Сайкал Садыбакасова: «МАКСАТ АКЕ КОЛУМДУ СУРАГАНДА АЛГАЧ ИШЕНГЕН ЖОКМУН»

Ырчы Сайкал Садыбакасова ЭлТР каналында маданий, көңүл ачуучу көрсөтүүлөрдүн алпаруучу Максат Доврановго турмушка чыгуу алдында турат. Чыгармачылык табыштырган эки жашты куттуктап, турмуш жолуңар байсалдуу болсун дедик. Максат менен Сайкал кайсы күнү чогуу түтүн булаталы деп чечишти, экөөнү эмне бириктирди? Суроолордун жообу төмөнкү маекте.

– Максат, Сайкал, кубанычтуу жаңылыгыңар менен куттуктайбыз! Эл менен да бөлүшө кетсеңер...
Максат:
– Ооба, Кудайдын буйругу менен баш кошуп жатабыз. Азыркы учурда тойго даярданып толкунданып чуркап жүрөбүз.
Сайкал: – Биз да эл катары жакшы санаалаштарыбыздын батасын алалы деп алдыга жакшы максаттарды коюп, баш кошууга бел байладык. Негизи үйлөнүп жатканыбызды көпчүлүккө той күнү жарыялайбыз го деп ойлогонбуз. Бирок «жакшылык жерде калбайт» дегендей, жакындарыбызга, досторубузга маалымат тарап кетиптир. Алдын ала эле куттуктоолор ар тараптан келип жатат.

– Бул күйөрмандарыңар үчүн күтүлбөгөн жаңылык болду. Сезим качан, кантип тутанды?
М.:
– Сезимдерди башкарууга мүмкүн эмес. Мен Сайкалды жакындан тааныганыма 10 жылдай болду. Ал өзүнүн ачык, жөнөкөй мүнөзү менен ар дайым мени өзүнө тартып турчу. Бирок мен апаман (ред.: Гүлшайыр Садыбакасова) тартынчумунбу, айтор, ал жөнүндө ойлончу эмесмин. Мындан эки жыл мурун бир аз кыз-жигит болуп жүрүп, бирок экөөбүз тең чыгармачыл адамбыз го деп сүйлөшпөй калганбыз. Баары бир жүрөктөгү сүйүү тынч койбоду. Кайра бирге болууга түрттү.
С.: – Максат аке алгач сүйүүсүн айтканда «тамашалап жатса керек» деп ишенген жокмун. Бирок бара-бара өзгөчө аракеттери, жылуу мамилеси менен көңүлүмдү бурду.

– Максатты болочок жолдошум болуп калат деп ойлодуң беле?
– Экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшкөнүбүз менен, турмуш куруп калабыз го деп ойлогон эмесмин. Кудай маңдайыбызга бир тагдырды буюруптур, бактылуумун.

– Максат, Сайкалдын эмнесине арбалдың?
– Мени эң биринчи Сайкалдын жөнөкөйлүгү арбап алды. Көптөр Сайкалды тарсылдаган кыз деп ойлошот. Бирок Сайкал менен сүйлөшүп жүрүп, анын жан дүйнөсү өтө назик экенин байкагам. Сайкал экөөбүз чогуу болгондо эч качан зерикпейбиз. Башкысы, бири-бирибизди толуктап, түшүнүп турабыз.

– Белгилүү кызга үйлөнөрүңдү укканда ата-энең кандай кабыл алышты?
– Мен үйдөгүлөргө дайыма өзүмдөгү жаңылыктар менен бөлүшүп турам. Биздин үйлөнөрүбүздү апам, бир туугандарым көптөн бери билишчү. Тууган-урук укканда биринчи ишенишкен жок. Азыр баары бакыт каалап сүйүнүп жатышат.

– Үйлөнүү сунушун киргизүүдө фантазия аралаштыбы же түз барып эле колун сурадыңбы?
С.:
– Бул суроого мен жооп берейинчи. Мен Инстаграмда түз эфирде күйөрмандарым менен баарлашып отургам. Ошол жактан Максат аке үйлөнүү тууралуу сунушун айтып калды. Алгач ишенген жокмун. Кийин телефон чалып «эгер чын эле ошондой оюңуз болсо, Бишкекке келиңиз» деп телефонумду өчүрүп койгом. Анан ошол түнү учуп келип калды, телефон чалып «эшикке чыксаң» деди. Чыксам, гүл, шакегин көтөрүп турат. Ошентип чогуу болууга макулдаштык.

– Үйлөнөрүңөрдү Гүлшайыр эже кандай кабыл алды?
М.:
– Мен Сайкалдын макулдугун алгандан кийин апабызга айткандан тартынып көпкө жүрдүм. «Жок» деп каршы болуп койсо эмне кылам деп ичимден бир аз кыйналдым. Айта албай жүрүп арадан 4-5 айды өткөрүп жибердим. Акыры апабыздын жакындарынан айттырууга туура келди. Чынын айтыш керек, алгач каршы болгондой болуптур. Анан «быйыл эмес, кийинки жылы үйлөнүшсүн» дептир. Бирок акырындан ушул жылы үйлөнөлү деп көндүрдүк. Ошентип апабыздын ак батасын алгандан кийин мен апамдарга айткам.

– Тойдо эки жаштын досу, курбусу ким болот?
М.:
– Менин досумдун милдетин Нурлан (ред.: Нурлан Насип) аткарат. Нурлан да мен сыяктуу толкунданып «эмне кылалы, кандай кылсак?» деп кубанычыбызга ортоктош болууда.
С.: – Классташым Жанара курбу кызым болот. Ал көйнөгүн тандап койгон.

– Тойго даярдык кандай? Экөөң тең чыгармачыл адамдарсыңар, өзгөчө кылууга аракет кылып жатсаңар керек...
М.:
– Тойдун жоопкерчилиги чоң экен. Бассам-турсам да ойлонууга мажбур болуп жатам. Ооба, өзгөчө кылсак деп аракет кылып жатабыз. Кудай буюрса, баарына той учурунда күбө болосуздар.

– Үй-бүлөлүү болуу алдындагы жоопкерчилик кандай экен?
С.:
– Жоопкерчиликти азыртадан эле сезип жатам. Баш кошкондон кийин айылга, Ала-Букага барып 20 күндөй жүрүп келебиз. Ошол учурга даярданып жүрөм. Келиндик милдетти да татыктуу аткарам деп өзүмө ишенем. Максат аке жардам берип турат деп ойлойм.

– Алдыда кандай пландар бар? Максат Сайкалга продюсер болот деп да айтышууда?
М.:
– Биздин алдыдагы эң чоң максатыбыз – үй-бүлө куруп, бактылуу жашоо. Албетте, бул нерсеге Сайкал да, мен да даярмын. Чөйрөбүз бир, Сайкалдын таланттуу экени баарыбызга белгилүү. Демек, чыгармачылыгына карата сөзсүз жакшы пландар болот.
С.: – Максат аке жумушун уланта берет. Мен жогоруда айтылгандай эле алгач үй-бүлөбүздү түптөп алалы, анан чыгармачылык жөнүндө ойлонууга убакыт табылат.

– Ошто жашайсыңарбы же борборго көчүп келип, чыгармачылыкты күчтөйсүңөрбү?
М.:
– Ошто эле жашайбыз. Анткени быйыл үйлөнүүгө камынып жазда Оштон үй сатып алгам.

– Сайкал, өзүңдү кандай келин элестетип жатасың?
С.:
– Мен тамакты жакшы жасайм. Азыртадан эле апамдын (ред.: кайненеси) кандай тамактарды жакшы көрөрүн сураштырып жатам. Буюрса, кайын журтума сонун тамактарды жасап берип мактоого татысам деп жүрөм.

– Максат, чыгармачыл чөйрөдөн болгон үчүн Гүлшайыр эже менен тыкыр иштешип келесиң. Ал адамдан мурун сүрдөчү белең, азыр кандай абалдасың?
М.:
– Апамды көп жылдан бери тааныйм. Негизи тартипке бекем аял. Ошондуктан ал киши менен баарлашканда ойлонуп анан сүйлөчүмүн. Азыр ойлосом, кайненем болорун билгендей мурунтан эле өзүмдү жакшы жактан көрсөтүүгө аракет кыла берчү экенмин. Бирок апам биздин мамиле жөнүндө билип, той күнү белгиленип калгандан бери уялып алдынан чыга албай качып жүрөм.

– 25-октябрда ага-тууганың менен барып, кыргыздын салтына ылайык Сайкалга сөйкө салдың, чыныгы толкунданууну ошол жерден сезсең керек?
– Ооба, катуу толкундандым. Толкунданганымдан денемди калтырак да басты. Апам, бир тууган агам, жеңем, абаларым, таежелерим болуп Сайкалдын үйүнө барып сөйкө салышты. Сөйкөнү жеңем тандаган, абысындардын табити окшош окшойт, Сайкалга абдан жакты. Болочок келинине апам өзү сөйкө салды. Мен болсо толкунданып калтырап, титиреп сыртта жүрдүм.

– Рахмат маегиңерге, бактылуу болгула.

Максат: "Көптөн күткөн күн. Кудайга шүгүр, тилектерим орундалууда. Апам жана апамдын келини".

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (84)
Azatbek83
2017-11-02 15:08:09
Ала-Бука менин айылыма келин болот турбайбы Азаматтар бактылуу болгула куттуктайм.
+2
milashka_moia
2017-11-02 15:49:44
Сайкалды жонокой, ыймандуу кыз деп билем. Акыркы айтылган ушак кептерге ишенген жокмун чынында. Сайкал сага уй булоолук бакыт каалайм. Чыгармачылыгынды эч качан таштаба, биз куйормандарын сени ар кандай убакта колдоого даярбыз. Чыгармачылык ийгилик
+5
Djka
2017-11-02 16:06:12
Super Infonun koldonu4ularyna aitarym aiyldyk shaardyk dep bolunup alypsynargo a tak but baarynar ele aiyldyksynar aiyldan torolup osup turup Ke4e ele shaarga bara kalyp oruscha an4a myn4a 4ala suilop kalsanar ele shaardyk bolo kalasynarby koigula myndaiynardy bir eldenbiz Manas atanyn urpaktarynanbyz bolunbogulo andan korok Saikalga Maksatka Bakyt kaalap jazgandyn oorduna Eki ekiden uruwpai bawka jurtar uksa Ne deit ansyzda sozgo kepke kalyp jatabyz kyrgyzdar oz Elin ozu kyryp jeit degen
+2
Millenium
2017-11-05 12:13:38
келин кайнене окшошко
+1
omur81
2017-11-02 16:09:41
Сайкал жакшы кыз бак уу бол ылайым, түштүк тапапта аке деп көбү сүйлөшөт өмүрдүк жарын,ал сый эле деп ойлойм кээ бирлерине окшоп ата- энесин "сен " деп сүйлөгөгөнгө караганда
+2
Sadyrbekov1997
2017-11-03 08:38:08
Бактылуу болунуздар
+2
ludimira
2017-11-04 04:01:58
Бизге концерт коюп келгенде свет очуп калган,ошондо элди ар нерсе ойлоп таап алаксытып отурган Сайкал,баа бергем.
Тарс—турс кыз эмес назик корунгон,болгону спортивная телосложнение,ошого эркектей сезилет.Соонун эле кыз.Бактылуу болсун
+2
Kerben1996
2017-11-04 10:12:28
Бактылуу болуңуздар.....
0
zerkala.1992.kg
2017-11-04 13:29:08
Бактылуу бол!кээ бир адамдар ажылдай берет түшүнбөй сени менен жашап жаткандай а сен андайларга көнүл бөлбө сен өзүн үчүн жашайсын биз үчүн эмес!!!
+1
toktogul0322
2017-11-04 14:50:25
Бактылуу болгула тен арып тен карыгыла
+1
Kommersant
2017-11-05 00:49:42
Бактылуу болгула
+1
mery.89
2017-11-05 12:06:28
Макс Алабукадан экен да э?бактылуу болушсун.
+1
Birimdik5555
2017-11-05 22:39:29
Бактылуу болгула,баш кошкон эки жаш!
+1
Abdizhapar
2017-11-06 08:03:56
Апам деп алыптыр го Максат Гулшайыр торогонсуп
+1
Abdizhapar
2017-11-06 08:04:28
канча жыл апа дейт экенсин
-1
satiev87
2017-11-06 09:41:42
менин жердешиме турмушка чыгат экенда.
+1
№ 782, 27-октябрь-2-ноябрь 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан