Кыргыздын ажарлуу ырчы кызы, таланты менен таанылган Сайкал Садыбакасова турмушка чыгуу алдында турат. Сайкалдын болочок жолдошу ЭлТР телеканалында көп жылдан бери жигердүү эмгектенип келе жаткан журналист. 25-октябрда журналист жигиттин туугандары кыргыздын каада-салтына ылайык Сайкалга сөйкө салышмакчы. Эки жаштын үйлөнүү тою 14-ноябрда Ош шаарында өтөт. Эки жашка үй-бүлөлүк бакыт каалап, кармашкан колуңар эч качан ажырабасын, чыгармачылыкта дайыма эриш-аркак жүргүлө демекчибиз.