Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Сайкал Садыбакасова: «МАКСАТ АКЕ КОЛУМДУ СУРАГАНДА АЛГАЧ ИШЕНГЕН ЖОКМУН»

№782 27-октябрь-2-ноябрь 2017-ж


Ырчы Сайкал Садыбакасова ЭлТР каналында маданий, көңүл ачуучу көрсөтүүлөрдүн алпаруучу Максат Доврановго турмушка чыгуу алдында турат. Чыгармачылык табыштырган эки жашты куттуктап, турмуш жолуңар байсалдуу болсун дедик. Максат менен Сайкал кайсы күнү чогуу түтүн булаталы деп чечишти, экөөнү эмне бириктирди? Суроолордун жообу төмөнкү маекте.

– Максат, Сайкал, кубанычтуу жаңылыгыңар менен куттуктайбыз! Эл менен да бөлүшө кетсеңер...
Максат:
– Ооба, Кудайдын буйругу менен баш кошуп жатабыз. Азыркы учурда тойго даярданып толкунданып чуркап жүрөбүз.
Сайкал: – Биз да эл катары жакшы санаалаштарыбыздын батасын алалы деп алдыга жакшы максаттарды коюп, баш кошууга бел байладык. Негизи үйлөнүп жатканыбызды көпчүлүккө той күнү жарыялайбыз го деп ойлогонбуз. Бирок «жакшылык жерде калбайт» дегендей, жакындарыбызга, досторубузга маалымат тарап кетиптир. Алдын ала эле куттуктоолор ар тараптан келип жатат.

– Бул күйөрмандарыңар үчүн күтүлбөгөн жаңылык болду. Сезим качан, кантип тутанды?
М.:
– Сезимдерди башкарууга мүмкүн эмес. Мен Сайкалды жакындан тааныганыма 10 жылдай болду. Ал өзүнүн ачык, жөнөкөй мүнөзү менен ар дайым мени өзүнө тартып турчу. Бирок мен апаман (ред.: Гүлшайыр Садыбакасова) тартынчумунбу, айтор, ал жөнүндө ойлончу эмесмин. Мындан эки жыл мурун бир аз кыз-жигит болуп жүрүп, бирок экөөбүз тең чыгармачыл адамбыз го деп сүйлөшпөй калганбыз. Баары бир жүрөктөгү сүйүү тынч койбоду. Кайра бирге болууга түрттү.
С.: – Максат аке алгач сүйүүсүн айтканда «тамашалап жатса керек» деп ишенген жокмун. Бирок бара-бара өзгөчө аракеттери, жылуу мамилеси менен көңүлүмдү бурду.

– Максатты болочок жолдошум болуп калат деп ойлодуң беле?
– Экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшкөнүбүз менен, турмуш куруп калабыз го деп ойлогон эмесмин. Кудай маңдайыбызга бир тагдырды буюруптур, бактылуумун.

– Максат, Сайкалдын эмнесине арбалдың?
– Мени эң биринчи Сайкалдын жөнөкөйлүгү арбап алды. Көптөр Сайкалды тарсылдаган кыз деп ойлошот. Бирок Сайкал менен сүйлөшүп жүрүп, анын жан дүйнөсү өтө назик экенин байкагам. Сайкал экөөбүз чогуу болгондо эч качан зерикпейбиз. Башкысы, бири-бирибизди толуктап, түшүнүп турабыз.

– Белгилүү кызга үйлөнөрүңдү укканда ата-энең кандай кабыл алышты?
– Мен үйдөгүлөргө дайыма өзүмдөгү жаңылыктар менен бөлүшүп турам. Биздин үйлөнөрүбүздү апам, бир туугандарым көптөн бери билишчү. Тууган-урук укканда биринчи ишенишкен жок. Азыр баары бакыт каалап сүйүнүп жатышат.

– Үйлөнүү сунушун киргизүүдө фантазия аралаштыбы же түз барып эле колун сурадыңбы?
С.:
– Бул суроого мен жооп берейинчи. Мен Инстаграмда түз эфирде күйөрмандарым менен баарлашып отургам. Ошол жактан Максат аке үйлөнүү тууралуу сунушун айтып калды. Алгач ишенген жокмун. Кийин телефон чалып «эгер чын эле ошондой оюңуз болсо, Бишкекке келиңиз» деп телефонумду өчүрүп койгом. Анан ошол түнү учуп келип калды, телефон чалып «эшикке чыксаң» деди. Чыксам, гүл, шакегин көтөрүп турат. Ошентип чогуу болууга макулдаштык.

– Үйлөнөрүңөрдү Гүлшайыр эже кандай кабыл алды?
М.:
– Мен Сайкалдын макулдугун алгандан кийин апабызга айткандан тартынып көпкө жүрдүм. «Жок» деп каршы болуп койсо эмне кылам деп ичимден бир аз кыйналдым. Айта албай жүрүп арадан 4-5 айды өткөрүп жибердим. Акыры апабыздын жакындарынан айттырууга туура келди. Чынын айтыш керек, алгач каршы болгондой болуптур. Анан «быйыл эмес, кийинки жылы үйлөнүшсүн» дептир. Бирок акырындан ушул жылы үйлөнөлү деп көндүрдүк. Ошентип апабыздын ак батасын алгандан кийин мен апамдарга айткам.

– Тойдо эки жаштын досу, курбусу ким болот?
М.:
– Менин досумдун милдетин Нурлан (ред.: Нурлан Насип) аткарат. Нурлан да мен сыяктуу толкунданып «эмне кылалы, кандай кылсак?» деп кубанычыбызга ортоктош болууда.
С.: – Классташым Жанара курбу кызым болот. Ал көйнөгүн тандап койгон.

– Тойго даярдык кандай? Экөөң тең чыгармачыл адамдарсыңар, өзгөчө кылууга аракет кылып жатсаңар керек...
М.:
– Тойдун жоопкерчилиги чоң экен. Бассам-турсам да ойлонууга мажбур болуп жатам. Ооба, өзгөчө кылсак деп аракет кылып жатабыз. Кудай буюрса, баарына той учурунда күбө болосуздар.

– Үй-бүлөлүү болуу алдындагы жоопкерчилик кандай экен?
С.:
– Жоопкерчиликти азыртадан эле сезип жатам. Баш кошкондон кийин айылга, Ала-Букага барып 20 күндөй жүрүп келебиз. Ошол учурга даярданып жүрөм. Келиндик милдетти да татыктуу аткарам деп өзүмө ишенем. Максат аке жардам берип турат деп ойлойм.

– Алдыда кандай пландар бар? Максат Сайкалга продюсер болот деп да айтышууда?
М.:
– Биздин алдыдагы эң чоң максатыбыз – үй-бүлө куруп, бактылуу жашоо. Албетте, бул нерсеге Сайкал да, мен да даярмын. Чөйрөбүз бир, Сайкалдын таланттуу экени баарыбызга белгилүү. Демек, чыгармачылыгына карата сөзсүз жакшы пландар болот.
С.: – Максат аке жумушун уланта берет. Мен жогоруда айтылгандай эле алгач үй-бүлөбүздү түптөп алалы, анан чыгармачылык жөнүндө ойлонууга убакыт табылат.

– Ошто жашайсыңарбы же борборго көчүп келип, чыгармачылыкты күчтөйсүңөрбү?
М.:
– Ошто эле жашайбыз. Анткени быйыл үйлөнүүгө камынып жазда Оштон үй сатып алгам.

– Сайкал, өзүңдү кандай келин элестетип жатасың?
С.:
– Мен тамакты жакшы жасайм. Азыртадан эле апамдын (ред.: кайненеси) кандай тамактарды жакшы көрөрүн сураштырып жатам. Буюрса, кайын журтума сонун тамактарды жасап берип мактоого татысам деп жүрөм.

– Максат, чыгармачыл чөйрөдөн болгон үчүн Гүлшайыр эже менен тыкыр иштешип келесиң. Ал адамдан мурун сүрдөчү белең, азыр кандай абалдасың?
М.:
– Апамды көп жылдан бери тааныйм. Негизи тартипке бекем аял. Ошондуктан ал киши менен баарлашканда ойлонуп анан сүйлөчүмүн. Азыр ойлосом, кайненем болорун билгендей мурунтан эле өзүмдү жакшы жактан көрсөтүүгө аракет кыла берчү экенмин. Бирок апам биздин мамиле жөнүндө билип, той күнү белгиленип калгандан бери уялып алдынан чыга албай качып жүрөм.

– 25-октябрда ага-тууганың менен барып, кыргыздын салтына ылайык Сайкалга сөйкө салдың, чыныгы толкунданууну ошол жерден сезсең керек?
– Ооба, катуу толкундандым. Толкунданганымдан денемди калтырак да басты. Апам, бир тууган агам, жеңем, абаларым, таежелерим болуп Сайкалдын үйүнө барып сөйкө салышты. Сөйкөнү жеңем тандаган, абысындардын табити окшош окшойт, Сайкалга абдан жакты. Болочок келинине апам өзү сөйкө салды. Мен болсо толкунданып калтырап, титиреп сыртта жүрдүм.

– Рахмат маегиңерге, бактылуу болгула.

Максат: "Көптөн күткөн күн. Кудайга шүгүр, тилектерим орундалууда. Апам жана апамдын келини".

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  25 
Комментарийлер(84)
31.10.2017. 09:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
27-09-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 08:14
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бактылуу болунуздар!
31.10.2017. 09:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1207
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 02:20
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ээ артисттер бир аз озунорду басып турсанар кыскача эле уйлонобуз деп, коруп жатабыз го мактангандарды!
31.10.2017. 09:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
116
Катталган:
28-04-2017
Соӊку аракети:
24-09-2018 23:27
Жынысы:
Белгисиз
+5
bond02,туура. Биринчиден бакыт тынчтыкты
суйот, экинчиден, суук коз, суук соз дегендей.
31.10.2017. 09:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
157
Катталган:
04-04-2015
Соӊку аракети:
25-09-2018 06:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+5
Чексиз БАКЫТ каалайм! Бир биринерди тушунгон улгулуу уйбулоодон болгула
31.10.2017. 09:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
132
Катталган:
22-04-2017
Соӊку аракети:
24-09-2018 21:20
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кайнене келин окшошуп да кетишеби дейм.Бактылуу болгула!!!
31.10.2017. 09:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
16-06-2017
Соӊку аракети:
14-04-2018 00:32
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула кармашкан колунар эч качан узулбой, турмуштуш ачуу таттуусун бирге таткыла!!!
31.10.2017. 10:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
306
Катталган:
19-05-2014
Соӊку аракети:
25-09-2018 05:39
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу болгула, эми турмуштун бут кыйынчылыктарын жене билгиле, суйуунор туболуктуу болсун!
31.10.2017. 10:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
17-10-2017
Соӊку аракети:
07-08-2018 17:44
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу омур сургуло кошконун менен кошо кары
31.10.2017. 10:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
26-10-2017
Соӊку аракети:
24-09-2018 17:27
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу бол!!!
31.10.2017. 11:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
17-10-2016
Соӊку аракети:
24-09-2018 23:10
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бактылуу болгула, сураныч жок дегенде ушул жерден неготив комент жазбагылачы))
31.10.2017. 11:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
10-09-2016
Соӊку аракети:
24-01-2018 21:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Чооон бакыт.
31.10.2017. 11:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
04-04-2016
Соӊку аракети:
24-09-2018 09:51
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкаааал, женского счастья тебе!!!!!!!!!!!!!
31.10.2017. 13:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
20-10-2016
Соӊку аракети:
25-09-2018 02:13
Жынысы:
Белгисиз
0
Той той дейсинер да той эмне отот кетет бактылуу жашашты ойлогула
31.10.2017. 14:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
03-06-2011
Соӊку аракети:
14-08-2018 22:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкал турмушка чыкса эле, мен суйунуп журом. Бактылуу болгула!!!
31.10.2017. 14:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
228
Катталган:
05-01-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 08:41
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол коп балалуу бол кыргыздын санын кобойткуло
31.10.2017. 15:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
09-07-2016
Соӊку аракети:
06-09-2018 22:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Марста
0
Бакыт каалайм!
31.10.2017. 16:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
124
Катталган:
15-12-2014
Соӊку аракети:
15-09-2018 15:23
Жынысы:
Белгисиз
0
Чексиз чексиз бакыт каалайм. Жакшы көрөм экөөн тең
31.10.2017. 16:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
18-08-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 00:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
31.10.2017. 17:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
257
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
24-09-2018 22:28
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактынар туболуктуу болсун,турмуш жолунар байсалдуу болуп,тагдырдын оор жана женил кундордун жоопкерчидигин бирдей которо билген тугойлордон болгула
Pandora түзөттү 2017-10-31 17:06:55
31.10.2017. 17:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
07-09-2017
Соӊку аракети:
19-12-2017 08:47
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула шириндер
31.10.2017. 17:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
124
Катталган:
20-04-2016
Соӊку аракети:
25-09-2018 00:01
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мурунураак эле той бериш керек эле ушакка калбай.бактылуу бол.
02.11.2017. 19:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
16-04-2016
Соӊку аракети:
05-11-2017 15:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+2
gulzat85,созуно кошулам
31.10.2017. 18:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
02-09-2015
Соӊку аракети:
02-07-2018 23:04
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бакыт каалайм!!!
31.10.2017. 18:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
27-09-2017
Соӊку аракети:
22-05-2018 15:17
Жынысы:
Белгисиз
+5
Куйоосун аке дегенге болбойт го жон гана атынан айтса болмок
02.11.2017. 03:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
04-02-2017
Соӊку аракети:
16-08-2018 10:51
Жынысы:
Белгисиз
-2
Alina_lina,пока куйоосу эмес анан да Ош жакта куйоосун сиз дейт кээ бир жерлеринде
02.11.2017. 15:04 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1110
Катталган:
01-01-2017
Соӊку аракети:
11-06-2018 16:43
Жынысы:
Белгисиз
+5
Alina_lina,Сиз деген жакшы сен эмне сен дейсин и?!
31.10.2017. 18:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
17-10-2017
Соӊку аракети:
21-04-2018 03:26
Жынысы:
Белгисиз
0
Самое главное кийин Соз болбой журсонор эле болду)
31.10.2017. 18:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
26-09-2017
Соӊку аракети:
28-07-2018 03:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош шаары
+16
Алдап койгонго кыз жигит болуп жүргөнбүз деп
02.11.2017. 05:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
02-12-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:50
Жынысы:
Белгисиз
+8
Sezima89, артисттерда окшотушат
31.10.2017. 19:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
298
Катталган:
06-11-2010
Соӊку аракети:
19-09-2018 16:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия
+2
Бактылуу болгула!
31.10.2017. 19:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
03-12-2011
Соӊку аракети:
21-02-2018 23:22
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу жубайлардан болгула!!!
31.10.2017. 21:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
12-04-2013
Соӊку аракети:
07-08-2018 11:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ОШ
+10
Максат майда суйлогон бала эле, же негизи коп суйлойбу билбейм, не пара менимче, бактылуу болгула.
31.10.2017. 23:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
21-11-2014
Соӊку аракети:
28-06-2018 10:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
"-Максат, чыгармачыл чөйрөдөн болгон үчүн Гүлшайыр эже менен тыкыр иштешип келесиң." Ушул суроодогу "тыкыр"деген соз турабы, же ушундай соз барбы, же тыгыз деген созду туура эмес жазышканбы?
01.11.2017. 18:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
24-10-2016
Соӊку аракети:
21-09-2018 18:44
Жынысы:
Белгисиз
+3
Bema_1988, тыкыр деген орус тилинде тщательно деген соз да, тыкыр деген туура болдубу или тыгыз деген туура болмокпу чын эле? кылмыш ишин тыкыр иликтоо керек деп айтылат негизи. Кандай жазылган учурда деле, жакшы маек болуптур Сайкал менен Максат бактылуу болушсун, Сайкалга башкача чымыр денелуу,узун-бойлуу,ото серьёзый спортсмен жигитти элестетчу элем а так
01.11.2017. 20:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
19-03-2012
Соӊку аракети:
25-09-2018 09:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
+2
Asyl10,мен да ошондойду элестетчумун, неси болсо да бактылуу болушсун
01.11.2017. 21:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
17-10-2016
Соӊку аракети:
24-09-2018 20:29
Жынысы:
Белгисиз
+7
Bema_1988,Тыкыр, тыгыз экоо эки башка соз. Тыкыр-кылдат деген соз а тыгыз-жакын деген соз. .
01.11.2017. 01:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
27-03-2016
Соӊку аракети:
10-08-2018 16:47
Жынысы:
Белгисиз
+2
Oo saikal bizge alabukaga kelin bolup atasynby kutobuz
01.11.2017. 06:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
123
Катталган:
29-11-2007
Соӊку аракети:
25-09-2018 06:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
France
+9
Ala buka deibi? 20kun 20 jyldai bolup aiylda esi ooit turbaiby, ech kimdi tenine albagan Gulshaiyr ejeke ХХХ Ala bukaga beruugo maakul bolgon turbaiby, meili emmi, Baktyluu taaalailuuu bolcun!
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-02 12:47:01
01.11.2017. 23:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
188
Катталган:
05-04-2015
Соӊку аракети:
25-09-2018 02:13
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nora,эмне болуптур Алабукага берсе.Алабука эли бай келет.Жашоосу шаардан кем эмес.Сайкал деле айылдык эле кыздардай.
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-02 12:47:17
02.11.2017. 05:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
24-11-2017 22:46
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nora, ХХХХХХ ХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-02 12:49:02
02.11.2017. 09:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
22-05-2014
Соӊку аракети:
28-08-2018 16:26
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nora,Ала-бука жаман жерби,сен билесинби
02.11.2017. 12:16 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
12-03-2017
Соӊку аракети:
12-12-2017 15:18
Жынысы:
Белгисиз
0
Nora, ХХХХХ Айылга келин тушсо эмне экен?!! Баары эле айылдан чыккан!!! Шаарда торт дубалды тиктеп отургандар да айылдыктар остургон момо-жемиш, жашылча, эт-сутко зар, Кытайдын азык-тулугуно куну калбаса...

ХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-11-02 12:48:14
02.11.2017. 12:50 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
7530
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
24-09-2018 18:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
0
Nora,
Порталдын эрежелерин сактагыла! Билдирүүлөр түзөтүлдү.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: