менен чакырып куран окуткан. Ар нерсеге жоруй берген деле болбойт, ажал улук деп коёт эмеспи, демек, бешенесине ошону жазыптыр да.
Жакында эле бир окуя болгон. Элмира Кайып кызынын кыркына арнап атайын эскерүү даярдаганбыз. Ошондо Гүлбү биринчи сүйлөп Элмираны мактады, талантын айтты, жаш кезинде чогуу окуп, жатаканада кошуна бөлмөлөрдө жашаганынан бери айтып жакшы маек курду. Элмиранын кыркы өтүп жаткан күнү Гүлбү каза болуп жатпайбы. Анан Гүлбүнүн сөөгүн койгонго жай издеп 3-4 жерге барышыптыр. Ошончо жерден издеп жүрүп Элмира Кайып кызынын жанынан жай табылыптыр. Аны угуп алып жаман болдум. Эфирде Гүлбү «кошуна элек, кошуна болчубуз» деп улам кайталап жаткан болчу, көрсө, тиги дүйнөдө да кошуна болуп барыптыр да деп ичим тызылдады.
Гүлсина Чотонова, курбусу: «САРЫ ТИШТҮҮ КЕМПИР БОЛГУЧА ЖАШАСА ЭМНЕ БОЛМОК ЭЛЕ?»
- Гүлбү экөөбүз тең Аксыдан болобуз, экөөбүз институтта окуп жүргөндөн бери жакшы мамиледе элек. Өзү да ак жуумал эмес беле, студент кезде жапжаш, мөлтүрөгөн, маңдайы жарык, институтта кыз-эркектин баарын суктандырган кыз эле. Көп өтпөй Элмирбекке (ред.: Иманалиев) турмушка чыгып, экөө жан дүйнөнүн купулуна толгон, биринен экинчиси ашкан сулуу, окшошкон жуптар болду. Ошондо эл экөөнү махабаттын символундай, Жараткандын керемет кылып айкалыштырып койгон түгөйлөрүндөй кабылдашчу. Экөөбүз башында тыгыз карым-катнашта болбосок да, кийин эже-сиңди катары абдан жакын мамиледе жүрдүк. Гүлбүдөн жарым жыл кичүү болсом да көргөн жерден кагылып «апчем» деп кучактап өөп учурашчу. Сөөгүн коёрдо карайлап сөз таппай калганда «кагылбай кал» деп ыйладым.
Жамандан жакшыны, уудан балды сузуп алган ушундай бир керемет жан эле (жашып). Ажал деген ушундай албуут, таш боор, улууну-кичүүнү бирдей жуткан нерсе болот турбайбы. Секелек кезинде атасынан эрте айрылып, апасы иниси экөөнү жалгыз чоңойткон экен. Ошондо оюнкарак Гүлбүгө апасы «бала кара» десе, ал эки бөйрөгүнө колун таянып «эмнеге мен бала карайт экем, ким төрөсө ошо баксын, мен ойногум келет» деп каяша айтып басып кетчү тура. Гүлбүдөгү төңкөрүштүк сапат ошондо эле калыптанган окшойт деп калам. Жашоодо жакшыны, жаманды бирдей жутуп, бирок өзү ичинен жакшыны гана чыгарчу. Жакшыдан айрылганда, аны өлүмгө кыя албай калганда өзүңдү сооротуу үчүн анын өлүмүнөн толтура себептерди издеп көрөт экенсиң. Бирок Кудай алам дегенин алат тура. Алтыным Гүлбүм кыздарын өзүндөй тарбиялады, азыр кыздарын көрүп көңүл толот. Калган өмүрүн кыздарына берсин! Ошолордун убайын көрүп, сары тиштүү кемпир болгуча жашаса эмне болмок эле?..
Азамат Болгонбаев, өкүл баласы: «ГҮЛБҮ АПАМ ЭРТЕ ҮЙЛӨН ДЕЙ БЕРЧҮ»
- Тагдыр өкүл атам менен апамды эки жээкке бөлүп койду. Азыр атам (ред.: Элмирбек Иманалиев) да оор абалда. Кант диабети менен ооручу, эми канындагы канттын өлчөмү жогорулап, учурда дарыланып жатат. Жубайым экөөбүз үйлөнгөн учурда атам азыркы биздин өкүл апабыз Нурзатка үйлөнгөн болчу. Бирок Гүлбү апамды да, Нурзат апамды да өкүл апа деп сый мамиледе болдук. Бойдок кезде атамдын жанында ээрчип көп жүрдүм, мага өкүл ата, өкүл апа болуу сунушун Гүлбү апам сунуштаганда кубанычта болгом. «Бирөөнү сүйүп калсам эле "өкүл кызыңыз ушул" деп тааныштыра берет элем. Шашпай үйлөнөм» десем «жаш кезде тапкан бакытыңар да, байлыгыңар да таттуу болот, эртерээк үйлөн» деп көп айтчу. Ошол баёо учурда көп акыл-кеңешин айтып, турмушума жакшы жол көрсөткөн. Өтө жагымсыз окуя болду, баарыбыздын кабыргабыз кайышып турат.
Лунара Бекиева
star@super.kg